бөлүм Тооха - طه

21 قَالَ خُذْهَا وَلَا تَخَفْ سَنُعِيدُهَا سِيرَتَهَا الْأُولَى

«Аны карма. Коркпо! Оболку абалына кайтарабыз!» – деди.

22 وَاضْمُمْ يَدَكَ إِلَى جَنَاحِكَ تَخْرُجْ بَيْضَاءَ مِنْ غَيْرِ سُوءٍ آيَةً أُخْرَى

Ал айтты: «Колуңду койнуңа кат. Оорусуз, аппак болуп башка керемет болуп чыксын»

a. Экинчи

23 لِنُرِيَكَ مِنْ آيَاتِنَا الْكُبْرَى

Бул сага чоң кереметтерибизди көрсөтүү үчүн (жасалды).

24 اذْهَبْ إِلَى فِرْعَوْنَ إِنَّهُ طَغَى

«Фараонго бар! Ал чектен ашкан (бузуку)», – дедик.

25 قَالَ رَبِّ اشْرَحْ لِي صَدْرِي

«Эгем! Көөдөнүмдү ача көр!

a. Дилимди ыйманга

26 وَيَسِّرْ لِي أَمْرِي

Ишимди жеңил кыл.

27 وَاحْلُلْ عُقْدَةً مِنْ لِسَانِي

Тилимдин түйүнүн чеч,

28 يَفْقَهُوا قَوْلِي

алар сөзүмдү түшүнүүсү үчүн.

29 وَاجْعَلْ لِي وَزِيرًا مِنْ أَهْلِي

Менин үй бүлөмдөн бирөөнү мага жардамчы кыл,

30 هَارُونَ أَخِي

бир тууганым Харунду.

31 اشْدُدْ بِهِ أَزْرِي

Ал аркылуу мени кубатту кыл.

32 وَأَشْرِكْهُ فِي أَمْرِي

Аны иштериме шериктеш кыл,

33 كَيْ نُسَبِّحَكَ كَثِيرًا

биз Сени ар дайым аруулашыбыз үчүн;

34 وَنَذْكُرَكَ كَثِيرًا

Сени көп эстөөбүз үчүн.

a. Аруулайбыз, даңктайбыз…

35 إِنَّكَ كُنْتَ بِنَا بَصِيرًا

Чындыгында, Сен бизди Көрүүчүсүң»,– деди.

36 قَالَ قَدْ أُوتِيتَ سُؤْلَكَ يَا مُوسَى

(Алла): «Эй, Муса! Тилегиң сага берилди!

37 وَلَقَدْ مَنَنَّا عَلَيْكَ مَرَّةً أُخْرَى

Чындыгында, сага мурда да бир жакшылык кылганбыз (жана ал мындайча болгон):

38 إِذْ أَوْحَيْنَا إِلَى أُمِّكَ مَا يُوحَى

Ошондо сенин апаңдын дилине (тиешелүү) нерсени салган элек.

a. Сени Алла өлүмдөн сактап калаарын, коркпосон Алланы буйруктарын аткара берүүсүн

39 أَنِ اقْذِفِيهِ فِي التَّابُوتِ فَاقْذِفِيهِ فِي الْيَمِّ فَلْيُلْقِهِ الْيَمُّ بِالسَّاحِلِ يَأْخُذْهُ عَدُوٌّ لِي وَعَدُوٌّ لَهُ وَأَلْقَيْتُ عَلَيْكَ مَحَبَّةً مِنِّي وَلِتُصْنَعَ عَلَى عَيْنِي

Аны сандыкка салып, дарыйага ташта. Дарыйа аны кургакка чыгарсын. Аны ага да, мага да душман болгон бирөө таап алсын»,– дегенбиз. (Алла): «Эй, Муса! Сага Биздин көз алдыбызда торолушуң үчүн Өзүм тараптан сүйкүмдүүлүк тартууладым.

a. Жаңы төрөлгөн Мусаны b. Мусаны жөөткөргө абдан өч Фараондун айалы таап алып, бала кылып багып алышат. Ошол тууралуу айтылууда. c. Алла Таала Мусаны наристе кезинде ушунчалык сүйкүмдүү кылып койгон, жөөт наристелердин баарын өлтүрүүнү буйруган Фараондун өзү да аны өлтүрүүгө көзү кыйган эмес.

40 إِذْ تَمْشِي أُخْتُكَ فَتَقُولُ هَلْ أَدُلُّكُمْ عَلَى مَنْ يَكْفُلُهُ فَرَجَعْنَاكَ إِلَى أُمِّكَ كَيْ تَقَرَّ عَيْنُهَا وَلَا تَحْزَنَ وَقَتَلْتَ نَفْسًا فَنَجَّيْنَاكَ مِنَ الْغَمِّ وَفَتَنَّاكَ فُتُونًا فَلَبِثْتَ سِنِينَ فِي أَهْلِ مَدْيَنَ ثُمَّ جِئْتَ عَلَى قَدَرٍ يَا مُوسَى

Ошондо эжең (сени таап алган Фараонго) барып: «Силерге ага кепил боло турган бирөөнү көрсөтөйүнбү?» – деди. Ошондо апаңдын көзүн кубантуу жана аны кайгыртпоо үчүн сени апаңа кайтардык. Андан кийин бир адам өлтүрдүң. Ал кайгыдан да куткарып, сыноолор менен сынаган элек. Ошентип узак жылдар Мадйан элинде жашадың. Анан илимдүү болуп кайтып келдиң, эй, Муса!

a. Апаңдын сени эстеп кайгырып,, ыйлай берип ысык жаштан шишиген көзүн ыйдан сактоо үчүн b. Муса жигит кезинде бир жердешин токмоктоп жаткан гректи тыйам деп атып, капилеттен өлтүрүп алат c. Адам өлтүрүп койгон соң, кугунтуктан качып Мисирден чыгып кетип, Мадйан элинде Шуайп пайгамбардын малын багып, кызына үйлөнүп, ошол жакта сегиз жыл жашайт