бөлүм Тооха - طه

101 خَالِدِينَ فِيهِ وَسَاءَ لَهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ حِمْلًا

Алар ал жерде түбөлүк калышат. Алар үчүн Кыйамат Күнү кандай оор жүк (бар).

102 يَوْمَ يُنْفَخُ فِي الصُّورِ وَنَحْشُرُ الْمُجْرِمِينَ يَوْمَئِذٍ زُرْقًا

Сурнай тартылган Күнү көнөөкөрлөрдү (көздөрү) көгөргөн абалда жыйнайбыз.

a. жүздөрү түнөргөн, көздөрү көгөргөн (жагымсыз)...

103 يَتَخَافَتُونَ بَيْنَهُمْ إِنْ لَبِثْتُمْ إِلَّا عَشْرًا

Алар өз ара: “Дүйнөдө он эле күн жашадык”,–деп шыбырашат.

104 نَحْنُ أَعْلَمُ بِمَا يَقُولُونَ إِذْ يَقُولُ أَمْثَلُهُمْ طَرِيقَةً إِنْ لَبِثْتُمْ إِلَّا يَوْمًا

Алардын айткандарын (Биз) жакшы билебиз. Алардын эң туура сүйлөгөндөрү: “Силер дүйнөдө бир гана күн жашадыңар”, – дейт.

105 وَيَسْأَلُونَكَ عَنِ الْجِبَالِ فَقُلْ يَنْسِفُهَا رَبِّي نَسْفًا

Алар сенден тоолор тууралуу сурашат. Ошондо аларга: “Эгем тоолорду тозоң кылып учуруп жиберет” – деп айткын.

a. Мухаммед (а.с.) га кайрылуу b. Кыйамат Күнү тоолордун эмне болорун

106 فَيَذَرُهَا قَاعًا صَفْصَفًا

Аларды (тоолорду) жыпжылаңач, тептегиз жайыкка айлантабыз.

a. Какырап, эч бир бир өсүмдүк өспөгөн

107 لَا تَرَى فِيهَا عِوَجًا وَلَا أَمْتًا

Сен ошондо эч бир ойдуң да, дөңсөө да таппай каласың.

108 يَوْمَئِذٍ يَتَّبِعُونَ الدَّاعِيَ لَا عِوَجَ لَهُ وَخَشَعَتِ الْأَصْوَاتُ لِلرَّحْمَنِ فَلَا تَسْمَعُ إِلَّا هَمْسًا

Алар Кыйамат Күнү чакыруучуга эч бурулбастан ээрчишет. Анткени Мээримдүүнүн алдында үн чыкпай калат. Кадамдардын добушунан башка эч нерсе укпайсың.

a. Алла Тааланын

109 يَوْمَئِذٍ لَا تَنْفَعُ الشَّفَاعَةُ إِلَّا مَنْ أَذِنَ لَهُ الرَّحْمَنُ وَرَضِيَ لَهُ قَوْلًا

Ал күнү Мээримдүү уруксат берген жана Анын сөзүнө ыраазы болгондордон, жактыргандардан башкалардын колдоо көрсөтүүсү эч пайда бербейт.

a. Шапааты, ортомчулугу, арага түшүүсү

110 يَعْلَمُ مَا بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَمَا خَلْفَهُمْ وَلَا يُحِيطُونَ بِهِ عِلْمًا

Анткени Алла алардын алдыларындагыны да, артындагыларды да билип турат! А алар болсо Аны (эч качан) толук биле алышпайт.

a. Алланы, Анын сырларын, сыпат-касиеттерин ...

