бөлүм Кахф - الكهف

21 وَكَذَلِكَ أَعْثَرْنَا عَلَيْهِمْ لِيَعْلَمُوا أَنَّ وَعْدَ اللَّهِ حَقٌّ وَأَنَّ السَّاعَةَ لَا رَيْبَ فِيهَا إِذْ يَتَنَازَعُونَ بَيْنَهُمْ أَمْرَهُمْ فَقَالُوا ابْنُوا عَلَيْهِمْ بُنْيَانًا رَبُّهُمْ أَعْلَمُ بِهِمْ قَالَ الَّذِينَ غَلَبُوا عَلَى أَمْرِهِمْ لَنَتَّخِذَنَّ عَلَيْهِمْ مَسْجِدًا

Ошентип, Алла Өз убадасынын чындыгын, Кыйаматтын шексиздигин адамдарга туйунтуу үчүн аларга (элге) маалым кылды. Ошол кезде алар – тигилер жөнүндө талашып жатышты. Кээ бирөөлөрү: «Алардын үстүнө үй салуу керек», – деди. Алардын жетекчилери болсо: «Ырасында, булардын үстүнө мечит куруп алалы» – дешти.

a. Ълт\р\п, тирилт\\ – Алла \ч\н т\ккъ тургабандай оёой иш экенин b. шаардыктар c. \ёк\рдъг\лър d. Мушриктер алардын \ч ж\з жыл жашаган \ёк\ргъ эстелик тургузуп койолу, кийинки муундар бул \чъъс\н даёктап ж\рс\н унутпай дешти. e. шаардыктардын

22 سَيَقُولُونَ ثَلَاثَةٌ رَابِعُهُمْ كَلْبُهُمْ وَيَقُولُونَ خَمْسَةٌ سَادِسُهُمْ كَلْبُهُمْ رَجْمًا بِالْغَيْبِ وَيَقُولُونَ سَبْعَةٌ وَثَامِنُهُمْ كَلْبُهُمْ قُلْ رَبِّي أَعْلَمُ بِعِدَّتِهِمْ مَا يَعْلَمُهُمْ إِلَّا قَلِيلٌ فَلَا تُمَارِ فِيهِمْ إِلَّا مِرَاءً ظَاهِرًا وَلَا تَسْتَفْتِ فِيهِمْ مِنْهُمْ أَحَدًا

(Айрымдар): «Алар үчөө, төртүнчүсү ити болчу», – дешсе, кээ бирөөлөр: «Алар бешөө, алтынчысы ити болчу», – дешти. Ал эми башкалары: «Алар жетөө, сегизинчиси ити», – деди. «Алардын санын Эгем жакшы билет. Адамдардын өтө азы гана билет», – дегин. Ошол үчүн алар жөнүндө өтө терең талашып, алар тууралу эч бирөөдөн маалымат сураба.

a. Эй, Мухаммед! Сен аларга: b. Кайып илимден анча-мынча

23 وَلَا تَقُولَنَّ لِشَيْءٍ إِنِّي فَاعِلٌ ذَلِكَ غَدًا

Эч нерсени: «Ушуну эртең жасаймын!» – деп айтпа.

a. Эй, Мухаммед!

24 إِلَّا أَنْ يَشَاءَ اللَّهُ وَاذْكُرْ رَبَّكَ إِذَا نَسِيتَ وَقُلْ عَسَى أَنْ يَهْدِيَنِ رَبِّي لِأَقْرَبَ مِنْ هَذَا رَشَدًا

«Алла кааласа (жасаймын)» – дегин. Эгер унутуп калсаң, Эгеңди эстээриң менен: «Эгем мени мындан да тууралыкка жакырыраак жолго салууңдан үмүткөрмүн», – деп айткын.

a. «Алла кааласа жасаймын», - дешти кокус унутуп калган болсоё b. Пайгамбарыбыз Мухаммед (а.с.) иудейлер сураган суроонун жообун «Алла каалса», - дегенди унутуп калып: «Эртеё жооп берем», - дегендиктен Алладан кел\\ч\ кабар кечигип, андан улам берил\\ч\ жооп да кечигип, анан ушул айат т\ш\р\лгън.

25 وَلَبِثُوا فِي كَهْفِهِمْ ثَلَاثَ مِائَةٍ سِنِينَ وَازْدَادُوا تِسْعًا

Алар үңкүрдө үч жүз жыл жатышты. Дагы тогуз жыл кошулду.

a. \ёк\рдъг\ \ч жигит b. Демек к\н календарынын эсеби бойунча 300, ал эми ай календарынын эсеби бойунча 309 жыл

26 قُلِ اللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا لَبِثُوا لَهُ غَيْبُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ أَبْصِرْ بِهِ وَأَسْمِعْ مَا لَهُمْ مِنْ دُونِهِ مِنْ وَلِيٍّ وَلَا يُشْرِكُ فِي حُكْمِهِ أَحَدًا

«Алардын канча жатканын Алла жакшы билет. Асмандар менен жердеги кайып-сырларды билүү Ага гана таандык. Ал – Көрүүчү, Кабардар! Аларга Алладан башка бир да көмөкчү жок. Ал өз өкүмүнө эч кимди шерик кылбайт», – деп айткын.

a. Эй, Мухаммед!

