бөлүм Исра - الإسراء

21 انْظُرْ كَيْفَ فَضَّلْنَا بَعْضَهُمْ عَلَى بَعْضٍ وَلَلْآخِرَةُ أَكْبَرُ دَرَجَاتٍ وَأَكْبَرُ تَفْضِيلًا

Алардан бирөөлөрүнө экинчилеринен кандай артыкчылык бергенибизди карап көр. Бирок акырет жашоосу даражалар жагынан да, артыкчылык жагынан да зор.

22 لَا تَجْعَلْ مَعَ اللَّهِ إِلَهًا آخَرَ فَتَقْعُدَ مَذْمُومًا مَخْذُولًا

(Эй, инсан!) Жек көрүнүп, өкүнүчтө калбооң үчүн, Аллахка башка кудайларды кошуп алба!

a. Жалган кудайларды, сөлөкөттөрдү

23 وَقَضَى رَبُّكَ أَلَّا تَعْبُدُوا إِلَّا إِيَّاهُ وَبِالْوَالِدَيْنِ إِحْسَانًا إِمَّا يَبْلُغَنَّ عِنْدَكَ الْكِبَرَ أَحَدُهُمَا أَوْ كِلَاهُمَا فَلَا تَقُلْ لَهُمَا أُفٍّ وَلَا تَنْهَرْهُمَا وَقُلْ لَهُمَا قَوْلًا كَرِيمًا

Эгең силерге Анын Өзүнөн башка эч кимге сыйынбоону жана ата-энеңерге жакшылык кылууну буйруду. Эгер алардын бирөө, же экөө тең карылык куракка жетсе, аларга: “Уф-ф!” - дебе, зекибе! Жылуу-жумшак сөз сүйлө!

24 وَاخْفِضْ لَهُمَا جَنَاحَ الذُّلِّ مِنَ الرَّحْمَةِ وَقُلْ رَبِّ ارْحَمْهُمَا كَمَا رَبَّيَانِي صَغِيرًا

Аларга мээримдүү канатыңды кенен жайып, “Эгем! Алар мени кичинемден чоңойтуп өстүргөндөй, аларды мээримиңе бөлө”, – дегин.

25 رَبُّكُمْ أَعْلَمُ بِمَا فِي نُفُوسِكُمْ إِنْ تَكُونُوا صَالِحِينَ فَإِنَّهُ كَانَ لِلْأَوَّابِينَ غَفُورًا

Эгеңер силердин ичиңерде эмне барын жакшы билет. Эгер силер жакшы иш жасоочу болсоңор Ал Өзүнө кайрылгандардын баарына кечирим берет.

26 وَآتِ ذَا الْقُرْبَى حَقَّهُ وَالْمِسْكِينَ وَابْنَ السَّبِيلِ وَلَا تُبَذِّرْ تَبْذِيرًا

Жакын туугандарыңарга, кедейлерге, жолоочуларга өз акысын бергиле, бирок ысырап кылбагыла.

a. Тууган урук менен катташууну үзбөө, ата-энеге жакшылык кылуу.

27 إِنَّ الْمُبَذِّرِينَ كَانُوا إِخْوَانَ الشَّيَاطِينِ وَكَانَ الشَّيْطَانُ لِرَبِّهِ كَفُورًا

Акыйкатта ысырапкорлор шайтандын достору, а шайтан өз Эгесине каапыр болгон.

28 وَإِمَّا تُعْرِضَنَّ عَنْهُمُ ابْتِغَاءَ رَحْمَةٍ مِنْ رَبِّكَ تَرْجُوهَا فَقُلْ لَهُمْ قَوْلًا مَيْسُورًا

Эгер сен (колуң жукалыктан) алардан жүз үйрүп, Эгеңден мээримдүүлүк суранып үмүттөнсөң, анда аларга жылуу-жумшак сөз сүйлө.

29 وَلَا تَجْعَلْ يَدَكَ مَغْلُولَةً إِلَى عُنُقِكَ وَلَا تَبْسُطْهَا كُلَّ الْبَسْطِ فَتَقْعُدَ مَلُومًا مَحْسُورًا

Сен жемеленип, же өкүнүп калбашың үчүн колдоруңду желкеңе байлап алба, аны жетишинче ачып да салба.

a. Өтө сараң болбо, ысырап кылып кедей да болуп калба.

30 إِنَّ رَبَّكَ يَبْسُطُ الرِّزْقَ لِمَنْ يَشَاءُ وَيَقْدِرُ إِنَّهُ كَانَ بِعِبَادِهِ خَبِيرًا بَصِيرًا

Акыйкатта, Эгең каалагандарына ырыскыны кенен кылат жана ченеп берет. Албетте, Ал Өз пенделеринин кылгандарын Билүүчү, Көрүүчү.

31 وَلَا تَقْتُلُوا أَوْلَادَكُمْ خَشْيَةَ إِمْلَاقٍ نَحْنُ نَرْزُقُهُمْ وَإِيَّاكُمْ إِنَّ قَتْلَهُمْ كَانَ خِطْئًا كَبِيرًا

Кедейликтен коркуп өз балдарыңарды өлтүрбөгүлө. Анткени, аларга да, силерге да ырыскыны Биз беребиз. Акыйкатта, аларды өлтүрүү чоң күнөө.

a. Исламга чейин кыздарын тирүүлөй жерге көөмүп өлтүрүшкөн; кедейлик себептүү да балдар, кыздарын өлтүрүшкөн.

