бөлүм Кахф - الكهف

61 فَلَمَّا بَلَغَا مَجْمَعَ بَيْنِهِمَا نَسِيَا حُوتَهُمَا فَاتَّخَذَ سَبِيلَهُ فِي الْبَحْرِ سَرَبًا

Экөө эки деңиз куйган жерге жеткен кезде балыктарын унутушту. Ошондо балык ыргып чыгып, деңизди жиреп жөнөдү.

a. Муса (а.с.) менен анын жигити

62 فَلَمَّا جَاوَزَا قَالَ لِفَتَاهُ آتِنَا غَدَاءَنَا لَقَدْ لَقِينَا مِنْ سَفَرِنَا هَذَا نَصَبًا

Экөө илгерилеп бараткан кезде Муса жардамчысына: “Азыгыбызды алып келчи, ырасында, сапарда чарчадык”, – деди.

a. Тамактанып алалы

63 قَالَ أَرَأَيْتَ إِذْ أَوَيْنَا إِلَى الصَّخْرَةِ فَإِنِّي نَسِيتُ الْحُوتَ وَمَا أَنْسَانِيهُ إِلَّا الشَّيْطَانُ أَنْ أَذْكُرَهُ وَاتَّخَذَ سَبِيلَهُ فِي الْبَحْرِ عَجَبًا

“Ташка (олтуруп) дем алган жерде балыкты унутуп калыпмын. Мага аны айтууну шайтан унуттурган экен. Ал таң калыштуу түрдө деңизге жол алган болчу”, – деди.

a. Балык. Алар азык катары баштыктарына балык салып алышкан болчу.

64 قَالَ ذَلِكَ مَا كُنَّا نَبْغِ فَارْتَدَّا عَلَى آثَارِهِمَا قَصَصًا

(Муса:) “Мына, издегенибиз ушу болчу”, – деп, экөө (келген) издери менен ээрчишип кайра кайтышты.

65 فَوَجَدَا عَبْدًا مِنْ عِبَادِنَا آتَيْنَاهُ رَحْمَةً مِنْ عِنْدِنَا وَعَلَّمْنَاهُ مِنْ لَدُنَّا عِلْمًا

Ошондо экөө, Биз тараптан жакшылык берилип, Өз алдыбыздан илим берилген пенделерибизден бир пендени табышты.

66 قَالَ لَهُ مُوسَى هَلْ أَتَّبِعُكَ عَلَى أَنْ تُعَلِّمَنِ مِمَّا عُلِّمْتَ رُشْدًا

Муса ага: “Сага үйрөтүлгөн дааналыктан (илимден) мага да үйрөтүүң үчүн сени ээрчисем болобу?” – деди.

67 قَالَ إِنَّكَ لَنْ تَسْتَطِيعَ مَعِيَ صَبْرًا

(Ал:) “Чындыгында, сен мени менен бирге болгонго чыдай албайсың.

68 وَكَيْفَ تَصْبِرُ عَلَى مَا لَمْ تُحِطْ بِهِ خُبْرًا

Ички сырын билбеген нерсеге кантип чыдай аласың?”, – деди.

69 قَالَ سَتَجِدُنِي إِنْ شَاءَ اللَّهُ صَابِرًا وَلَا أَعْصِي لَكَ أَمْرًا

(Муса:) “Алла кааласа, мени сабырдуу табарсың. Ошондуктан сага эч бир иште каршы чыкпаймын”, – деди.

a. «Сабырдуулугума к\бъ болосуё», - деген мааниде

70 قَالَ فَإِنِ اتَّبَعْتَنِي فَلَا تَسْأَلْنِي عَنْ شَيْءٍ حَتَّى أُحْدِثَ لَكَ مِنْهُ ذِكْرًا

(Ал:) “Эгер мага кошулсаң, сага (мен өзүм) айтып бермейинче, менден эч нерсе сураба”, – деди.

71 فَانْطَلَقَا حَتَّى إِذَا رَكِبَا فِي السَّفِينَةِ خَرَقَهَا قَالَ أَخَرَقْتَهَا لِتُغْرِقَ أَهْلَهَا لَقَدْ جِئْتَ شَيْئًا إِمْرًا

Ошентип экөө жолго чыгышты да, кемеге түшүп, аны теше баштады. Муса: “Кемедегилерди сууга чөктүрүү үчүн тештиңби? Чындыгында орунсуз иш кылдың”, – деди.

a. Дарыйадан ъткън соё

72 قَالَ أَلَمْ أَقُلْ إِنَّكَ لَنْ تَسْتَطِيعَ مَعِيَ صَبْرًا

(Ал:) “Мен сага мени менен бирге эч качан сабыр кыла албайсың дебедим беле?”, – деди.

