бөлүм Худ - هود

1 الر كِتَابٌ أُحْكِمَتْ آيَاتُهُ ثُمَّ فُصِّلَتْ مِنْ لَدُنْ حَكِيمٍ خَبِيرٍ

Алиф, лам, ра. Бул (Куран) – айаттары бекитилген жана Даанышман, Билүүчү (Аллах) тарабынан ачык байан кылынган Китеп.

a. Мааниси бир Аллахка маалым

2 أَلَّا تَعْبُدُوا إِلَّا اللَّهَ إِنَّنِي لَكُمْ مِنْهُ نَذِيرٌ وَبَشِيرٌ

Аллахтан башкага сыйынбагыла! Чындыгында, Мен силерге Ал тараптан эскертүүчү жана Кубандыруучумун.

a. Аллах тараптан келген

3 وَأَنِ اسْتَغْفِرُوا رَبَّكُمْ ثُمَّ تُوبُوا إِلَيْهِ يُمَتِّعْكُمْ مَتَاعًا حَسَنًا إِلَى أَجَلٍ مُسَمًّى وَيُؤْتِ كُلَّ ذِي فَضْلٍ فَضْلَهُ وَإِنْ تَوَلَّوْا فَإِنِّي أَخَافُ عَلَيْكُمْ عَذَابَ يَوْمٍ كَبِيرٍ

Эгеңерден кечирим тилеп, Ага тообо кылгыла. Ал силерди белгилүү мөөнөткө чейин көркөм түрдө пайдаландырат да, ар бир жакшылык ээсине сыйлык берет. Эгер (Аллахтан) жүз бурсаңар, чынында, силер үчүн Улуу Күндүн азабынан коркомун.

a. бул дүйнө жыргалдарынан

4 إِلَى اللَّهِ مَرْجِعُكُمْ وَهُوَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

Кайтуучу жериңер Аллах тарап. Ал бардык нерсеге Кудуреттүү.

5 أَلَا إِنَّهُمْ يَثْنُونَ صُدُورَهُمْ لِيَسْتَخْفُوا مِنْهُ أَلَا حِينَ يَسْتَغْشُونَ ثِيَابَهُمْ يَعْلَمُ مَا يُسِرُّونَ وَمَا يُعْلِنُونَ إِنَّهُ عَلِيمٌ بِذَاتِ الصُّدُورِ

Эсиңерде болсун: Алар Андан жашынуу үчүн көкүрөктөрүн кумтулап алышат. Билгиле: Алар кийимдерин оронгон кезде да ашкере жана көмүскө жасаган иштерин жакшы билет. Акыйкатта, Ал – көөдөндөгүлөрдү Билүүчү!

a. Ислам дининин душмандары b. Аллахтан c. Терсайак, көк, куру намыс, кем акыл болуп алышат d. Аллах Таала

6 وَمَا مِنْ دَابَّةٍ فِي الْأَرْضِ إِلَّا عَلَى اللَّهِ رِزْقُهَا وَيَعْلَمُ مُسْتَقَرَّهَا وَمُسْتَوْدَعَهَا كُلٌّ فِي كِتَابٍ مُبِينٍ

Жер бетиндеги бардык жан-жаныбардын ырыскысы – Аллахтан келет. Ал алардын туруктуу жана убактылуу ордуларын билет. Баарысы Ачык Китепте (жазылуу).

a. Бул дүйнөдөгү турагы b. Өлгөндөн кийин, же жатын(Тафсир ал-Жалалайн) c. Лавхул Махфузда

7 وَهُوَ الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ فِي سِتَّةِ أَيَّامٍ وَكَانَ عَرْشُهُ عَلَى الْمَاءِ لِيَبْلُوَكُمْ أَيُّكُمْ أَحْسَنُ عَمَلًا وَلَئِنْ قُلْتَ إِنَّكُمْ مَبْعُوثُونَ مِنْ بَعْدِ الْمَوْتِ لَيَقُولَنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا إِنْ هَذَا إِلَّا سِحْرٌ مُبِينٌ

Ал кимиңер жакшы амал кылышыңарды сыноо үчүн асмандар менен жерди алты күндө жаратты жана Анын Аршы суу үстүндө эле. Аларга: “Силер өлгөндөн кийин тирилесиңер”, – деп айтсаң, каапырлар: “Чындыгында, бул – даана сыйкыр”, – дешет.

