бөлүм Исра - الإسراء

41 وَلَقَدْ صَرَّفْنَا فِي هَذَا الْقُرْآنِ لِيَذَّكَّرُوا وَمَا يَزِيدُهُمْ إِلَّا نُفُورًا

Чынында бул Куранды насаат алуулары үчүн байан кылдык. Бирок, бул алардын акыйкаттан узактоолорун гана күчөттү.

42 قُلْ لَوْ كَانَ مَعَهُ آلِهَةٌ كَمَا يَقُولُونَ إِذًا لَابْتَغَوْا إِلَى ذِي الْعَرْشِ سَبِيلًا

Эгерде Аны менен бирге алар айткандай башка кудайлар болсо, анда алар Арштын ээсине катуу умтулмак.

43 سُبْحَانَهُ وَتَعَالَى عَمَّا يَقُولُونَ عُلُوًّا كَبِيرًا

Ал кемчиликтерден таза, алар айткан нерселерден өтө жогору.

44 تُسَبِّحُ لَهُ السَّمَاوَاتُ السَّبْعُ وَالْأَرْضُ وَمَنْ فِيهِنَّ وَإِنْ مِنْ شَيْءٍ إِلَّا يُسَبِّحُ بِحَمْدِهِ وَلَكِنْ لَا تَفْقَهُونَ تَسْبِيحَهُمْ إِنَّهُ كَانَ حَلِيمًا غَفُورًا

Аны жети асман жана жер, алардагынын бүт баарысы даңкташат. Аны аруулап, мактабай турган эч нерсе жок. Бирок силер алардын мактоолорун түшүнө албайсыңар. Акыйкатта, Ал Жумшак, Кечиримдүү.

a. Аллахны

45 وَإِذَا قَرَأْتَ الْقُرْآنَ جَعَلْنَا بَيْنَكَ وَبَيْنَ الَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِالْآخِرَةِ حِجَابًا مَسْتُورًا

Сен Куранды угуза окуганда, сени менен акыретке ишенбегендердин ортосуна көрүнбөгөн тосмону койобуз.

46 وَجَعَلْنَا عَلَى قُلُوبِهِمْ أَكِنَّةً أَنْ يَفْقَهُوهُ وَفِي آذَانِهِمْ وَقْرًا وَإِذَا ذَكَرْتَ رَبَّكَ فِي الْقُرْآنِ وَحْدَهُ وَلَّوْا عَلَى أَدْبَارِهِمْ نُفُورًا

Алар түшүнбөс үчүн жүрөктөрүн жаап-чулгап салдык жана кулактарын дүлөйлүк менен бекиттик. Куранда Эгеңди бир гана деп эске алган кезиңде, алар иренжиген түрдө арттарына бурулуп кете берет.

47 نَحْنُ أَعْلَمُ بِمَا يَسْتَمِعُونَ بِهِ إِذْ يَسْتَمِعُونَ إِلَيْكَ وَإِذْ هُمْ نَجْوَى إِذْ يَقُولُ الظَّالِمُونَ إِنْ تَتَّبِعُونَ إِلَّا رَجُلًا مَسْحُورًا

Биз алар сени угуп жатканда кандай ойдо болгонун, бири-бири менен жашыруун сүйлөшүп жатышканда заалымдар: “Албетте, силер жөнөкөй эле бир кишини ээрчип жатасыңар, ал болгону сыйкырланып калган”, – дешкенин Биз жакшы билебиз.

48 انْظُرْ كَيْفَ ضَرَبُوا لَكَ الْأَمْثَالَ فَضَلُّوا فَلَا يَسْتَطِيعُونَ سَبِيلًا

Алар сен тууралуу эмне деп жатканын карап көрчү. Алар терең адашууда жана туура жолду таба алышпайт.

49 وَقَالُوا أَإِذَا كُنَّا عِظَامًا وَرُفَاتًا أَإِنَّا لَمَبْعُوثُونَ خَلْقًا جَدِيدًا

Алар: “Биз сөөк болуп, чаңга айланган соң жаңыдан кайра тирилебизби?” – дешет.

50 قُلْ كُونُوا حِجَارَةً أَوْ حَدِيدًا

“Ал турсун силер таш, же темир болуп калсаңар да,

51 أَوْ خَلْقًا مِمَّا يَكْبُرُ فِي صُدُورِكُمْ فَسَيَقُولُونَ مَنْ يُعِيدُنَا قُلِ الَّذِي فَطَرَكُمْ أَوَّلَ مَرَّةٍ فَسَيُنْغِضُونَ إِلَيْكَ رُءُوسَهُمْ وَيَقُولُونَ مَتَى هُوَ قُلْ عَسَى أَنْ يَكُونَ قَرِيبًا

же өз оюңарда андан да бөлөк бир катуурак жаратылган нерсе болсоңор да” – дегин. Анда алар: “Бизди ким кайра тирилтет?” – дешет. (Аларга): “Силерди биринчи ирет жараткан (Аллах)”, - дегин. Анда алар баштарын чайкашып: “Бул качан?” дешет. “Мүмкүн бул өтө жакын”, - дегин.

52 يَوْمَ يَدْعُوكُمْ فَتَسْتَجِيبُونَ بِحَمْدِهِ وَتَظُنُّونَ إِنْ لَبِثْتُمْ إِلَّا قَلِيلًا

Ал силерди чакырган ошол Күндө, силер Аны мактап жооп бересиңер. Силер аз убакыт гана болгондой ойлойсуңар.

a. Бул дүйнөдө (же мүрзөдө).

