бөлүм Исра - الإسراء

1 سُبْحَانَ الَّذِي أَسْرَى بِعَبْدِهِ لَيْلًا مِنَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ إِلَى الْمَسْجِدِ الْأَقْصَى الَّذِي بَارَكْنَا حَوْلَهُ لِنُرِيَهُ مِنْ آيَاتِنَا إِنَّهُ هُوَ السَّمِيعُ الْبَصِيرُ

Харам мечитинен белгилерибизден ага көрсөтүү үчүн айланасын Биз берекелүү кылган Аксаа мечитине, түн ичинде Пендесин сейил жасатканга аруулук! Акыйкатта, Ал Угуучу, Көрүүчү!

a. Ыйык Меккеден. b. Палестинадагы Ыйык Ал-Аксаа Мечитине. c. Мухаммед (а.с.). d. Аллах Таала

2 وَآتَيْنَا مُوسَى الْكِتَابَ وَجَعَلْنَاهُ هُدًى لِبَنِي إِسْرَائِيلَ أَلَّا تَتَّخِذُوا مِنْ دُونِي وَكِيلًا

Мусага Китеп бердик жана аны Исраил урпактары үчүн жетектөөчү кылдык: “Менден башка эч кимди колдоочу кылып албагыла”,

3 ذُرِّيَّةَ مَنْ حَمَلْنَا مَعَ نُوحٍ إِنَّهُ كَانَ عَبْدًا شَكُورًا

Нух менен бирге Биз (кемеге) жүктөгөндөрдүн урпактары! Акыйкатта, ал Мага шүгүр кылган пендем эле.

4 وَقَضَيْنَا إِلَى بَنِي إِسْرَائِيلَ فِي الْكِتَابِ لَتُفْسِدُنَّ فِي الْأَرْضِ مَرَّتَيْنِ وَلَتَعْلُنَّ عُلُوًّا كَبِيرًا

Биз Исраил урпактарына Китепте айан кылдык: “Силер жер үстүндө эки ирет бузуку иш кылдыңар жана абдан текеберлендиңер”.

a. Тооратты жибердик.

5 فَإِذَا جَاءَ وَعْدُ أُولَاهُمَا بَعَثْنَا عَلَيْكُمْ عِبَادًا لَنَا أُولِي بَأْسٍ شَدِيدٍ فَجَاسُوا خِلَالَ الدِّيَارِ وَكَانَ وَعْدًا مَفْعُولًا

Качан кылынган убадалардын биринчиси келгенде, Биз силерге зор күчкө ээ болгон пенделерибизди жөнөттүк, алар силердин турак-жайларыңарга аралап кирип барды. Убада ушинтип орундалды.

a. Айбаттуу Вавилондун падышасы Навухдоносор (Бухтынасыр).

6 ثُمَّ رَدَدْنَا لَكُمُ الْكَرَّةَ عَلَيْهِمْ وَأَمْدَدْنَاكُمْ بِأَمْوَالٍ وَبَنِينَ وَجَعَلْنَاكُمْ أَكْثَرَ نَفِيرًا

Андан соң Биз силерге алардын үстүнөн бийлик бердик, анан да байлык, бала-чакаларды берип, силердин саныңарды көбөйттүк.

7 إِنْ أَحْسَنْتُمْ أَحْسَنْتُمْ لِأَنْفُسِكُمْ وَإِنْ أَسَأْتُمْ فَلَهَا فَإِذَا جَاءَ وَعْدُ الْآخِرَةِ لِيَسُوءُوا وُجُوهَكُمْ وَلِيَدْخُلُوا الْمَسْجِدَ كَمَا دَخَلُوهُ أَوَّلَ مَرَّةٍ وَلِيُتَبِّرُوا مَا عَلَوْا تَتْبِيرًا

Силер жакшылык кылсаңар өзүңөр үчүн, жамандык кылсаңар да өзүңөр үчүн. Экинчи жолу убада кылынган мезгил жеткенде, беттериңерди бузуп, биринчи киргендей эле мечитке кирип, баарысын таш-талкан кылуу үчүн (жибердик).

a. Кайгыга салып. b. Ирусалим шаарындагы ыйык үйгө – Байт-Ал Мукаддас. c. Душмандардын аскерлери жиберилген.

8 عَسَى رَبُّكُمْ أَنْ يَرْحَمَكُمْ وَإِنْ عُدْتُمْ عُدْنَا وَجَعَلْنَا جَهَنَّمَ لِلْكَافِرِينَ حَصِيرًا

Силердин Эгеңер мүмкүн силерге мээрим кылаар. А эгер кайрадан эле мурункуга кайрылсаңар, анда Биз дагы кайтабыз. Биз тозокту каапырлар үчүн камак жай кылдык.

a. Азапка салабыз.

9 إِنَّ هَذَا الْقُرْآنَ يَهْدِي لِلَّتِي هِيَ أَقْوَمُ وَيُبَشِّرُ الْمُؤْمِنِينَ الَّذِينَ يَعْمَلُونَ الصَّالِحَاتِ أَنَّ لَهُمْ أَجْرًا كَبِيرًا

Акыйкатта, Куран тууралыкка алып барат жана жакшылык кылган момундарга зор сыйлык боло тургандыгын сүйүнчүлөп жеткирет.

