бөлүм Худ - هود

101 وَمَا ظَلَمْنَاهُمْ وَلَكِنْ ظَلَمُوا أَنْفُسَهُمْ فَمَا أَغْنَتْ عَنْهُمْ آلِهَتُهُمُ الَّتِي يَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ مِنْ شَيْءٍ لَمَّا جَاءَ أَمْرُ رَبِّكَ وَمَا زَادُوهُمْ غَيْرَ تَتْبِيبٍ

Биз аларга зулумдук кылбадык. Алар өздөрүнө зулумдук кылышты. Эгеңдин буйругу келген кезде, алардын Аллахтан башкага жалбаргандары өздөрүнө эч бир пайда алып келген жок. Зыйандарын гана арттыргандан башка кымындай да ишке жарабады.

a. Аларды кыйратуу тууралуу

102 وَكَذَلِكَ أَخْذُ رَبِّكَ إِذَا أَخَذَ الْقُرَى وَهِيَ ظَالِمَةٌ إِنَّ أَخْذَهُ أَلِيمٌ شَدِيدٌ

Эгең аларды алганда, шаарлардын заалым элдерин ушунтип алат. Албетте, Анын соккусу жан чыдагыс катуу.

a. Эй, Мухаммед! b. Кыйратуу менен жандарын алган кезде c. Алуусу, кармоосу, азабы, жазасы

103 إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَةً لِمَنْ خَافَ عَذَابَ الْآخِرَةِ ذَلِكَ يَوْمٌ مَجْمُوعٌ لَهُ النَّاسُ وَذَلِكَ يَوْمٌ مَشْهُودٌ

Акыйкатта, бул айтылган байандарда акырет азабынан корккон адамдар үчүн насааттар бар. Кыйамат – бардык адамдар жыйнала турган жана күбө боло турган күн.

a. Адамдардын азап-жыргалына, тозок-бейишине күбө боло турган

104 وَمَا نُؤَخِّرُهُ إِلَّا لِأَجَلٍ مَعْدُودٍ

Ал эми Кыйамат Күнүн белгилүү бир убакытка чейин гана кечиктиребиз.

105 يَوْمَ يَأْتِ لَا تَكَلَّمُ نَفْسٌ إِلَّا بِإِذْنِهِ فَمِنْهُمْ شَقِيٌّ وَسَعِيدٌ

Ал Күн келгенде, Аллахтын уруксатысыз эч ким сүйлөбөйт. Алардын (адамдардын) шордуусу да, бактылуусу да бар.

a. Тозокко түшүүчүлөр b. Бейишке кирүүчүлөр

106 فَأَمَّا الَّذِينَ شَقُوا فَفِي النَّارِ لَهُمْ فِيهَا زَفِيرٌ وَشَهِيقٌ

Шордуулар Тозокто какшап ыйлашат, онтошот, озондошот.

107 خَالِدِينَ فِيهَا مَا دَامَتِ السَّمَاوَاتُ وَالْأَرْضُ إِلَّا مَا شَاءَ رَبُّكَ إِنَّ رَبَّكَ فَعَّالٌ لِمَا يُرِيدُ

Алар Тозокто асмандар менен жер канча турса ошончо жылдап калышат. Бирок, Эгең кааласа... анда – башка. Чындыгында, Эгең Өзү каалагандай жасайт.

a. Узак жалдар бойу, өлүм, кайгы, оору, ичитардык, көралбастык ж.б.у.с. жамандыктарды билбестен, бейпил турмушта, бакытка мелт-калт болгон, бир да кемчилиги жок өмүр кечиришет b. Аллах дүйнөлөрдүн өмүр сүрүү мөөнөтүн Өзү каалагандай өзгөртүшү мүмкүн.

