41 أَوْ يُصْبِحَ مَاؤُهَا غَوْرًا فَلَنْ تَسْتَطِيعَ لَهُ طَلَبًا
Болбосо багыңдын суусу тартылып, аны эч качан издеп таба албай каласың”, – деп айтканың жок?
41 أَوْ يُصْبِحَ مَاؤُهَا غَوْرًا فَلَنْ تَسْتَطِيعَ لَهُ طَلَبًا
Болбосо багыңдын суусу тартылып, аны эч качан издеп таба албай каласың”, – деп айтканың жок?
42 وَأُحِيطَ بِثَمَرِهِ فَأَصْبَحَ يُقَلِّبُ كَفَّيْهِ عَلَى مَا أَنْفَقَ فِيهَا وَهِيَ خَاوِيَةٌ عَلَى عُرُوشِهَا وَيَقُولُ يَا لَيْتَنِي لَمْ أُشْرِكْ بِرَبِّي أَحَدًا
Анан анын жемиштери жок болуп, чатыры бузулуп, бош калган багына сарптаган нерселерине өкүнүп, ал эки алаканын укалай баштады да: “Аттиң! Эгеме эч кимди шерик кошпосом болмок экен”, – деди.
a. Алла жиберген апаат келип, ж\з\м бактары толук кыйратылды... b. Бак \ч\н жумшалган къп суммадагы акча каражаттарына ж.б.
43 وَلَمْ تَكُنْ لَهُ فِئَةٌ يَنْصُرُونَهُ مِنْ دُونِ اللَّهِ وَمَا كَانَ مُنْتَصِرًا
Ага Алладан башка жардам берээр бир да тайпа жок. Ал тургай өзүнө (өзү) да жардам бере албайт.
44 هُنَالِكَ الْوَلَايَةُ لِلَّهِ الْحَقِّ هُوَ خَيْرٌ ثَوَابًا وَخَيْرٌ عُقْبًا
Анткени чыныгы жардам – Аллага гана таандык! Ал – сыйлык берүүнүн мыктысы жана натыйжа чыгаруу жагынан да эң жакшысы.
45 وَاضْرِبْ لَهُمْ مَثَلَ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا كَمَاءٍ أَنْزَلْنَاهُ مِنَ السَّمَاءِ فَاخْتَلَطَ بِهِ نَبَاتُ الْأَرْضِ فَأَصْبَحَ هَشِيمًا تَذْرُوهُ الرِّيَاحُ وَكَانَ اللَّهُ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ مُقْتَدِرًا
Аларга бул дүйнө тиричилигинен бир мисал келтир: Бул дүйнө тиричилиги – Биз асмандан жаадырган жамгыр сыйактуу. (Жамгыр жааса) жердин өсүмдүктөрү бири-бирине оролушуп, кулпуруп, анан кургак үйүндүгө айланып, андан соң шамал учуруп кеткен өңдүү... (эле бир көрүнүш). Чындыгында, Алла бардык нерсеге Кудуреттүү!
a. Эй, Мухаммед!
46 الْمَالُ وَالْبَنُونَ زِينَةُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَالْبَاقِيَاتُ الصَّالِحَاتُ خَيْرٌ عِنْدَ رَبِّكَ ثَوَابًا وَخَيْرٌ أَمَلًا
Мал-мүлк менен бала-чакалар – дүйнө тиричилигинин (гана) көркү. Ал эми түбөлүк кала турган жакшылыктар болсо – Эгеңдин алдында. Жакшы иштер – сыйлык жагынан да, үмүт жагынан да мыкты.
47 وَيَوْمَ نُسَيِّرُ الْجِبَالَ وَتَرَى الْأَرْضَ بَارِزَةً وَحَشَرْنَاهُمْ فَلَمْ نُغَادِرْ مِنْهُمْ أَحَدًا
Кыйамат Күнү тоолорду козгойбуз да, жердин тептегиз болгонун көрөсүң. Алардын баарын, эч кимисин калтырбай жыйнайбыз.
a. Момундардын жана каапырлардын
48 وَعُرِضُوا عَلَى رَبِّكَ صَفًّا لَقَدْ جِئْتُمُونَا كَمَا خَلَقْنَاكُمْ أَوَّلَ مَرَّةٍ بَلْ زَعَمْتُمْ أَلَّنْ نَجْعَلَ لَكُمْ مَوْعِدًا
Алар Эгесинин алдына катар-катар болуп алып келинет. Аларга: “Оболу кандай жараткан болсок, ошол кейипте (жылаңач) келдиңер. Силерге убадаланган мөөнөт берилбейт деп ойлогонсуңар” (– деп айтылат).
a. Жердеги жашоо сыноо \ч\н гана убактылуу бир мъънът катары берилгенин ойлоп да койбой, пайгамбарлар, момундар айтса, кулак салбай..
