бөлүм Худ - هود

21 أُولَئِكَ الَّذِينَ خَسِرُوا أَنْفُسَهُمْ وَضَلَّ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَفْتَرُونَ

Мына ошолор өздөрүнө зыйан тартуучулар! Алардын жасалма кудайлары (Кыямат күнү) жоголуп кетет.

22 لَا جَرَمَ أَنَّهُمْ فِي الْآخِرَةِ هُمُ الْأَخْسَرُونَ

Алар акыретте зыйанга учуроочулар экени шексиз.

23 إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ وَأَخْبَتُوا إِلَى رَبِّهِمْ أُولَئِكَ أَصْحَابُ الْجَنَّةِ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ

Чындыгында, ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандар, Эгесине мойун сунгандар, мына ошолор – Бейиш ээлери. Алар анда түбөлүк калышат.

a. Бейиште

24 مَثَلُ الْفَرِيقَيْنِ كَالْأَعْمَى وَالْأَصَمِّ وَالْبَصِيرِ وَالسَّمِيعِ هَلْ يَسْتَوِيَانِ مَثَلًا أَفَلَا تَذَكَّرُونَ

Эки топтун мисалы – дудук, сокур – көрүүчү, угуучунун мисалындай. Кантип эле ушул экөө тең болсун?! Эсиңерге келбейсиңерби?!

a. Каапыр жана мусулман b. Каапырдын мисалы c. Момундун мисалы

25 وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا نُوحًا إِلَى قَوْمِهِ إِنِّي لَكُمْ نَذِيرٌ مُبِينٌ

Албетте, Биз Нухту өз коомуна жибердик. (Ал:) “Мен силерге чыныгы эскертүүчүмүн,

26 أَنْ لَا تَعْبُدُوا إِلَّا اللَّهَ إِنِّي أَخَافُ عَلَيْكُمْ عَذَابَ يَوْمٍ أَلِيمٍ

Аллахка гана сыйынгыла! Чындыгында мен силер үчүн сыздатуучу Күндүн азабынан коркомун”, – дегин.

27 فَقَالَ الْمَلَأُ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ قَوْمِهِ مَا نَرَاكَ إِلَّا بَشَرًا مِثْلَنَا وَمَا نَرَاكَ اتَّبَعَكَ إِلَّا الَّذِينَ هُمْ أَرَاذِلُنَا بَادِيَ الرَّأْيِ وَمَا نَرَى لَكُمْ عَلَيْنَا مِنْ فَضْلٍ بَلْ نَظُنُّكُمْ كَاذِبِينَ

Анын коомунун каапыр башчылары: “Биз сени өзүбүз сыйактуу эле адам катары тааныйбыз. Сени эң кадырсыз жана кор болгон адамдар ээрчишкенин көрүп турабыз. Ошондуктан биз силердин эч бир артыкчылыгыңарды да көрбөй жатабыз. Биз силерди жалганчы гана деп эсептейбиз”, – дешти.

a. Көчөдө калган

28 قَالَ يَا قَوْمِ أَرَأَيْتُمْ إِنْ كُنْتُ عَلَى بَيِّنَةٍ مِنْ رَبِّي وَآتَانِي رَحْمَةً مِنْ عِنْدِهِ فَعُمِّيَتْ عَلَيْكُمْ أَنُلْزِمُكُمُوهَا وَأَنْتُمْ لَهَا كَارِهُونَ

Нух: “Эй, элим! Көрдүңөрбү? Эгебиз тараптан өзгөчө бир далилге ээ болсом, анан Ал Өзү мага ырайым берип, ал силерге көрүнбөсө да силер Аны жок деп ойлосоңор, биз силерге (динди) зордоп кабыл алдыра алмак белек?

29 وَيَا قَوْمِ لَا أَسْأَلُكُمْ عَلَيْهِ مَالًا إِنْ أَجْرِيَ إِلَّا عَلَى اللَّهِ وَمَا أَنَا بِطَارِدِ الَّذِينَ آمَنُوا إِنَّهُمْ مُلَاقُو رَبِّهِمْ وَلَكِنِّي أَرَاكُمْ قَوْمًا تَجْهَلُونَ

Эй, элим! Мен силерден мал-мүлк сурабаймын. Менин акым бир гана – Аллахтан. Мен ыйман келтиргендерди кубалоочулардан эмесмин. Анткени, алар – Эгелерине (акыретте) жолугуучулар. Бирок, мен силердин наадан (эл) экениңерди көрүп турам”

30 وَيَا قَوْمِ مَنْ يَنْصُرُنِي مِنَ اللَّهِ إِنْ طَرَدْتُهُمْ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ

Эй, элим! Эгерде мен аларды кубаласам, анда мени Аллахтан ким коргоп кала алат? Эсиңерди жыйбайсыңарбы?!

31 وَلَا أَقُولُ لَكُمْ عِنْدِي خَزَائِنُ اللَّهِ وَلَا أَعْلَمُ الْغَيْبَ وَلَا أَقُولُ إِنِّي مَلَكٌ وَلَا أَقُولُ لِلَّذِينَ تَزْدَرِي أَعْيُنُكُمْ لَنْ يُؤْتِيَهُمُ اللَّهُ خَيْرًا اللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا فِي أَنْفُسِهِمْ إِنِّي إِذًا لَمِنَ الظَّالِمِينَ

Мен силерге: “Жанымда Аллахтын казыналары бар деп айтпаймын жана көмүскө-кайыпты да (ал маалыматтарды) билбеймин. Мен периште да эмесмин. Ошондуктан, силер көзүңөргө илбегендерге: “Аллах силерге жакшылык жибербейт”, – деп да айтпаймын. – Аллах – алардын дилиндегилердин баарын жакшыраак билет. Андай кылсам, анда мен заалымдардан болуп калам”, (–деди).

a. Кедей мусулмандарга b. “Аллах силерге жакшылык жибербейт”, – деп жалган айтсам

32 قَالُوا يَا نُوحُ قَدْ جَادَلْتَنَا فَأَكْثَرْتَ جِدَالَنَا فَأْتِنَا بِمَا تَعِدُنَا إِنْ كُنْتَ مِنَ الصَّادِقِينَ

Алар: “Эй, Нух! Сен биз менен жаңжалдашып көпкө талашып-тартыштың. Эгер сөзүң чын болсо, өзүң бизди коркутуп жаткан нерсеңди бизге жиберчи!” – дешти.