111 وَعَنَتِ الْوُجُوهُ لِلْحَيِّ الْقَيُّومِ وَقَدْ خَابَ مَنْ حَمَلَ ظُلْمًا

Бардык баштар Тирүү жана Түбөлүктүүнүн алдында ийилет. (Ошондуктан) ким зулумдук кылган болсо, ал кор болот.

a. Дүйнөдө да, акыретте да, Алланын алдында да

112 وَمَنْ يَعْمَلْ مِنَ الصَّالِحَاتِ وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَلَا يَخَافُ ظُلْمًا وَلَا هَضْمًا

Ал эми ким ыйман келтирген бойунча жакшы иштерди жасаган болсо, ошондо ал жамандыктарынын артышынан, жакшылыктарынын кемишинен коркпойт.

113 وَكَذَلِكَ أَنْزَلْنَاهُ قُرْآنًا عَرَبِيًّا وَصَرَّفْنَا فِيهِ مِنَ الْوَعِيدِ لَعَلَّهُمْ يَتَّقُونَ أَوْ يُحْدِثُ لَهُمْ ذِكْرًا

Ошентип, Куранды араб тилинде түшүрүп, анын ичинде түрдүү эскертүүлөрдү байандадык. Мүмкүн алар такыба болушаар. Балким аларга эскертүү пайда берээр.

a. Курандагы эскертүү-үгүттөр, насаат-нускалар...

114 فَتَعَالَى اللَّهُ الْمَلِكُ الْحَقُّ وَلَا تَعْجَلْ بِالْقُرْآنِ مِنْ قَبْلِ أَنْ يُقْضَى إِلَيْكَ وَحْيُهُ وَقُلْ رَبِّ زِدْنِي عِلْمًا

Чындыгында Чыныгы Падыша Алла – бардык нерседен жогору. Сага айтылган айан-кабардын бүтүшүнөн мурун Куранды окууга ашыкпай: “Оо, Эгем! Илимимди арттыр!”, – дегин.

115 وَلَقَدْ عَهِدْنَا إِلَى آدَمَ مِنْ قَبْلُ فَنَسِيَ وَلَمْ نَجِدْ لَهُ عَزْمًا

Чындыгында, мурда Адамга да өкүм жиберген элек. Бирок, ал (аны) унутту. Биз анын сабырдуулугун таба албадык.

a. Насаат кылган элек b. этийаттуулугун

116 وَإِذْ قُلْنَا لِلْمَلَائِكَةِ اسْجُدُوا لِآدَمَ فَسَجَدُوا إِلَّا إِبْلِيسَ أَبَى

Ошондо периштелерге: “Адамга сежде кылгыла!”, – дедик. Алар сежде кылышты. Бирок Ибилис сежде кылуудан баш тартты.

a. Шайтандардын атасы

117 فَقُلْنَا يَا آدَمُ إِنَّ هَذَا عَدُوٌّ لَكَ وَلِزَوْجِكَ فَلَا يُخْرِجَنَّكُمَا مِنَ الْجَنَّةِ فَتَشْقَى

Адамга: “Чындыгында, ушул (шайтан) сага да, жубайыңа да душман. Экөөңдү Бейиштен чыгарып жибербесин. Андай болсо бактысыз болуп каласыңар”,– дедик.

a. Бейиштен кууп, жерде жашоо үчүн түшүрүп койсок, ал жерде абдан көп

118 إِنَّ لَكَ أَلَّا تَجُوعَ فِيهَا وَلَا تَعْرَى

Албетте, Бейиште ач-жылаңач калбайсыңар.

119 وَأَنَّكَ لَا تَظْمَأُ فِيهَا وَلَا تَضْحَى

Бул жерде суусоонун азабын тартпайсыңар жана шашкедеги күндүн ысыгы өтпөйт.

a. Тагыраагы чак түштөгү

120 فَوَسْوَسَ إِلَيْهِ الشَّيْطَانُ قَالَ يَا آدَمُ هَلْ أَدُلُّكَ عَلَى شَجَرَةِ الْخُلْدِ وَمُلْكٍ لَا يَبْلَى

Акыры аны шайтан азгырып: “Эй, Адам! Түбөлүктүүлүктүн дарагын жана түгөнбөй турган жыргалды көрсөтөйүнбү?”,–деди.

a. Байлыкты