27 وَاتْلُ مَا أُوحِيَ إِلَيْكَ مِنْ كِتَابِ رَبِّكَ لَا مُبَدِّلَ لِكَلِمَاتِهِ وَلَنْ تَجِدَ مِنْ دُونِهِ مُلْتَحَدًا

Эгеңдин Китебинен сага түшүрүлгөндөрдү окуп бергин. Анын Сөздөрүн алмаштыруучу жок. Андан башка баш калкалаар жай да таба албайсыңар.

a. Алланын b. Анын създър\н ъз съз\ менен алмаштырууга эч кимдин акысы да, укугу да жок жана колунан да келбейт. Анткени Жаратуучу Алланын създър\н жаратылган пенде -макулук алмаштырууга чамасыз! Бирок ким кара ниети менен алмаштырууга далалат кылса ал съзс\з Алланын жазасына кабылат! (Инжил менен Тооратта алмаштыруулар бар экенин Алла Таала Куранда кабарлайт. Ошон \ч\н ал китептер Алладан т\шкън\нъ карабастан, амал кылууга тыйуу салынган. Куранды болсо ъзгърт\\с\з Кыйаматка чейин: «Ъз\м сактаймын», - деген Аллланын убадасы бар жана Алла Ъз убадасын съзс\з, шексиз аткаруучу!). c. Эгер Куранды ъзгърт\п, бузсаёар, Алланын каарынан качып кутула алабйсыёар жана

28 وَاصْبِرْ نَفْسَكَ مَعَ الَّذِينَ يَدْعُونَ رَبَّهُمْ بِالْغَدَاةِ وَالْعَشِيِّ يُرِيدُونَ وَجْهَهُ وَلَا تَعْدُ عَيْنَاكَ عَنْهُمْ تُرِيدُ زِينَةَ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَلَا تُطِعْ مَنْ أَغْفَلْنَا قَلْبَهُ عَنْ ذِكْرِنَا وَاتَّبَعَ هَوَاهُ وَكَانَ أَمْرُهُ فُرُطًا

Эгеңерге таңда жана кечинде, Анын ыраазылыгын эңсеп жалбаргандар менен чогуу өзүң да сабыр кыл. Бул дүйнө тиричилигинин жыргалын каалап, көздөрүңдү (мусулмандардан) башкага бурба. Анткени Биз жүрөктөрүн Бизди эстөөдөн капарсыз кылып койгон жана өз кумарданууларын гана ээрчиген, иши чектен ашкан адамдарга баш ийбе.

a. Эй, Мухаммед! b. Каапырларга жана алардын бай-бардар турмушуна

29 وَقُلِ الْحَقُّ مِنْ رَبِّكُمْ فَمَنْ شَاءَ فَلْيُؤْمِنْ وَمَنْ شَاءَ فَلْيَكْفُرْ إِنَّا أَعْتَدْنَا لِلظَّالِمِينَ نَارًا أَحَاطَ بِهِمْ سُرَادِقُهَا وَإِنْ يَسْتَغِيثُوا يُغَاثُوا بِمَاءٍ كَالْمُهْلِ يَشْوِي الْوُجُوهَ بِئْسَ الشَّرَابُ وَسَاءَتْ مُرْتَفَقًا

“Бул Акыйкат (Куран) – Эгеңерден (түшкөн)!” – деп айткын. Ошондон кийин ким кааласа (Аллага) ишенсин, ким кааласа каапыр болсун. Чындыгында, Биз заалымдар үчүн дубалдары курчап ала турган Тозок отун дайардап койгонбуз. Эгер алар суу сурап жалбарса, майдын калдыгы сыйактуу, беттерди куйкалап кетүүчү суу берилет. Ал кандай гана жаман суусундук жана ал жер – кандай гана жаман жер!

30 إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ إِنَّا لَا نُضِيعُ أَجْرَ مَنْ أَحْسَنَ عَمَلًا

Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандардын жана сооптуу амалдарды кылгандардын мээнетин текке кетирбейбиз.

31 أُولَئِكَ لَهُمْ جَنَّاتُ عَدْنٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهِمُ الْأَنْهَارُ يُحَلَّوْنَ فِيهَا مِنْ أَسَاوِرَ مِنْ ذَهَبٍ وَيَلْبَسُونَ ثِيَابًا خُضْرًا مِنْ سُنْدُسٍ وَإِسْتَبْرَقٍ مُتَّكِئِينَ فِيهَا عَلَى الْأَرَائِكِ نِعْمَ الثَّوَابُ وَحَسُنَتْ مُرْتَفَقًا

Мына ошолор үчүн алдынан дарыйалар агып турган Адн (аттуу) Бейиш бар. Алар анда алтындан жасалган билериктер менен жасанышат. Алар калың жана жука жашыл жибектен кийимдерди кийишет да, мамыктарга сүйөнүп олтурушат. Бул – кандай улуу сыйлык жана кандай сонун жай!

