бөлүм Намль - النمل

41 قَالَ نَكِّرُوا لَهَا عَرْشَهَا نَنْظُرْ أَتَهْتَدِي أَمْ تَكُونُ مِنَ الَّذِينَ لَا يَهْتَدُونَ

Ал: “Анын тактысын өзгөрткүлө. Ал өз тактысын тааныр бекен же тааныбайбы, карап көрөбүз” – деди.

a. Ал көргөндө тааныбай турган кылып койгула.

42 فَلَمَّا جَاءَتْ قِيلَ أَهَكَذَا عَرْشُكِ قَالَتْ كَأَنَّهُ هُوَ وَأُوتِينَا الْعِلْمَ مِنْ قَبْلِهَا وَكُنَّا مُسْلِمِينَ

Качан ал келген кезде: “Сенин тактың ушундай беле?” – деп сурашты. Ал: “Бул ошол өңдүү” – деди. Ал: “Бизге илим андан мурун берилген жана биз Аллага берилгендерденбиз” – деди.

a. Билкыс. b. Сулайман.

43 وَصَدَّهَا مَا كَانَتْ تَعْبُدُ مِنْ دُونِ اللَّهِ إِنَّهَا كَانَتْ مِنْ قَوْمٍ كَافِرِينَ

Аны Алладан башкага табынып жүргөндүгү тоскон (эле). Анткени, ал каапыр коомдон болуучу.

a. Билкысты b. Илимден, Аллага ишенип, ыйман келтирүүдөн тоскон эле.

44 قِيلَ لَهَا ادْخُلِي الصَّرْحَ فَلَمَّا رَأَتْهُ حَسِبَتْهُ لُجَّةً وَكَشَفَتْ عَنْ سَاقَيْهَا قَالَ إِنَّهُ صَرْحٌ مُمَرَّدٌ مِنْ قَوَارِيرَ قَالَتْ رَبِّ إِنِّي ظَلَمْتُ نَفْسِي وَأَسْلَمْتُ مَعَ سُلَيْمَانَ لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ

Ага (Билкыска): “Сарайга кир!” – деп айтылды. Качан ал аны көргөндө, суунун ирими экен деп ойлоп, шыйрагын ачты. Ал (Сулайман): “Бул сарай айнектен салынган” – деди. Ал (Билкыс): “Эгем, мен өз жаныма өзүм заалымдык кылгам. Мен эми Сулайман менен бирге ааламдардын Эгеси болгон Аллага моюн сундум” – деди.

a. Суу тийбесин деп, көйнөгүнүн этегин өйдө көтөрүп.

45 وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا إِلَى ثَمُودَ أَخَاهُمْ صَالِحًا أَنِ اعْبُدُوا اللَّهَ فَإِذَا هُمْ فَرِيقَانِ يَخْتَصِمُونَ

Биз Самудка алардын тууганы Салихти жөнөттүк: “Аллага табынгыла” (– деди ал). Бирок алар бир-бирине каршы душман болгон эки топко бөлүнүп кетти.

a. Самуд элине.

46 قَالَ يَا قَوْمِ لِمَ تَسْتَعْجِلُونَ بِالسَّيِّئَةِ قَبْلَ الْحَسَنَةِ لَوْلَا تَسْتَغْفِرُونَ اللَّهَ لَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ

Ал: “Эй элим! Силер эмне үчүн жакшылыктын ордуна жамандыка шашыласыңар? Силер эмнеге Алладан кечирим суранбайсыңар? Мүмкүн силерге ырайым кылынаар” – деди.

47 قَالُوا اطَّيَّرْنَا بِكَ وَبِمَنْ مَعَكَ قَالَ طَائِرُكُمْ عِنْدَ اللَّهِ بَلْ أَنْتُمْ قَوْمٌ تُفْتَنُونَ

Алар: “Биз сенден жана сени менен бирге жакшы эмес жышаандарды көрүп жатабыз” - дешти. Ал: “Силердин жышаандар Аллага көз каранды. Ооба, силер сыноодогу элсиңер” – деди.

a. Анткени, узак убакыт жаан болбой, ачарчылыкты баштарынан өткөрүп жатышкан.

48 وَكَانَ فِي الْمَدِينَةِ تِسْعَةُ رَهْطٍ يُفْسِدُونَ فِي الْأَرْضِ وَلَا يُصْلِحُونَ

Калаада жер үстүнө жакшылыкты эмес, бузукулукту таратып жүргөн тогуз киши бар эле.

49 قَالُوا تَقَاسَمُوا بِاللَّهِ لَنُبَيِّتَنَّهُ وَأَهْلَهُ ثُمَّ لَنَقُولَنَّ لِوَلِيِّهِ مَا شَهِدْنَا مَهْلِكَ أَهْلِهِ وَإِنَّا لَصَادِقُونَ

Алар: “Алланын аты менен бир-бириңерге ант бергиле. Түн ичинде аны үй-бүлөсү менен бирге өлтүрүп, анан анын жакынына: “Биз алардын өлгөнүн көрбөдүк. Биз чынын айтуучуларбыз дейли” – дешти.

a. Анын пайгамбар экенине ыйман келтиргендер.

