бөлүм Худ - هود

41 وَقَالَ ارْكَبُوا فِيهَا بِسْمِ اللَّهِ مَجْرَاهَا وَمُرْسَاهَا إِنَّ رَبِّي لَغَفُورٌ رَحِيمٌ

(Нух:) “Кемеге олтургула! Анын жүрүшү да, токтошу да Аллахтын ысмы менен! Чындыгында, Эгем – Кечиримдүү, Ырайымдуу!” – деди.

42 وَهِيَ تَجْرِي بِهِمْ فِي مَوْجٍ كَالْجِبَالِ وَنَادَى نُوحٌ ابْنَهُ وَكَانَ فِي مَعْزِلٍ يَا بُنَيَّ ارْكَبْ مَعَنَا وَلَا تَكُنْ مَعَ الْكَافِرِينَ

Ал кеме аларды тоолордой болгон толкунда алып жүрдү. Нух айрыларда уулуна: “Эй, уулум! Биз менен бирге кемеге олтур. Каапырлардан болбо!” – деп чакырды.

a. Кеме сууга түшүп, Аллахтын каргышына калган шаардан узап жыла баштаган кезде

43 قَالَ سَآوِي إِلَى جَبَلٍ يَعْصِمُنِي مِنَ الْمَاءِ قَالَ لَا عَاصِمَ الْيَوْمَ مِنْ أَمْرِ اللَّهِ إِلَّا مَنْ رَحِمَ وَحَالَ بَيْنَهُمَا الْمَوْجُ فَكَانَ مِنَ الْمُغْرَقِينَ

Уулу: “Мени суудан сактай турган тоого чыгамын!” – деди. Анда атасы: “Аллах ырайым кылгандардан башкаларга бүгүн Аллахтын буйругунан сактап калар эч нерсе жок!” – деди. Ошондо экөөсүнүн ортосун толкун каптап, ал чөктүрүлүүчүлөрдөн болду.

a. Нухтун Кенган аттуу баласы b. Чөгүп кетти

44 وَقِيلَ يَا أَرْضُ ابْلَعِي مَاءَكِ وَيَا سَمَاءُ أَقْلِعِي وَغِيضَ الْمَاءُ وَقُضِيَ الْأَمْرُ وَاسْتَوَتْ عَلَى الْجُودِيِّ وَقِيلَ بُعْدًا لِلْقَوْمِ الظَّالِمِينَ

“Эй, Жер! Сууңду тарт! Асман сен да токто!” – деп айтылды да, суу тартылып, иш орундалды. Ал эми кеме Жудий тоосуна токтоду. “Заалымдар жок болсун!” – деп айтылды.

a. Кайра сиңирип ал! b. Нөшөрүңдү токтот! c. Аллах буйургандай аткарылды

45 وَنَادَى نُوحٌ رَبَّهُ فَقَالَ رَبِّ إِنَّ ابْنِي مِنْ أَهْلِي وَإِنَّ وَعْدَكَ الْحَقُّ وَأَنْتَ أَحْكَمُ الْحَاكِمِينَ

Нух Эгесине кайрылып: “О Эгем! Чындыгында уулум менин үй-бүлөмдөн эле го. Албетте, Сенин убадаң сөзсүз аткарылат. Сен өкүмдарлардын Өкүмдарысың!” – деди.

46 قَالَ يَا نُوحُ إِنَّهُ لَيْسَ مِنْ أَهْلِكَ إِنَّهُ عَمَلٌ غَيْرُ صَالِحٍ فَلَا تَسْأَلْنِ مَا لَيْسَ لَكَ بِهِ عِلْمٌ إِنِّي أَعِظُكَ أَنْ تَكُونَ مِنَ الْجَاهِلِينَ

(Аллах:) “Эй, Нух, ал сенин үй бүлөңдөн эмес. Анткени анын жасаган иши дурус эмес. Ошондуктан билбеген нерсеңди Менден сураба. Наадандардан болбошуңду насаат кыламын”,–деди.