49 وَوُضِعَ الْكِتَابُ فَتَرَى الْمُجْرِمِينَ مُشْفِقِينَ مِمَّا فِيهِ وَيَقُولُونَ يَا وَيْلَتَنَا مَالِ هَذَا الْكِتَابِ لَا يُغَادِرُ صَغِيرَةً وَلَا كَبِيرَةً إِلَّا أَحْصَاهَا وَوَجَدُوا مَا عَمِلُوا حَاضِرًا وَلَا يَظْلِمُ رَبُّكَ أَحَدًا
(Ар бир адамга) амал дептери койулат. Ошондо каапырлардын андан коркконун көрөсүң. Алар: “О, азаптуу күн! Бизге кандай өкүнүч (камдалган). Мына (амал) китепте кичинени да, чоңду да калтырбай тизмелептир!” – дешет. Ошондо алар (өздөрү) жасагандарды өз алдынан табышат. Бирок Эгең эч кимге адилетсиздик кылбайт.
a. Кылган жамандык-жакшылыктарынын баары алардын къз алдына келтирилип, дапдаана кърсът\лът. b. Ар ким ъз колу менен жасаган к\нъъс\нъ жараша гана жазаланат. Ашыкча жазаланбайт.
50 وَإِذْ قُلْنَا لِلْمَلَائِكَةِ اسْجُدُوا لِآدَمَ فَسَجَدُوا إِلَّا إِبْلِيسَ كَانَ مِنَ الْجِنِّ فَفَسَقَ عَنْ أَمْرِ رَبِّهِ أَفَتَتَّخِذُونَهُ وَذُرِّيَّتَهُ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِي وَهُمْ لَكُمْ عَدُوٌّ بِئْسَ لِلظَّالِمِينَ بَدَلًا
Ошол убакта периштелерге: “ Адамга сежде кылгыла!” – деген элек. Иблистен башка бардык периштелер сежде кылышты. Жалындан жаратылган ал Эгесинин буйругунан (аткаруудан) баш тартты. Эми Менден башка аны жана анын урпактарын дос тутасыңарбы?! Алар – силерге душман! Заалымдар үчүн кандай жаман өзгөрүш!
a. Эй, Мухаммед! b. Адам Атаны жаёы жараткан кезде c. Иблис– Шайтандардын т\пк\ атасы. Биздин Адам Ата сыйактуу d. Шайтандарды жана жалган кудайларды (айрым элдер болсо пайгамбарларды, олуйаларды, баатырларды ж.б.у.с. кудай дешкенге чейин жетишкен)... e. Шайтанды f. “Мен буйуруган адал иштерди кылбай, ал (шайтан) буйурган арам иштерди кыласыёарбы?!” g. шайтандар h. Чыныгы Кудай Алла турса, шайтандар менен достошуу бул –
51 مَا أَشْهَدْتُهُمْ خَلْقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَلَا خَلْقَ أَنْفُسِهِمْ وَمَا كُنْتُ مُتَّخِذَ الْمُضِلِّينَ عَضُدًا
Мен асмандар менен жерди жана алардын өздөрүн жараткан кезде – аларды күбөлүккө тарткан эмесмин! Адаштыруучуларды көмөкчү да кылган эмесмин!
a. шайтандарды b. шайтандар бар болгону бир нерсе жаратууга алсыз бир макулуктар гана
52 وَيَوْمَ يَقُولُ نَادُوا شُرَكَائِيَ الَّذِينَ زَعَمْتُمْ فَدَعَوْهُمْ فَلَمْ يَسْتَجِيبُوا لَهُمْ وَجَعَلْنَا بَيْنَهُمْ مَوْبِقًا
Кыйамат Күнү – Алла (каапырларга): “Өзүңөрдүн Мага шерик деп ойлогонуңарды чакыргыла!”, – деп буйурат. Ошондо аларды чакырышат. Бирок алар (сөлөкөттөр) аларга жооп беришпейт. Ошондуктан алардын ортолоруна бир азап өрөөнүн жасайбыз.
a. Жалган кудайларды, айкелдерди, буддарды ж.б.у.с. b. Анткени алар жансыз, ары алсыз нерселер....
53 وَرَأَى الْمُجْرِمُونَ النَّارَ فَظَنُّوا أَنَّهُمْ مُوَاقِعُوهَا وَلَمْ يَجِدُوا عَنْهَا مَصْرِفًا
Күнөөкөрлөр Тозоктун отун көрүп, ошондо ага өздөрү түшө турганын билишет. Бирок андан бурулар жер таба алышпайт!
a. Качып кутулаар
54 وَلَقَدْ صَرَّفْنَا فِي هَذَا الْقُرْآنِ لِلنَّاسِ مِنْ كُلِّ مَثَلٍ وَكَانَ الْإِنْسَانُ أَكْثَرَ شَيْءٍ جَدَلًا
Чындыгында, ушул Куранда адам баласы үчүн бардык нерсени ачык-айрым байандадык. Бирок адам баласы көп нерселерде жаңжалчыл.
a. Билип-билбей эле талашып тартыша берет. Болбосо Кыйаматтын болору эч кандай шек жаратпаган нерсе боло туруп, ушуга жерде тир\\ ж\ргън кездерине эч ишенишкен эмес, четке кагышкан, “Кыйамат шексиз болот”, - дегендерди шылдыёдашкан...
