41 وَاصْطَنَعْتُكَ لِنَفْسِي
Мен сени Өзүм тандап алдым.
a. Пайгамбар кылууну чечтим
41 وَاصْطَنَعْتُكَ لِنَفْسِي
Мен сени Өзүм тандап алдым.
a. Пайгамбар кылууну чечтим
42 اذْهَبْ أَنْتَ وَأَخُوكَ بِآيَاتِي وَلَا تَنِيَا فِي ذِكْرِي
Сен бир тууганың Харун экөөң, кереметтеримди алгыла (да Фараонго жөнөгүлө). Мени эстөөдө кемчилик кетирбегиле.
43 اذْهَبَا إِلَى فِرْعَوْنَ إِنَّهُ طَغَى
Экөөң Фараонго баргыла, анткени ал чектен чыккан.
44 فَقُولَا لَهُ قَوْلًا لَيِّنًا لَعَلَّهُ يَتَذَكَّرُ أَوْ يَخْشَى
Ага жумшак сүйлөгүлө. Балким ал насаатты угаар же (тозоктон) коркоор.
a. Акыры ыйманга келээр
45 قَالَا رَبَّنَا إِنَّنَا نَخَافُ أَنْ يَفْرُطَ عَلَيْنَا أَوْ أَنْ يَطْغَى
(Муса менен Харун): «О Эгебиз! Анын бизге жамандык кылуусунан жана чектен чыгуусунан коркобуз»,–дешти.
46 قَالَ لَا تَخَافَا إِنَّنِي مَعَكُمَا أَسْمَعُ وَأَرَى
(Алла): «Коркпогула! Мен силер менен биргемин. Угуп да, көрүп да турамын»,–деди.
47 فَأْتِيَاهُ فَقُولَا إِنَّا رَسُولَا رَبِّكَ فَأَرْسِلْ مَعَنَا بَنِي إِسْرَائِيلَ وَلَا تُعَذِّبْهُمْ قَدْ جِئْنَاكَ بِآيَةٍ مِنْ رَبِّكَ وَالسَّلَامُ عَلَى مَنِ اتَّبَعَ الْهُدَى
«Экөөң барып: Биз – Эгебиз сага жиберген элчибиз. Эми Исраил урпактарын биз менен чогуу жибер. Эми аларды кыйнаба. Сага Эгеңдин кереметтери менен келдик. Тынчтык-амандык – Туура Жолдогуларга (буйрулган).
a. Эркиндике чыгар
48 إِنَّا قَدْ أُوحِيَ إِلَيْنَا أَنَّ الْعَذَابَ عَلَى مَنْ كَذَّبَ وَتَوَلَّى
Бизди жалганчыга чыгарып, жүз үйрүгөндөргө азап боло турганы кабар кылынды»,– дегиле.
49 قَالَ فَمَنْ رَبُّكُمَا يَا مُوسَى
(Фараон): «Эй, Муса! Силердин Эгеңер ким?», – деди.
50 قَالَ رَبُّنَا الَّذِي أَعْطَى كُلَّ شَيْءٍ خَلْقَهُ ثُمَّ هَدَى
«Эгебиз – бардык заттарга келбет-турпат берип, анан аларды туура жолго салган», – деди.
51 قَالَ فَمَا بَالُ الْقُرُونِ الْأُولَى
«Андай болсо, мурунку доордогулардын жагдайы кандай (болгон)?»
52 قَالَ عِلْمُهَا عِنْدَ رَبِّي فِي كِتَابٍ لَا يَضِلُّ رَبِّي وَلَا يَنْسَى
«Алар тууралуу маалыматтар Эгемдин алдындагы Китепте бар. Эгем жаңылбайт да, унутпайт», – деди.
a. Лавхул Махфуз
53 الَّذِي جَعَلَ لَكُمُ الْأَرْضَ مَهْدًا وَسَلَكَ لَكُمْ فِيهَا سُبُلًا وَأَنْزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَخْرَجْنَا بِهِ أَزْوَاجًا مِنْ نَبَاتٍ شَتَّى
Алла – жерди силер үчүн бешик кылып, анда силер үчүн жолдорду пайда кылып, асмандан жамгыр жаадырат. Ал суу аркылуу түрдүү өсүмдүктөрдөн жуп-жубу менен чыгарды.
a. Алла
54 كُلُوا وَارْعَوْا أَنْعَامَكُمْ إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَاتٍ لِأُولِي النُّهَى
Жегиле жана малдарыңарды жайгыла. Чындыгында, акыл ээлери үчүн мында өрнөк бар.
55 مِنْهَا خَلَقْنَاكُمْ وَفِيهَا نُعِيدُكُمْ وَمِنْهَا نُخْرِجُكُمْ تَارَةً أُخْرَى
Андан (топурактан) силерди жараттык. Ага кайтарабыз да, экинчи ирет андан кайра чыгарабыз.
56 وَلَقَدْ أَرَيْنَاهُ آيَاتِنَا كُلَّهَا فَكَذَّبَ وَأَبَى
Чындыгында, Фараонго бардык белгилерди көрсөттүк. Бирок ал жалганга чыгарып, баш тартты.
a. кереметтерди
57 قَالَ أَجِئْتَنَا لِتُخْرِجَنَا مِنْ أَرْضِنَا بِسِحْرِكَ يَا مُوسَى
(Ал): «Эй Муса, сыйкырың менен бизди жерибизден чыгаруу үчүн келдиңби?
58 فَلَنَأْتِيَنَّكَ بِسِحْرٍ مِثْلِهِ فَاجْعَلْ بَيْنَنَا وَبَيْنَكَ مَوْعِدًا لَا نُخْلِفُهُ نَحْنُ وَلَا أَنْتَ مَكَانًا سُوًى
Чындыгында биз да сеникиндей сыйкырларды көрсөтө алабыз. Ошондуктан ортобузда бир жерди убада кыл. Биз да, сен да айныбай турган ортодогу (ыңгайлуу) бир орун болсун»,–деди.
59 قَالَ مَوْعِدُكُمْ يَوْمُ الزِّينَةِ وَأَنْ يُحْشَرَ النَّاسُ ضُحًى
(Муса): «Убадалашкан учурубуз – майрам күнү эл жыйналган шашке убактысы болсун», – деди.
60 فَتَوَلَّى فِرْعَوْنُ فَجَمَعَ كَيْدَهُ ثُمَّ أَتَى
Ошондо Фараон кайтып кетти да, (белгиленген майрам күнү) өз сыйкырчыларын жыйнап келди.