47 قَالَ رَبِّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ أَنْ أَسْأَلَكَ مَا لَيْسَ لِي بِهِ عِلْمٌ وَإِلَّا تَغْفِرْ لِي وَتَرْحَمْنِي أَكُنْ مِنَ الْخَاسِرِينَ

(Нух:) “О Эгем, чындыгында билбегенимди Сенден суроодо Өзүң менен сактанам. Эгер мени кечирип, ырайым кылбасаң, зыйанга учуроочулардан болом” – деди.

48 قِيلَ يَا نُوحُ اهْبِطْ بِسَلَامٍ مِنَّا وَبَرَكَاتٍ عَلَيْكَ وَعَلَى أُمَمٍ مِمَّنْ مَعَكَ وَأُمَمٌ سَنُمَتِّعُهُمْ ثُمَّ يَمَسُّهُمْ مِنَّا عَذَابٌ أَلِيمٌ

“Эй, Нух! Өзүң менен бирге болгон топторго: “Биз тараптан тынчтык жана береке менен кемеден түш”, деп айтылды. Башка бир коомду дүйнө (жыйноо) менен алек кылып, анан аларды Биз тараптан сыздатуучу азап ороп алат.

49 تِلْكَ مِنْ أَنْبَاءِ الْغَيْبِ نُوحِيهَا إِلَيْكَ مَا كُنْتَ تَعْلَمُهَا أَنْتَ وَلَا قَوْمُكَ مِنْ قَبْلِ هَذَا فَاصْبِرْ إِنَّ الْعَاقِبَةَ لِلْمُتَّقِينَ

Мына ушулар кайып байандардан. Аны сага жашыруун кабар кылдык. Мындан мурда аны сен да, коомуң да билген эмес эле. Андыктан сабыр кыл. Чындыгында, ийгилик – такыбалардыкы.

50 وَإِلَى عَادٍ أَخَاهُمْ هُودًا قَالَ يَا قَوْمِ اعْبُدُوا اللَّهَ مَا لَكُمْ مِنْ إِلَهٍ غَيْرُهُ إِنْ أَنْتُمْ إِلَّا مُفْتَرُونَ

Аад коомуна тууганы Худду жибердик. Ал: “Эй, элим! Аллахка гана сыйынгыла! Силердин Андан башка Кудайыңар жок. Чындыгында, силер – абдан жалганчы элсиңер.

a. Пайгамбар кылып

51 يَا قَوْمِ لَا أَسْأَلُكُمْ عَلَيْهِ أَجْرًا إِنْ أَجْرِيَ إِلَّا عَلَى الَّذِي فَطَرَنِي أَفَلَا تَعْقِلُونَ

Эй, элим! Мен силерден акы сурабаймын. Менин эмгегим – мени Жаратканга гана таандык. Акыл жүгүртсөңөрчү?

52 وَيَا قَوْمِ اسْتَغْفِرُوا رَبَّكُمْ ثُمَّ تُوبُوا إِلَيْهِ يُرْسِلِ السَّمَاءَ عَلَيْكُمْ مِدْرَارًا وَيَزِدْكُمْ قُوَّةً إِلَى قُوَّتِكُمْ وَلَا تَتَوَلَّوْا مُجْرِمِينَ

Эй, элим! Эгеңерден кечирим сурап, Ага тообо кылгыла. Силерге асмандан жамгыр жаадырып, күчүңөргө-күч кошот. Андыктан күнөөкөр болуп, (ыймандан) баш тартпагыла”, – деп айтты.

53 قَالُوا يَا هُودُ مَا جِئْتَنَا بِبَيِّنَةٍ وَمَا نَحْنُ بِتَارِكِي آلِهَتِنَا عَنْ قَوْلِكَ وَمَا نَحْنُ لَكَ بِمُؤْمِنِينَ

Алар: “Эй, Худ! Сен бизге (жетээрлик) далил келтире алганың жок. Биз сенин сөзүң менен кудайларыбызды таштабайбыз жана сага ишенбейбиз”, – дешти.

