бөлүм Кахф - الكهف

81 فَأَرَدْنَا أَنْ يُبْدِلَهُمَا رَبُّهُمَا خَيْرًا مِنْهُ زَكَاةً وَأَقْرَبَ رُحْمًا

Эгеси анын ордуна өздөрүнө андан дагы таза, андан да мээримдүү бала берүүсүн кааладык.

82 وَأَمَّا الْجِدَارُ فَكَانَ لِغُلَامَيْنِ يَتِيمَيْنِ فِي الْمَدِينَةِ وَكَانَ تَحْتَهُ كَنْزٌ لَهُمَا وَكَانَ أَبُوهُمَا صَالِحًا فَأَرَادَ رَبُّكَ أَنْ يَبْلُغَا أَشُدَّهُمَا وَيَسْتَخْرِجَا كَنْزَهُمَا رَحْمَةً مِنْ رَبِّكَ وَمَا فَعَلْتُهُ عَنْ أَمْرِي ذَلِكَ تَأْوِيلُ مَا لَمْ تَسْطِعْ عَلَيْهِ صَبْرًا

Ал эми (тамдын) дубалы болсо, ошол шаардагы эки жетим балага таандык болуп, анын астында ал экөөсүнө тиешелүү казына бар эле. Алардын ата-энеси жакшы киши болгондуктан Эгең, ал экөөнүн эрезеге жетип, ошол казынаны чыгарып алуусун каалады. Бул – Эгеңдин бир жакшылыгы болчу. Ошондуктан муну мен өзүм билгендей эле жасап салганым жок. Мына ушулар – сенин сабыр кыла албаган иштериңдин чечмелениши”, – деди.

a. жогоруда аталган иштерди

83 وَيَسْأَلُونَكَ عَنْ ذِي الْقَرْنَيْنِ قُلْ سَأَتْلُو عَلَيْكُمْ مِنْهُ ذِكْرًا

(Эй, Мухаммед!) Алар сенден Зулкарнайн тууралуу сурашат. (Сен:) “Силерге анын жайын түшүндүрөйүн”, – деп айт.

a. Куранда аталган Зулкарнайн менен айрым окумуштуулар атын чаташтырып келе жаткан Александр Македонскийдин эч кандай окшоштугу да, жакындыгы да жок. Куранда аталган Зулкарнайн такыба момун падыша болгон. А.Македонский болсо, жън жай жаткан элдерди басып алууну кесип кылган, башка типтеги падыша. Экъъс\н\н доорлору да дал келбейт. (Зулкарнайн: кош м\й\зд\\ дегенди туйунтат.)

84 إِنَّا مَكَّنَّا لَهُ فِي الْأَرْضِ وَآتَيْنَاهُ مِنْ كُلِّ شَيْءٍ سَبَبًا

Чындыгында, Биз (Зулкарнайнды) жер жүзүндө күчкө ээ кылдык! Ага ар бир иште жеңилдик бердик!

85 فَأَتْبَعَ سَبَبًا

Ал да бир жолго түштү.

a. Ал Алланын адилетт\\л\г\н орнотуу \ч\н адилетсиз жолду тандап алган жок. Согуштарда Алланын чийген чек араларынан чыкпоонун амалын тапты.

86 حَتَّى إِذَا بَلَغَ مَغْرِبَ الشَّمْسِ وَجَدَهَا تَغْرُبُ فِي عَيْنٍ حَمِئَةٍ وَوَجَدَ عِنْدَهَا قَوْمًا قُلْنَا يَا ذَا الْقَرْنَيْنِ إِمَّا أَنْ تُعَذِّبَ وَإِمَّا أَنْ تَتَّخِذَ فِيهِمْ حُسْنًا

Акыры, ал күн баткан чөлкөмгө жеткенде, аны (күндү) кара балчыктуу булакка баткан түрдө көрдү. Анын алдында бир элге кез келди. (Биз:) “Эй, Зулкарнайн! Каласаң ал элди азаптаарсың, болбосо аларга жакшылык кылаарсың”, – дедик.

a. Алланын Динин жайылтып ж\р\п олтуруп b. Деёиз жээгинде жашаган адамга к\н деёизге баткан сыйактуу кър\нгъндъй эле, Зулкарнайнга к\н балчыктуу сазга батып бараткандай болуп кър\нд\

87 قَالَ أَمَّا مَنْ ظَلَمَ فَسَوْفَ نُعَذِّبُهُ ثُمَّ يُرَدُّ إِلَى رَبِّهِ فَيُعَذِّبُهُ عَذَابًا نُكْرًا

(Зулкарнайн) аларга: “ Эми ким зулумдук кылса, аны жазалайбыз. Ал Эгесине кайтат. Эгеси (мындан да) катуу жаза берет”, – деди.

a. жазаланган адам b. Аллага

88 وَأَمَّا مَنْ آمَنَ وَعَمِلَ صَالِحًا فَلَهُ جَزَاءً الْحُسْنَى وَسَنَقُولُ لَهُ مِنْ أَمْرِنَا يُسْرًا

Ал эми ким ыйман келтирип, жакшы иштерди жасаса, ага жакшы сыйлык бар. Ошондуктан ишибизди жеңил кылууну айтабыз.

