бөлүм Йусуп - يوسف

21 وَقَالَ الَّذِي اشْتَرَاهُ مِنْ مِصْرَ لِامْرَأَتِهِ أَكْرِمِي مَثْوَاهُ عَسَى أَنْ يَنْفَعَنَا أَوْ نَتَّخِذَهُ وَلَدًا وَكَذَلِكَ مَكَّنَّا لِيُوسُفَ فِي الْأَرْضِ وَلِنُعَلِّمَهُ مِنْ تَأْوِيلِ الْأَحَادِيثِ وَاللَّهُ غَالِبٌ عَلَى أَمْرِهِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ

Мисирде аны сатып алган адам өз айалына: “Муну жакшылап бак, балким бизге пайдасы тийип калар, же болбосо бала кылып аларбыз”, – деди. Ошентип Йусупту ошол жерге жайгаштырып, ага түш жорууну үйрөттүк. Аллах өз ишинде /стөм, бирок адамдардын көбү аны билишпейт.

a. Ал каалаган нерседен эч ким баш тарттыра албайт

22 وَلَمَّا بَلَغَ أَشُدَّهُ آتَيْنَاهُ حُكْمًا وَعِلْمًا وَكَذَلِكَ نَجْزِي الْمُحْسِنِينَ

Ал (Йусуп) акылы толгон кезде, ага өкүм менен илим бердик! Жакшылык кылуучуларды ушентип сыйлайбыз!

23 وَرَاوَدَتْهُ الَّتِي هُوَ فِي بَيْتِهَا عَنْ نَفْسِهِ وَغَلَّقَتِ الْأَبْوَابَ وَقَالَتْ هَيْتَ لَكَ قَالَ مَعَاذَ اللَّهِ إِنَّهُ رَبِّي أَحْسَنَ مَثْوَايَ إِنَّهُ لَا يُفْلِحُ الظَّالِمُونَ

Йусуп турган үйдүн айалы анын көңүлүн өзүнө тартмакчы болду да эшиктерди бекитип: “Кана, кел бери!” – деди. Йусуп: “ Аллах сактасын! Ал (күйөөң) – менин кожойунум. Мени жакшы орунга койду. Чындыгында, заалымдар кутулушпайт” – деди.

a. Зулайка b. Жакшы мамиле кылып жатса c. Зинакорлор, көңүлдөштөр d. Аллахтын азабынан

24 وَلَقَدْ هَمَّتْ بِهِ وَهَمَّ بِهَا لَوْلَا أَنْ رَأَى بُرْهَانَ رَبِّهِ كَذَلِكَ لِنَصْرِفَ عَنْهُ السُّوءَ وَالْفَحْشَاءَ إِنَّهُ مِنْ عِبَادِنَا الْمُخْلَصِينَ

Ырасында, айал ал тууралуу ойлоду. Эгер ал (Йусуп) Эгесинин далилдерин көрбөгөн болсо, Йусуп да аны кааламак. Йусуптан жамандыкты, бузукулукту алыстатуу үчүн Биз ошенттик. Анткени ал ыкластуу момун пенделерибизден эле.

a. Аны менен чогуу болууну каалады b. Йусуптун күнөө иштен алыс болуусу үчүн

25 وَاسْتَبَقَا الْبَابَ وَقَدَّتْ قَمِيصَهُ مِنْ دُبُرٍ وَأَلْفَيَا سَيِّدَهَا لَدَى الْبَابِ قَالَتْ مَا جَزَاءُ مَنْ أَرَادَ بِأَهْلِكَ سُوءًا إِلَّا أَنْ يُسْجَنَ أَوْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

Экөө эшикке карай чуркады да, айал анын көйнөгүнүн артын айрып салды. Экөөсү тең эшик алдында айалдын күйөөсү менен бетме-бет келишип, айал күйөөсүнө: “Сенин жубайыңа жамандык ойлогон адамдын жазасы сөзсүз абак, же жан чыдагыс азап эмес беле?” – деди.

a. Йусуп Зулайканын чакырыгына келбей, эшикке карай бет алган кезде, Зулайка анын артынан жете берип көйнөгүнөн катуу тартканда, көйнөктүн далы тушу айрылып кетти

26 قَالَ هِيَ رَاوَدَتْنِي عَنْ نَفْسِي وَشَهِدَ شَاهِدٌ مِنْ أَهْلِهَا إِنْ كَانَ قَمِيصُهُ قُدَّ مِنْ قُبُلٍ فَصَدَقَتْ وَهُوَ مِنَ الْكَاذِبِينَ

(Йусуп:) “Ал көңүлүмдү өзүнө тартмакчы болду”, – деди. Айал жактан бир күбө: “Эгер Йусуптун көйнөгү алдынан жыртылса, анда айал чын айткан болот, ал эми ал (Йусуп) жалганчылардан болот”, – деди.

a. жубайың b. Айалдын ошол үйдө жүргөн наристе тууганы күбөлүккө өтүп:

27 وَإِنْ كَانَ قَمِيصُهُ قُدَّ مِنْ دُبُرٍ فَكَذَبَتْ وَهُوَ مِنَ الصَّادِقِينَ

“Анын (Йусуптун) көйнөгү артынан жыртылган болсо, анда айал жалган айткан болот да, ал чынчылдардан болот” – деп күбөлүккө өттү.

