61 قَالُوا سَنُرَاوِدُ عَنْهُ أَبَاهُ وَإِنَّا لَفَاعِلُونَ
Алар: “Биз аны атасынан сурап алууга аракеттенебиз. Албетте, биз муну аткарабыз”, – дешти.
a. Сенин талабыңды аткарабыз
61 قَالُوا سَنُرَاوِدُ عَنْهُ أَبَاهُ وَإِنَّا لَفَاعِلُونَ
Алар: “Биз аны атасынан сурап алууга аракеттенебиз. Албетте, биз муну аткарабыз”, – дешти.
a. Сенин талабыңды аткарабыз
62 وَقَالَ لِفِتْيَانِهِ اجْعَلُوا بِضَاعَتَهُمْ فِي رِحَالِهِمْ لَعَلَّهُمْ يَعْرِفُونَهَا إِذَا انْقَلَبُوا إِلَى أَهْلِهِمْ لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ
Йусуп жигиттерине: “Алардын азык үчүн алып келген нерселерин да жүктөрүнө кошуп койгула. Албетте, үйлөрүнө кайтып барышкан кезде, аны билишип, мүмкүн кайра келишээр”, – деди.
a. Алтын акчаларын дан салынган каптарынын ичине кайра салып, катып койгула b. Акчалары кайра келгенин, акы төлөнбөй калганын билип…
63 فَلَمَّا رَجَعُوا إِلَى أَبِيهِمْ قَالُوا يَا أَبَانَا مُنِعَ مِنَّا الْكَيْلُ فَأَرْسِلْ مَعَنَا أَخَانَا نَكْتَلْ وَإِنَّا لَهُ لَحَافِظُونَ
Ошондо алар аталарына кайтып барышып: “О ата! Бизден өлчөө токтотулду. Ошондуктан бир тууганыбызды биз менен бирге жиберсең гана өлчөп алабыз. Чындыгында, биз аны коргойбуз!” – дешти.
a. Бизге мындан ары азык-түлүк сатпай турган болушту b. Банйаминди c. Сатып ала алабыз
64 قَالَ هَلْ آمَنُكُمْ عَلَيْهِ إِلَّا كَمَا أَمِنْتُكُمْ عَلَى أَخِيهِ مِنْ قَبْلُ فَاللَّهُ خَيْرٌ حَافِظًا وَهُوَ أَرْحَمُ الرَّاحِمِينَ
(Йакуп:) “Мындан мурунку бир тууганын силерге ишенгеним сыйактуу муну да силерге ишенип берейинби? Канткен менен Аллах – толук Коргоочу жана Ал – ырайымдуулардын эң ырайымдуусу!” – деди.
a. Йусупту
65 وَلَمَّا فَتَحُوا مَتَاعَهُمْ وَجَدُوا بِضَاعَتَهُمْ رُدَّتْ إِلَيْهِمْ قَالُوا يَا أَبَانَا مَا نَبْغِي هَذِهِ بِضَاعَتُنَا رُدَّتْ إِلَيْنَا وَنَمِيرُ أَهْلَنَا وَنَحْفَظُ أَخَانَا وَنَزْدَادُ كَيْلَ بَعِيرٍ ذَلِكَ كَيْلٌ يَسِيرٌ
Алар жүктөрүн ачкан кезде өздөрүнө кайтарылган нерселерин табышты да (кубанып): “О ата! Эмне издейбиз... мына нерселерибиз өзүбүзгө кайтарылыптыр. /й-бүлөбүздү азык менен камсыз кылып, туугандарыбызды сактайбыз”. Буга (бул акчага) дагы бир төө дан-азык сатып алууга болот. Чындыгында, бул өлчөп алып келгенибиз аз эле да”, – дешти.
a. «Мына кубаныч, көктөн издегенибиз жерден табылды: азык да берип, акчабыз да кайра жибериптир!» - деген мааниде b. Кайтып келген акча менен дагы бир жолу соода кылып c. Ачарчылыктан, кыйынчылыктан… d. Бир эле төө азык, эки төө азык болсо мындан да жакшы болмок
66 قَالَ لَنْ أُرْسِلَهُ مَعَكُمْ حَتَّى تُؤْتُونِ مَوْثِقًا مِنَ اللَّهِ لَتَأْتُنَّنِي بِهِ إِلَّا أَنْ يُحَاطَ بِكُمْ فَلَمَّا آتَوْهُ مَوْثِقَهُمْ قَالَ اللَّهُ عَلَى مَا نَقُولُ وَكِيلٌ
Аталары: “ Силерге өлүм эле жетпесе аны милдеттүү түрдө алып келериңер тууралуу силер мага Аллахтын аты менен убада бермейиңерче аны мен силер менен чогуу жибере албаймын”, – деди. Ошентип алар аталарына убада беришкен кезде аталары: “Аллах айтканыбызга күбө!” – деди.
