101 الَّذِينَ كَانَتْ أَعْيُنُهُمْ فِي غِطَاءٍ عَنْ ذِكْرِي وَكَانُوا لَا يَسْتَطِيعُونَ سَمْعًا
Алардын көздөрү Мени эстөөдөн пардалуу эле! Ал эми угууларынын чамасы такыр жетпейт болчу!
101 الَّذِينَ كَانَتْ أَعْيُنُهُمْ فِي غِطَاءٍ عَنْ ذِكْرِي وَكَانُوا لَا يَسْتَطِيعُونَ سَمْعًا
Алардын көздөрү Мени эстөөдөн пардалуу эле! Ал эми угууларынын чамасы такыр жетпейт болчу!
102 أَفَحَسِبَ الَّذِينَ كَفَرُوا أَنْ يَتَّخِذُوا عِبَادِي مِنْ دُونِي أَوْلِيَاءَ إِنَّا أَعْتَدْنَا جَهَنَّمَ لِلْكَافِرِينَ نُزُلًا
Каапырлар Мени эмес, (Менин) пенделеримди кудай кылып алышабы? Чындыгында, Тозокту каапырларга конок үй кылып дайардап койдук.
a. Маселен, Иса Алланын пендеси болгону менен айрым топтор аны кудай катары карашат. Будда, Конфуций, Дао ж.б.у.с. баары кудай эмес. Бар болгону Алланын пенделери
103 قُلْ هَلْ نُنَبِّئُكُمْ بِالْأَخْسَرِينَ أَعْمَالًا
«Силерге кылган ишинен улам зыйанга учуроочулар ким экенин айтып берейинби?», – дегин.
a. Эй, Мухаммед!
104 الَّذِينَ ضَلَّ سَعْيُهُمْ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَهُمْ يَحْسَبُونَ أَنَّهُمْ يُحْسِنُونَ صُنْعًا
Алар дүйнөдөгү аракеттери текке кеткендер. (Бирок) алар өздөрү: «Чындыгында жакшы иш кылып жатабыз»,–деп ойлошот.
a. Анткени алар ар бир аракетти эл кърс\н да мени мактасын деген ниетте жасашчу. Алар бир дагы ишти Алла ыраазычылыгы \ч\н жасашкан эмес
105 أُولَئِكَ الَّذِينَ كَفَرُوا بِآيَاتِ رَبِّهِمْ وَلِقَائِهِ فَحَبِطَتْ أَعْمَالُهُمْ فَلَا نُقِيمُ لَهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ وَزْنًا
Мына ошолор Эгелеринин айаттарына жана Эгесине жогугууну жокко чыгаргандар. Ошондуктан алардын амалдары жок болот. Кыйамат Күнү аларга эч нерсе бербейбиз.
a. Текке кетет, Алла тарабынан кабыл кылынбайт
106 ذَلِكَ جَزَاؤُهُمْ جَهَنَّمُ بِمَا كَفَرُوا وَاتَّخَذُوا آيَاتِي وَرُسُلِي هُزُوًا
Алар каршы чыгып, айаттарыбызды, элчилерибизди келеке кылгандыгы үчүн жазалары – Тозок (болот).
107 إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ كَانَتْ لَهُمْ جَنَّاتُ الْفِرْدَوْسِ نُزُلًا
Чындыгында, ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандар үчүн Фирдаус бактары – конок үй болот.
a. Фирдаус – Бейиштин кап ортосунун, же тагыраак айтканда эё бийик жеринин аталышы
108 خَالِدِينَ فِيهَا لَا يَبْغُونَ عَنْهَا حِوَلًا
Алар анда түбөлүккө калышат да, ал жерден которулууну такыр каалашпайт.
109 قُلْ لَوْ كَانَ الْبَحْرُ مِدَادًا لِكَلِمَاتِ رَبِّي لَنَفِدَ الْبَحْرُ قَبْلَ أَنْ تَنْفَدَ كَلِمَاتُ رَبِّي وَلَوْ جِئْنَا بِمِثْلِهِ مَدَدًا
”Эгер Эгеңдин сөздөрүн (жазуу) үчүн деңиз сыйага айланса, ага дагы бир ошончону кошсок, чындыгында, Эгеңдин сөзү түгөнгөндөн мурда, деңиздер түгөнмөк” – деп айт.
a. Эй, Мухаммед! b. Дагы бир ошончолук чоёдуктагы деёизди
110 قُلْ إِنَّمَا أَنَا بَشَرٌ مِثْلُكُمْ يُوحَى إِلَيَّ أَنَّمَا إِلَهُكُمْ إِلَهٌ وَاحِدٌ فَمَنْ كَانَ يَرْجُو لِقَاءَ رَبِّهِ فَلْيَعْمَلْ عَمَلًا صَالِحًا وَلَا يُشْرِكْ بِعِبَادَةِ رَبِّهِ أَحَدًا
“Чындыгында, мен деле силер сыйактуу адаммын. Мага силердин кудайыңар бир гана Кудай (Алла) экени кабардалууда. Ким Эгесине жолугууну үмүт кылса, анда ал жакшы амалдарды жасап, Эгесине жасаган ибадаттарында Ага эч кимди шерик кошпосун!”, – деп айткын.
a. Иштерди, аракеттерди...