бөлүм Намль - النمل

61 أَمَّنْ جَعَلَ الْأَرْضَ قَرَارًا وَجَعَلَ خِلَالَهَا أَنْهَارًا وَجَعَلَ لَهَا رَوَاسِيَ وَجَعَلَ بَيْنَ الْبَحْرَيْنِ حَاجِزًا أَإِلَهٌ مَعَ اللَّهِ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ

Ал жерди катуу кылып, ал аркылуу дарыяларды алып өтүп, анын үстүнө тоолорду орнотуп жана эки деңиздин аралыгына тосмо кылган. Алла менен бирге башка кудай барбы? Балким, алардын көпчүлүгү акыл калчабайт.

62 أَمَّنْ يُجِيبُ الْمُضْطَرَّ إِذَا دَعَاهُ وَيَكْشِفُ السُّوءَ وَيَجْعَلُكُمْ خُلَفَاءَ الْأَرْضِ أَإِلَهٌ مَعَ اللَّهِ قَلِيلًا مَا تَذَكَّرُونَ

Же Ага кайрылганда запкы чеккенге жооп берген, жамандыкты кетирген жана силерди жер үстүнө орун басар кылып жараткан (жакшыбы)? Алла менен бирге башка кудай барбы? Силер аз эскересиңер.

a. Алла.

63 أَمَّنْ يَهْدِيكُمْ فِي ظُلُمَاتِ الْبَرِّ وَالْبَحْرِ وَمَنْ يُرْسِلُ الرِّيَاحَ بُشْرًا بَيْنَ يَدَيْ رَحْمَتِهِ أَإِلَهٌ مَعَ اللَّهِ تَعَالَى اللَّهُ عَمَّا يُشْرِكُونَ

Же силерди караңгылыкта кургактык жана деңиздер аркылуу алып өткөн, өз мээримдүүлүгүнүн кубанычтуу кабары кылып шамалдарды жөнөткөн (жакшыбы)? Алла менен бирге башка кудай барбы? Алла Аны менен бирге табынып жаткандардан бийик.

a. Алла. b. Алар теңеген нерселерден бийик турат.

64 أَمَّنْ يَبْدَأُ الْخَلْقَ ثُمَّ يُعِيدُهُ وَمَنْ يَرْزُقُكُمْ مِنَ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ أَإِلَهٌ مَعَ اللَّهِ قُلْ هَاتُوا بُرْهَانَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

Же биринчи ирет жаратууну баштап, андан кийин аны кайталаган, силерге асмандан жаан жаадырып берген (жакшыбы)? Алла менен бирге башка кудай барбы? “Эгер силер туура айтып жатсаңар, далилдериңерди келтиргиле” – дегин.

65 قُلْ لَا يَعْلَمُ مَنْ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ الْغَيْبَ إِلَّا اللَّهُ وَمَا يَشْعُرُونَ أَيَّانَ يُبْعَثُونَ

“Асмандарда жана жерде болгон жашыруунду Алладан башка эч ким билбейт. Алар качан тириле тургандыгын да туйушпайт” – дегин.

66 بَلِ ادَّارَكَ عِلْمُهُمْ فِي الْآخِرَةِ بَلْ هُمْ فِي شَكٍّ مِنْهَا بَلْ هُمْ مِنْهَا عَمُونَ

Алар акыреттеги жашоонун маанисин түшүнүшпөйбү? Жок! Алар ал тууралуу өтө шектенүүдө. Ооба, алар сокурлар.

a. Тигил дүйнөдөгү жашоого.

67 وَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا أَإِذَا كُنَّا تُرَابًا وَآبَاؤُنَا أَئِنَّا لَمُخْرَجُونَ

Каапыр болгондор: “Чын эле биз жана биздин аталарыбыз топурак болуп кеткен соң, кайрадан (тирилип) чыгарылабызбы?” – дешет.