53 وَقُلْ لِعِبَادِي يَقُولُوا الَّتِي هِيَ أَحْسَنُ إِنَّ الشَّيْطَانَ يَنْزَغُ بَيْنَهُمْ إِنَّ الشَّيْطَانَ كَانَ لِلْإِنْسَانِ عَدُوًّا مُبِينًا

Пенделериме айт: “Жакшы гана (сөздөрдү) сүйлөсүн”. Акыйкатта, шайтан алардын ортолоруна кастык салат. Анткени шайтан инсандын анык душманы.

54 رَبُّكُمْ أَعْلَمُ بِكُمْ إِنْ يَشَأْ يَرْحَمْكُمْ أَوْ إِنْ يَشَأْ يُعَذِّبْكُمْ وَمَا أَرْسَلْنَاكَ عَلَيْهِمْ وَكِيلًا

Эгеңер силерди эң жакшы билет. Эгер Ал кааласа силерге ырайымдуулук кылат, кааласа жазалайт. Биз сени аларга коргоочу кылып жөнөткөн жокпуз.

55 وَرَبُّكَ أَعْلَمُ بِمَنْ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَلَقَدْ فَضَّلْنَا بَعْضَ النَّبِيِّينَ عَلَى بَعْضٍ وَآتَيْنَا دَاوُودَ زَبُورًا

Эгең асмандардагылар менен жердегилерди жакшы билет. Пайгамбарлардын кээ бирин, кээ биринен артык кылдык. Даудга Забурду бердик.

56 قُلِ ادْعُوا الَّذِينَ زَعَمْتُمْ مِنْ دُونِهِ فَلَا يَمْلِكُونَ كَشْفَ الضُّرِّ عَنْكُمْ وَلَا تَحْوِيلًا

“Андан башка ишенгениңерди чакыргыла. Бирок аларда силерден кырсыкты кайтара турган да, же аны башкаларга оодара турган да бийлик жок”, – деп айт.

a. Аллахдан.

57 أُولَئِكَ الَّذِينَ يَدْعُونَ يَبْتَغُونَ إِلَى رَبِّهِمُ الْوَسِيلَةَ أَيُّهُمْ أَقْرَبُ وَيَرْجُونَ رَحْمَتَهُ وَيَخَافُونَ عَذَابَهُ إِنَّ عَذَابَ رَبِّكَ كَانَ مَحْذُورًا

Алардын табынгандары Эгебизге кимибиз жакын болобуз деп, (өздөрү) сыйынуу аркылуу ортомчу издешет. Мээриминен үмүт этишип, азабынан коркушат. Акыйкатта, Эгеңдин жазасынан коркуу зарыл.

a. Периштелер, жиндер, олуйалар ж.б.у.с.

58 وَإِنْ مِنْ قَرْيَةٍ إِلَّا نَحْنُ مُهْلِكُوهَا قَبْلَ يَوْمِ الْقِيَامَةِ أَوْ مُعَذِّبُوهَا عَذَابًا شَدِيدًا كَانَ ذَلِكَ فِي الْكِتَابِ مَسْطُورًا

Кыйамат күнүнө чейин Биз кыйратпай турган, же катуу жазага тартпаган бир да калаа болбойт. Булар Китепте жазылуу.

a. Тагдыр китебинде (эч кимдин колу жете албаган, Аллахдан башка эч ким өзгөртпөй турган китепте).

59 وَمَا مَنَعَنَا أَنْ نُرْسِلَ بِالْآيَاتِ إِلَّا أَنْ كَذَّبَ بِهَا الْأَوَّلُونَ وَآتَيْنَا ثَمُودَ النَّاقَةَ مُبْصِرَةً فَظَلَمُوا بِهَا وَمَا نُرْسِلُ بِالْآيَاتِ إِلَّا تَخْوِيفًا

Биздин белгилерибизди жибербегенибиз, мурунку коомдор аларды жалганга чыгарганы үчүн гана болду. Ошондой көрүнөө далил катары Самуддарга төө жибердик. Бирок алар зулумдук кылып (өлтүрүштү). Биз белгилерибизди коркутуу үчүн гана жөнөтөбүз.

a. Му`жизаларды (кереметтерди).

60 وَإِذْ قُلْنَا لَكَ إِنَّ رَبَّكَ أَحَاطَ بِالنَّاسِ وَمَا جَعَلْنَا الرُّؤْيَا الَّتِي أَرَيْنَاكَ إِلَّا فِتْنَةً لِلنَّاسِ وَالشَّجَرَةَ الْمَلْعُونَةَ فِي الْقُرْآنِ وَنُخَوِّفُهُمْ فَمَا يَزِيدُهُمْ إِلَّا طُغْيَانًا كَبِيرًا

Бир кезде Биз сага: “Чынында, Эгең адамдарды камтып алган”, – деген элек. Сага көрсөткөндү жана Куранда каргалган даракты Биз адамдар үчүн сыноо кылдык. Аларды коркутуубуз, алардын адашуусун гана күчөтөт.

a. Меражда. b. Тозоктун түбүндө өсүүчү түрү суук заккум дарагы. Анын мөмөлөрү шайтандын башына окшош, а бутактары учтуу, тикенектүү болот. Бул мөмө тозоктогуларга мажбурланып жегизилет.