бөлүм Йусуп - يوسف

81 ارْجِعُوا إِلَى أَبِيكُمْ فَقُولُوا يَا أَبَانَا إِنَّ ابْنَكَ سَرَقَ وَمَا شَهِدْنَا إِلَّا بِمَا عَلِمْنَا وَمَا كُنَّا لِلْغَيْبِ حَافِظِينَ

Силер атабызга кайтып баргыла да: “О ата! Уулуң чындыгында уурулук кылды. Биз билгенибизге гана күбө өтөбүз. Биз көмүскө кайыпты билүүчү эмеспиз,

82 وَاسْأَلِ الْقَرْيَةَ الَّتِي كُنَّا فِيهَا وَالْعِيرَ الَّتِي أَقْبَلْنَا فِيهَا وَإِنَّا لَصَادِقُونَ

аны биз болуп өткөн айылдан (шаардан) жана биз кездешкен кербенден сура! Биз чынын айтып жатабыз” – дегиле!

83 قَالَ بَلْ سَوَّلَتْ لَكُمْ أَنْفُسُكُمْ أَمْرًا فَصَبْرٌ جَمِيلٌ عَسَى اللَّهُ أَنْ يَأْتِيَنِي بِهِمْ جَمِيعًا إِنَّهُ هُوَ الْعَلِيمُ الْحَكِيمُ

(Йакуп): “Андай эмес. Силердин напсиңер бир нерсени кооздоп көрсөткөн экен. Эми мага көркөм сабыр керек. Балким Аллах алардын баарын мага кайра алып келээр. Анткени, Ал – Билүүчү, Даанышман!” – деди да,

a. Балдары баары кайтып келишип, дагы сүйүктүү уулу Банйамин келбей калганын көрүп b. Дагы бир жаман ишке c. Чыныгы, нукура, таза... d. Жакшы көргөн эки уулумду тең

84 وَتَوَلَّى عَنْهُمْ وَقَالَ يَا أَسَفَى عَلَى يُوسُفَ وَابْيَضَّتْ عَيْنَاهُ مِنَ الْحُزْنِ فَهُوَ كَظِيمٌ

Алардан терс бурулуп: “Оо, кайраным Йусуп!” – деп кайгыдан көздөрү агарып (тунарып), ачуусун кармап тим болду.

85 قَالُوا تَاللَّهِ تَفْتَأُ تَذْكُرُ يُوسُفَ حَتَّى تَكُونَ حَرَضًا أَوْ تَكُونَ مِنَ الْهَالِكِينَ

Алар аталарына: “Аллахтын аты менен ант ичебиз! Сен кайгыдан жок болгонго чейин, же өлүп тыптыйпыл болгонго чейин Йусупту жоктой бересиң!” – дешти.

86 قَالَ إِنَّمَا أَشْكُو بَثِّي وَحُزْنِي إِلَى اللَّهِ وَأَعْلَمُ مِنَ اللَّهِ مَا لَا تَعْلَمُونَ

(Йакуп): “Мен өзүмдүн кайгымды да, ыйымды да Аллахка гана тапшырдым. Анткени (мен) Аллахдан силер билбеген нерсени билемин.

a. Келген айан кабарлар аркылуу

87 يَا بَنِيَّ اذْهَبُوا فَتَحَسَّسُوا مِنْ يُوسُفَ وَأَخِيهِ وَلَا تَيْأَسُوا مِنْ رَوْحِ اللَّهِ إِنَّهُ لَا يَيْأَسُ مِنْ رَوْحِ اللَّهِ إِلَّا الْقَوْمُ الْكَافِرُونَ

Эй, уулдарым! Баргыла, Йусупту жана анын бир тууганын издегиле! Аллахтын ырайымынан үмүт үзбөгүлө! Ырасында, Аллахтын ырайымынан каапыр болгон коом гана үмүт үзөт..." – деди.

88 فَلَمَّا دَخَلُوا عَلَيْهِ قَالُوا يَا أَيُّهَا الْعَزِيزُ مَسَّنَا وَأَهْلَنَا الضُّرُّ وَجِئْنَا بِبِضَاعَةٍ مُزْجَاةٍ فَأَوْفِ لَنَا الْكَيْلَ وَتَصَدَّقْ عَلَيْنَا إِنَّ اللَّهَ يَجْزِي الْمُتَصَدِّقِينَ

Алар Йусупка кайра барышып, (анын алдына) киришип: “Эй, кожойун! Бизге жана үй бүлөбүзгө ачарчылык келди. Андыктан арзыбас аз нерсе (акча) менен келдик. Ошентсе да толук өлчөп бере көр. Ага кошумча бизге садака да бер. Албетте, Аллах садака берүүчүлөрдү сыйлайт”, – дешти.

89 قَالَ هَلْ عَلِمْتُمْ مَا فَعَلْتُمْ بِيُوسُفَ وَأَخِيهِ إِذْ أَنْتُمْ جَاهِلُونَ

(Йусуп): “Силер билбестиктен Йусупка жана анын бир тууганына эмне кылганыңарды билесиңерби?” – деди.

a. Банйаминге b. эстейсиңерби

90 قَالُوا أَإِنَّكَ لَأَنْتَ يُوسُفُ قَالَ أَنَا يُوسُفُ وَهَذَا أَخِي قَدْ مَنَّ اللَّهُ عَلَيْنَا إِنَّهُ مَنْ يَتَّقِ وَيَصْبِرْ فَإِنَّ اللَّهَ لَا يُضِيعُ أَجْرَ الْمُحْسِنِينَ

Алар: “Сен өзүң чын эле Йусупсуңбу?” – дешти. (Йусуп:) “Мен – Йусуп, а бул менин бир тууганым. Чындыгында, Аллах бизге ырайым кылды. Эгер ким Аллахдан корксо, сабыр кылса, албетте, Аллах жакшы иштерди жасагандардын эмгегин текке кетирбейт”, – деди.

a. күнөө кылуудан корксо, такыба болсо, күнөө жасоодон абдан этийаттанса b. Кыйынчылык башка түшкөн учурда

91 قَالُوا تَاللَّهِ لَقَدْ آثَرَكَ اللَّهُ عَلَيْنَا وَإِنْ كُنَّا لَخَاطِئِينَ

Алар: Аллахка ант беребиз! Чындыгында, Аллах сени бизден артык кылып койду. Анткени, биз туура эмес ишти кылган элек”, – дешти.

