бөлүм Исра - الإسراء

61 وَإِذْ قُلْنَا لِلْمَلَائِكَةِ اسْجُدُوا لِآدَمَ فَسَجَدُوا إِلَّا إِبْلِيسَ قَالَ أَأَسْجُدُ لِمَنْ خَلَقْتَ طِينًا

Биз периштелерге: “Адамга сежде кылгыла!” – дедик. Ошондо Иблистен башкасы сежде кылышты. Иблис мындай деди: “Сен топурактан жаратканга сежде кылмак белем?!

62 قَالَ أَرَأَيْتَكَ هَذَا الَّذِي كَرَّمْتَ عَلَيَّ لَئِنْ أَخَّرْتَنِ إِلَى يَوْمِ الْقِيَامَةِ لَأَحْتَنِكَنَّ ذُرِّيَّتَهُ إِلَّا قَلِيلًا

Кабарлачы: Менден көбүрөөк ардактаганың ушулбу? Эгер Сен мага кайра тирилчү Күнгө чейин мөөнөт берсең, алардын урпактарынын азыраагынан башкасынын баарысын азгыраар элем.”

a. Мен андан жакшыраакмын. Анткени, мени оттон жараттың.

63 قَالَ اذْهَبْ فَمَنْ تَبِعَكَ مِنْهُمْ فَإِنَّ جَهَنَّمَ جَزَاؤُكُمْ جَزَاءً مَوْفُورًا

(Аллах) айтты: “Жогол мындан! Ким сенин артыңан ээрчисе, анда силердин жазаңар – жазасы мол тозок!”

a. Шайтандын.

64 وَاسْتَفْزِزْ مَنِ اسْتَطَعْتَ مِنْهُمْ بِصَوْتِكَ وَأَجْلِبْ عَلَيْهِمْ بِخَيْلِكَ وَرَجِلِكَ وَشَارِكْهُمْ فِي الْأَمْوَالِ وَالْأَوْلَادِ وَعِدْهُمْ وَمَا يَعِدُهُمُ الشَّيْطَانُ إِلَّا غُرُورًا

Алардын ичинен күчүң жеткендерин үнүң менен азгырып кыйроого алып бар, аларга каршы атчан да, жөө да чык. Мал-мүлкүнө, бала-чакаларына орток бол жана аларга убадаларды бер”. Бирок, шайтан убада кылгандардын баары болгону азгырык гана!

a. Шайтандын үнү угулбаса да, ал сыйкыр аркылуу адамды жаман иштерге азгырып, анын башына туура эмес ой-пикирлерди салат, ыймансыздыкка үгүттөйт. b. Ошолор аркылуу азгырып. Көңүлдөрүн алаксытып, кудайдан башкага буруу ж.б.у.с.

65 إِنَّ عِبَادِي لَيْسَ لَكَ عَلَيْهِمْ سُلْطَانٌ وَكَفَى بِرَبِّكَ وَكِيلًا

“Менин чыныгы пенделеримдин үстүнөн сен укук-бийликке ээ боло албайсың. Эгең жетиштүү коргоочу”.

a. Аллахка берилген ыймандуулардын.

66 رَبُّكُمُ الَّذِي يُزْجِي لَكُمُ الْفُلْكَ فِي الْبَحْرِ لِتَبْتَغُوا مِنْ فَضْلِهِ إِنَّهُ كَانَ بِكُمْ رَحِيمًا

Эгеңер Анын кеңчилигинен насибиңерди табууңар үчүн деңиздерде кемелерди сүздүрөт. Ал акыйкатта, силерге Мээримдүү.

67 وَإِذَا مَسَّكُمُ الضُّرُّ فِي الْبَحْرِ ضَلَّ مَنْ تَدْعُونَ إِلَّا إِيَّاهُ فَلَمَّا نَجَّاكُمْ إِلَى الْبَرِّ أَعْرَضْتُمْ وَكَانَ الْإِنْسَانُ كَفُورًا

Силерге деңизден кырсык жеткен кезде, анда силер Андан башкага табынганыңарды унутасыңар. Качан Ал силерди куткарып, кургакка чыгарганда, терс буруласыңар. Чынында, инсан шүгүр кылбайт.

68 أَفَأَمِنْتُمْ أَنْ يَخْسِفَ بِكُمْ جَانِبَ الْبَرِّ أَوْ يُرْسِلَ عَلَيْكُمْ حَاصِبًا ثُمَّ لَا تَجِدُوا لَكُمْ وَكِيلًا

Ал силерди жерге жуткурбайт деп, же силерге таштан жаан жаадырбайт деп ишенесиңерби? Анан силерге коргоочу боло турган эч кимди таба албайсыңар.

69 أَمْ أَمِنْتُمْ أَنْ يُعِيدَكُمْ فِيهِ تَارَةً أُخْرَى فَيُرْسِلَ عَلَيْكُمْ قَاصِفًا مِنَ الرِّيحِ فَيُغْرِقَكُمْ بِمَا كَفَرْتُمْ ثُمَّ لَا تَجِدُوا لَكُمْ عَلَيْنَا بِهِ تَبِيعًا

Же болбосо, силерди артка кайтарып жана силерге кыйраткыч бороонду жөнөтүп, силерди каапырдыгыңар үчүн чөктүрүп салбастыгына көзүңөр жетеби? Мында силер Бизден өзүңөргө жардам кыла турган эч кимди таппайсыңар.