54 إِنْ نَقُولُ إِلَّا اعْتَرَاكَ بَعْضُ آلِهَتِنَا بِسُوءٍ قَالَ إِنِّي أُشْهِدُ اللَّهَ وَاشْهَدُوا أَنِّي بَرِيءٌ مِمَّا تُشْرِكُونَ

Алар: “Сага кээ бир кудайларыбыздын жамандыгы жетиптир деп айтабыз”, – дешти. Худ: “Чындыгында мен Аллахты күбө кыламын. Мен силердин Аллахка кошкон шериктериңерди четке кагарыма өзүңөр да күбө болгула.

55 مِنْ دُونِهِ فَكِيدُونِي جَمِيعًا ثُمَّ لَا تُنْظِرُونِ

Андан башка (кудай жок). Баарыңар Мага болгон айла-амалыңарды жасай бергиле. Андан соң, мөөнөт бербегиле.

a. Аллахтан b. Кутулууга (эгер силердин кудайыңардын колунан келсе).

56 إِنِّي تَوَكَّلْتُ عَلَى اللَّهِ رَبِّي وَرَبِّكُمْ مَا مِنْ دَابَّةٍ إِلَّا هُوَ آخِذٌ بِنَاصِيَتِهَا إِنَّ رَبِّي عَلَى صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ

Чындыгында, менин да, силердин да Эгеңер болгон Аллахка тобокел кылдым. Кандай гана жан болбосун, Аллах – анын дал көкүлүнөн кармайт. Ырасында Эгем – Туура Жол үстүндө.

a. тайандым b. Эч ким Андан качып кутула алабйт

57 فَإِنْ تَوَلَّوْا فَقَدْ أَبْلَغْتُكُمْ مَا أُرْسِلْتُ بِهِ إِلَيْكُمْ وَيَسْتَخْلِفُ رَبِّي قَوْمًا غَيْرَكُمْ وَلَا تَضُرُّونَهُ شَيْئًا إِنَّ رَبِّي عَلَى كُلِّ شَيْءٍ حَفِيظٌ

Эгер (ыймандан) жүз үйрүсөңөр да, мен өзүм аркылуу (жиберилген) насааттарды силерге жеткирдим. Эгем ордуңарга башка коомду алмаштырса, силер Ага эч бир зыйан кыла албайсыңар. Чындыгында, Эгем – бардык нерсени Сактоочу!

58 وَلَمَّا جَاءَ أَمْرُنَا نَجَّيْنَا هُودًا وَالَّذِينَ آمَنُوا مَعَهُ بِرَحْمَةٍ مِنَّا وَنَجَّيْنَاهُمْ مِنْ عَذَابٍ غَلِيظٍ

Буйругубуз келген кезде Худ менен ыйман келтиргендерди ырайымыбыз менен куткардык. Аларды оор азаптан куткардык.

59 وَتِلْكَ عَادٌ جَحَدُوا بِآيَاتِ رَبِّهِمْ وَعَصَوْا رُسُلَهُ وَاتَّبَعُوا أَمْرَ كُلِّ جَبَّارٍ عَنِيدٍ

Ошол Аад эли Эгеңдин айаттарына каршы чыгып, Анын элчилерине мойун сунбай, зөөкүр текеберлердин буйруктарына баш ийишти.

60 وَأُتْبِعُوا فِي هَذِهِ الدُّنْيَا لَعْنَةً وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ أَلَا إِنَّ عَادًا كَفَرُوا رَبَّهُمْ أَلَا بُعْدًا لِعَادٍ قَوْمِ هُودٍ

Бул дүйнөдө да, Кыйамат Күнүндө да аларды каргыш коштоп жүрөт. Эсиңерде болсун: Аад эли Эгеңерге каршы чыкты. Эсиңерде болсун: Худдун коому Аад ырайымдан алыс калды!