бөлүм Йусуп - يوسف

41 يَا صَاحِبَيِ السِّجْنِ أَمَّا أَحَدُكُمَا فَيَسْقِي رَبَّهُ خَمْرًا وَأَمَّا الْآخَرُ فَيُصْلَبُ فَتَأْكُلُ الطَّيْرُ مِنْ رَأْسِهِ قُضِيَ الْأَمْرُ الَّذِي فِيهِ تَسْتَفْتِيَانِ

Эй, абакташ жолдошторум! Бирөөң мурдагыдай эле кожойунуңа арак ташый бересиң. Ал эми экинчиңер болсо, дароо дарга асылып, башын кузгун жейт. Мына, экөөң сураган түштүн жорулушу бүттү”, – деди.

a. Эми түш жорууга келсек мындай болот: b. Абактагылардын бири – падышанын арак дайардоочусу, экинчиси – ашпозчусу эле. Муну аракчыга карап айтып жатат

42 وَقَالَ لِلَّذِي ظَنَّ أَنَّهُ نَاجٍ مِنْهُمَا اذْكُرْنِي عِنْدَ رَبِّكَ فَأَنْسَاهُ الشَّيْطَانُ ذِكْرَ رَبِّهِ فَلَبِثَ فِي السِّجْنِ بِضْعَ سِنِينَ

Аман калат делгенине карап: “Кожойунуңдун жанында мени айт”, – деди. Ошондо шайтан кожойунуна айтууну унуттурду да, Йусуп абакта бир нече жыл жатып калды.

a. түрмөдөн чыккандан кийин b. Ашпозчу абактан чыккандан кийин

43 وَقَالَ الْمَلِكُ إِنِّي أَرَى سَبْعَ بَقَرَاتٍ سِمَانٍ يَأْكُلُهُنَّ سَبْعٌ عِجَافٌ وَسَبْعَ سُنْبُلَاتٍ خُضْرٍ وَأُخَرَ يَابِسَاتٍ يَا أَيُّهَا الْمَلَأُ أَفْتُونِي فِي رُؤْيَايَ إِنْ كُنْتُمْ لِلرُّؤْيَا تَعْبُرُونَ

Бир күнү падыша: “Түшүмдө жети семиз уйду жети арык уй жеп жатканын, жети жашыл сабак менен кошо жети куураган сабак көрдүм. Эй, кечилдер! Эгер түш жоруй алсаңар, анда менин ушул түшүмдү жоругула”, – деди.

a. Өсүмдүктүн сабагын

44 قَالُوا أَضْغَاثُ أَحْلَامٍ وَمَا نَحْنُ بِتَأْوِيلِ الْأَحْلَامِ بِعَالِمِينَ

Алар: “Бул абдан чаташкан түш экен. Ошондуктан биз мындай түштү жорууну билбейбиз”, – дешти.

45 وَقَالَ الَّذِي نَجَا مِنْهُمَا وَادَّكَرَ بَعْدَ أُمَّةٍ أَنَا أُنَبِّئُكُمْ بِتَأْوِيلِهِ فَأَرْسِلُونِ

Ал экөөсүнүн кутулуп чыкканы бир далайдан кийин Йусупту эстеди да: “Мен силерге анын жорулушун айтып беремин. (Ал үчүн) мени дароо абакка жибергиле”, – деди.

a. Йусуп менен абакта бирге олтурган экөөсүнүн аман калганы

46 يُوسُفُ أَيُّهَا الصِّدِّيقُ أَفْتِنَا فِي سَبْعِ بَقَرَاتٍ سِمَانٍ يَأْكُلُهُنَّ سَبْعٌ عِجَافٌ وَسَبْعِ سُنْبُلَاتٍ خُضْرٍ وَأُخَرَ يَابِسَاتٍ لَعَلِّي أَرْجِعُ إِلَى النَّاسِ لَعَلَّهُمْ يَعْلَمُونَ

(Ал абакка барып:) “Эй, чынчыл Йусуп! Бизге (түштөгү) жети семиз уйду жети арык уй жеп жатканын, жети жашыл сабак менен жети куураган сабактын жорулушун айтып берчи. Адамдар да билсин үчүн (бул түштүн) жорулушун аларга айтып барайын”, – деди.

47 قَالَ تَزْرَعُونَ سَبْعَ سِنِينَ دَأَبًا فَمَا حَصَدْتُمْ فَذَرُوهُ فِي سُنْبُلِهِ إِلَّا قَلِيلًا مِمَّا تَأْكُلُونَ

(Йусуп:) “Жети жыл адаттагыдай эле эгин эгип, анан оруп алганыңардын баарын (кырманга) бастырып салбай, сабактары менен калтырып, бирок жей тургандарыңарды аз-аздан гана алып турушуңар керек.

