бөлүм Худ - هود

81 قَالُوا يَا لُوطُ إِنَّا رُسُلُ رَبِّكَ لَنْ يَصِلُوا إِلَيْكَ فَأَسْرِ بِأَهْلِكَ بِقِطْعٍ مِنَ اللَّيْلِ وَلَا يَلْتَفِتْ مِنْكُمْ أَحَدٌ إِلَّا امْرَأَتَكَ إِنَّهُ مُصِيبُهَا مَا أَصَابَهُمْ إِنَّ مَوْعِدَهُمُ الصُّبْحُ أَلَيْسَ الصُّبْحُ بِقَرِيبٍ

(Периштелер:) “Эй, Лут! Чындыгында биз Эгеңдин элчилерибиз. Алар сага эч качан тийише алышпайт. Түндүн бир оокумунда үй- бүлөң менен дароо жолго чык. Жубайыңдан башка эч кимиси артта калбасын. Анткени келе турган апаат ага да жетет. Алардын убадасы таң. Таң жакын эмеспи?” – деди.

a. Ушул таңда Аллахтын буйругу менен алар тирүүлөй чыккыс кырсыкка кабылышып, жок болушат

82 فَلَمَّا جَاءَ أَمْرُنَا جَعَلْنَا عَالِيَهَا سَافِلَهَا وَأَمْطَرْنَا عَلَيْهَا حِجَارَةً مِنْ سِجِّيلٍ مَنْضُودٍ

Аларга апаат маалы келген кезде ал жердин үстүн астына келтирдик да, бышырылган таштарды тынымсыз жаадырдык.

a. Астын үстүн кылып оодарып салдык b. Ылайдан от менен бышырылып, өтө ысытылган түрдө

83 مُسَوَّمَةً عِنْدَ رَبِّكَ وَمَا هِيَ مِنَ الظَّالِمِينَ بِبَعِيدٍ

Бул – Эгеңдин алдында белигиленген эле. Мындай апаат – заалымдардан узак эмес.

a. Мындай апаат Аллах тарабынан залымдарга качан гана болбосун кечиктирилбестен жиберилет

84 وَإِلَى مَدْيَنَ أَخَاهُمْ شُعَيْبًا قَالَ يَا قَوْمِ اعْبُدُوا اللَّهَ مَا لَكُمْ مِنْ إِلَهٍ غَيْرُهُ وَلَا تَنْقُصُوا الْمِكْيَالَ وَالْمِيزَانَ إِنِّي أَرَاكُمْ بِخَيْرٍ وَإِنِّي أَخَافُ عَلَيْكُمْ عَذَابَ يَوْمٍ مُحِيطٍ

Мадйанга тууганы Шуайпты (пайгамбар кылып) жибердик. (Ал:) “Эй, элим! Аллахка гана сыйынгыла. Силердин Андан башка эч бир Кудайыңар жок. Өлчөмдү жана салмакты (таразадан) кемитпегиле. Чындыгында, мен силерди жакшылыкта көрүп турам. Бирок, мен силер үчүн Кыйамат Күнүнүн ороп алуучу оор азабынан корком” – (деди).

a. Элдин аты b. кезди c. Кемитип сатып, арам жол менен байууну көздөбөгүлө

85 وَيَا قَوْمِ أَوْفُوا الْمِكْيَالَ وَالْمِيزَانَ بِالْقِسْطِ وَلَا تَبْخَسُوا النَّاسَ أَشْيَاءَهُمْ وَلَا تَعْثَوْا فِي الْأَرْضِ مُفْسِدِينَ

“Эй, элим! Өлчөөнү, (таразада) тартууну толук аткаргыла, адамдардын нерселерин (акыларын) кемитпегиле! Жер жүзүндө бузукулук кылбагыла.

a. “Соода сатыкта иштегендер таразадан тартып берип жатканда, кардарды алдап кымтып калбастан, толук тартып соода кылгыла, Анткени Аллах силерди дайым көрүп турат!» Ал эми соодаңар кез менен өлчөнө турган буйум болсо, толук кымтып калбай толук өлчөгүлө!

