бөлүм Намль - النمل

21 لَأُعَذِّبَنَّهُ عَذَابًا شَدِيدًا أَوْ لَأَذْبَحَنَّهُ أَوْ لَيَأْتِيَنِّي بِسُلْطَانٍ مُبِينٍ

Мен аны катуу жазалайм же аны союп таштаймын, же ал мага ачык далилдер менен келсин”.

22 فَمَكَثَ غَيْرَ بَعِيدٍ فَقَالَ أَحَطْتُ بِمَا لَمْ تُحِطْ بِهِ وَجِئْتُكَ مِنْ سَبَإٍ بِنَبَإٍ يَقِينٍ

Ал көп турбай эле келди да: “Мен сен билбегенди билдим. Мен сага анык кабар менен Сабадан келдим” – деди.

a. /пүп. b. Саба – Йемендеги чоң аталарынын аты менен аталган бир уруунун аты. Тафсир Ал-Жалалайн

23 إِنِّي وَجَدْتُ امْرَأَةً تَمْلِكُهُمْ وَأُوتِيَتْ مِنْ كُلِّ شَيْءٍ وَلَهَا عَرْشٌ عَظِيمٌ

Мен бир аялды таптым, ал алардын өкүмдары экен жана ага бардык нерселер берилген. Анын зор тактысы бар экен.

a. Билкыс аттуу падыша аял.

24 وَجَدْتُهَا وَقَوْمَهَا يَسْجُدُونَ لِلشَّمْسِ مِنْ دُونِ اللَّهِ وَزَيَّنَ لَهُمُ الشَّيْطَانُ أَعْمَالَهُمْ فَصَدَّهُمْ عَنِ السَّبِيلِ فَهُمْ لَا يَهْتَدُونَ

Мен аны жана анын элин Алланын ордуна Күнгө сыйынаарын көрдүм жана шайтан алардын жоругун аларга көркөмдүү кылып көргөзүп, түз жолдон адаштырыптыр. Алар туура жол менен барышпайт.

25 أَلَّا يَسْجُدُوا لِلَّهِ الَّذِي يُخْرِجُ الْخَبْءَ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَيَعْلَمُ مَا تُخْفُونَ وَمَا تُعْلِنُونَ

(Шайтан аларды) асмандардагы жана жердеги жашыруундарды ачыкка чыгарган, силер жашырганды да, ачык кылгандарды да билген Аллага сежде кылбастыгы үчүн (адаштырган).

a. Бул аят “сежде аяты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын билүү үчүн “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А. Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он үчүнчү бөлүмүн караңыз.

26 اللَّهُ لَا إِلَهَ إِلَّا هُوَ رَبُّ الْعَرْشِ الْعَظِيمِ

Алла, Андан башка кудай жок! Ал Улуу Арштын Ээси.

27 قَالَ سَنَنْظُرُ أَصَدَقْتَ أَمْ كُنْتَ مِنَ الْكَاذِبِينَ

(Сулайман): “Сен чын айттыңбы же жалганчылардан болдуңбу? Байкап көрөбүз” – деди.

28 اذْهَبْ بِكِتَابِي هَذَا فَأَلْقِهْ إِلَيْهِمْ ثُمَّ تَوَلَّ عَنْهُمْ فَانْظُرْ مَاذَا يَرْجِعُونَ

“Менин бул китебимди алып баргын да аларга ташта. Анан алар эмне дешээр экен, карап тур.”

a. Катымды.

29 قَالَتْ يَا أَيُّهَا الْمَلَأُ إِنِّي أُلْقِيَ إِلَيَّ كِتَابٌ كَرِيمٌ

Ал (падыша аял): “Эй төбөлдөрүм! Мага ардактуу китеп келди.

a. Кат.

30 إِنَّهُ مِنْ سُلَيْمَانَ وَإِنَّهُ بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ

Ал Сулаймандан экен. Анда: “Мээримдүү, Боорукер Алланын аты менен” деп жазылган.

31 أَلَّا تَعْلُوا عَلَيَّ وَأْتُونِي مُسْلِمِينَ

“Силер менин алдымда бой көтөрбөшүңөр үчүн, баш ийген абалда мага келгиле!” (- делинген).

32 قَالَتْ يَا أَيُّهَا الْمَلَأُ أَفْتُونِي فِي أَمْرِي مَا كُنْتُ قَاطِعَةً أَمْرًا حَتَّى تَشْهَدُونِ

Ал (аял): “Эй төбөлдөрүм! Бул иш боюнча мага кеңеш бергиле. Силер келип кеңешиңерди бергенге чейин мен бул ишти кесе чече албаймын” - деди.