48 ثُمَّ يَأْتِي مِنْ بَعْدِ ذَلِكَ سَبْعٌ شِدَادٌ يَأْكُلْنَ مَا قَدَّمْتُمْ لَهُنَّ إِلَّا قَلِيلًا مِمَّا تُحْصِنُونَ

Андан кийин жети жыл катуу ачарчылык келет. Аз-аздан сактаганыңардан, мурунтан ошол үчүн жыйнап келе жатканыңардан жейсиңер.

a. Сактоо үчүн жыйнап келе жатканыңардан

49 ثُمَّ يَأْتِي مِنْ بَعْدِ ذَلِكَ عَامٌ فِيهِ يُغَاثُ النَّاسُ وَفِيهِ يَعْصِرُونَ

Ал эми андан кийин адамдар жамгырга канып, ошондо жемиштердин суусун сыга турган (токчулук) жылдар келет”, – деди.

50 وَقَالَ الْمَلِكُ ائْتُونِي بِهِ فَلَمَّا جَاءَهُ الرَّسُولُ قَالَ ارْجِعْ إِلَى رَبِّكَ فَاسْأَلْهُ مَا بَالُ النِّسْوَةِ اللَّاتِي قَطَّعْنَ أَيْدِيَهُنَّ إِنَّ رَبِّي بِكَيْدِهِنَّ عَلِيمٌ

Муну уккан падыша: “Аны мага алып келгиле”, – деп буйурду. Чабарман ага келгенде, (Йусуп): “Кожойунуңа кайтып бар. Колдорун кесип алган айалдардын абалдары эмне болгонун сурасын! Акыйкатта, Эгем алардын куулуктарын мыкты билет!” – деп айтты.

a. Зулайканын чакыруусу бойунча Йусуптун кожойунун үйүнө конокко келген жана Йусупту көргөндө колдорун бычак менен кесип алышкан айалдар тууралуу сөз болууда

51 قَالَ مَا خَطْبُكُنَّ إِذْ رَاوَدْتُنَّ يُوسُفَ عَنْ نَفْسِهِ قُلْنَ حَاشَ لِلَّهِ مَا عَلِمْنَا عَلَيْهِ مِنْ سُوءٍ قَالَتِ امْرَأَتُ الْعَزِيزِ الْآنَ حَصْحَصَ الْحَقُّ أَنَا رَاوَدْتُهُ عَنْ نَفْسِهِ وَإِنَّهُ لَمِنَ الصَّادِقِينَ

(Падыша айалдарды жыйнап): “Йусупту азгырууну каалаган кезиңердеги абалыңар кандай болду эле?” – деп сурады. Айалдар: “Аллах сактасын! Ага байланыштуу бир да жамандык билгенибиз жок”, – дешти. Башчысынын айалы: “Мына, чындык ачыкка чыкты. Аны азгырууну мен каалаган элем. Чындыгында ал (Йусуп) анык чынчылдардан”, – деди.

a. Айткан сөзү:

52 ذَلِكَ لِيَعْلَمَ أَنِّي لَمْ أَخُنْهُ بِالْغَيْبِ وَأَنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي كَيْدَ الْخَائِنِينَ

(Йусуп): “Муну – ырасында ага тымызын кыйанат кылбаганымды падыша билсин үчүн (жасатып жатам). Албетте, Аллах кыйанатчылардын куулугун тууралыкка багыттабайт.

a. Айалдарды чакыртуу b. өз кожойунума

53 وَمَا أُبَرِّئُ نَفْسِي إِنَّ النَّفْسَ لَأَمَّارَةٌ بِالسُّوءِ إِلَّا مَا رَحِمَ رَبِّي إِنَّ رَبِّي غَفُورٌ رَحِيمٌ

Албетте, мен өз жанымды актабаймын. Чындыгында напси адамды жамандыкка гана буйруйт. Бирок Эгем ырайым кылса, ал – башка (кеп). Албетте, Эгем – Кечиримдүү, Мээримдүү!” – (деди).

a. Бул жерде «жан» деген түшүнүк колдонулганы менен бул сөздүн арабчадагы мааниси «нафс», же кыргызчага «напсы» деп колдонулуп келе жаткан сөз экенин эске тутуу зарыл b. Өзүмдү, же өз напсимди актоо ниетим такыр жок. Абийиримдин актыгын далилдөө зарылдыгынан улам айалдарды чогултууну сурангам

54 وَقَالَ الْمَلِكُ ائْتُونِي بِهِ أَسْتَخْلِصْهُ لِنَفْسِي فَلَمَّا كَلَّمَهُ قَالَ إِنَّكَ الْيَوْمَ لَدَيْنَا مَكِينٌ أَمِينٌ

Падыша: “Аны мага алып келгиле. Мен аны өзүмө жакын адамдардан кылып алайын”, – деди. Падыша Йусуп менен сүйлөшүп жаткан кезде: “Албетте, сен бүгүн биздин алдыбызда ишеничтүү, улук орундасың”, – деди.

a. Бүгүнтөн баштап

55 قَالَ اجْعَلْنِي عَلَى خَزَائِنِ الْأَرْضِ إِنِّي حَفِيظٌ عَلِيمٌ

(Йусуп падышага): “Мени өлкөнүн казына башчылыгына дайында. Анткени мен аны кантип коргоону (сактоону) билемин”, – деди.