33 قَالَ إِنَّمَا يَأْتِيكُمْ بِهِ اللَّهُ إِنْ شَاءَ وَمَا أَنْتُمْ بِمُعْجِزِينَ

(Нух:) “Аны кааласа, бир гана Аллах жиберет. Силердин ага чамаңар да келбей калат.

a. Аллах жиберген кырсык келген кезде качууга, кутулууга да үлгүрбөй каласыңар

34 وَلَا يَنْفَعُكُمْ نُصْحِي إِنْ أَرَدْتُ أَنْ أَنْصَحَ لَكُمْ إِنْ كَانَ اللَّهُ يُرِيدُ أَنْ يُغْوِيَكُمْ هُوَ رَبُّكُمْ وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ

Эгер Аллах силерди адаштырууну кааласа, мен силерге насаат айтсам да, ал силерге пайда бербейт. Ал (Аллах) – силердин Эгеңер. Ага кайтып барасыңар”, – деди.

a. “Аллахтын динине кирип өзүңөрдү сактап калгыла” деп b. “Жаратуучуңар, Ал силерди жоктон бар кылып жараткан” c. Өлүм аркылуу

35 أَمْ يَقُولُونَ افْتَرَاهُ قُلْ إِنِ افْتَرَيْتُهُ فَعَلَيَّ إِجْرَامِي وَأَنَا بَرِيءٌ مِمَّا تُجْرِمُونَ

Же алар: “Куранды өзү эле жазып койгон”, – дешеби?! Аларга: “Эгер аны мен жазган болсом, анын күнөөсү мага тийет. Андыктан, мен силер иштеген күнөөлөрүңөрдөн оолакмын”, – деп айткын.

a. Эй, Мухаммед! (а.с.)

36 وَأُوحِيَ إِلَى نُوحٍ أَنَّهُ لَنْ يُؤْمِنَ مِنْ قَوْمِكَ إِلَّا مَنْ قَدْ آمَنَ فَلَا تَبْتَئِسْ بِمَا كَانُوا يَفْعَلُونَ

Ошентип, Нухка: “Элиңдин ыйман келтиргендеринен башкалары (эч качан) ишенишпейт. Эми алардын жасаган иштерине кейибе”, – деген айан түшүрдүк.

37 وَاصْنَعِ الْفُلْكَ بِأَعْيُنِنَا وَوَحْيِنَا وَلَا تُخَاطِبْنِي فِي الَّذِينَ ظَلَمُوا إِنَّهُمْ مُغْرَقُونَ

(Биздин) көз алдыбызда, айаныбыз менен кеме жаса. Зулум кылгандар (каапырлар) үчүн Мага кайрылба! Эми алар (Топон сууга) чөктүрүлөт”,–дедик.

a. Кечирим сурап

38 وَيَصْنَعُ الْفُلْكَ وَكُلَّمَا مَرَّ عَلَيْهِ مَلَأٌ مِنْ قَوْمِهِ سَخِرُوا مِنْهُ قَالَ إِنْ تَسْخَرُوا مِنَّا فَإِنَّا نَسْخَرُ مِنْكُمْ كَمَا تَسْخَرُونَ

Кемени жасап жатканда элинин бийлери жанынан өткөн сайын аны келекелеп жатышты. (Нух) аларга: “ Эгер силер бизди шылдыңдасаңар, биз да силерди өзүңөр шылдыңдагандай кылып шылдыңдайбыз”, – деди.

a. Нух (а.с.)

39 فَسَوْفَ تَعْلَمُونَ مَنْ يَأْتِيهِ عَذَابٌ يُخْزِيهِ وَيَحِلُّ عَلَيْهِ عَذَابٌ مُقِيمٌ

Кордуктуу азап кимге келээрин жана туруктуу жабыр кимдин башына түшөөрүн тез арада билесиңер.

40 حَتَّى إِذَا جَاءَ أَمْرُنَا وَفَارَ التَّنُّورُ قُلْنَا احْمِلْ فِيهَا مِنْ كُلٍّ زَوْجَيْنِ اثْنَيْنِ وَأَهْلَكَ إِلَّا مَنْ سَبَقَ عَلَيْهِ الْقَوْلُ وَمَنْ آمَنَ وَمَا آمَنَ مَعَهُ إِلَّا قَلِيلٌ

Биздин буйругубуз менен тандырдан суу оргуштап чыкканда (Нухка:) “Ар бир жаныбардан бирден жуп кылып, ыйман келтиргендерди жана өз үй-бүлөңдүн өкүм чыккандарынан башкаларын алып кемеге чык”, – дедик. Чындыгында, аны менен ыйман келтиргендер абдан аз (болчу).

a. Бул жерде «тандыр» (арабча «таннур») деген сөз «жердин тереңинен, жердин тандырдай ысык катмарынан» - деген маанини берет b. «Каапырларга кошулуп, күнөөгө батышкандыктан Аллах тарабынан жазаланууга – топон суу алдында калып өлүүгө буйурулгандардан башкаларын» деген мааниде.