a. Йусуптун бир тууган агасы Банйаминди (Бул экөөсү бир ата, бир энеден)
67 وَقَالَ يَا بَنِيَّ لَا تَدْخُلُوا مِنْ بَابٍ وَاحِدٍ وَادْخُلُوا مِنْ أَبْوَابٍ مُتَفَرِّقَةٍ وَمَا أُغْنِي عَنْكُمْ مِنَ اللَّهِ مِنْ شَيْءٍ إِنِ الْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ عَلَيْهِ تَوَكَّلْتُ وَعَلَيْهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُتَوَكِّلُونَ
Балдарына: “Эй, балдарым! Шаарга бир капкадан кирбестен, бөлөк-бөлөк капкалардан киргиле. Бирок Аллахтын буйругу болсо мен силерден эч нерсени кайтара албаймын. Өкүм – Аллахка гана таандык. Ага гана тобокел кылдым. Ага тобокел кылуучулар – тобокел кылсын!” – деди.
a. Азык алганы баруучу Мисир шаарына b. дарбазадан c. Жолдо баратканда силерге кандайдыр-бир тоскоолодук болсо, же кайгы келсе d. Мен куткара албаймын. Куткаруучу – бир гана Аллах! e. “Аллахка гана тайандым!” f. Аллахка
68 وَلَمَّا دَخَلُوا مِنْ حَيْثُ أَمَرَهُمْ أَبُوهُمْ مَا كَانَ يُغْنِي عَنْهُمْ مِنَ اللَّهِ مِنْ شَيْءٍ إِلَّا حَاجَةً فِي نَفْسِ يَعْقُوبَ قَضَاهَا وَإِنَّهُ لَذُو عِلْمٍ لِمَا عَلَّمْنَاهُ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ
Алар аталарынын буйругундай (кылып ар башка капкалардан) киришсе деле Аллахтын (жазган) тагдырынан эч нерсени кетире алышмак эмес. Бирок Йакуп өз дилиндеги бир зарылдыкты гана аткарды. Анткени ал Биз үйрөткөн илимдин ээси эле. Бирок, аны адамдардын көбү билбейт.
a. Аталык насаатын айтып, аталык милдетин аткарды: “Аракет кылсаң – берекет”, “сактанганды сактаймын” нускаларын эскертти
69 وَلَمَّا دَخَلُوا عَلَى يُوسُفَ آوَى إِلَيْهِ أَخَاهُ قَالَ إِنِّي أَنَا أَخُوكَ فَلَا تَبْتَئِسْ بِمَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Алар Йусуптун жанына кирген кезде, Йусуп бир тууганын (Банйаминди) өз алдына алып: “Мен – сенин бир тууганыңмын. Алардын жасагандарына кайгырба!” – деди.
70 فَلَمَّا جَهَّزَهُمْ بِجَهَازِهِمْ جَعَلَ السِّقَايَةَ فِي رَحْلِ أَخِيهِ ثُمَّ أَذَّنَ مُؤَذِّنٌ أَيَّتُهَا الْعِيرُ إِنَّكُمْ لَسَارِقُونَ
Йусуп алардын жүктөрүн (сатып алган буйумдарын) камдаганда, суу ичүүчү идишин бир тууганынын (Банйаминдин) жүгүнүн арасына (катып) койуп, алар жолго аттанаарда бирөө: “Эй, кербенчилер! Силер анык ууру экенсиңер!” – деп үн салды.
71 قَالُوا وَأَقْبَلُوا عَلَيْهِمْ مَاذَا تَفْقِدُونَ
Алар тигилерге бурулуп: “Эмне жоготтуңар?” – дешти.
a. Йусуптун агалары b. Йусуптун кызматчыларына
72 قَالُوا نَفْقِدُ صُوَاعَ الْمَلِكِ وَلِمَنْ جَاءَ بِهِ حِمْلُ بَعِيرٍ وَأَنَا بِهِ زَعِيمٌ
Беркилер: “Падышанын суу өлчөөчү идишин жоготтук. Аны таап келген кишиге бир төө жүк (берилет). Мен ага кепилмин”, – деди.
73 قَالُوا تَاللَّهِ لَقَدْ عَلِمْتُمْ مَا جِئْنَا لِنُفْسِدَ فِي الْأَرْضِ وَمَا كُنَّا سَارِقِينَ
Алар: “Аллахтын аты менен ант беребиз! Чындыгында бул жерге бузукулук (жасоо) үчүн келбегенибизди билесиңер. Ошондуктан, биз – ууру эмеспиз”, – дешти.
74 قَالُوا فَمَا جَزَاؤُهُ إِنْ كُنْتُمْ كَاذِبِينَ
Булар: “Эгер жалганчы болсоңор, анын жазасы эмне болсун?” – дешти.
75 قَالُوا جَزَاؤُهُ مَنْ وُجِدَ فِي رَحْلِهِ فَهُوَ جَزَاؤُهُ كَذَلِكَ نَجْزِي الظَّالِمِينَ
Алар: “Анын жазасы – ал идиш кимдин жүгүнүн ичинен чыкса ошол өзү жазалансын. Биз заалымдарды ошентип жазалайбыз”, – дешти.