55 وَمَا مَنَعَ النَّاسَ أَنْ يُؤْمِنُوا إِذْ جَاءَهُمُ الْهُدَى وَيَسْتَغْفِرُوا رَبَّهُمْ إِلَّا أَنْ تَأْتِيَهُمْ سُنَّةُ الْأَوَّلِينَ أَوْ يَأْتِيَهُمُ الْعَذَابُ قُبُلًا
Адам баласына туура (сүйлөгөн) жетекчи келсе, алардын ыйман келтирүүлөрүнө, Эгелеринен кечирим суроолоруна кедерги болгон нерсе бул – мурункуларга келген апааттардын өздөрүнө да жетишин же көрүнөө азаптын өздөрүнүн дал алдына келишин каалагандыктары болгон.
a. Мухаммед! (а.с.) сыйактуу b. Пайгамбарлар айткан чындыктын ошондой жол менен далилденишин c. “Ъз къз\б\з менен кърмъй\нчъ эч нерсеге ишенбейбиз” - деп сокур, дудук, д\лъй болуп алыштары – алардын кыйроого учуроосуна бирден бир себеп (Бакара с\ръс\н\н 17 –айатын караёыз).
56 وَمَا نُرْسِلُ الْمُرْسَلِينَ إِلَّا مُبَشِّرِينَ وَمُنْذِرِينَ وَيُجَادِلُ الَّذِينَ كَفَرُوا بِالْبَاطِلِ لِيُدْحِضُوا بِهِ الْحَقَّ وَاتَّخَذُوا آيَاتِي وَمَا أُنْذِرُوا هُزُوًا
Чындыгында, элчилерди кубандыруучу жана эскертүүчу кылып жибердик. (Бирок), каапырлар (тамыры) бош, жараксыз нерселер аркылуу чындыкты жокко чыгарууга аракет кылышат. Ошондуктан Менин айаттарымды жана эскерткен нерселеримди келеке кылышат.
a. пайгамбарларды b. Мусулмандарды Бейиш менен c. Каапырларды Тозок менен d. Жалган маалыматар e. Чындыктын кадырын
57 وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنْ ذُكِّرَ بِآيَاتِ رَبِّهِ فَأَعْرَضَ عَنْهَا وَنَسِيَ مَا قَدَّمَتْ يَدَاهُ إِنَّا جَعَلْنَا عَلَى قُلُوبِهِمْ أَكِنَّةً أَنْ يَفْقَهُوهُ وَفِي آذَانِهِمْ وَقْرًا وَإِنْ تَدْعُهُمْ إِلَى الْهُدَى فَلَنْ يَهْتَدُوا إِذًا أَبَدًا
Эгеңердин айаттары аркылуу үгүттөлүп, андан жүз үйрүгөн жана мурунку өз колу менен жасагандарын унуткан кишиден да заалымыраак ким бар? Чындыгында, алардын жүрөктөрүнө аны түшүнбөй турган тосмону жана кулактарына кереңдикти пайда кылдык. Аларды тууралыкка чакырсаң да эч качан (ал) жолго келишпейт.
58 وَرَبُّكَ الْغَفُورُ ذُو الرَّحْمَةِ لَوْ يُؤَاخِذُهُمْ بِمَا كَسَبُوا لَعَجَّلَ لَهُمُ الْعَذَابَ بَلْ لَهُمْ مَوْعِدٌ لَنْ يَجِدُوا مِنْ دُونِهِ مَوْئِلًا
Эгең – Кечиримдүү, Ырайымдуу. Эгер аларды өз кылыктарынан улам азапка сала турган болсо, албетте, аларга азапты тездетмек. Алар үчүн белгилүү бир мөөнөт бар. Ошондо алар Алладан башка баш калкалар жай таппай калышат.
59 وَتِلْكَ الْقُرَى أَهْلَكْنَاهُمْ لَمَّا ظَلَمُوا وَجَعَلْنَا لِمَهْلِكِهِمْ مَوْعِدًا
Алар зулумдук кылган кезде ошол шаарларды (дароо) жок кылмак. (Бирок) алардын жок кылынышы үчүн да бир мөөнөт белгиледик.
a. Алар жашаган
60 وَإِذْ قَالَ مُوسَى لِفَتَاهُ لَا أَبْرَحُ حَتَّى أَبْلُغَ مَجْمَعَ الْبَحْرَيْنِ أَوْ أَمْضِيَ حُقُبًا
Ошол убакытта Муса жардамчысына: “Эки деңиздин кошулган жерине жетмейинче канчалаган узак убакыт өтсө да токтобоймун!” – деди.
a. Бул жерде Алла Тааладан Мусага (а.с.) эки деёиз кошулган жерге барып Кыдыр алейхи саламды к\т\п, андан илим алуу тууралуу кърсътмъ келген кез тууралуу съз болууда.