бөлүм Кахф - الكهف

1 الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي أَنْزَلَ عَلَى عَبْدِهِ الْكِتَابَ وَلَمْ يَجْعَلْ لَهُ عِوَجًا

Өз пендесине Китепти түшүргөн жана аны эч бир кемчиликсиз кылган Аллага мактоо!

a. Мухаммед алейхи саламга b. Куранды c. Куранды

2 قَيِّمًا لِيُنْذِرَ بَأْسًا شَدِيدًا مِنْ لَدُنْهُ وَيُبَشِّرَ الْمُؤْمِنِينَ الَّذِينَ يَعْمَلُونَ الصَّالِحَاتِ أَنَّ لَهُمْ أَجْرًا حَسَنًا

Катуу азапты эскертүү жана жакшы амалдарды жасаган момундарга жакшы сыйлык бар экенин сүйүнчүлөө үчүн Анын алдынан түз абалда (түшкөн).

a. Сооптуу иштерди b. Алланын

3 مَاكِثِينَ فِيهِ أَبَدًا

Алар анда (Бейиште) түбөлүк турушат!

a. момундар

4 وَيُنْذِرَ الَّذِينَ قَالُوا اتَّخَذَ اللَّهُ وَلَدًا

Ошондой эле, «Алланын баласы бар», – дегендерге да эскертүү үчүн түшүрүлдү.

a. «Иса, Узайир – Алланын балдары», - деген т\ш\н\кт\ карманган диндер да бар экенин эстеёиз b. Тозоктун азабынын катуу болорун

5 مَا لَهُمْ بِهِ مِنْ عِلْمٍ وَلَا لِآبَائِهِمْ كَبُرَتْ كَلِمَةً تَخْرُجُ مِنْ أَفْوَاهِهِمْ إِنْ يَقُولُونَ إِلَّا كَذِبًا

Алардын өздөрүндө да, ата-бабаларында да маалымат жок. (Алардын) оозунан чыккан сөз абдан чоң (күнөө). Чындыгында, алар жалганды гана сүйлөшөт.

a. Алланын баласы болгону тууралуу эч бир b. Каапырлар, мушриктер, мунафыктар

6 فَلَعَلَّكَ بَاخِعٌ نَفْسَكَ عَلَى آثَارِهِمْ إِنْ لَمْ يُؤْمِنُوا بِهَذَا الْحَدِيثِ أَسَفًا

Эми алар бул Куранга ишенбесе, аларга абдан кейип, өзүңдү жок кылып жибергиң келет.

a. Мухаммед (а.с.) га кайрылуу

7 إِنَّا جَعَلْنَا مَا عَلَى الْأَرْضِ زِينَةً لَهَا لِنَبْلُوَهُمْ أَيُّهُمْ أَحْسَنُ عَمَلًا

Биз адам баласынын кимиси жакшы амалдарды жасаарын сыноо максатында жер үстүндөгү нерселерди – жердин көркү кылып койдук.

8 وَإِنَّا لَجَاعِلُونَ مَا عَلَيْهَا صَعِيدًا جُرُزًا

Албетте, Биз жер бетиндеги бардык нерселерди өнүмсүз топуракка айландырабыз.

a. Кургак, эч нерсе ъспъгън какыраган жерге

9 أَمْ حَسِبْتَ أَنَّ أَصْحَابَ الْكَهْفِ وَالرَّقِيمِ كَانُوا مِنْ آيَاتِنَا عَجَبًا

/ңкүрдөгүлөр менен (аттары) жазылган тактайды таң калаарлык белгилерден деп ойлодуңбу?

a. Эй, Мухаммед! b. кереметтерден c. Бул айатта ъткън бир доорлордун биринде Тасус шаарындагы Дакйанус аттуу падышанын заалымдыгынан динин сактап калуу \ч\н качкан мусулман адамдар тууралуу болууда. «Кахф» – ошолор бекинген \ёк\рд\н аты, ал эми «ракым» – алардын аты-жън\ жазылып калган тактайдын аталышы

10 إِذْ أَوَى الْفِتْيَةُ إِلَى الْكَهْفِ فَقَالُوا رَبَّنَا آتِنَا مِنْ لَدُنْكَ رَحْمَةً وَهَيِّئْ لَنَا مِنْ أَمْرِنَا رَشَدًا