28 فَلَمَّا رَأَى قَمِيصَهُ قُدَّ مِنْ دُبُرٍ قَالَ إِنَّهُ مِنْ كَيْدِكُنَّ إِنَّ كَيْدَكُنَّ عَظِيمٌ

Ошондо анын көйнөгүнүн арт жагынан жыртылганын көргөн күйөөсү: “Бул, айалдар, силердин куулугуңар. Чындыгында, силердин айла-амалыңар аша көп.

29 يُوسُفُ أَعْرِضْ عَنْ هَذَا وَاسْتَغْفِرِي لِذَنْبِكِ إِنَّكِ كُنْتِ مِنَ الْخَاطِئِينَ

Йусуп, мындан жүз үйрүп, жашыр. Айалым, сен күнөөң үчүн Аллахдан кечирим тиле. Ырасында сен – ката кетирүүчүлөрдөнсүң”, – деди.

a. Эми муну ойлобо да, бирөөгө да айтпа

30 وَقَالَ نِسْوَةٌ فِي الْمَدِينَةِ امْرَأَتُ الْعَزِيزِ تُرَاوِدُ فَتَاهَا عَنْ نَفْسِهِ قَدْ شَغَفَهَا حُبًّا إِنَّا لَنَرَاهَا فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ

Шаардагы айалдар: “Жетекчинин айалы кызматчы баласын азгырууну көздөптүр. Чындыгында, ал айал (кызматчысын) жүрөгүнүн түпкүрүнөн сүйүп калыптыр. Албетте, биз аны даана адашуучулар катарында көрүп турабыз”, – деп сөз кылышты.

31 فَلَمَّا سَمِعَتْ بِمَكْرِهِنَّ أَرْسَلَتْ إِلَيْهِنَّ وَأَعْتَدَتْ لَهُنَّ مُتَّكَأً وَآتَتْ كُلَّ وَاحِدَةٍ مِنْهُنَّ سِكِّينًا وَقَالَتِ اخْرُجْ عَلَيْهِنَّ فَلَمَّا رَأَيْنَهُ أَكْبَرْنَهُ وَقَطَّعْنَ أَيْدِيَهُنَّ وَقُلْنَ حَاشَ لِلَّهِ مَا هَذَا بَشَرًا إِنْ هَذَا إِلَّا مَلَكٌ كَرِيمٌ

Ал шаардык айалдардын өзүн жамандашканын уккан кезде, аларга чакыруу жиберип, алар сүйөнүп олтура турган жумшак олтургучтарды дайардады да, алардын ар бирине бычак берип: “Чык, мобуларга көрүн”, – деди. Аны (Йусупту) көргөн кезде айалдар таң калуудан улам өз колдорун кескилей башташты. Айалдар: “О, Аллах! Бул адам эмес. Бул – бир кереметтүү периште го”, – дешти.

a. Зулайка b. Алар келип, үйдөн орун алышкан соң, алардын алдына алма, анар, эт сыйактуу… кесип жей турган тамактардан мол койуп, c. Йусуптун сымбаттуулугунан эстери оогон айалдар, алманын ордуна өз колдорун кескмлей баштады

32 قَالَتْ فَذَلِكُنَّ الَّذِي لُمْتُنَّنِي فِيهِ وَلَقَدْ رَاوَدْتُهُ عَنْ نَفْسِهِ فَاسْتَعْصَمَ وَلَئِنْ لَمْ يَفْعَلْ مَا آمُرُهُ لَيُسْجَنَنَّ وَلَيَكُونًا مِنَ الصَّاغِرِينَ

Ал аларга: “Мына ушул силер мени келекелеген бала. Чындыгында анын көңүлүн мен кааладым. Ошондо да ал абройун сактап калды. Эгерде ал менин буйругумду мындан ары да орундатпай турган болсо, албетте, абакка салынып, кор болуучулардан болот”, – деди.

a. Зулайка

33 قَالَ رَبِّ السِّجْنُ أَحَبُّ إِلَيَّ مِمَّا يَدْعُونَنِي إِلَيْهِ وَإِلَّا تَصْرِفْ عَنِّي كَيْدَهُنَّ أَصْبُ إِلَيْهِنَّ وَأَكُنْ مِنَ الْجَاهِلِينَ

(Йусуп:) “О Эгем! Булар мени жасоого чакырган иштерин жасагандан көрө зындан жакшыраак. Эгер бул айалдардын айла-амалдарын менден алыстатпасаң, анда мен алардын азыгырыгына туруштук бере албай, наадандардан болуп калам”, – деп жалбарды.