a. Аллах тарабынан суу – Арштан кийин жаратылган

8 وَلَئِنْ أَخَّرْنَا عَنْهُمُ الْعَذَابَ إِلَى أُمَّةٍ مَعْدُودَةٍ لَيَقُولُنَّ مَا يَحْبِسُهُ أَلَا يَوْمَ يَأْتِيهِمْ لَيْسَ مَصْرُوفًا عَنْهُمْ وَحَاقَ بِهِمْ مَا كَانُوا بِهِ يَسْتَهْزِئُونَ

Эгер алардан азапты белгилүү мөөнөткө чейин кечиктирсек, алар: “Эмне үчүн кечигүүдө?” – дешет. Аларга азап келген күнү,тосулбайт. Алардын шылдыңдаган нерсеси, өздөрүнүн баштарына түшөт.

a. алардан

9 وَلَئِنْ أَذَقْنَا الْإِنْسَانَ مِنَّا رَحْمَةً ثُمَّ نَزَعْنَاهَا مِنْهُ إِنَّهُ لَيَئُوسٌ كَفُورٌ

Эгер Биз адам баласына ырайым таттырып, андан соң аны андан алып койсок, үмүтсүз каапырга айланат!

a. ага тартуулаган жакшылыкты

10 وَلَئِنْ أَذَقْنَاهُ نَعْمَاءَ بَعْدَ ضَرَّاءَ مَسَّتْهُ لَيَقُولَنَّ ذَهَبَ السَّيِّئَاتُ عَنِّي إِنَّهُ لَفَرِحٌ فَخُورٌ

Ага жеткен кыйынчылыктан кийин, жакшылыктарыбызды жиберсек: “Ал жамандыктар менден кетти!” – деп, аша сүйүнүп, мактанат.

a. Ошол азаптан өз акылдуулугунан гана кутулуп кеткендей өзүн кыйын сезип, куткарган Жаратуучусун унутуп текеберленет

11 إِلَّا الَّذِينَ صَبَرُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ أُولَئِكَ لَهُمْ مَغْفِرَةٌ وَأَجْرٌ كَبِيرٌ

Бирок сабыр кылып, жакшы иштерди жасагандар үчүн кечирим жана улуу сыйлык (бар).

a. Аллахтын алдында

12 فَلَعَلَّكَ تَارِكٌ بَعْضَ مَا يُوحَى إِلَيْكَ وَضَائِقٌ بِهِ صَدْرُكَ أَنْ يَقُولُوا لَوْلَا أُنْزِلَ عَلَيْهِ كَنْزٌ أَوْ جَاءَ مَعَهُ مَلَكٌ إِنَّمَا أَنْتَ نَذِيرٌ وَاللَّهُ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ وَكِيلٌ

Мүмкүн сен алардын: “Эмнеге ага казына түшүрүлбөйт, же аны менен бирге периште келбейт” – деп айткандарына көкүрөгүң кысылып, өзүңө айан кылынган нерсенин кээ бирин балким таштагың (айтпагың) келээр!? Чындыгында, сен эскертүүчү ганасың. Аллах – бардык нерсеге Көзөмөлчү!

a. Мухаммед (а.с.) b. Эй, Мухаммед!

13 أَمْ يَقُولُونَ افْتَرَاهُ قُلْ فَأْتُوا بِعَشْرِ سُوَرٍ مِثْلِهِ مُفْتَرَيَاتٍ وَادْعُوا مَنِ اسْتَطَعْتُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

(Алар:) “Аны өзү ойлоп тапты”, – деп айтышты. Аларга: “Эгер айтканыңар чын болсо, Аллахтан башка каалаганыңарга (буддарыңарга) кайрылып, ойдон чыгарып болсо да ушул сыйактуу, же ушуга окшош он сүрө түшүрүп көргүлөчү”, – деп айт.

a. Куранды

14 فَإِلَّمْ يَسْتَجِيبُوا لَكُمْ فَاعْلَمُوا أَنَّمَا أُنْزِلَ بِعِلْمِ اللَّهِ وَأَنْ لَا إِلَهَ إِلَّا هُوَ فَهَلْ أَنْتُمْ مُسْلِمُونَ

Эгер чакырган, кайрылган нерсеңер силерге жооп бербесе, анда, чыны менен эле бул Куран Аллахтын илиминен түшүрүлгөнүн жана Аллахтан башка кудай жок экенин билгиле. Мойун сунасыңарбы?” – деп айт.