56 وَكَذَلِكَ مَكَّنَّا لِيُوسُفَ فِي الْأَرْضِ يَتَبَوَّأُ مِنْهَا حَيْثُ يَشَاءُ نُصِيبُ بِرَحْمَتِنَا مَنْ نَشَاءُ وَلَا نُضِيعُ أَجْرَ الْمُحْسِنِينَ

Ошентип Йусупту ошол жерге жайгаштырдык. (Ал) каалаган жеринде жүрө алат. (Биз) каалаганыбызга ырайымыбызды жеткиребиз. (Аллах) жакшылык кылгандардын мээнетин текке кетирбейт.

a. Аны хансарайда эркин басып жүрүүчү кадырлуу даражага жеткирдик b. Каалаганыбызга ырайым кылабыз

57 وَلَأَجْرُ الْآخِرَةِ خَيْرٌ لِلَّذِينَ آمَنُوا وَكَانُوا يَتَّقُونَ

Чындыгында, ыйман келтирип, такыба болгондордун акыреттеги сыйлыгы мындан да жакшы.

58 وَجَاءَ إِخْوَةُ يُوسُفَ فَدَخَلُوا عَلَيْهِ فَعَرَفَهُمْ وَهُمْ لَهُ مُنْكِرُونَ

(Ачарчылык келген жылдары) Йусуптун бир туугандары келишип, анын алдына киришти. Ошондо Йусуп аларды тааныды. Алар (болсо) аны таанышкан жок.

a. Мурда Йусуп түш жооруу учурунда айткан жылдар b. Кудукка таштап жиберишкен аталаш агалары c. Ошол жылдары бардык жерлерде жети жыл катары менен ачарчылык болуп, Йусуп (а.с.) каржы башчылык милдетин аркалаган Мисир өлкөсүндө гана токчулук болот. Анткени Йусуп (а.с.) жети жылга жете турган азык-түлүк камдатып койгон болчу. Ал эми кошуна өлкөлөрдө болсо жети жылдык ачарчылык келерин алдын ала билишпеген соң, эч кандай дайардык кылышкан эмес, жана ошондуктан айланадагы бардык мамлекеттер Мисирден азык –түлүк сатып алып кетип турушкан. Ошондой сатып алуучулардын арасында бир күнү Йусуптун (а.с.) аталаш бир туугандары да, алтындарына азык-түлүк алмаштыруу үчүн зарыгып, жалдырап келишкен болчу. d. Ушул жерде белгилей кетүүчү бир жагдай: Йакуп (а.с.) балдарынын ичинен Йусупту (а.с.) абдан жакшы көрчү, мурда аны чоң балдары «жоготуп», анын көйнөгүн канга чылап, ыйлап келишкенде ал Йусуптун (а.с.) тирүү экенинен үмүт үзгөн эмес жана Аллахка тобокел кылып, анын качандыр-бир кезде үйгө тирүү кирип келээрин күтүп, күткөнчө ыйлап жүрүп, көзү көрбөй калган эле…

59 وَلَمَّا جَهَّزَهُمْ بِجَهَازِهِمْ قَالَ ائْتُونِي بِأَخٍ لَكُمْ مِنْ أَبِيكُمْ أَلَا تَرَوْنَ أَنِّي أُوفِي الْكَيْلَ وَأَنَا خَيْرُ الْمُنْزِلِينَ

Йусуп алардын жүктөрүн дайардаткан учурда аларга: “Мага аталаш бир тууган иниңерди ала келгиле. Чындыгында мен силерге толук өлчөп бергенимди жана меймандос адам экенимди көрүп турасыңар”, – деди.

a. Азык сурап кийин дагы келгениңерде b. Банйаминди c. Кемитпей, төлөгөн акчаңарга жараша толук (ашыкча эмес!)

60 فَإِنْ لَمْ تَأْتُونِي بِهِ فَلَا كَيْلَ لَكُمْ عِنْدِي وَلَا تَقْرَبُونِ

Эгер силер аны мага алып келбесеңер, мен силерге өлчөп берээрим жок жана мага жакындабагыла.

a. «Силер убадаңарга турбагандыктан мен да силер менен соодалашууну токтотом», - деген мааниде b. Келбей эле койгула