Ошол учурда жигиттер үңкүргө бекиништи да: «Оо, Эгебиз! Бизге Өз алдыңдан ырайым ырооло! Биз үчүн бул ишибизде туура жол көрсөт!» – дешти.

a. Алланын динине чакырууда

11 فَضَرَبْنَا عَلَى آذَانِهِمْ فِي الْكَهْفِ سِنِينَ عَدَدًا

Ошондо алардын кулактарын узак жылдар бойу парда менен тосуп койдук.

a. Кулактары эч нерсени укпай турган кылып катуу уктатып салдык

12 ثُمَّ بَعَثْنَاهُمْ لِنَعْلَمَ أَيُّ الْحِزْبَيْنِ أَحْصَى لِمَا لَبِثُوا أَمَدًا

Кийин, эки тараптын кайсынысы алардын жаткан мезгилин (так) эсептегендигин аныктоо үчүн аларды ойготтук.

a. /ёк\рдъ уктап калгандар менен сыртта, шаарда жашоо кечирип жаткан адамдар ортосунда

13 نَحْنُ نَقُصُّ عَلَيْكَ نَبَأَهُمْ بِالْحَقِّ إِنَّهُمْ فِتْيَةٌ آمَنُوا بِرَبِّهِمْ وَزِدْنَاهُمْ هُدًى

Биз сага алардын кабарын чындык түрүндө байан кылабыз. Алар Эгелерине чыныгы ишенген жигиттер болчу, ошентсе да алардын такыбалыктарын арттырып койдук.

a. Эй, Мухаммед! b. Аллага

14 وَرَبَطْنَا عَلَى قُلُوبِهِمْ إِذْ قَامُوا فَقَالُوا رَبُّنَا رَبُّ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ لَنْ نَدْعُوَ مِنْ دُونِهِ إِلَهًا لَقَدْ قُلْنَا إِذًا شَطَطًا

Алардын жүрөктөрүн бекемдедик. Ошол убакытта алар тике туруп: «Биздин Эгебиз – асмандар менен жердин да Эгеси! Андан башка кудайга эч качан жалбарбайбыз. Андай кылсак, анда биз чектен абдан ашкан болобуз.

15 هَؤُلَاءِ قَوْمُنَا اتَّخَذُوا مِنْ دُونِهِ آلِهَةً لَوْلَا يَأْتُونَ عَلَيْهِمْ بِسُلْطَانٍ بَيِّنٍ فَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ افْتَرَى عَلَى اللَّهِ كَذِبًا

Мына, элибиз Алладан башканы кудай тутунуп алышты. Бирок алар ага байланыштуу даана далил да келтире алышкан жок. Аллага жалган жалаа жапкан адамдан да ашкан заалым барбы?!», – дешти.

a. Жалган кудайларына b. «Алланын баласы бар, же кызы бар, Иса кудай ж.б.у.с.», - деп жалган айтып, элдин башын айландырып, Аллага жок нерселерди жармаштырып

16 وَإِذِ اعْتَزَلْتُمُوهُمْ وَمَا يَعْبُدُونَ إِلَّا اللَّهَ فَأْوُوا إِلَى الْكَهْفِ يَنْشُرْ لَكُمْ رَبُّكُمْ مِنْ رَحْمَتِهِ وَيُهَيِّئْ لَكُمْ مِنْ أَمْرِكُمْ مِرْفَقًا

(Алар өз ара): «Адашкан элден да, алардын Алладан башка сыйынгандарынан да жүз буруп, үңкүргө бекингиле! Алла ырайымын чачсын. Ошентип, биздин ишибизге оңойлук буйрусун, – дешти.

17 وَتَرَى الشَّمْسَ إِذَا طَلَعَتْ تَزَاوَرُ عَنْ كَهْفِهِمْ ذَاتَ الْيَمِينِ وَإِذَا غَرَبَتْ تَقْرِضُهُمْ ذَاتَ الشِّمَالِ وَهُمْ فِي فَجْوَةٍ مِنْهُ ذَلِكَ مِنْ آيَاتِ اللَّهِ مَنْ يَهْدِ اللَّهُ فَهُوَ الْمُهْتَدِ وَمَنْ يُضْلِلْ فَلَنْ تَجِدَ لَهُ وَلِيًّا مُرْشِدًا

