81 وَقُلْ جَاءَ الْحَقُّ وَزَهَقَ الْبَاطِلُ إِنَّ الْبَاطِلَ كَانَ زَهُوقًا
“Акыйкат келди, жалган жоголду. Албетте, жалган жок болуучу”, – дегин.
a. Каапырдык.
81 وَقُلْ جَاءَ الْحَقُّ وَزَهَقَ الْبَاطِلُ إِنَّ الْبَاطِلَ كَانَ زَهُوقًا
“Акыйкат келди, жалган жоголду. Албетте, жалган жок болуучу”, – дегин.
a. Каапырдык.
82 وَنُنَزِّلُ مِنَ الْقُرْآنِ مَا هُوَ شِفَاءٌ وَرَحْمَةٌ لِلْمُؤْمِنِينَ وَلَا يَزِيدُ الظَّالِمِينَ إِلَّا خَسَارًا
Биз Куранды момундарга шыпаа, мээримдүүлүк (болсун) үчүн жөнөттүк, а каапырлар үчүн – зыйанды гана арттырат.
83 وَإِذَا أَنْعَمْنَا عَلَى الْإِنْسَانِ أَعْرَضَ وَنَأَى بِجَانِبِهِ وَإِذَا مَسَّهُ الشَّرُّ كَانَ يَئُوسًا
Биз инсанга жакшылыктарды бергенде, ал жүз үйрүйт да терс бурулат. А ага кайгы-кырсык жеткен кезде, ал терең үмүтсүздүккө батат.
84 قُلْ كُلٌّ يَعْمَلُ عَلَى شَاكِلَتِهِ فَرَبُّكُمْ أَعْلَمُ بِمَنْ هُوَ أَهْدَى سَبِيلًا
“Баарысы өз жолунда иш кылат. Бирок Эгеңер ким туура жолдо экендигин жакшы билет”, – дегин.
85 وَيَسْأَلُونَكَ عَنِ الرُّوحِ قُلِ الرُّوحُ مِنْ أَمْرِ رَبِّي وَمَا أُوتِيتُمْ مِنَ الْعِلْمِ إِلَّا قَلِيلًا
Алар сенден рух жөнүндө сурашат. “Рух Эгеме таандык иштерден. Силерге азыраак гана илим берилген”, – деп айт.
a. Рух – жан.
86 وَلَئِنْ شِئْنَا لَنَذْهَبَنَّ بِالَّذِي أَوْحَيْنَا إِلَيْكَ ثُمَّ لَا تَجِدُ لَكَ بِهِ عَلَيْنَا وَكِيلًا
Эгерде кааласак, сага түшүргөн кабарларыбызды кайта өчүрүп, кетирип койобуз. Анда сен Бизге каршы коргоочуну таба албас элең.
87 إِلَّا رَحْمَةً مِنْ رَبِّكَ إِنَّ فَضْلَهُ كَانَ عَلَيْكَ كَبِيرًا
Эгеңдин мээримдүүлүгүнөн гана (табасың). Акыйкатта, Анын ырайымдуулугу өтө зор.
88 قُلْ لَئِنِ اجْتَمَعَتِ الْإِنْسُ وَالْجِنُّ عَلَى أَنْ يَأْتُوا بِمِثْلِ هَذَا الْقُرْآنِ لَا يَأْتُونَ بِمِثْلِهِ وَلَوْ كَانَ بَعْضُهُمْ لِبَعْضٍ ظَهِيرًا
“Эгерде бардык адамдар жана жиндер чогулуп алышып Куранга окшошту жаратууга аракет кылышса да, ал түгүл бири-бирине жардам кылышканда да эч качан ага окшошту жарата албас эле”, – дегин.
89 وَلَقَدْ صَرَّفْنَا لِلنَّاسِ فِي هَذَا الْقُرْآنِ مِنْ كُلِّ مَثَلٍ فَأَبَى أَكْثَرُ النَّاسِ إِلَّا كُفُورًا
Биз адамдар үчүн бул Куранда ар түрдүү мисалдарды келтирип түшүндүрдүк. Ошондо да адамдардын көбү баш тартып, каапырлыкты тутунушат.
90 وَقَالُوا لَنْ نُؤْمِنَ لَكَ حَتَّى تَفْجُرَ لَنَا مِنَ الْأَرْضِ يَنْبُوعًا
Алар: “Сен бизге бул жерден булак чыгарып бермейинче такыр ишенбейбиз”, – дешти.
91 أَوْ تَكُونَ لَكَ جَنَّةٌ مِنْ نَخِيلٍ وَعِنَبٍ فَتُفَجِّرَ الْأَنْهَارَ خِلَالَهَا تَفْجِيرًا
“Же курмадан, жүзүмдөн багың болсун. Ошондо алардын арасынан мол сууну агызып койорсуң”.
92 أَوْ تُسْقِطَ السَّمَاءَ كَمَا زَعَمْتَ عَلَيْنَا كِسَفًا أَوْ تَأْتِيَ بِاللَّهِ وَالْمَلَائِكَةِ قَبِيلًا
“Өзүң кабарлагандай асманды кесик-кесик кылып үстүбүзгө түшүрөрсүң, же Аллахны, Анын периштелерин бетме-бет келтирерсиң”.