32 وَاضْرِبْ لَهُمْ مَثَلًا رَجُلَيْنِ جَعَلْنَا لِأَحَدِهِمَا جَنَّتَيْنِ مِنْ أَعْنَابٍ وَحَفَفْنَاهُمَا بِنَخْلٍ وَجَعَلْنَا بَيْنَهُمَا زَرْعًا

Аларга эки адамдын мисалын байан кылып бер: “Бирөөсүнө жүзүмдөрдөн эки бак жасадык. Ал эки бактын аралыгын курма дарактары менен курчап (койдук). Ошол эки бактын аралыгын эгинзар кылдык.

a. Эй, Мухаммед!

33 كِلْتَا الْجَنَّتَيْنِ آتَتْ أُكُلَهَا وَلَمْ تَظْلِمْ مِنْهُ شَيْئًا وَفَجَّرْنَا خِلَالَهُمَا نَهَرًا

Эки бак тең жемиштерин берди. Андан эч нерсе кемитилген жок. Ортолорунан булак агызып койдук.

34 وَكَانَ لَهُ ثَمَرٌ فَقَالَ لِصَاحِبِهِ وَهُوَ يُحَاوِرُهُ أَنَا أَكْثَرُ مِنْكَ مَالًا وَأَعَزُّ نَفَرًا

Анын (эки бактан түшкөн) мөмөлөрү бар эле. Ошондо ал жолдошу менен сүйлөшүп жатып (мактанды): “Мен сага караганда мал-мүлк жагынан молчулукта, баш (бала-чака) жагынан да үстөмдүүлүк кылам”.

a. Бул жерде бул убактылуу д\йнън\н дъълът\нъ мас болуп, Аллага шерик кошуп, дъъг\рс\гън, акыретти унуткан каапыр Парос менен, сабырдуу, каниет\\, ток пейил мусулман Йахуза тууралуу кеп болууда

35 وَدَخَلَ جَنَّتَهُ وَهُوَ ظَالِمٌ لِنَفْسِهِ قَالَ مَا أَظُنُّ أَنْ تَبِيدَ هَذِهِ أَبَدًا

Ал (каапыр) ошентип, өзүнө зулумдук кылган тейде бакчасына кирди да: “Мунумдун жок болуп кетүүсү ойума да келбейт.

a. “Эч качан жоголбойт. Байлыгымды коргоп калууга менин толук к\ч\м жетет”

36 وَمَا أَظُنُّ السَّاعَةَ قَائِمَةً وَلَئِنْ رُدِدْتُ إِلَى رَبِّي لَأَجِدَنَّ خَيْرًا مِنْهَا مُنْقَلَبًا

Анын үстүнө Кыйаматтын болорун да ойлобоймун, Эгер чындап эле Жаратканга кайта турган болсом, мындан да жакшы жерди (ал жактан да) сөзсүз табам”, – деди.

a. “Кыйаматтын болоруна такыр ишенбеймин”

37 قَالَ لَهُ صَاحِبُهُ وَهُوَ يُحَاوِرُهُ أَكَفَرْتَ بِالَّذِي خَلَقَكَ مِنْ تُرَابٍ ثُمَّ مِنْ نُطْفَةٍ ثُمَّ سَوَّاكَ رَجُلًا

Жолдошу ага жооп берип: “Сени (оболу) топурактан, андан кийин бир тамчы суудан жаратып, анан келбет берип адам кылган Аллага каапырлык кыласыңбы?

38 لَكِنَّا هُوَ اللَّهُ رَبِّي وَلَا أُشْرِكُ بِرَبِّي أَحَدًا

Менин Эгем – Алла. Эгеме эч кимди шерик кылбаймын!”, – деди.

39 وَلَوْلَا إِذْ دَخَلْتَ جَنَّتَكَ قُلْتَ مَا شَاءَ اللَّهُ لَا قُوَّةَ إِلَّا بِاللَّهِ إِنْ تَرَنِ أَنَا أَقَلَّ مِنْكَ مَالًا وَوَلَدًا

Өз багыңа кирген убагыңда эмне үчүн: “Эгер азыр мени мал-мүлк жана бала жагынан өзүңдөн кем көрсөң да, бул – Алланын каалоосу. Алладан башка эч бир кубат жок!

40 فَعَسَى رَبِّي أَنْ يُؤْتِيَنِ خَيْرًا مِنْ جَنَّتِكَ وَيُرْسِلَ عَلَيْهَا حُسْبَانًا مِنَ السَّمَاءِ فَتُصْبِحَ صَعِيدًا زَلَقًا

Эгемдин мага сенин багыңдан жакшыраагын бериши, сеникинин үстүнө көктөн апаат (чагылган) жиберип, тептегиз какыр топуракка айлантышы мүмкүн.