86 بَقِيَّتُ اللَّهِ خَيْرٌ لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ وَمَا أَنَا عَلَيْكُمْ بِحَفِيظٍ

Эгер момун болсоңор, анда чындыгында силер үчүн Аллахтын калтырган (адал) нерсеси жакшыраак. Мен силердин үстүңөрдөн кароолчу эмесмин”,–деди.

a. Адал эмгек менен иштеп тапкан байлык, мүлк, киреше…

87 قَالُوا يَا شُعَيْبُ أَصَلَاتُكَ تَأْمُرُكَ أَنْ نَتْرُكَ مَا يَعْبُدُ آبَاؤُنَا أَوْ أَنْ نَفْعَلَ فِي أَمْوَالِنَا مَا نَشَاءُ إِنَّكَ لَأَنْتَ الْحَلِيمُ الرَّشِيدُ

Алар: “Эй, Шуайб! Биздин ата-бабаларыбыз сыйынган нерсени таштоону, же өз мал-мүлкүбүздү кантип иштетүүнү эмне, сага намазың буйуруп жатабы? Чындыгында, сен өтө жумшак, туура жолдо болуучусуң”, – дешти.

88 قَالَ يَا قَوْمِ أَرَأَيْتُمْ إِنْ كُنْتُ عَلَى بَيِّنَةٍ مِنْ رَبِّي وَرَزَقَنِي مِنْهُ رِزْقًا حَسَنًا وَمَا أُرِيدُ أَنْ أُخَالِفَكُمْ إِلَى مَا أَنْهَاكُمْ عَنْهُ إِنْ أُرِيدُ إِلَّا الْإِصْلَاحَ مَا اسْتَطَعْتُ وَمَا تَوْفِيقِي إِلَّا بِاللَّهِ عَلَيْهِ تَوَكَّلْتُ وَإِلَيْهِ أُنِيبُ

(Шуайб:) “Эй, калкым! Айткылачы: Эгер мен Эгем тарабынан ачык далилдер үстүндө болсом, анан (Аллах) Өз алдынан жакшы ырыскыларды жиберип жатса, мен силерге каршы чыгып, силерди тыйып жаткан нерсени өзүм жасоону каалабаймын. Мен алымдын жетишинче түзөтүүнү гана каалаймын. Менин ийгилигим – Аллахка гана таандык. Ага тобокел кылдым жана Ага гана мойун сунамын.

a. Четке кагууга мүмкүн болбогон, Аллах тарабынан түшүрүлгөн далилдерим боло туруп

89 وَيَا قَوْمِ لَا يَجْرِمَنَّكُمْ شِقَاقِي أَنْ يُصِيبَكُمْ مِثْلُ مَا أَصَابَ قَوْمَ نُوحٍ أَوْ قَوْمَ هُودٍ أَوْ قَوْمَ صَالِحٍ وَمَا قَوْمُ لُوطٍ مِنْكُمْ بِبَعِيدٍ

Эй, элим! Мага каршы чыгышыңар – силерге Нухтун элине, Худдун элине, же Салихтин элине келгендей оор кыйынчылыктын келишине себепчи болбосун. Ошондой эле, Лут эли да силерден алыс эмес.

a. Лут элинде жазаланып калууңар деле узак убакытта болуучу нерсе эмес

90 وَاسْتَغْفِرُوا رَبَّكُمْ ثُمَّ تُوبُوا إِلَيْهِ إِنَّ رَبِّي رَحِيمٌ وَدُودٌ

Эгеңерден кечирим сурагыла. Ага тообо кылгыла. Чындыгында, менин Эгем абдан Мээримдүү, өзгөчө Сүйүүчү!” – деп айтты.

91 قَالُوا يَا شُعَيْبُ مَا نَفْقَهُ كَثِيرًا مِمَّا تَقُولُ وَإِنَّا لَنَرَاكَ فِينَا ضَعِيفًا وَلَوْلَا رَهْطُكَ لَرَجَمْنَاكَ وَمَا أَنْتَ عَلَيْنَا بِعَزِيزٍ

Алар: “Эй, Шуайб! Биз айткандарыңдын көбүн түшүнбөйбүз. Анын үстүнө биз сени өзүбүздөн төмөн деп эсептейбиз. Эгер сенин туугандарың болбогондо ташбараңга алып өлтүрмөкбүз. Анткени сен биз үчүн кадырлуу эмессиң!” – деди.

a. Шуайптын каапырлардын арасында карылуу саналган туугандары болгон. Каапырлар Аллахтан эмес, ошолордон тартынышкан

92 قَالَ يَا قَوْمِ أَرَهْطِي أَعَزُّ عَلَيْكُمْ مِنَ اللَّهِ وَاتَّخَذْتُمُوهُ وَرَاءَكُمْ ظِهْرِيًّا إِنَّ رَبِّي بِمَا تَعْمَلُونَ مُحِيطٌ

(Шуайб:) “Эй, элим! Силерге Аллахтан да туугандарым кадырлуубу? Аллахты артыңарга таштап жатасыңар. Албетте, Эгем силер эмне кылып жатканыңарды билип, ороп алуучу!