76 فَبَدَأَ بِأَوْعِيَتِهِمْ قَبْلَ وِعَاءِ أَخِيهِ ثُمَّ اسْتَخْرَجَهَا مِنْ وِعَاءِ أَخِيهِ كَذَلِكَ كِدْنَا لِيُوسُفَ مَا كَانَ لِيَأْخُذَ أَخَاهُ فِي دِينِ الْمَلِكِ إِلَّا أَنْ يَشَاءَ اللَّهُ نَرْفَعُ دَرَجَاتٍ مَنْ نَشَاءُ وَفَوْقَ كُلِّ ذِي عِلْمٍ عَلِيمٌ
(Йусуп) өз бир тууганынын жүгүнөн мурун, тигилердин жүгүн тинттирип, акырында идишти өзүнүн бир тууганынын жүгүнөн алып чыкты. Йусуп үчүн мына ушундай айла кылдык. Анткени, (Йусуп) падышанын мыйзамы бойунча бир тууганын алып кала алмак эмес. Бирок Аллахтын каалоосу (ушул). Биз каалаган гана кишинин даражасын көтөрүп койобуз. Ошентип ар бир илимдин ээсинин үстүндө бир Билүүчү бар.
a. Ошол кездеги Мисир падышасынын b. Баарынын үстүнөн Аллах карап турат
77 قَالُوا إِنْ يَسْرِقْ فَقَدْ سَرَقَ أَخٌ لَهُ مِنْ قَبْلُ فَأَسَرَّهَا يُوسُفُ فِي نَفْسِهِ وَلَمْ يُبْدِهَا لَهُمْ قَالَ أَنْتُمْ شَرٌّ مَكَانًا وَاللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا تَصِفُونَ
Алар: “Эгер бул (инибиз) уурулук кылган болсо, анда, албетте, анын тууганы да мурда уурулук кылган эле”, – дешти. Ошондо Йусуп ал сөздү жүрөгүндө сактап, аларга ачык айткан жок. (Ичинен:) “Силер абдан жаман орундасыңар. Силер сыпаттап жаткандарыңарды Аллах жакшы билет”, – деди.
a. Йусупка күнөөнү оодарууга далалат жасап, агаларынын бири: “Йусуп да жаш кезинде Лии аттуу тайэжесинин баалуу курун, же тайатасынын сөлөкөт-кудайын уурдап алган болчу”, - деп жалган айтып учурдан пайлаланып ага да жалаа жаап калууга үлгүрүштү b. Агалары өздөрү ошол Йусуптун алдында турганын билишпей, жалаа жаап жатканын билип туруп c. Силер өтө ыплас адамдарсыңар d. сүрөттөп айтып e. Чындыгы кандай болгонун
78 قَالُوا يَا أَيُّهَا الْعَزِيزُ إِنَّ لَهُ أَبًا شَيْخًا كَبِيرًا فَخُذْ أَحَدَنَا مَكَانَهُ إِنَّا نَرَاكَ مِنَ الْمُحْسِنِينَ
Алар: “Эй, кожойун! Мунун кары атасы бар. Ошондуктан анын ордуна (биздин) бирибизди алып кал. Чындыгында, биз сени жакшылык кылуучулардан экениңди көрүп турабыз”, – дешти.
a. “Атасы аны абдан жакшы көрөт” мааниде
79 قَالَ مَعَاذَ اللَّهِ أَنْ نَأْخُذَ إِلَّا مَنْ وَجَدْنَا مَتَاعَنَا عِنْدَهُ إِنَّا إِذًا لَظَالِمُونَ
(Йусуп): “Буйумубузду жанынан тапкан адамдан башкасын алып калуудан Аллах сактасын! Антсек, анда биз албетте, заалымдарбыз”, – деди.
80 فَلَمَّا اسْتَيْأَسُوا مِنْهُ خَلَصُوا نَجِيًّا قَالَ كَبِيرُهُمْ أَلَمْ تَعْلَمُوا أَنَّ أَبَاكُمْ قَدْ أَخَذَ عَلَيْكُمْ مَوْثِقًا مِنَ اللَّهِ وَمِنْ قَبْلُ مَا فَرَّطْتُمْ فِي يُوسُفَ فَلَنْ أَبْرَحَ الْأَرْضَ حَتَّى يَأْذَنَ لِي أَبِي أَوْ يَحْكُمَ اللَّهُ لِي وَهُوَ خَيْرُ الْحَاكِمِينَ
Алар андан үмүт үзүшкөн соң, өздөрүнчө шыбырашып, алардын эң жашы улуусу: “Билбейсиңерби!? Атаңар силерден Аллахтын аты менен убада алган. Мурда Йусуптун жоголушуна да силер айыптуусуңар. Ошондуктан, мага атам уруксат бергенге чейин же мен үчүн Аллах бир өкүм кылганга чейин ушул жерден такыр кетпеймин! Аллах – өкүм кылуучулардын эң мыктысы”, – деди.
a. Йусуптун Банйаминди бербешине көздөрү жетишкен соң