бөлүм Йусуп - يوسف

1 الر تِلْكَ آيَاتُ الْكِتَابِ الْمُبِينِ

Алиф, Лам. Ра. Мына ушул айаттар ачыкка чыгаруучу Китептен.

a. Мааниси бир гана Аллахка маалым b. Ак менен караны, адал менен арамды, жакшы менен жаманды, туура менен туура эмести… c. Курандан

2 إِنَّا أَنْزَلْنَاهُ قُرْآنًا عَرَبِيًّا لَعَلَّكُمْ تَعْقِلُونَ

Чындыгында, биз аны арабча Куран кылып түшүрдүк. Мүмкүн силер акыл калчаарсыңар?

a. Араб тилинде жазылган

3 نَحْنُ نَقُصُّ عَلَيْكَ أَحْسَنَ الْقَصَصِ بِمَا أَوْحَيْنَا إِلَيْكَ هَذَا الْقُرْآنَ وَإِنْ كُنْتَ مِنْ قَبْلِهِ لَمِنَ الْغَافِلِينَ

Сага бул Куранды түшүрүү менен байандардын эң жакшысын айтып беребиз. Чындыгында, сен мындан мурун, албетте, бул тууралуу кабарсыз элең.

4 إِذْ قَالَ يُوسُفُ لِأَبِيهِ يَا أَبَتِ إِنِّي رَأَيْتُ أَحَدَ عَشَرَ كَوْكَبًا وَالشَّمْسَ وَالْقَمَرَ رَأَيْتُهُمْ لِي سَاجِدِينَ

Ошол убакытта Йусуп, атасына: “Атаке, мен түшүмдө он бир жылдыздын, күндүн жана айдын мага сежде кылып турганын көрдүм”, – деп айткан кезде

a. Йакупка

5 قَالَ يَا بُنَيَّ لَا تَقْصُصْ رُؤْيَاكَ عَلَى إِخْوَتِكَ فَيَكِيدُوا لَكَ كَيْدًا إِنَّ الشَّيْطَانَ لِلْإِنْسَانِ عَدُوٌّ مُبِينٌ

(Йакуп:) “О уулум! Түшүңдү (бир) туугандарыңа айтпа, (алар) сага айла-амал жасап койушат. Чындыгында, шайтан адам баласына анык душман”, – деди.

a. Кыйанаттык, кыйдылык, жамандык, ичитардык, көралбастык

6 وَكَذَلِكَ يَجْتَبِيكَ رَبُّكَ وَيُعَلِّمُكَ مِنْ تَأْوِيلِ الْأَحَادِيثِ وَيُتِمُّ نِعْمَتَهُ عَلَيْكَ وَعَلَى آلِ يَعْقُوبَ كَمَا أَتَمَّهَا عَلَى أَبَوَيْكَ مِنْ قَبْلُ إِبْرَاهِيمَ وَإِسْحَاقَ إِنَّ رَبَّكَ عَلِيمٌ حَكِيمٌ

Ошентип Аллах сени тандап алып, түштөрдү жорууну үйрөтөт. Ата-бабалырың Ибрахим, Исхактарга жакшылыктарын толук кылып бергендей, сага жана Йакуп урпактарына да толук кылып берет. Акыйкатта, Эгең – Билүүчү, Даанышман!” – деди.

a. адамдардын ичинен сени пайгамбарлыкка

7 لَقَدْ كَانَ فِي يُوسُفَ وَإِخْوَتِهِ آيَاتٌ لِلسَّائِلِينَ

Чындыганда Йусуп менен анын туугандарынын байанында суроочулар үчүн жакшы үлгүлөр бар.

a. Аллахтын чындыгын издеп, илимге суусап, билимге кызыккан

8 إِذْ قَالُوا لَيُوسُفُ وَأَخُوهُ أَحَبُّ إِلَى أَبِينَا مِنَّا وَنَحْنُ عُصْبَةٌ إِنَّ أَبَانَا لَفِي ضَلَالٍ مُبِينٍ

Ошондо (Йусуптун) бир туугандары: “Йусуп жана анын бир тууганын атабызга бизден жакшы көрүнөт. Биз болсо мыкты топбуз. Албетте, атабыз анык адашууда” – дешти.

