1 طس تِلْكَ آيَاتُ الْقُرْآنِ وَكِتَابٍ مُبِينٍ
То, син. Бул Курандын жана ачык Китептин аяттары.
a. Мааниси бир Аллага маалым. b. Куран.
1 طس تِلْكَ آيَاتُ الْقُرْآنِ وَكِتَابٍ مُبِينٍ
То, син. Бул Курандын жана ачык Китептин аяттары.
a. Мааниси бир Аллага маалым. b. Куран.
2 هُدًى وَبُشْرَى لِلْمُؤْمِنِينَ
(Бул) момундар үчүн жол көргөзүүчү жана кубанычтуу кабар.
3 الَّذِينَ يُقِيمُونَ الصَّلَاةَ وَيُؤْتُونَ الزَّكَاةَ وَهُمْ بِالْآخِرَةِ هُمْ يُوقِنُونَ
Алар намаз окушат, зекет беришет жана акыретке ишенет.
4 إِنَّ الَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِالْآخِرَةِ زَيَّنَّا لَهُمْ أَعْمَالَهُمْ فَهُمْ يَعْمَهُونَ
Акыретке ишенбегендердин амалдарын Биз көркөмдүү көргөзүп койдук, алар айран-таң болушат.
5 أُولَئِكَ الَّذِينَ لَهُمْ سُوءُ الْعَذَابِ وَهُمْ فِي الْآخِرَةِ هُمُ الْأَخْسَرُونَ
Алар үчүн күчтүү жаза бар жана акыретте катуу зыянга учурашат.
6 وَإِنَّكَ لَتُلَقَّى الْقُرْآنَ مِنْ لَدُنْ حَكِيمٍ عَلِيمٍ
Сен Даанышман, Билүүчү тараптан Куранды аласың.
7 إِذْ قَالَ مُوسَى لِأَهْلِهِ إِنِّي آنَسْتُ نَارًا سَآتِيكُمْ مِنْهَا بِخَبَرٍ أَوْ آتِيكُمْ بِشِهَابٍ قَبَسٍ لَعَلَّكُمْ تَصْطَلُونَ
(Ошол кезде) Муса аялына: “Мен отту көрдүм. Ал жактан силерге кабар же жылынууңар үчүн шамана алып келем” – деди.
a. Мадйандан Египетке бараткан жолдо.
8 فَلَمَّا جَاءَهَا نُودِيَ أَنْ بُورِكَ مَنْ فِي النَّارِ وَمَنْ حَوْلَهَا وَسُبْحَانَ اللَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ
Ал ага жакындаганда: “Оттун жанындагыга жана анын айланасындагыларга кут даарысын. Ааламдардын Эгеси Аллага аруулук!” – деген үн угулду.
a. Мусага.
9 يَا مُوسَى إِنَّهُ أَنَا اللَّهُ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ
Эй Муса! Акыйкатта, Мен – Улуу, Даанышман Алламын.
10 وَأَلْقِ عَصَاكَ فَلَمَّا رَآهَا تَهْتَزُّ كَأَنَّهَا جَانٌّ وَلَّى مُدْبِرًا وَلَمْ يُعَقِّبْ يَا مُوسَى لَا تَخَفْ إِنِّي لَا يَخَافُ لَدَيَّ الْمُرْسَلُونَ
“Таягыңды ташта!” Ал таягы жыландай сойлогонун көргөн кезде, артын карабай жөнөдү. “Эй Муса! Коркпогун! Менин алдымда пайгамбарлар коркушпайт.”
11 إِلَّا مَنْ ظَلَمَ ثُمَّ بَدَّلَ حُسْنًا بَعْدَ سُوءٍ فَإِنِّي غَفُورٌ رَحِيمٌ
А бирок ким заалымдык кылса, анан жамандыгын жакшылык менен алмаштырса, Мен анда Кечиримдүү, Боорукермин.
12 وَأَدْخِلْ يَدَكَ فِي جَيْبِكَ تَخْرُجْ بَيْضَاءَ مِنْ غَيْرِ سُوءٍ فِي تِسْعِ آيَاتٍ إِلَى فِرْعَوْنَ وَقَوْمِهِ إِنَّهُمْ كَانُوا قَوْمًا فَاسِقِينَ
Колуңду койнуңа сал! Ал эч оорусуз эле аппак болуп чыгат, Фараонго жана анын коомуна тогуз белгинин (бири). Анткени алар бузулган-күнөөкөр коом.
a. Эч кандай оору себептүү эмес эле, Алланын кудурети менен. b. Кереметтин.