108 وَأَمَّا الَّذِينَ سُعِدُوا فَفِي الْجَنَّةِ خَالِدِينَ فِيهَا مَا دَامَتِ السَّمَاوَاتُ وَالْأَرْضُ إِلَّا مَا شَاءَ رَبُّكَ عَطَاءً غَيْرَ مَجْذُوذٍ

Ал эми бактылуу болгондор, Бейиште болушат. Алар бейиште асмандар менен жер канча турса ошончо жыл жашап калышат. Бирок, Эгең кааласа... анда – башка. Бул – эч качан түгөнбөгөн сыйлык.

a. Бейиш

109 فَلَا تَكُ فِي مِرْيَةٍ مِمَّا يَعْبُدُ هَؤُلَاءِ مَا يَعْبُدُونَ إِلَّا كَمَا يَعْبُدُ آبَاؤُهُمْ مِنْ قَبْلُ وَإِنَّا لَمُوَفُّوهُمْ نَصِيبَهُمْ غَيْرَ مَنْقُوصٍ

Анда алардын сыйынгандары тууралуу күдүктөнбө. Алар ата-бабалары сыйактуу эле (өздөрү билип билбей) мурдатан сыйынып келгендерге сыйынышат. Албетте, Биз алардын шыбагаларын кемитпестен беребиз.

a. Мушриктердин, будпарастардын кудайлары тууралуу b. Алардын акыйкат жолдон чыгып кеткени шексиз жана алар кыйроого учуроочулар c. жазасын

110 وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَى الْكِتَابَ فَاخْتُلِفَ فِيهِ وَلَوْلَا كَلِمَةٌ سَبَقَتْ مِنْ رَبِّكَ لَقُضِيَ بَيْنَهُمْ وَإِنَّهُمْ لَفِي شَكٍّ مِنْهُ مُرِيبٍ

Ырасында, Мусага Китеп бердик. Ошондо да ал (Тоорат) тууралуу кайчылаш пикирлер болгон. Эгер Эгеңден Сөз берилбегенде, анда аларга өкүм жиберилмек. Албетте, алар Курандан шектенишүүдө.

a. Эй, Мухаммед! b. Бардык эсеп-сот Кыйамат Күнү болот деген убада Аллах тарабынан убада кылынбаган болгондо, анда алардын сөзү туура, же туура эмес экени дароо эле ачык билдирилип, жазасы, же сыйы да дароо берилмек. c. Тораттан билип турушуп да Куран Аладан түшкөн Китеп экендигинен күмөнсүрөөдө

111 وَإِنَّ كُلًّا لَمَّا لَيُوَفِّيَنَّهُمْ رَبُّكَ أَعْمَالَهُمْ إِنَّهُ بِمَا يَعْمَلُونَ خَبِيرٌ

Албетте, Эгең алардын бардыгынын жасагандарынын акысын толук кылып берет. Чындыгында, Ал – алардын кылып жаткан иштеринен Кабардар!

a. Эй, Мухаммед! b. Же толук жаза менен жазалайт, же толук сый менен сыйлайт

112 فَاسْتَقِمْ كَمَا أُمِرْتَ وَمَنْ تَابَ مَعَكَ وَلَا تَطْغَوْا إِنَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ

Сен жана сени менен бирге тообо кылган адамдар да силерге (Аллахтан) буйурулгандай Туура Жолдо болгула! Чектен ашпагыла. Чындыгында, Ал – жасап жаткан ишиңерди толук Көрүүчү!

a. Эй, Мухаммед! b. Исламдын ичинде, жолунда c. Аллах

113 وَلَا تَرْكَنُوا إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُوا فَتَمَسَّكُمُ النَّارُ وَمَا لَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ مِنْ أَوْلِيَاءَ ثُمَّ لَا تُنْصَرُونَ

Ошондуктан зулумдук кылгандарга ыктабагыла. Антчү болсоңор анда, Тозок оту силерге да жетет. Силер үчүн Аллахтан башка дос жок. Анда силерге жардам да болбойт!

a. Тайанбагыла b. Эгер силер аларды ээрчип, ыктап кетсеңер

114 وَأَقِمِ الصَّلَاةَ طَرَفَيِ النَّهَارِ وَزُلَفًا مِنَ اللَّيْلِ إِنَّ الْحَسَنَاتِ يُذْهِبْنَ السَّيِّئَاتِ ذَلِكَ ذِكْرَى لِلذَّاكِرِينَ

Күндүздүн эки тарабында, түндүн таңга ыктаган бөлүгүндө намаздарды толук аткаргыла. Чынында жакшылыктар – жамандыктарды кетирет. Бул – түшүнгөндөр үчүн эскертүү.