Күн чыккан мезгилде үңкүрлөрүнүн оң жагынан эңкейип, күн батып баратып аларды сол жакта калтырганын көрмөксүң. Алар үңкүрдүн кенен жеринде (уктап жатышты). Бул – Алланын белгилеринен. Алла кимди түзөсө, ошол – Туура Жолдо. Ал кимди адаштырса, анда ага эч бир жардамчы да, туура жолго баштоочу да таба албайсың.

a. Эй, Мухаммед! b. Алар уктап калган c. /ёк\ргъ нурун чачып d. Нурлары \з\лбъй

18 وَتَحْسَبُهُمْ أَيْقَاظًا وَهُمْ رُقُودٌ وَنُقَلِّبُهُمْ ذَاتَ الْيَمِينِ وَذَاتَ الشِّمَالِ وَكَلْبُهُمْ بَاسِطٌ ذِرَاعَيْهِ بِالْوَصِيدِ لَوِ اطَّلَعْتَ عَلَيْهِمْ لَوَلَّيْتَ مِنْهُمْ فِرَارًا وَلَمُلِئْتَ مِنْهُمْ رُعْبًا

Аларды ойгоо жатышат деп ойлойсуң. Чындыгында алар уктап жатышкан эле. Аларды оңго, солго оодарып турдук. Ити эки бутун жазданган бойунча босогодо (жатты). Эгер аларды көргөн болсоң, алардан ичиңе коркунуч толуп, бурулуп качмаксың.

a. Эгер ошентип денелери \ч ж\з жыл бойу чирип кетпей, тир\\ адамдай бейпил жатканын кърсъё, албетте b. Бир жагы такай жерде калып, денеси залал тартып калбасын деп периштелер кезек-кезеги менен Алланын буйругу менен оодарып турушту c. Ошол кейипте d. Алардын т\р\нън, с\р\нън

19 وَكَذَلِكَ بَعَثْنَاهُمْ لِيَتَسَاءَلُوا بَيْنَهُمْ قَالَ قَائِلٌ مِنْهُمْ كَمْ لَبِثْتُمْ قَالُوا لَبِثْنَا يَوْمًا أَوْ بَعْضَ يَوْمٍ قَالُوا رَبُّكُمْ أَعْلَمُ بِمَا لَبِثْتُمْ فَابْعَثُوا أَحَدَكُمْ بِوَرِقِكُمْ هَذِهِ إِلَى الْمَدِينَةِ فَلْيَنْظُرْ أَيُّهَا أَزْكَى طَعَامًا فَلْيَأْتِكُمْ بِرِزْقٍ مِنْهُ وَلْيَتَلَطَّفْ وَلَا يُشْعِرَنَّ بِكُمْ أَحَدًا

Ошентип, алар бири-биринен сурашсын деп ойготтук. Алардын бири: «Канча убакыт жаттык?!» – деп сурады. (Экинчиси): «Бир күн же жарым эле күн (уктап калыппыз)» – дешти. (/чүнчүсү): «Канча убакыт жатканыңарды Эгебиз мыкты билет. Мына бул акчалар менен бирөөбүздү шаарга жиберели. Тамактардын кайсынысы адал болсо ошонусун (сатып) алып, кайра келсин. Бирок этийат болуп эч кимге сездирбесин», – дешти.

a. /ёк\рдъ ъл\\-тир\\ экенибизди билбестен, катуу уктап b. Алла Таала c. Бул \чъъ каапыр падышанын куугунтугунан качышып, шаар четиндеги ээн \ёк\ргъ жеткенде, Алла Таала аларды каапырлардын кыйноосунан аман чыгарып койуш \ч\н кирген \ёк\рлър\ндъ \ч ж\з жылга уктатып койгон болчу. /ч ж\з жылдан кийин ойгонушуп, ушинтип с\йлъш\п жатышат. Бирок алар \ч ж\з жыл уктаганын азырынча билише элек.

20 إِنَّهُمْ إِنْ يَظْهَرُوا عَلَيْكُمْ يَرْجُمُوكُمْ أَوْ يُعِيدُوكُمْ فِي مِلَّتِهِمْ وَلَنْ تُفْلِحُوا إِذًا أَبَدًا

«Анткени, эгер шаар калкы силер тууралуу билип калса, таш бараңга алышат, же болбосо өз диндерине кайтарышат. Андай болсо эч качан кутула албайсыңар» – дешти.

a. Колго т\ш\п, мусулман экениёерди билип каласа.