61 وَإِلَى ثَمُودَ أَخَاهُمْ صَالِحًا قَالَ يَا قَوْمِ اعْبُدُوا اللَّهَ مَا لَكُمْ مِنْ إِلَهٍ غَيْرُهُ هُوَ أَنْشَأَكُمْ مِنَ الْأَرْضِ وَاسْتَعْمَرَكُمْ فِيهَا فَاسْتَغْفِرُوهُ ثُمَّ تُوبُوا إِلَيْهِ إِنَّ رَبِّي قَرِيبٌ مُجِيبٌ
Самуд элине өздөрүнүн тууганы Салихти (пайгамбар) кылып жибердик. (Ал:) “Эй, элим! Аллахка гана сыйынгыла. Силердин Андан башка эч бир Кудайыңар жок. Ал силерди жерден жаратып, анда өмүр сүргүздү. Эми Андан кечирим сурагыла. Ага тооба кылгыла. Чындыгында, Эгем (бизге) жакын. Ал тилектерди кабыл кылуучу”, – деди.
a. Аллахтан башка кудай жок. Ал – бардык жан-жансыз заттардын, макулуктардын, асман-жердин, ай-ааламдын...жана бардык элдердин Кудайы!