15 مَنْ كَانَ يُرِيدُ الْحَيَاةَ الدُّنْيَا وَزِينَتَهَا نُوَفِّ إِلَيْهِمْ أَعْمَالَهُمْ فِيهَا وَهُمْ فِيهَا لَا يُبْخَسُونَ

Ким дүйнө жашоосун жана анын кооздуктарын кааласа, дүйнөдөн алар каалаган нерселеринин баарын ушунтип беребиз: алар бул жерде эч нерседен кем болушпайт.

16 أُولَئِكَ الَّذِينَ لَيْسَ لَهُمْ فِي الْآخِرَةِ إِلَّا النَّارُ وَحَبِطَ مَا صَنَعُوا فِيهَا وَبَاطِلٌ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ

Бирок, аларга акыретте Тозок отунан башка эч нерсе жок. Дүйнөдө жасаган амалдарынын баары текке кетет. Алардын кылгандары бошко кетүүчү нерселер.

17 أَفَمَنْ كَانَ عَلَى بَيِّنَةٍ مِنْ رَبِّهِ وَيَتْلُوهُ شَاهِدٌ مِنْهُ وَمِنْ قَبْلِهِ كِتَابُ مُوسَى إِمَامًا وَرَحْمَةً أُولَئِكَ يُؤْمِنُونَ بِهِ وَمَنْ يَكْفُرْ بِهِ مِنَ الْأَحْزَابِ فَالنَّارُ مَوْعِدُهُ فَلَا تَكُ فِي مِرْيَةٍ مِنْهُ إِنَّهُ الْحَقُّ مِنْ رَبِّكَ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يُؤْمِنُونَ

Эгеңдин өзгөчө далили, ага кошумча күбөсү да болгон мурунку жол көрсөткүч жана ырайым түрүндөгү Мусанын Китебине ээ болгондор – мына ошолор ага ишенгендер. Элдерден ким ага каршы чыкса анда, анын убада кылынган жери – От. Сен да андан күдүктөнбө. Ырасында, ал – Эгеңден (келген) Акыйкат. Бирок адамдардын көбү (ага) ишенишпейт.

a. Куранга b. Куранга

18 وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ افْتَرَى عَلَى اللَّهِ كَذِبًا أُولَئِكَ يُعْرَضُونَ عَلَى رَبِّهِمْ وَيَقُولُ الْأَشْهَادُ هَؤُلَاءِ الَّذِينَ كَذَبُوا عَلَى رَبِّهِمْ أَلَا لَعْنَةُ اللَّهِ عَلَى الظَّالِمِينَ

Аллахка жалган жалаа жапкандан да заалымыраак ким бар? Мына ошолор Эгеңердин алдына алынып келинет да – күбөлөрү: “Мына ушулар Эгесине жалаа жапкандар!” – дешет. Эсиңерде болсун: Аллахтын каргышы – заалымдарга эмеспи?!

19 الَّذِينَ يَصُدُّونَ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ وَيَبْغُونَهَا عِوَجًا وَهُمْ بِالْآخِرَةِ هُمْ كَافِرُونَ

Алар Аллахтын жолунан тосушат да, кыйшык жолду издешет. Алар акыретке ишенбегендер.

a. Туура эмес жолду

20 أُولَئِكَ لَمْ يَكُونُوا مُعْجِزِينَ فِي الْأَرْضِ وَمَا كَانَ لَهُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ مِنْ أَوْلِيَاءَ يُضَاعَفُ لَهُمُ الْعَذَابُ مَا كَانُوا يَسْتَطِيعُونَ السَّمْعَ وَمَا كَانُوا يُبْصِرُونَ

Алар жер жүзүндө Аллахты алсырата алышпайт. Анткени алардын Аллахтан башка жардамчылары жок. Алардын азаптары (улам) көбөйтүлүп турат. Алар көрө да, уга да алышпайт.

a. Эч качан