93 أَوْ يَكُونَ لَكَ بَيْتٌ مِنْ زُخْرُفٍ أَوْ تَرْقَى فِي السَّمَاءِ وَلَنْ نُؤْمِنَ لِرُقِيِّكَ حَتَّى تُنَزِّلَ عَلَيْنَا كِتَابًا نَقْرَؤُهُ قُلْ سُبْحَانَ رَبِّي هَلْ كُنْتُ إِلَّا بَشَرًا رَسُولًا
“Же болбосо алтындан үйүң болсун. Же асманга чыгарсың. Анда да бизге окуй турган бир Китеп түшүрмөйүнчө, асманга чыкканыңа да такыр ишенбейбиз” – дешти. “Эгемди аруулайм! Мен тек гана жөнөтүлгөн элчи адаммын”, – дегин.
94 وَمَا مَنَعَ النَّاسَ أَنْ يُؤْمِنُوا إِذْ جَاءَهُمُ الْهُدَى إِلَّا أَنْ قَالُوا أَبَعَثَ اللَّهُ بَشَرًا رَسُولًا
Аларга туура жол келгенде, адамдарды ыймандан токтоткон нерсе, ал алардын: “Чын эле Аллах адамдан элчи жибердиби?” – деп бири-бирине айткандары болду.
95 قُلْ لَوْ كَانَ فِي الْأَرْضِ مَلَائِكَةٌ يَمْشُونَ مُطْمَئِنِّينَ لَنَزَّلْنَا عَلَيْهِمْ مِنَ السَّمَاءِ مَلَكًا رَسُولًا
Айткын: “Эгерде периштелер жер үстү менен жай баракат жүрө турган болгондо, анда Биз аларга элчи кылып, периште жөнөткөн болоор элек”.
a. Адамдар сыйактуу.
96 قُلْ كَفَى بِاللَّهِ شَهِيدًا بَيْنِي وَبَيْنَكُمْ إِنَّهُ كَانَ بِعِبَادِهِ خَبِيرًا بَصِيرًا
“Мени менен силердин ортобузда Аллах жетиштүү күбө! Ал Өз пенделерин Билүүчү, Көрүүчү” – деп айт!
97 وَمَنْ يَهْدِ اللَّهُ فَهُوَ الْمُهْتَدِ وَمَنْ يُضْلِلْ فَلَنْ تَجِدَ لَهُمْ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِهِ وَنَحْشُرُهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ عَلَى وُجُوهِهِمْ عُمْيًا وَبُكْمًا وَصُمًّا مَأْوَاهُمْ جَهَنَّمُ كُلَّمَا خَبَتْ زِدْنَاهُمْ سَعِيرًا
Аллах кимди жетектесе, ал туура жолдо. Ал кимди туура жолдон тайдырса, алар үчүн Андан башка коргоочуну эч качан таба албайсың. Биз аларды Кыйамат күнү жүздөрү шүмүрөйгөн, сокур, дүлөй, дудук түрдө чогултабыз. Алардын жайлары тозок (болот). Качан анын жалыны өчкөнү калганда, Биз аны (кайра) күчөтөбүз.
a. Жалдырап туруп беришет.
98 ذَلِكَ جَزَاؤُهُمْ بِأَنَّهُمْ كَفَرُوا بِآيَاتِنَا وَقَالُوا أَإِذَا كُنَّا عِظَامًا وَرُفَاتًا أَإِنَّا لَمَبْعُوثُونَ خَلْقًا جَدِيدًا
Бул алардын Биздин айаттарыбызга ишенбегендиктери жана: “Биз качан сөөккө айланып чирип бүткөн кезде жаңыдан тирилмекпизби?” - дешкени үчүн көрсөтүлгөн жаза.
99 أَوَلَمْ يَرَوْا أَنَّ اللَّهَ الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ قَادِرٌ عَلَى أَنْ يَخْلُقَ مِثْلَهُمْ وَجَعَلَ لَهُمْ أَجَلًا لَا رَيْبَ فِيهِ فَأَبَى الظَّالِمُونَ إِلَّا كُفُورًا
Алар чын эле асмандар менен жерди жараткандыгын, аларга окшошторду жаратууга кудуреттүү экендигин көрүшпөйбү? Ал аларга мөөнөт берди, анда эч бир шек жок. Бирок бузукулар баарын четке кагышып, каапырлыкты карманышат.
100 قُلْ لَوْ أَنْتُمْ تَمْلِكُونَ خَزَائِنَ رَحْمَةِ رَبِّي إِذًا لَأَمْسَكْتُمْ خَشْيَةَ الْإِنْفَاقِ وَكَانَ الْإِنْسَانُ قَتُورًا
Эгер силер Эгемдин мээримдүүлүк казынасына ээ болсоңор, анда силерде ал түгөнөт деген кооптонуу болор эле. Анткени инсан өтө сараң.