92 قَالَ لَا تَثْرِيبَ عَلَيْكُمُ الْيَوْمَ يَغْفِرُ اللَّهُ لَكُمْ وَهُوَ أَرْحَمُ الرَّاحِمِينَ

(Йусуп:) “Бүгүн силерге жемелөө жок. Аллах силерди кечирээр. Ал – мээримдүүлөрдүн эң Мээримдүүсү!

93 اذْهَبُوا بِقَمِيصِي هَذَا فَأَلْقُوهُ عَلَى وَجْهِ أَبِي يَأْتِ بَصِيرًا وَأْتُونِي بِأَهْلِكُمْ أَجْمَعِينَ

Эми, мына менин көйнөгүмдү алпарып, атамдын бетине жапкыла, көзү айыгып кетет. Анан бүт үй-бүлөңөр менен чогулуп мага келгиле!” – деди.

a. Мурда айтылып өткөндөй, Йакуптун көзү Йусупту эстеп ыйлай берип, сокур болуп калган болчу.

94 وَلَمَّا فَصَلَتِ الْعِيرُ قَالَ أَبُوهُمْ إِنِّي لَأَجِدُ رِيحَ يُوسُفَ لَوْلَا أَنْ تُفَنِّدُونِ

Кербен жолго чыккан кезде алардын атасы: “Эгер алжып калыптыр”, – дебесеңер мага, ырасында эле Йусуптун жыты келип жатат” – деди.

95 قَالُوا تَاللَّهِ إِنَّكَ لَفِي ضَلَالِكَ الْقَدِيمِ

Тигилер: “Аллахтын аты менен ант ичебиз! Албетте, сен эски адашууңда элесиң”, – дешти.

96 فَلَمَّا أَنْ جَاءَ الْبَشِيرُ أَلْقَاهُ عَلَى وَجْهِهِ فَارْتَدَّ بَصِيرًا قَالَ أَلَمْ أَقُلْ لَكُمْ إِنِّي أَعْلَمُ مِنَ اللَّهِ مَا لَا تَعْلَمُونَ

Сүйүнчүлөп келишип, көйнөктү Йакуптун жүзүнө жабышканда анын көзү көрө баштады да: “Силерге Аллах тараптан билбеген нерсени билемин”, – деп айтпадым беле?” – деди.

97 قَالُوا يَا أَبَانَا اسْتَغْفِرْ لَنَا ذُنُوبَنَا إِنَّا كُنَّا خَاطِئِينَ

(Уулдары): “Оо атаке! Биздин күнөөлөрүбүздүн кечирилишин (Аллахдан) тиле! Биз, чындыгында эле ката кетирген экенбиз”, – дешти.

98 قَالَ سَوْفَ أَسْتَغْفِرُ لَكُمْ رَبِّي إِنَّهُ هُوَ الْغَفُورُ الرَّحِيمُ

(Йакуп): “Силер үчүн Эгемден кечирим сураймын. Анткени, Ал – Кечиримдүү, Боорукер!”

99 فَلَمَّا دَخَلُوا عَلَى يُوسُفَ آوَى إِلَيْهِ أَبَوَيْهِ وَقَالَ ادْخُلُوا مِصْرَ إِنْ شَاءَ اللَّهُ آمِنِينَ

Алар Йусуптун алдына барышкан кезде, ата-энесин дароо кабыл алып: “Аллахтын каалоосу менен Мисир жергесине сак-саламат кириңиздер!” – деди да,

100 وَرَفَعَ أَبَوَيْهِ عَلَى الْعَرْشِ وَخَرُّوا لَهُ سُجَّدًا وَقَالَ يَا أَبَتِ هَذَا تَأْوِيلُ رُؤْيَايَ مِنْ قَبْلُ قَدْ جَعَلَهَا رَبِّي حَقًّا وَقَدْ أَحْسَنَ بِي إِذْ أَخْرَجَنِي مِنَ السِّجْنِ وَجَاءَ بِكُمْ مِنَ الْبَدْوِ مِنْ بَعْدِ أَنْ نَزَغَ الشَّيْطَانُ بَيْنِي وَبَيْنَ إِخْوَتِي إِنَّ رَبِّي لَطِيفٌ لِمَا يَشَاءُ إِنَّهُ هُوَ الْعَلِيمُ الْحَكِيمُ

Ата-энесин өз тактысына чыгарып олтургузду. Баары Йусупка ийилип таазим кылышты. Аллах үчүн сеждеге жыгылышты. Йусуп: “Оо атакем! Мына байакы көргөн түштүн жорулушу. Чындыгында, аны Эгем акыйкатка чыгарды. Шайтан мени менен бир туугандарымдын ортосун бузган соң, мени абактан чыгарып, чөлдөн силерди алып келип, мага жакшылык кылды. Чынында, Эгем Өзү каалаган адамына абдан Мээримдүү! Ал – Билүүчү, Даанышман!

a. Ошол кезде алардын саламдашуу адеби бойунча бир аз ийилип койуу салт болгон