32 وَلَا تَقْرَبُوا الزِّنَا إِنَّهُ كَانَ فَاحِشَةً وَسَاءَ سَبِيلًا

Зинага жакындабагыла, анткени ал эң ыплас, жаман жол.

a. Никесиз жыныстык катнаш. Ойноштук. Айагы суйуктук.

33 وَلَا تَقْتُلُوا النَّفْسَ الَّتِي حَرَّمَ اللَّهُ إِلَّا بِالْحَقِّ وَمَنْ قُتِلَ مَظْلُومًا فَقَدْ جَعَلْنَا لِوَلِيِّهِ سُلْطَانًا فَلَا يُسْرِفْ فِي الْقَتْلِ إِنَّهُ كَانَ مَنْصُورًا

Аллах тыйуу салган эч бир жанды укуксуз түрдө өлтүрбөгүлө. Эгер бирөө жазыксыз өлтүрүлсө, Биз анын жакынына (өлүк ээсине) өкүм беребиз. Бирок өлтүрүү учурунда уруксат этилген чектен ашып да кетпегиле, анткени ага жардам берилет.

a. Өлтүрүүгө татыктуу кылмыш кылбаганды, же өлтүрүү тууралуу сот өкүмү, же падышанын өкүмү чыкпаганды. b. Исламда өч алуу иретинде өлгөндүн эң жакынына (б.а. өлүк ээсине) киши өлтүргөндү өлтүрүүгө, же андан кун (айып иретинде акча, мал-мүлк) алууга, же өлтүрбөй да, кун албай да бошотуп ийүүгө толук укук берилет. c. Мисалы, бир кишини жазалоонун ордуна эки кишини, же бир кишини өлтүрүүнүн ордуна эки кишини.

34 وَلَا تَقْرَبُوا مَالَ الْيَتِيمِ إِلَّا بِالَّتِي هِيَ أَحْسَنُ حَتَّى يَبْلُغَ أَشُدَّهُ وَأَوْفُوا بِالْعَهْدِ إِنَّ الْعَهْدَ كَانَ مَسْئُولًا

Баралына келгенче, ага пайда келтирүү үчүн гана болбосо, жетимдин мал-мүлкүнө жакындабагыла. Убадаңарды аткаргыла. Акыйкатта, убадаңарды аткарганыңар тууралуу жооп бересиңер.

a. Он сегиз жаш. (Тафсир Аль-Насафи).

35 وَأَوْفُوا الْكَيْلَ إِذَا كِلْتُمْ وَزِنُوا بِالْقِسْطَاسِ الْمُسْتَقِيمِ ذَلِكَ خَيْرٌ وَأَحْسَنُ تَأْوِيلًا

Өлчөгөндө толук өлчөө менен бергиле жана туура тараза менен өлчөгүлө! Бул мыкты, ары сонун жыйынтык (болот).

36 وَلَا تَقْفُ مَا لَيْسَ لَكَ بِهِ عِلْمٌ إِنَّ السَّمْعَ وَالْبَصَرَ وَالْفُؤَادَ كُلُّ أُولَئِكَ كَانَ عَنْهُ مَسْئُولًا

Билбегениңдин артынан ээрчибегин! Акыйкатта кулак, көз жана жүрөк – мунун бардыгы (Кыйамат күнү) суралмакчы!

37 وَلَا تَمْشِ فِي الْأَرْضِ مَرَحًا إِنَّكَ لَنْ تَخْرِقَ الْأَرْضَ وَلَنْ تَبْلُغَ الْجِبَالَ طُولًا

Жер жүзүндө менменсинип жүрбө. Анткени сен жерди теше албайсың жана тоого тең боло албайсың.

38 كُلُّ ذَلِكَ كَانَ سَيِّئُهُ عِنْدَ رَبِّكَ مَكْرُوهًا

Мунун баары Эгеңдин алдында жек көрүлгөн жаман нерселер.

39 ذَلِكَ مِمَّا أَوْحَى إِلَيْكَ رَبُّكَ مِنَ الْحِكْمَةِ وَلَا تَجْعَلْ مَعَ اللَّهِ إِلَهًا آخَرَ فَتُلْقَى فِي جَهَنَّمَ مَلُومًا مَدْحُورًا

Мына ушул, Эгеңдин сага айан кылган даанышмандыктарынан, Аллахка башка кудайларды кошпо! Антпесең, жемеленип, жек көрүлүп тозокко ташталасың!

40 أَفَأَصْفَاكُمْ رَبُّكُمْ بِالْبَنِينَ وَاتَّخَذَ مِنَ الْمَلَائِكَةِ إِنَاثًا إِنَّكُمْ لَتَقُولُونَ قَوْلًا عَظِيمًا

Эгеңер силер үчүн уулдарды, а Өзү үчүн периштелерден кыздарды тандап алдыбы?! Силер, чынында чоң сөздү айтып жатасыңар.