10 وَأَنَّ الَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِالْآخِرَةِ أَعْتَدْنَا لَهُمْ عَذَابًا أَلِيمًا

Албетте, акыретке ыйман келтирбегендер үчүн оорутуучу азапты дайардап койдук!

11 وَيَدْعُ الْإِنْسَانُ بِالشَّرِّ دُعَاءَهُ بِالْخَيْرِ وَكَانَ الْإِنْسَانُ عَجُولًا

Инсан жамандыкты жакшылык тилегендей тилейт. Акыйкатта, инсан шашма.

12 وَجَعَلْنَا اللَّيْلَ وَالنَّهَارَ آيَتَيْنِ فَمَحَوْنَا آيَةَ اللَّيْلِ وَجَعَلْنَا آيَةَ النَّهَارِ مُبْصِرَةً لِتَبْتَغُوا فَضْلًا مِنْ رَبِّكُمْ وَلِتَعْلَمُوا عَدَدَ السِّنِينَ وَالْحِسَابَ وَكُلَّ شَيْءٍ فَصَّلْنَاهُ تَفْصِيلًا

Түн менен күндүздү эки белги кылдык. Түндү караңгы кылып, күндүздү Эгеңердин кеңчилигинен насип издөөңөр, жылдардын санын, (мезгилдин) эсебин билүүңөр үчүн жарык кылдык. Жана да ар нерсени бөлүп байан кылдык.

13 وَكُلَّ إِنْسَانٍ أَلْزَمْنَاهُ طَائِرَهُ فِي عُنُقِهِ وَنُخْرِجُ لَهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ كِتَابًا يَلْقَاهُ مَنْشُورًا

Ар бир инсандын мойнуна анын амалын илдик. Кайра тирилүү Күнүндө Биз алардын алдына китепти ачабыз:

a. Амалдары жазылган китеп.

14 اقْرَأْ كِتَابَكَ كَفَى بِنَفْسِكَ الْيَوْمَ عَلَيْكَ حَسِيبًا

“китебиңди оку! Бүгүн сени жаның өзүңө эсеп кылууда жетиштүү”.

15 مَنِ اهْتَدَى فَإِنَّمَا يَهْتَدِي لِنَفْسِهِ وَمَنْ ضَلَّ فَإِنَّمَا يَضِلُّ عَلَيْهَا وَلَا تَزِرُ وَازِرَةٌ وِزْرَ أُخْرَى وَمَا كُنَّا مُعَذِّبِينَ حَتَّى نَبْعَثَ رَسُولًا

Ким туура жолдо жүрсө, ал өзү үчүн туура жолдо (жүргөн болот). А ким адашса, ал өзүнүн гана зыйанына адашат. Эч ким башка бирөөнүн жүгүн (күнөөсүн) көтөрбөйт. Биз элчи жөнөтмөйүнчө эч качан жазага тартпайбыз.

16 وَإِذَا أَرَدْنَا أَنْ نُهْلِكَ قَرْيَةً أَمَرْنَا مُتْرَفِيهَا فَفَسَقُوا فِيهَا فَحَقَّ عَلَيْهَا الْقَوْلُ فَدَمَّرْنَاهَا تَدْمِيرًا

Качан бир айылды жок кылгыбыз келсе, алардын дөөлөтүнө чиренгендерине буйрук кылабыз. Бирок алар каршылашып, бузукулугун улантышат. Андыктан аларга деген сөз (өкүм) чындыкка айланат. Ошентип, түбү менен ойрон кылабыз.

a. Башчыларына.

17 وَكَمْ أَهْلَكْنَا مِنَ الْقُرُونِ مِنْ بَعْدِ نُوحٍ وَكَفَى بِرَبِّكَ بِذُنُوبِ عِبَادِهِ خَبِيرًا بَصِيرًا

Нухтан кийин Биз канчалаган муундарды ойрон кылдык. Эгең Өз пенделеринин кылган күнөөлөрүн көрүп, билип турат.

18 مَنْ كَانَ يُرِيدُ الْعَاجِلَةَ عَجَّلْنَا لَهُ فِيهَا مَا نَشَاءُ لِمَنْ نُرِيدُ ثُمَّ جَعَلْنَا لَهُ جَهَنَّمَ يَصْلَاهَا مَذْمُومًا مَدْحُورًا

Ким дүнүйөнү кааласа, Биз да кимге кааласак бул дүйнөдө каалаганыбызды беребиз. Анан аны жемеленген жана кордолгон түрдө тозокко салабыз.

a. Жалган дүйнөнү

19 وَمَنْ أَرَادَ الْآخِرَةَ وَسَعَى لَهَا سَعْيَهَا وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَأُولَئِكَ كَانَ سَعْيُهُمْ مَشْكُورًا

А ким момун болуп, акыретти каалап, ал үчүн аракеттенсе, мына ошолор аракеттерине сыйлык алышат.

20 كُلًّا نُمِدُّ هَؤُلَاءِ وَهَؤُلَاءِ مِنْ عَطَاءِ رَبِّكَ وَمَا كَانَ عَطَاءُ رَبِّكَ مَحْظُورًا

Тигилерге да, буларга да Эгеңден (энчилерин) беребиз. (Эч кимге) Эгеңдин берери тыйылбайт.

a. Дүйнө кызыкчылыгын көздөгөндөргө да, акырет кызыкчылыгын көздөгөндөргө да.