50 وَمَكَرُوا مَكْرًا وَمَكَرْنَا مَكْرًا وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ

Алар айла-амал кылышты. Биз да айла-амал жасадык. А алар муну сезишпеди.

51 فَانْظُرْ كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ مَكْرِهِمْ أَنَّا دَمَّرْنَاهُمْ وَقَوْمَهُمْ أَجْمَعِينَ

Алардын айла-амалдарынын арты кандай болгонун карап көрчү. Биз аларды жана алардын коомун бүтүндөй жок кылдык.

52 فَتِلْكَ بُيُوتُهُمْ خَاوِيَةً بِمَا ظَلَمُوا إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَةً لِقَوْمٍ يَعْلَمُونَ

Мына бул ойрон болгон алардын үйлөрү - алардын заалымдыктары үчүн болгон. Акыйкатта, мында акыл калчагандар үчүн үлгүлөр бар.

53 وَأَنْجَيْنَا الَّذِينَ آمَنُوا وَكَانُوا يَتَّقُونَ

Биз ыймандууларды жана такыбаларды куткардык.

54 وَلُوطًا إِذْ قَالَ لِقَوْمِهِ أَتَأْتُونَ الْفَاحِشَةَ وَأَنْتُمْ تُبْصِرُونَ

Лут өз коомуна: “Чын эле силер бузукулук кыласыңарбы? Силер аны көрүп турасыңар го.

a. Эркек менен эркетин жыныстык катнаш кылуусу (гомосексуализм) күчөп кеткен эле. b. Мунун баарысынын бузукулук экендигин.

55 أَئِنَّكُمْ لَتَأْتُونَ الرِّجَالَ شَهْوَةً مِنْ دُونِ النِّسَاءِ بَلْ أَنْتُمْ قَوْمٌ تَجْهَلُونَ

Чын эле силер аялдардын ордуна эркектерди каалайсыңарбы? Ооба, силер акылдан азган коомсуңар” – деди.

56 فَمَا كَانَ جَوَابَ قَوْمِهِ إِلَّا أَنْ قَالُوا أَخْرِجُوا آلَ لُوطٍ مِنْ قَرْيَتِكُمْ إِنَّهُمْ أُنَاسٌ يَتَطَهَّرُونَ

Анын коому мындай жооп беришти: “Лутту үй-бүлө, жакындары менен биздин айылдан чыгарып салгыла, анткени булар тазасынган кишилер.”

57 فَأَنْجَيْنَاهُ وَأَهْلَهُ إِلَّا امْرَأَتَهُ قَدَّرْنَاهَا مِنَ الْغَابِرِينَ

Биз аны жана анын үй-бүлөсүн аялынан башкаларын куткардык. Ага (аялга) Биз калгандардын арасында болууну алдын-ала белгилегенбиз.

a. Луттун аялынын көңүлү ошол бузулган коом менен бирге болгон. Ошолордун кылык-жоруктарын туура көргөн.

58 وَأَمْطَرْنَا عَلَيْهِمْ مَطَرًا فَسَاءَ مَطَرُ الْمُنْذَرِينَ

Биз аларга жаан төктүрдүк. Бул жаан эскертилгендер үчүн өтө катуу кыйраткыч эле.

a. Асмандан күл менен таш жаап, шаарды толугу менен басып калган.

59 قُلِ الْحَمْدُ لِلَّهِ وَسَلَامٌ عَلَى عِبَادِهِ الَّذِينَ اصْطَفَى آللَّهُ خَيْرٌ أَمَّا يُشْرِكُونَ

Аллага мактоо! Анын тандаган пенделерине салам! Алла жакшыбы же Ага шерик кылынып жаткандар жакшыбы?

a. Сөлөкөттөр (идолдор, жалган кудайлар).

60 أَمَّنْ خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ وَأَنْزَلَ لَكُمْ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَنْبَتْنَا بِهِ حَدَائِقَ ذَاتَ بَهْجَةٍ مَا كَانَ لَكُمْ أَنْ تُنْبِتُوا شَجَرَهَا أَإِلَهٌ مَعَ اللَّهِ بَلْ هُمْ قَوْمٌ يَعْدِلُونَ

Же асмандар менен жерди жараткан жана силерге асмандан жаан жаадырып берген (жакшыбы)? Силер аны өстүрүүгө күчүңөр жетпегенде көркөмдүү бактарыңарды өстүрүп бербедиби? Алла менен бирге башка кудай барбы? Ооба, алар жолдон чыккан коом эле.

a. Алла.