70 وَلَقَدْ كَرَّمْنَا بَنِي آدَمَ وَحَمَلْنَاهُمْ فِي الْبَرِّ وَالْبَحْرِ وَرَزَقْنَاهُمْ مِنَ الطَّيِّبَاتِ وَفَضَّلْنَاهُمْ عَلَى كَثِيرٍ مِمَّنْ خَلَقْنَا تَفْضِيلًا

Биз адам балдарын артык кылдык. Аларды кургакта жана деңизде жүргүздүк. Аларга жакшы ырыскыларды бердик жана аларды Биздин жараткандарыбыздан бөлүп (беделин) көтөрдүк.

71 يَوْمَ نَدْعُو كُلَّ أُنَاسٍ بِإِمَامِهِمْ فَمَنْ أُوتِيَ كِتَابَهُ بِيَمِينِهِ فَأُولَئِكَ يَقْرَءُونَ كِتَابَهُمْ وَلَا يُظْلَمُونَ فَتِيلًا

Бардык элдерди өздөрүнүн жетекчилери менен чакыра турган күндү эсте. Алардын амал китептери оң колунан берилгендери аны окушат жана аларга кымындай да заалымдык көргөзүлбөйт.

72 وَمَنْ كَانَ فِي هَذِهِ أَعْمَى فَهُوَ فِي الْآخِرَةِ أَعْمَى وَأَضَلُّ سَبِيلًا

Ким бул дүйнөдө сокур болсо, акыретте да сокур жана жолдон адашкан болот.

a. Кудайды, динди тааныбаган ыймансыз, каапыр, же адашкан пенде болсо.

73 وَإِنْ كَادُوا لَيَفْتِنُونَكَ عَنِ الَّذِي أَوْحَيْنَا إِلَيْكَ لِتَفْتَرِيَ عَلَيْنَا غَيْرَهُ وَإِذًا لَاتَّخَذُوكَ خَلِيلًا

Алар Биз сага айан берип ачкандардан сен Биз тууралуу бир нерселерди ойлоп табууң үчүн сени аз эле жерден артка кайтара албай калышты. Эгерде антишсе, алар сени дос кылып алышаар эле.

a. Курейштин мушриктери пайгамбарга биздин кудайларыбызды сен тааны, ошентсең сенин Аллахңды биз да таанып сыйыналы жана сени өзүбүзгө жетекчи да кылып алалы деген сыйактуу сунуштары менен кайрылышкан. Пайгамбар (а.с.) алардын сунуштарын четке каккан.

74 وَلَوْلَا أَنْ ثَبَّتْنَاكَ لَقَدْ كِدْتَ تَرْكَنُ إِلَيْهِمْ شَيْئًا قَلِيلًا

Эгер Биз сени бекемдебесек, анда сен алар тарапка бир аз ыктоого жакындадың эле.

75 إِذًا لَأَذَقْنَاكَ ضِعْفَ الْحَيَاةِ وَضِعْفَ الْمَمَاتِ ثُمَّ لَا تَجِدُ لَكَ عَلَيْنَا نَصِيرًا

Эгер андай болсо сени бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да эки эсе жазага тартат элек, анда сен Бизге каршы өзүңө жардам бере турган эч кимди тапмак эмессиң!

76 وَإِنْ كَادُوا لَيَسْتَفِزُّونَكَ مِنَ الْأَرْضِ لِيُخْرِجُوكَ مِنْهَا وَإِذًا لَا يَلْبَثُونَ خِلَافَكَ إِلَّا قَلِيلًا

Алар сени кысмакка алып, жериңден (Меккеден) чыгарып ийе жаздашты. Бирок, алар анда өтө аз убакыт гана турар эле.

77 سُنَّةَ مَنْ قَدْ أَرْسَلْنَا قَبْلَكَ مِنْ رُسُلِنَا وَلَا تَجِدُ لِسُنَّتِنَا تَحْوِيلًا

Биз сенден мурун да ушундай жол менен элчилерибизди жөнөткөнбүз. Биздин жолубуздан өзгөртүүнү таппайсың.

78 أَقِمِ الصَّلَاةَ لِدُلُوكِ الشَّمْسِ إِلَى غَسَقِ اللَّيْلِ وَقُرْآنَ الْفَجْرِ إِنَّ قُرْآنَ الْفَجْرِ كَانَ مَشْهُودًا

Түш оогондон кийин түн утурлап намазга жыгыл. Ошондой эле таң Куранын (намазын) оку. Акыйкатта, таң намазы күбөлөнгөн болот.

a. Беш маал намаз. b. Периштелер күбө болот.

79 وَمِنَ اللَّيْلِ فَتَهَجَّدْ بِهِ نَافِلَةً لَكَ عَسَى أَنْ يَبْعَثَكَ رَبُّكَ مَقَامًا مَحْمُودًا

Эгең сени мактоого татыктуу орунга тургузуу үчүн түнкү уйкуңдан туруп, ыктыйардуу намаздарыңды оку.

a. Тахажжуд намазы. Кошумча сыйынууну, же Аллахдан бир нерсени суранууну кааласа окулат.

80 وَقُلْ رَبِّ أَدْخِلْنِي مُدْخَلَ صِدْقٍ وَأَخْرِجْنِي مُخْرَجَ صِدْقٍ وَاجْعَلْ لِي مِنْ لَدُنْكَ سُلْطَانًا نَصِيرًا

“Оо, Эгем! Мени киришимди да чындык менен, чыгышымды да чындык менен жасай көр! Өзүң тараптан бекем жардам бер”, – дегин.

a. Мединага b. Меккеден