68 لَقَدْ وُعِدْنَا هَذَا نَحْنُ وَآبَاؤُنَا مِنْ قَبْلُ إِنْ هَذَا إِلَّا أَسَاطِيرُ الْأَوَّلِينَ

“Бул бизге жана биздин ата-бабаларыбызга мурунтан эле убада кылынып келген нерсе. Бул мурункулардын жомогу гана.”

69 قُلْ سِيرُوا فِي الْأَرْضِ فَانْظُرُوا كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الْمُجْرِمِينَ

“Жер үстүндө жүрүп, күнөөлүүлөрдүн арты кандай болгондугун карап көргүлөчү” – дегин.

70 وَلَا تَحْزَنْ عَلَيْهِمْ وَلَا تَكُنْ فِي ضَيْقٍ مِمَّا يَمْكُرُونَ

Алар тууралуу кайгырбагының жана алардын кылып жаткан айла-амалдарынан кысынбагын!

71 وَيَقُولُونَ مَتَى هَذَا الْوَعْدُ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

“Эгер чынчыл болсоңор, бул убада качан (аткарылат)?” – дешет.

72 قُلْ عَسَى أَنْ يَكُونَ رَدِفَ لَكُمْ بَعْضُ الَّذِي تَسْتَعْجِلُونَ

“Силер шаштырганыңардын кээ бири мүмкүн силерге жакын калды” – дегин.

73 وَإِنَّ رَبَّكَ لَذُو فَضْلٍ عَلَى النَّاسِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَشْكُرُونَ

Акыйкатта, Эгең адамдарга карата ырайымдуулук ээси. Бирок, алардын көбү шүгүр кылышпайт.

74 وَإِنَّ رَبَّكَ لَيَعْلَمُ مَا تُكِنُّ صُدُورُهُمْ وَمَا يُعْلِنُونَ

Акыйкатта, Эгең алардын көкүрөгүндө эмне катылгандарын жана эмне ачыкка чыгарылгандарын жакшы билет.

75 وَمَا مِنْ غَائِبَةٍ فِي السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ إِلَّا فِي كِتَابٍ مُبِينٍ

Асмандарда жана жерде ачык китепке жазылбай калган эч бир жашыруун нерсе жок.

a. Лавху Махфууз – тагдыр жазылган китеп.

76 إِنَّ هَذَا الْقُرْآنَ يَقُصُّ عَلَى بَنِي إِسْرَائِيلَ أَكْثَرَ الَّذِي هُمْ فِيهِ يَخْتَلِفُونَ

Акыйкатта, бул Куран Исраил урпактарынын эмне жөнүндө талашкан нерселеринин көп бөлүгүн баян кылат.

a. Алар ажырашып, бири-бирине наалат айтып, каргаганга чейин барышкан.

77 وَإِنَّهُ لَهُدًى وَرَحْمَةٌ لِلْمُؤْمِنِينَ

Акыйкатта ал момундар үчүн туура жол жана мээримдүүлүк.

78 إِنَّ رَبَّكَ يَقْضِي بَيْنَهُمْ بِحُكْمِهِ وَهُوَ الْعَزِيزُ الْعَلِيمُ

Албетте, Эгең алардын араларында Өзү адилеттүүлүк менен өкүм кылат. Ал Ызааттуу, Билүүчү.

79 فَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ إِنَّكَ عَلَى الْحَقِّ الْمُبِينِ

Аллага гана тобокел кыл. Анткени сен, ачык-айкын акыйкаттын үстүндөсүң.

a. Ак диндесиң.

80 إِنَّكَ لَا تُسْمِعُ الْمَوْتَى وَلَا تُسْمِعُ الصُّمَّ الدُّعَاءَ إِذَا وَلَّوْا مُدْبِرِينَ

Акыйкатта, сен өлүктөргө да, дүлөйлөргө да алар артка кетип баратышканда чакырыгыңды угуза албайсың.