бөлүм Намль - النمل

81 وَمَا أَنْتَ بِهَادِي الْعُمْيِ عَنْ ضَلَالَتِهِمْ إِنْ تُسْمِعُ إِلَّا مَنْ يُؤْمِنُ بِآيَاتِنَا فَهُمْ مُسْلِمُونَ

Сен сокурларды алардын адашуусунан туура жолго чыгара албайсың. Сен Биздин аяттарыбызга ишенгендерге гана угуза аласың. Мына ошолор мойун сунгандар.

82 وَإِذَا وَقَعَ الْقَوْلُ عَلَيْهِمْ أَخْرَجْنَا لَهُمْ دَابَّةً مِنَ الْأَرْضِ تُكَلِّمُهُمْ أَنَّ النَّاسَ كَانُوا بِآيَاتِنَا لَا يُوقِنُونَ

Биз аларга жазалай турган мезгил жеткенде жер алдынан бир жаныбар чыгарабыз, ал аларга Биздин аяттарыбызга ишенбеген адамдар жөнүндө айтып берет.

a. Бул жаныбар хадисте айтылгандай: узундугуалтымыш зираа (1 зираа = 0,66 м), төрт буттуу, талап кылган жетпейт, качкан кутулбайт. Бул жаныбар акыр заманда адамдар бузулуп, Алланын буйруктарын аткарбай, ак динди бузук динге алмаштырган кезде Алла Таала чыгарат. Меккеден чыгат деп айтылат. Акыр замандын чоң белгилери он. Бул жаныбардын чыгышы ошол он белгинин бири. Тафсир Ибну Касир.

83 وَيَوْمَ نَحْشُرُ مِنْ كُلِّ أُمَّةٍ فَوْجًا مِمَّنْ يُكَذِّبُ بِآيَاتِنَا فَهُمْ يُوزَعُونَ

Ошол күнү Биз ар бир элден аяттарыбызды жалган деп эсептегендердин топторун чогултабыз. Аларды бөлүштүрөбүз.

84 حَتَّى إِذَا جَاءُوا قَالَ أَكَذَّبْتُمْ بِآيَاتِي وَلَمْ تُحِيطُوا بِهَا عِلْمًا أَمَّاذَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ

Алар келишкенде Ал: “Билимиңер жетпей туруп эле, чын эле силер Менин аяттарымды жалганга чыгардыңар беле? Кана, силер эмне кылгансыңар?” – дейт.

a. Алла.

85 وَوَقَعَ الْقَوْلُ عَلَيْهِمْ بِمَا ظَلَمُوا فَهُمْ لَا يَنْطِقُونَ

Алар заалым болгондуктары үчүн алардын үстүнө өкүм түшөт. Алар түк сүйлөй алышпайт.

86 أَلَمْ يَرَوْا أَنَّا جَعَلْنَا اللَّيْلَ لِيَسْكُنُوا فِيهِ وَالنَّهَارَ مُبْصِرًا إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ

Чын эле алар Биз түндү эс алуу үчүн кылганыбызды, а күндүздү жарык кылуу үчүн кылганыбызды көрүшпөйбү? Акыйкатта, мында ыймандуулар үчүн белгилер бар.

87 وَيَوْمَ يُنْفَخُ فِي الصُّورِ فَفَزِعَ مَنْ فِي السَّمَاوَاتِ وَمَنْ فِي الْأَرْضِ إِلَّا مَنْ شَاءَ اللَّهُ وَكُلٌّ أَتَوْهُ دَاخِرِينَ

Сурнай тартылган мына ошол күндө асмандар менен жердеги Алла каалагандардан башкалары катуу коркушуп, Аллага кор болгон абалда келишет.

88 وَتَرَى الْجِبَالَ تَحْسَبُهَا جَامِدَةً وَهِيَ تَمُرُّ مَرَّ السَّحَابِ صُنْعَ اللَّهِ الَّذِي أَتْقَنَ كُلَّ شَيْءٍ إِنَّهُ خَبِيرٌ بِمَا تَفْعَلُونَ

Ошондо сен кыймылсыз деп эсептеген тоолор булут өңдүү жылып келе жаткандыгын көрөсүң. Алланын жаратуусу ушундай, Ал бардыгын мыкты кылып жараткан. Ал силердин кылып жатканыңар тууралуу толук кабардар.

89 مَنْ جَاءَ بِالْحَسَنَةِ فَلَهُ خَيْرٌ مِنْهَا وَهُمْ مِنْ فَزَعٍ يَوْمَئِذٍ آمِنُونَ

Кимде-ким жакшылык менен келсе, ага андан да мыктысы берилет. Алар Кыямат күнүндө толук коопсуздукта болушат.

a. Сыйлыктар.

90 وَمَنْ جَاءَ بِالسَّيِّئَةِ فَكُبَّتْ وُجُوهُهُمْ فِي النَّارِ هَلْ تُجْزَوْنَ إِلَّا مَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ

А ким жаман менен келсе, алар жүздөрү менен отко ташталат: “Ырас эле силерге кылган ишиңерге жараша (жаза) берилген жокпу?” (- делинет).

91 إِنَّمَا أُمِرْتُ أَنْ أَعْبُدَ رَبَّ هَذِهِ الْبَلْدَةِ الَّذِي حَرَّمَهَا وَلَهُ كُلُّ شَيْءٍ وَأُمِرْتُ أَنْ أَكُونَ مِنَ الْمُسْلِمِينَ

“Мага бул шаардын Эгесине сыйынууга буйрук кылынган. Ал аны (күнөө иштерге) арам кылган. Ага баары таандык жана моюн сунуучулардан болуу мага буйрук кылынган,

a. Ыйык Мекке шаары. Ал жерде бирөөнүн канын төгүү ж.б.у.с. күнөөлөр катуу арам кылынган. b. Мусулман болуу.

92 وَأَنْ أَتْلُوَ الْقُرْآنَ فَمَنِ اهْتَدَى فَإِنَّمَا يَهْتَدِي لِنَفْسِهِ وَمَنْ ضَلَّ فَقُلْ إِنَّمَا أَنَا مِنَ الْمُنْذِرِينَ

жана Куран окууга”. А ким туура жол менен барса өзүнүн гана жанынын пайдасына, а ким адашса, ага: “Мен эскертүүчүлөрдөн ганамын” - деп айт.

93 وَقُلِ الْحَمْدُ لِلَّهِ سَيُرِيكُمْ آيَاتِهِ فَتَعْرِفُونَهَا وَمَا رَبُّكَ بِغَافِلٍ عَمَّا تَعْمَلُونَ

“Аллага мактоо! Ал силерге Өзүнүн белгилерин жакында көргөзөт, а силер аны таанып-билесиңер. Силердин Эгеңер эмне кылып жатканыңарды билип турат!” – деп айт.

a. Кереметтерин.