a. Эй, Мухаммед! b. Багымдат жана дигер намаздары учурунда c. Тахажжут намазы учурунда d. Жакшы амалдар күнөөлөрдүн жуулуп кетишине себеп болот

115 وَاصْبِرْ فَإِنَّ اللَّهَ لَا يُضِيعُ أَجْرَ الْمُحْسِنِينَ

Сабырдуу бол. Чындыгында, Аллах жакшы иш-амалдарды жасагандардын мээнетин текке кетирбейт.

a. Эй, Мухаммед! b. Каапылардан, мушриктерден келүүчү азаптарды тарткан кезде динден кайтпастан

116 فَلَوْلَا كَانَ مِنَ الْقُرُونِ مِنْ قَبْلِكُمْ أُولُو بَقِيَّةٍ يَنْهَوْنَ عَنِ الْفَسَادِ فِي الْأَرْضِ إِلَّا قَلِيلًا مِمَّنْ أَنْجَيْنَا مِنْهُمْ وَاتَّبَعَ الَّذِينَ ظَلَمُوا مَا أُتْرِفُوا فِيهِ وَكَانُوا مُجْرِمِينَ

Силерден мурдакы кылымдардагы акыл ээлери жер жүзүндөгү бузукулуктан тыйылышкан болсо... Бирок алардын азыраагын гана куткардык. Заалымдар өздөрүнүн жеке турмушунун жыргалчылыктарынын артынан сайа кууп түшүп алышты да, күнөөгө батышты.

a. Кыйроого учурашмак эмес. b. Анткени алардын арасында Аллахка ыйман келтирип, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосуучулар абдан аз болчу. c. Ошондуктан Биз аларды кыйраттык

117 وَمَا كَانَ رَبُّكَ لِيُهْلِكَ الْقُرَى بِظُلْمٍ وَأَهْلُهَا مُصْلِحُونَ

Эгең калкы түз жүргөн шаарлардын элин орунсуз жерден кыйратпайт.

a. Эй, Мухаммед!

118 وَلَوْ شَاءَ رَبُّكَ لَجَعَلَ النَّاسَ أُمَّةً وَاحِدَةً وَلَا يَزَالُونَ مُخْتَلِفِينَ

Эгер Эгең кааласа, адамдарды бир коом кылып койор эле. Бирок (эми) алар түбөлүк карама-каршылыкта болушат.

a. Эй, Мухаммед! b. Баары түз жолдо жүргөн, күнөөдөн корккон, ыймандуу, бир эле динди карманган c. Анткени Аллах Таала алардын бир үммөт болушун каалаган жок. Аны сырын болсо бир гана Аллах Таала билет. Бирок коомдун бир нече бөлүктөн туруусу – Аллахтын сыноосунан адамдарды өткөрүү үчүн керек. Ким кааласа Исламды, ким кааласа, башка динди тандоо эркиндиги берилген

119 إِلَّا مَنْ رَحِمَ رَبُّكَ وَلِذَلِكَ خَلَقَهُمْ وَتَمَّتْ كَلِمَةُ رَبِّكَ لَأَمْلَأَنَّ جَهَنَّمَ مِنَ الْجِنَّةِ وَالنَّاسِ أَجْمَعِينَ

Бирок, Эгең мээримин төккөндөр гана (Исламга кирет). Аларды ошол үчүн жаратты. Ошол үчүн Эгеңдин: “Албетте, Тозокту бүткүл жиндер жана адамдар менен толтурамын”, – дегени шексиз орундалат.

120 وَكُلًّا نَقُصُّ عَلَيْكَ مِنْ أَنْبَاءِ الرُّسُلِ مَا نُثَبِّتُ بِهِ فُؤَادَكَ وَجَاءَكَ فِي هَذِهِ الْحَقُّ وَمَوْعِظَةٌ وَذِكْرَى لِلْمُؤْمِنِينَ

Сага пайгамбарлар байанын дилиңди кубаттандыруу үчүн айтып бердик. Мында сага акыйкат жана момундар үчүн насыйкат, эскертүү келди.

a. Эй, Мухаммед!