13 فَلَمَّا جَاءَتْهُمْ آيَاتُنَا مُبْصِرَةً قَالُوا هَذَا سِحْرٌ مُبِينٌ
Аларга көз көрүнөө белгилерибиз келгенде: “Бул анык сыйкыр” – дешти.
a. Кереметтерибиз.
14 وَجَحَدُوا بِهَا وَاسْتَيْقَنَتْهَا أَنْفُسُهُمْ ظُلْمًا وَعُلُوًّا فَانْظُرْ كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الْمُفْسِدِينَ
Алар акыйкат экендигине ичтеринен ынанып турушса да, бой көтөрүүчүлүк, адилетсиздик менен аларды четке кагышты. Бузукулардын акыбети кандай болгонун карап көрчү!
a. Алланын буйругу менен Муса көргөзгөн тогуз кереметтерди. b. Ошолорго ишенгендей түр көргөзүп барып эле кайра ишенбей койгондуктары үчүн, сууга чөктүрүлүп өлтүрүлдү.
15 وَلَقَدْ آتَيْنَا دَاوُودَ وَسُلَيْمَانَ عِلْمًا وَقَالَا الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي فَضَّلَنَا عَلَى كَثِيرٍ مِنْ عِبَادِهِ الْمُؤْمِنِينَ
Биз Дауд менен Сулайманга илим бердик, алар: “Бизге көптөгөн ыймандуу момун пенделеринин арасынан артыкчылык берген Аллага мактоо!” – дешти.
16 وَوَرِثَ سُلَيْمَانُ دَاوُودَ وَقَالَ يَا أَيُّهَا النَّاسُ عُلِّمْنَا مَنْطِقَ الطَّيْرِ وَأُوتِينَا مِنْ كُلِّ شَيْءٍ إِنَّ هَذَا لَهُوَ الْفَضْلُ الْمُبِينُ
Сулайман Даудга мураскор болду. Ал: “Эй адамдар! Бизге куштардын тилин билүү жана бардык жакшылыктар берилди. Акыйкатта, бул нагыз артыкчылык” – деди.
a. Сулайман (а.с.).
17 وَحُشِرَ لِسُلَيْمَانَ جُنُودُهُ مِنَ الْجِنِّ وَالْإِنْسِ وَالطَّيْرِ فَهُمْ يُوزَعُونَ
Сулаймандын жиндерден, адамдардан жана куштардан болгон аскерлери жыйналып, жана алар токтотулушту.
a. Алдындагылар артындагыларды күтүп жатты.
18 حَتَّى إِذَا أَتَوْا عَلَى وَادِ النَّمْلِ قَالَتْ نَمْلَةٌ يَا أَيُّهَا النَّمْلُ ادْخُلُوا مَسَاكِنَكُمْ لَا يَحْطِمَنَّكُمْ سُلَيْمَانُ وَجُنُودُهُ وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ
Алар кумурскалуу өрөөнгө жеткен кезде бир кумурска: “Эй кумурскалар! Уяңарга киргиле. Сулайман жана анын аскерлери силерди байкабастан майкандап кетпесин” – деди.
19 فَتَبَسَّمَ ضَاحِكًا مِنْ قَوْلِهَا وَقَالَ رَبِّ أَوْزِعْنِي أَنْ أَشْكُرَ نِعْمَتَكَ الَّتِي أَنْعَمْتَ عَلَيَّ وَعَلَى وَالِدَيَّ وَأَنْ أَعْمَلَ صَالِحًا تَرْضَاهُ وَأَدْخِلْنِي بِرَحْمَتِكَ فِي عِبَادِكَ الصَّالِحِينَ
Ал анын сөзүн угуп жылмайып күлдү да, мындай деди: “Эгем, мен Сага жагаарлык жакшылык иштерди кылуум үчүн Сенин мага жана ата-энеме көргөзгөн мээримдүүлүктөрүңө шүгүр кылуучулардан кыл жана мени Өз мээримиңе алып, Өзүңдүн жакшы иштерди жасоочу пенделериңдин катарына кошо көр.”
20 وَتَفَقَّدَ الطَّيْرَ فَقَالَ مَا لِيَ لَا أَرَى الْهُدْهُدَ أَمْ كَانَ مِنَ الْغَائِبِينَ
Ал куштарды түгөлдөдү да анан мындай деди: Эмнеликтен үпүптү көрбөй жатам? Же ал жоголуучулардан болдубу?