34 فَاسْتَجَابَ لَهُ رَبُّهُ فَصَرَفَ عَنْهُ كَيْدَهُنَّ إِنَّهُ هُوَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ

Ошондо Эгеси анын тилек-дубасын кабыл кылып. Алардын айла-амалдарын андан алыстатты. Анткени Ал – баарынан Кабардар, Билүүчү.

a. Аллах Таала b. Йусуптан

35 ثُمَّ بَدَا لَهُمْ مِنْ بَعْدِ مَا رَأَوُا الْآيَاتِ لَيَسْجُنُنَّهُ حَتَّى حِينٍ

Анан, алар далилдерди көрүшкөн соң, аны белгилүү бир мөөнөткө чейин абакка салуу маалым болду.

36 وَدَخَلَ مَعَهُ السِّجْنَ فَتَيَانِ قَالَ أَحَدُهُمَا إِنِّي أَرَانِي أَعْصِرُ خَمْرًا وَقَالَ الْآخَرُ إِنِّي أَرَانِي أَحْمِلُ فَوْقَ رَأْسِي خُبْزًا تَأْكُلُ الطَّيْرُ مِنْهُ نَبِّئْنَا بِتَأْوِيلِهِ إِنَّا نَرَاكَ مِنَ الْمُحْسِنِينَ

Йусуп менен кошо эки жигит абакка салынды. Ал экөөнүн бири: “Мен түшүмдө жүзүм сыгып (шарап жасап) жатыпмын десе, экинчиси: “Мен төбөмө нан көтөрүп жүрүпмүн. Аны куштар жеп жатыптыр. Бизге бул түштөрдүн жорулушун айтып бер. Чындыгында, биз сени жакшылык кылуучулардан деп билебиз”, – деп айтты.

a. Бирок алар башка иш үчүн олтургузулган болчу

37 قَالَ لَا يَأْتِيكُمَا طَعَامٌ تُرْزَقَانِهِ إِلَّا نَبَّأْتُكُمَا بِتَأْوِيلِهِ قَبْلَ أَنْ يَأْتِيَكُمَا ذَلِكُمَا مِمَّا عَلَّمَنِي رَبِّي إِنِّي تَرَكْتُ مِلَّةَ قَوْمٍ لَا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَهُمْ بِالْآخِرَةِ هُمْ كَافِرُونَ

(Йусуп аларга:) “Силерге мен көргөн түшүңөрдүн чечилишин тамак келгенге чейин айтып беремин. Бул – мага Эгемдин үйрөткөндөрүнүн бир бөлүгү. Чындыгында, Аллахка ишенбеген жана акырет күнүнө каршы чыккан бир элдин динин четке какканмын”, – деди.

38 وَاتَّبَعْتُ مِلَّةَ آبَائِي إِبْرَاهِيمَ وَإِسْحَاقَ وَيَعْقُوبَ مَا كَانَ لَنَا أَنْ نُشْرِكَ بِاللَّهِ مِنْ شَيْءٍ ذَلِكَ مِنْ فَضْلِ اللَّهِ عَلَيْنَا وَعَلَى النَّاسِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَشْكُرُونَ

Ата-бабаларым: Ибрахим, Исхак жана Йакуптардын динин кармандым. Биздин Аллахка шерик кошуубуз эч бир жарабайт. Бул – бизге, өзгөчө бүткүл адам баласына Аллахтын ырайымы. Бирок адамдардын көбү (Аллахка) шүгүр кылышпайт.

39 يَا صَاحِبَيِ السِّجْنِ أَأَرْبَابٌ مُتَفَرِّقُونَ خَيْرٌ أَمِ اللَّهُ الْوَاحِدُ الْقَهَّارُ

Эй, менин абакташ жодошторум! Ар башка кудайдын болгону жакшыбы, же бардык нерсеге Кудуреттүү, Жалгыз, Бир Кудайдын болгону ийгиби?

40 مَا تَعْبُدُونَ مِنْ دُونِهِ إِلَّا أَسْمَاءً سَمَّيْتُمُوهَا أَنْتُمْ وَآبَاؤُكُمْ مَا أَنْزَلَ اللَّهُ بِهَا مِنْ سُلْطَانٍ إِنِ الْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ أَمَرَ أَلَّا تَعْبُدُوا إِلَّا إِيَّاهُ ذَلِكَ الدِّينُ الْقَيِّمُ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ

Силердин Андан башка сыйынган нерселериңер –силердин ата-бабаңар ойлоп тапкан курулай аталыштар гана. Аллах аларга сыйынуу бойунча бир да далил түшүргөн эмес. Өкүмдарлык – бир гана Аллахка таандык. Ал Өзүнө гана ибадат кылууну буйуруган. Мына ушу – эң туура дин. Бирок, адамдардын көбү билишпейт.

a. Аллахдан b. Кудай эмес, кудай атыгып кеткен жөн эле ысымдар