a. Йакуп пайгамбардын кийинки айалы эки уул төрөп, алардын биринин аты Йусуп, экинчисиники Банйамин болгон. Йусуп улуусу, Банйамин кичүүсү. Йакуптун мурунку айалынан 10 уулу болгон жана ошолор кийинки өгөй апасынан төрөлгөн аталаш туугандарын: Йусуп менен Банйаминди жек көрүшкөн. Анткени Йакуп (ас) ошол кенже уулдарын өзгөчө жакшы көргөнү үчүн аталаш агалары аларга ичи тардык, көралбастык кылышкан b. Банйаминди (айрым аалымдардын пикири бойунча Банйамин, Йусуптун жаш жагынан улуу агасы болгон)

9 اقْتُلُوا يُوسُفَ أَوِ اطْرَحُوهُ أَرْضًا يَخْلُ لَكُمْ وَجْهُ أَبِيكُمْ وَتَكُونُوا مِنْ بَعْدِهِ قَوْمًا صَالِحِينَ

(Алардын бири): “Йусупту өлтүргүлө, же бир жерге алып барып таштагыла! Ошондо атаңардын жүзү (сүйүүсү) силерге бошойт. Андан кийин (тообо кылып) жакшы коом болуп аласыңар”, – деди.

10 قَالَ قَائِلٌ مِنْهُمْ لَا تَقْتُلُوا يُوسُفَ وَأَلْقُوهُ فِي غَيَابَتِ الْجُبِّ يَلْتَقِطْهُ بَعْضُ السَّيَّارَةِ إِنْ كُنْتُمْ فَاعِلِينَ

Алардын ичинен дагы бирөөсү: “Эгер менин айтканымды жасай турган болсоңор, Йусупту өлтүрбөй эле, аны бир кудуктун түбүнө таштап жибергиле. Жолоочулардын бири таап алар”, – деди.

11 قَالُوا يَا أَبَانَا مَا لَكَ لَا تَأْمَنَّا عَلَى يُوسُفَ وَإِنَّا لَهُ لَنَاصِحُونَ

Алар: “О, атаке! Йусуп туурасында сен бизге ишенбегендей, эмне болду? Биз, ырасында, ага камкор мамиледебиз го”, – дешти.

a. Йусуптун агалары атасына келишип: b. «Йусупту биздин ойнотуп келишибизге ишенбейсиң, аны ойнотуп келгенге бизге бербейсиң» c. Жакшы көрөбүз го

12 أَرْسِلْهُ مَعَنَا غَدًا يَرْتَعْ وَيَلْعَبْ وَإِنَّا لَهُ لَحَافِظُونَ

“Эртең аны биз менен бирге жибер.Тамактансын, ойносун. Чындыгында биз аны коргоочубуз” – дешти.

a. Биз менен b. Ар кандай жамандыктан

13 قَالَ إِنِّي لَيَحْزُنُنِي أَنْ تَذْهَبُوا بِهِ وَأَخَافُ أَنْ يَأْكُلَهُ الذِّئْبُ وَأَنْتُمْ عَنْهُ غَافِلُونَ

Йакуп: “Чындыгында силердин аны алып кетишиңер мени убайымга салат. Кокус силер андан бейкапар болуп калганыңарда, аны карышкыр жеп кетүүсүнөн корком”, – деди.

14 قَالُوا لَئِنْ أَكَلَهُ الذِّئْبُ وَنَحْنُ عُصْبَةٌ إِنَّا إِذًا لَخَاسِرُونَ

Алар: “Ант болсун! Биз мыкты бир топ болуп туруп, аны карышкыр жесе, албетте, анда биз зыйанга учуроочулардан болобуз”, – дешти.

a. «Аллахтын каргышына, сенин наалатыңа калабыз, тозокто күйүп кетпейбизби» деген мааниде

15 فَلَمَّا ذَهَبُوا بِهِ وَأَجْمَعُوا أَنْ يَجْعَلُوهُ فِي غَيَابَتِ الْجُبِّ وَأَوْحَيْنَا إِلَيْهِ لَتُنَبِّئَنَّهُمْ بِأَمْرِهِمْ هَذَا وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ

Ошентип (убада берип) алар Йусупту алып кетишип, (анан) аны кудуктун түбүнө таштап жиберүүгө чечим кылышкан кезде Биз ага (Йусупка): “Бир туугандарыңдын ушул иштери тууралуу кабар бересиң. А алар болсо сезбей калышат”, – деп кабарладык.

a. Йусупту аталаш агалары тоого алып чыгышып, жаш наристеге айоосуз жапа чектирип кыйнап, акыры өлтүрүп эле таштамак болушат, Йусуп аларга жалынып-жалбарып, адам баласынын саң-сөөгүн сыздата ыйлагандыктан, агаларынын таш жүрөгү Аллахтын амири менен бираз жибип, көйнөгүн чечип алып кудукка жип менен байлап туруп таштап жиберишмек болгон кезде Аллахдан Йусупка ал пайгамбар экендиги жана Йусуп кийин, учуру келгенде агаларынын бул кылмыштары тууралуу айтаары тууралуу айан-кабар түшөт. b. Ошондо сенин Йусуп экениңди

16 وَجَاءُوا أَبَاهُمْ عِشَاءً يَبْكُونَ

Алар кеч кирген маалда аталарына ыйлаган абалда келишип:

a. Йусуптун аталаш агалары

17 قَالُوا يَا أَبَانَا إِنَّا ذَهَبْنَا نَسْتَبِقُ وَتَرَكْنَا يُوسُفَ عِنْدَ مَتَاعِنَا فَأَكَلَهُ الذِّئْبُ وَمَا أَنْتَ بِمُؤْمِنٍ لَنَا وَلَوْ كُنَّا صَادِقِينَ

“О атаке! Биз жарышып кеткенде, Йусупту буйумдарыбыздын жанына калтырган болчубуз, ошол жерден карышкыр жеп кетиптир. Чын айтсак деле бизге (эмне үчүн) ишенбейсиң?”, – дешти.

a. «Аң уулоодо жарышуу, же аңчылыктын кызыгына түшүп, алыстап кеткенде» деген мааниде

18 وَجَاءُوا عَلَى قَمِيصِهِ بِدَمٍ كَذِبٍ قَالَ بَلْ سَوَّلَتْ لَكُمْ أَنْفُسُكُمْ أَمْرًا فَصَبْرٌ جَمِيلٌ وَاللَّهُ الْمُسْتَعَانُ عَلَى مَا تَصِفُونَ

Ошентип алар анын көйнөгүн жалган канга (бойоп), алып келишти. Атасы: “Андай эмес. Силерге дилиңер бир (жаман) ишти көркөмдөгөн экен. Эми көркөм (нукура) сабыр керек. Айткандарыңарга эми Аллахдан гана жардам тилеш керек болот”, – деди.

a. Йусуптун канын эмес, (анткени Йусуп тирүү калган болчу), башка жандыктын канын сүртүп b. Силер бир кыйанаттык кылгансыңар. Эми Аллахдан жардам суроодон башка чара жок.

19 وَجَاءَتْ سَيَّارَةٌ فَأَرْسَلُوا وَارِدَهُمْ فَأَدْلَى دَلْوَهُ قَالَ يَا بُشْرَى هَذَا غُلَامٌ وَأَسَرُّوهُ بِضَاعَةً وَاللَّهُ عَلِيمٌ بِمَا يَعْمَلُونَ

Жолоочулар келип, дароо суучуларын жиберишти, ал чакасын (кудукка) салып: “Ой, сүйүнчү! Мына бир эркек бала!” – деди. Алар аны соода буйумдарына кошуп бекитип койушту. Аллах алардын эмне иш кылгандарын толук Билүүчү.

20 وَشَرَوْهُ بِثَمَنٍ بَخْسٍ دَرَاهِمَ مَعْدُودَةٍ وَكَانُوا فِيهِ مِنَ الزَّاهِدِينَ

Алар аны абдан арзан баага, бир нече тыйынга сатып жиберишти. Анткени, алар Йусупка муктаж эмес эле.