73 قَالَ لَا تُؤَاخِذْنِي بِمَا نَسِيتُ وَلَا تُرْهِقْنِي مِنْ أَمْرِي عُسْرًا

(Муса:) “Унутканым себептүү мени жазалаба. Менин ишимди оорлотпо”, – деди.

74 فَانْطَلَقَا حَتَّى إِذَا لَقِيَا غُلَامًا فَقَتَلَهُ قَالَ أَقَتَلْتَ نَفْسًا زَكِيَّةً بِغَيْرِ نَفْسٍ لَقَدْ جِئْتَ شَيْئًا نُكْرًا

Экөө дагы жолго чыгышып, бир уул бала жолукту эле, (ал) аны өлтүрүп салды. (Муса:) “Адам өлтүрбөгөн жазыксыз эле бирөөнү өлтүрдүңбү? Чындыгында, жаман иш кылдың”, – деди.

75 قَالَ أَلَمْ أَقُلْ لَكَ إِنَّكَ لَنْ تَسْتَطِيعَ مَعِيَ صَبْرًا

(Ал): «Сен мени менен бирге жүрүүгө эч качан чыдай албайсың дебедим беле?» – деди.

76 قَالَ إِنْ سَأَلْتُكَ عَنْ شَيْءٍ بَعْدَهَا فَلَا تُصَاحِبْنِي قَدْ بَلَغْتَ مِنْ لَدُنِّي عُذْرًا

“Эгер мындан кийин да бир нерсе сурасам, мени такыр жолдош кылба! Чындыгында, мен тараптан сага себеп табылды”, – деди.

77 فَانْطَلَقَا حَتَّى إِذَا أَتَيَا أَهْلَ قَرْيَةٍ اسْتَطْعَمَا أَهْلَهَا فَأَبَوْا أَنْ يُضَيِّفُوهُمَا فَوَجَدَا فِيهَا جِدَارًا يُرِيدُ أَنْ يَنْقَضَّ فَأَقَامَهُ قَالَ لَوْ شِئْتَ لَاتَّخَذْتَ عَلَيْهِ أَجْرًا

Ошондо экөө дагы жол жүрүп, бир шаардын калкына барышып, тургундарынан тамак сурашты. Алар экөөсүн конок кылуудан баш тартышты. Анан экөө ошол жедеги жыгыла турган дубалды көрүшүп, аны ал тикеледи. (Муса:) “Эгер кааласаң буга эмгек акы алсаң болоор эле”, – деди.

a. Хызыр алейхи салам ылай чалып, дубал уруп, кайра тургузушту

78 قَالَ هَذَا فِرَاقُ بَيْنِي وَبَيْنِكَ سَأُنَبِّئُكَ بِتَأْوِيلِ مَا لَمْ تَسْتَطِعْ عَلَيْهِ صَبْرًا

(Ал) “Мына ушул – мени менен сенин айрылышыбыз. Эми сага сен сабыр кыла албаган нерселериңдин сырын айтайын”, – деди.

79 أَمَّا السَّفِينَةُ فَكَانَتْ لِمَسَاكِينَ يَعْمَلُونَ فِي الْبَحْرِ فَأَرَدْتُ أَنْ أَعِيبَهَا وَكَانَ وَرَاءَهُمْ مَلِكٌ يَأْخُذُ كُلَّ سَفِينَةٍ غَصْبًا

(Ал:) “Кеме – деңизде тиричилик кылган жакыр адамдардыкы болчу. Аны мен жараксыз кылгым келгенинин себеби: анын артынан ар бир (мыкты) кемени тартып алып туруучу падыша (кууп) келе жаткан.

a. деёизден балык кармап жеп, сатып

80 وَأَمَّا الْغُلَامُ فَكَانَ أَبَوَاهُ مُؤْمِنَيْنِ فَخَشِينَا أَنْ يُرْهِقَهُمَا طُغْيَانًا وَكُفْرًا

А (тигил) баланын болсо, момун ата-энеси бар эле. Ал ата-энесин (ыймандан) баш тартууга, каапырлыкка зордоосунан корктук.

a. чоёойгон кезде зъък\рл\к менен