93 وَيَا قَوْمِ اعْمَلُوا عَلَى مَكَانَتِكُمْ إِنِّي عَامِلٌ سَوْفَ تَعْلَمُونَ مَنْ يَأْتِيهِ عَذَابٌ يُخْزِيهِ وَمَنْ هُوَ كَاذِبٌ وَارْتَقِبُوا إِنِّي مَعَكُمْ رَقِيبٌ

Эй, калкым! Колуңардан келгенин жасагыла, мен да (колумдан келгенин) жасаймын. Жакында кордук алып келүүчү азаптын кимге келе турганын жана кимдин жалганчы экенин билесиңер. Эми күткүлө, мен да силер менен чогуу күтөм”, – деди.

a. Аллах алдындагы өз милдетимди так аткарууну уланта берем b. Келе турган азапты

94 وَلَمَّا جَاءَ أَمْرُنَا نَجَّيْنَا شُعَيْبًا وَالَّذِينَ آمَنُوا مَعَهُ بِرَحْمَةٍ مِنَّا وَأَخَذَتِ الَّذِينَ ظَلَمُوا الصَّيْحَةُ فَأَصْبَحُوا فِي دِيَارِهِمْ جَاثِمِينَ

Буйругубуз келген кезде Шуайбды жана аны менен бирге ыйман келтиргендерди ырайымыбыз менен куткардык да, заалымдык кылгандарды өтө катуу чыккан үн менен алдык, алар үстөмөн түшкөн бойунча өз журттарында жок болушту.

a. Аларды жазалоо тууралуу b. Жандарын сууруп алып

95 كَأَنْ لَمْ يَغْنَوْا فِيهَا أَلَا بُعْدًا لِمَدْيَنَ كَمَا بَعِدَتْ ثَمُودُ

Алар жерде эч качан алар жашабагандай (тыптыйпыл кылдык). Эсиңерде болсун: Самуд эли ырайымдан оолак калгандай эле, Мадйан эли да ырайымдан четте калды.

a. Аллахтын ырайымынан

96 وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا مُوسَى بِآيَاتِنَا وَسُلْطَانٍ مُبِينٍ

Акыйкатта, Мусаны айаттарыбыз жана даана далилдер менен (пайгамбыр кылып) жөнөттүк.

97 إِلَى فِرْعَوْنَ وَمَلَئِهِ فَاتَّبَعُوا أَمْرَ فِرْعَوْنَ وَمَا أَمْرُ فِرْعَوْنَ بِرَشِيدٍ

Фараонго жана анын жан-жөкөрлөрүнө жиберсек, алар Фараондун буйругуна баш ийишти. Фараондун буйругу туура эмес болчу.

a. Фараондун Жан-жөкөрлөрү b. Ыйманга келбей койушту

98 يَقْدُمُ قَوْمَهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ فَأَوْرَدَهُمُ النَّارَ وَبِئْسَ الْوِرْدُ الْمَوْرُودُ

(Фараон) Кыйамат күнү өз элинин алдына түшүп, (баштап барып) аларды тозокко түшүрөт. Ал – түшө тургандардын (ичинен) эң жаман жер!

99 وَأُتْبِعُوا فِي هَذِهِ لَعْنَةً وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ بِئْسَ الرِّفْدُ الْمَرْفُودُ

Бул дүйнөдө да, Кыйамат Күнүндө да каргыш аларды коштоп жүрөт. Ал – кандай жаман “белек”!

100 ذَلِكَ مِنْ أَنْبَاءِ الْقُرَى نَقُصُّهُ عَلَيْكَ مِنْهَا قَائِمٌ وَحَصِيدٌ

Ушул – (кыйратылган) шаарлардын кабары. Сага аны (Биз) байан кылуудабыз. Алардын айрымдары али бар, айрымдары тыйпыл болгон.

a. Эй, Мухаммед!