бөлүм Исра - الإسراء

101 وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَى تِسْعَ آيَاتٍ بَيِّنَاتٍ فَاسْأَلْ بَنِي إِسْرَائِيلَ إِذْ جَاءَهُمْ فَقَالَ لَهُ فِرْعَوْنُ إِنِّي لَأَظُنُّكَ يَا مُوسَى مَسْحُورًا

Биз Мусага тогуз айкын далилдерди бердик. Исраил урпактарынан ал аларга келгенин, Фараон ага: “Эй Муса! Мен сени сыйкырланган деп ойлоймун”, - дегенин сура.

102 قَالَ لَقَدْ عَلِمْتَ مَا أَنْزَلَ هَؤُلَاءِ إِلَّا رَبُّ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ بَصَائِرَ وَإِنِّي لَأَظُنُّكَ يَا فِرْعَوْنُ مَثْبُورًا

Ал (Фараонго): “Сен мунун баары далил иретинде, асмандар менен жердин Эгесинен гана келгенин жакшы билесиң. Эй, Фараон, сени кыйроого кабыласың деп ойлоймун”, - деген эле.

103 فَأَرَادَ أَنْ يَسْتَفِزَّهُمْ مِنَ الْأَرْضِ فَأَغْرَقْنَاهُ وَمَنْ مَعَهُ جَمِيعًا

Ал алардын бул жерден чыгып кетүүсүн каалаган. Бирок, Биз аны жана аны менен бирге болгондордун баарын сууга чөктүрдүк.

104 وَقُلْنَا مِنْ بَعْدِهِ لِبَنِي إِسْرَائِيلَ اسْكُنُوا الْأَرْضَ فَإِذَا جَاءَ وَعْدُ الْآخِرَةِ جِئْنَا بِكُمْ لَفِيفًا

Биз, андан соң Исраил урпактарына: “Жерде жашай тургула! Акырет убадасы келген кезде, Биз, бүт баарыңды жыйнап алабыз!” – дедик.

105 وَبِالْحَقِّ أَنْزَلْنَاهُ وَبِالْحَقِّ نَزَلَ وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلَّا مُبَشِّرًا وَنَذِيرًا

Биз аны чындык менен түшүрдүк. Ал чындык боюнча түштү. Сени Биз жакшы кабар угузуучу жана эскертүүчү кылып гана жөнөттүк.

a. Куранды.

106 وَقُرْآنًا فَرَقْنَاهُ لِتَقْرَأَهُ عَلَى النَّاسِ عَلَى مُكْثٍ وَنَزَّلْنَاهُ تَنْزِيلًا

Биз Куранды сен адамдарга шашпай окуп берүүң үчүн (аз- аздан) бөлүп түшүрдүк.

107 قُلْ آمِنُوا بِهِ أَوْ لَا تُؤْمِنُوا إِنَّ الَّذِينَ أُوتُوا الْعِلْمَ مِنْ قَبْلِهِ إِذَا يُتْلَى عَلَيْهِمْ يَخِرُّونَ لِلْأَذْقَانِ سُجَّدًا

Силер ага ишенесиңерби же ишенбейсиңерби, ырасында, мурун илим берилгендерге (Куран) окулган кезде сежде кылган абалда эт-бетинен жыгылышат!

a. Куранга. b. Куран окулган кезде анын чындыктыгына толук ишенген иудейлер менен христиандар жөнүндө сөз болууда. Алардын кээ бири исламды кабыл алышкан. c. Бул аят “сежде аяты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын билүү үчүн “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А. Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он үчүнчү бөлүмүн караңыз.

108 وَيَقُولُونَ سُبْحَانَ رَبِّنَا إِنْ كَانَ وَعْدُ رَبِّنَا لَمَفْعُولًا

Алар: “Эгебизди аруулайбыз! Акыйкатта, Эгебиздин берген убадалары аткарылат”, – дешет.

109 وَيَخِرُّونَ لِلْأَذْقَانِ يَبْكُونَ وَيَزِيدُهُمْ خُشُوعًا

Алар ыйлап, эт-беттери менен жыгылат. Аларга бул коркууну арттырат.

110 قُلِ ادْعُوا اللَّهَ أَوِ ادْعُوا الرَّحْمَنَ أَيًّا مَا تَدْعُوا فَلَهُ الْأَسْمَاءُ الْحُسْنَى وَلَا تَجْهَرْ بِصَلَاتِكَ وَلَا تُخَافِتْ بِهَا وَابْتَغِ بَيْنَ ذَلِكَ سَبِيلًا

“Аны Аллах, же Рахман деп кандай гана ысымдар менен атабагын, эң мыкты (ал) аттар Ага гана жарашат”, – дегин. Намазды үнүңдү өтө катуу чыгарып да, акырын да эмес, орточо жаса!

a. Өтө акырын болгондо, артында (уйуп) тургандарга угулбай калат.

111 وَقُلِ الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي لَمْ يَتَّخِذْ وَلَدًا وَلَمْ يَكُنْ لَهُ شَرِيكٌ فِي الْمُلْكِ وَلَمْ يَكُنْ لَهُ وَلِيٌّ مِنَ الذُّلِّ وَكَبِّرْهُ تَكْبِيرًا

“Аллахка мактоо! Ал эч качан Өзүнө уул алган эмес жана Өз бийлигинде шериги да жок. Аны басынтуудан коргоп калуу үчүн эч кандай коргоочунун да кереги жок”, – дегин. Аны дал ушинтип жетээрлик улукта!

a. Баласы жок.