89 ثُمَّ أَتْبَعَ سَبَبًا

Андан кийин ал дагы жолго түштү.

a. чыгышка карай бет алды да, ошол жактарда жашаган динсиз элдерге каршы

90 حَتَّى إِذَا بَلَغَ مَطْلِعَ الشَّمْسِ وَجَدَهَا تَطْلُعُ عَلَى قَوْمٍ لَمْ نَجْعَلْ لَهُمْ مِنْ دُونِهَا سِتْرًا

Акыры күн чыга турган жерге жеткенде, анын (күндүн) бир элдин үстүнөн чыкканын көрдү. Ал элге күндүн алдынан парда жасабаган элек.

a. ж\р\п олтуруп b. Ал эл жер бетин бербегендей къп болчу c. Алардын \йлър\ да, кийимдери да жок болчу

91 كَذَلِكَ وَقَدْ أَحَطْنَا بِمَا لَدَيْهِ خُبْرًا

Ушундай болчу. Чындыгында анын эмне иш кылганын толук билебиз.

92 ثُمَّ أَتْبَعَ سَبَبًا

Андан кийин да бир жолго түштү.

a. Чыгышка карай дагы ж\р\шкъ чыкты

93 حَتَّى إِذَا بَلَغَ بَيْنَ السَّدَّيْنِ وَجَدَ مِنْ دُونِهِمَا قَوْمًا لَا يَكَادُونَ يَفْقَهُونَ قَوْلًا

Эки тоонун ортосуна жеткен кезде, сөздү түшүнө албай турган бир элге кездешти.

94 قَالُوا يَا ذَا الْقَرْنَيْنِ إِنَّ يَأْجُوجَ وَمَأْجُوجَ مُفْسِدُونَ فِي الْأَرْضِ فَهَلْ نَجْعَلُ لَكَ خَرْجًا عَلَى أَنْ تَجْعَلَ بَيْنَنَا وَبَيْنَهُمْ سَدًّا

Алар: “Эй, Зулкарнайн! Йажууж, Мажууж деген эл бул жерде бузукулук кылууда. Сага төлөм берсек, алар менен биздин ортобузга бир бөгөт жасайсыңбы?” – дешти.

95 قَالَ مَا مَكَّنِّي فِيهِ رَبِّي خَيْرٌ فَأَعِينُونِي بِقُوَّةٍ أَجْعَلْ بَيْنَكُمْ وَبَيْنَهُمْ رَدْمًا

(Зулкарнайн): “Эгемдин мага бергени жетиштүү! Силер мага күч жактан көмөк кылгыла! Мен силер менен алардын ортосуна бөгөт жасайын”, – деди.

96 آتُونِي زُبَرَ الْحَدِيدِ حَتَّى إِذَا سَاوَى بَيْنَ الصَّدَفَيْنِ قَالَ انْفُخُوا حَتَّى إِذَا جَعَلَهُ نَارًا قَالَ آتُونِي أُفْرِغْ عَلَيْهِ قِطْرًا

(Анан:) “Мага темир кесиндилерин алып келгиле”, – деди. Эки тоонун эки тарабы теңелген кезде: “Көөрүктөгүлө!”, – деди. Ал кызыган маалда: “Мага ээриген жез алып келгиле, үстүнө куйайын”, – деди.

a. ортосу

97 فَمَا اسْطَاعُوا أَنْ يَظْهَرُوهُ وَمَا اسْتَطَاعُوا لَهُ نَقْبًا

Ошондо алар өтө да, теше да алышкан жок.

a. Йажууж, Мажууждар

98 قَالَ هَذَا رَحْمَةٌ مِنْ رَبِّي فَإِذَا جَاءَ وَعْدُ رَبِّي جَعَلَهُ دَكَّاءَ وَكَانَ وَعْدُ رَبِّي حَقًّا

(Зулкарнайн:) «Бул – Эгемдин ырайымы. Эгемдин убадасы (Кыйамат) келген кезде, аны жер менен жексен кылат. Анткени, Эгемдин убадасы – акыйкат! (деди).

a. Аткарылуусу кымындай да шек жаратпаган акыйкат.

99 وَتَرَكْنَا بَعْضَهُمْ يَوْمَئِذٍ يَمُوجُ فِي بَعْضٍ وَنُفِخَ فِي الصُّورِ فَجَمَعْنَاهُمْ جَمْعًا

Кыйамат Күнү аларды бири-бирине кошулган түрдө жөн койобуз да, сурнай чалынганда, аларды толук жыйнайбыз.

100 وَعَرَضْنَا جَهَنَّمَ يَوْمَئِذٍ لِلْكَافِرِينَ عَرْضًا

Ал күнү Тозокту каапырларга анык көрсөтөбүз.