33 قَالُوا نَحْنُ أُولُو قُوَّةٍ وَأُولُو بَأْسٍ شَدِيدٍ وَالْأَمْرُ إِلَيْكِ فَانْظُرِي مَاذَا تَأْمُرِينَ

Алар: “Биз чоң кубатка жана күчкө ээбиз. Өкүм кылуу өзүңө таандык. Кандай буйрук кыласың, карап көр” – дешти.

34 قَالَتْ إِنَّ الْمُلُوكَ إِذَا دَخَلُوا قَرْيَةً أَفْسَدُوهَا وَجَعَلُوا أَعِزَّةَ أَهْلِهَا أَذِلَّةً وَكَذَلِكَ يَفْعَلُونَ

(Падыша аял) айтты: “Падышалар (башка) өлкөгө киришсе, аны талкалашып, элинин урматтууларын кор кылышат. Алар (баары) ушундай кылышат.

35 وَإِنِّي مُرْسِلَةٌ إِلَيْهِمْ بِهَدِيَّةٍ فَنَاظِرَةٌ بِمَ يَرْجِعُ الْمُرْسَلُونَ

Мен аларга бир белек жиберип, элчилер эмне менен кайтаарын күтө турайын.”

36 فَلَمَّا جَاءَ سُلَيْمَانَ قَالَ أَتُمِدُّونَنِ بِمَالٍ فَمَا آتَانِيَ اللَّهُ خَيْرٌ مِمَّا آتَاكُمْ بَلْ أَنْتُمْ بِهَدِيَّتِكُمْ تَفْرَحُونَ

(Элчилер) Сулайманга келген кезде: “Силер мени дүйнө-мүлк менен (алдамакчысыңарбы)? Алланын мага бергендери силерге бергендеринен артык эмеспи. Сыйлыктарыңарга өзүңөр гана кубанасыңар,

37 ارْجِعْ إِلَيْهِمْ فَلَنَأْتِيَنَّهُمْ بِجُنُودٍ لَا قِبَلَ لَهُمْ بِهَا وَلَنُخْرِجَنَّهُمْ مِنْهَا أَذِلَّةً وَهُمْ صَاغِرُونَ

аларга кайтып бар, биз аларга аскер менен барабыз. Алар ага каршы тура алышпайт. Аларды басынган жана кор болгон абалда ал жерден чыгарабыз” – деди.

38 قَالَ يَا أَيُّهَا الْمَلَأُ أَيُّكُمْ يَأْتِينِي بِعَرْشِهَا قَبْلَ أَنْ يَأْتُونِي مُسْلِمِينَ

“Эй төбөлдөр! Силердин араңардан ким ал (аял) мага баш ийген абалда келгенден мурун анын тактысын алып келе алат?” – деди.

a. Сулайман (а.с.).

39 قَالَ عِفْرِيتٌ مِنَ الْجِنِّ أَنَا آتِيكَ بِهِ قَبْلَ أَنْ تَقُومَ مِنْ مَقَامِكَ وَإِنِّي عَلَيْهِ لَقَوِيٌّ أَمِينٌ

Жиндердин ичинен Ифрит: “Мен аны сага сен ордуңдан турганга чейин келтирем. Менин буга ишеничтүү күчүм жетет” – деди.

40 قَالَ الَّذِي عِنْدَهُ عِلْمٌ مِنَ الْكِتَابِ أَنَا آتِيكَ بِهِ قَبْلَ أَنْ يَرْتَدَّ إِلَيْكَ طَرْفُكَ فَلَمَّا رَآهُ مُسْتَقِرًّا عِنْدَهُ قَالَ هَذَا مِنْ فَضْلِ رَبِّي لِيَبْلُوَنِي أَأَشْكُرُ أَمْ أَكْفُرُ وَمَنْ شَكَرَ فَإِنَّمَا يَشْكُرُ لِنَفْسِهِ وَمَنْ كَفَرَ فَإِنَّ رَبِّي غَنِيٌّ كَرِيمٌ

Китептен илими болгон бирөө туруп: “Мен аны сага көзүңдү ачып-жумганча келтиремин” – деди. Өзүнүн жанында тактынын турганын көргөндө (Сулайман): “Бул Эгемдин ырайымдуулугунан, мен ага шүгүр келтиремби же жокпу, ошону сыноо үчүн болду. Ким шүгүр келтирсе, ал өз жаны үчүн шүгүр келтиргени. А ким шүгүр кылбаса, Эгем – Бай, Кең пейил” – деди.

a. Деди да тактыны көз ачып-жумганча келтирди.