81 وَآتَيْنَاهُمْ آيَاتِنَا فَكَانُوا عَنْهَا مُعْرِضِينَ
Биз аларга белгилерибизди келтиргенде, алар андан жүз бурушту.
a. Кереметтерибизди (мисалы, инген).
81 وَآتَيْنَاهُمْ آيَاتِنَا فَكَانُوا عَنْهَا مُعْرِضِينَ
Биз аларга белгилерибизди келтиргенде, алар андан жүз бурушту.
a. Кереметтерибизди (мисалы, инген).
82 وَكَانُوا يَنْحِتُونَ مِنَ الْجِبَالِ بُيُوتًا آمِنِينَ
Алар тоонун бетин ойуп үй салышып, өздөрүн толук коопсузбуз (деп сезишти).
83 فَأَخَذَتْهُمُ الصَّيْحَةُ مُصْبِحِينَ
Бирок, таң азандан кулак жарган добуш угулду.
84 فَمَا أَغْنَى عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَكْسِبُونَ
Алардын жасап алгандары аларга эч жардам бере албады.
85 وَمَا خَلَقْنَا السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا إِلَّا بِالْحَقِّ وَإِنَّ السَّاعَةَ لَآتِيَةٌ فَاصْفَحِ الصَّفْحَ الْجَمِيلَ
Биз асмандар менен жерди, алардын арасындагыларды акыйкаттык менен жаратканбыз. Кыйамат Күнү сөзсүз келип жетет. Андыктан, аларды кең пейилдик менен кечир.
a. Мухаммед (а.с.)га карата айтылууда.
86 إِنَّ رَبَّكَ هُوَ الْخَلَّاقُ الْعَلِيمُ
Акыйкатта, Эгең, Жаратуучу, Билүүчү.
87 وَلَقَدْ آتَيْنَاكَ سَبْعًا مِنَ الْمَثَانِي وَالْقُرْآنَ الْعَظِيمَ
Биз сага жети кайталануучуну жана Улуу Куранды бердик.
a. Фатиха сүрөсү. Себеби Фатиха ар бир ирекетте эки жолудан кайталанат.
88 لَا تَمُدَّنَّ عَيْنَيْكَ إِلَى مَا مَتَّعْنَا بِهِ أَزْوَاجًا مِنْهُمْ وَلَا تَحْزَنْ عَلَيْهِمْ وَاخْفِضْ جَنَاحَكَ لِلْمُؤْمِنِينَ
Каапырлардын кээ бирлерине, биз пайдаландырган нерселерге көз артпа. Алар үчүн капаланба, момундарды канатыңа калкала.
89 وَقُلْ إِنِّي أَنَا النَّذِيرُ الْمُبِينُ
Айт: “Акыйкатта, мен болгону эскертүүчү жана айкындоочу ганамын.”
90 كَمَا أَنْزَلْنَا عَلَى الْمُقْتَسِمِينَ
Бөлүүчүлөргө (топторго) жөнөткөнүбүз өңдүү,
a. Бул тууралуу түрдүү түшүндүрмөлөр бар. Ошолордун бири: Иудейлер менен христиандар. Алар Ыйык Китептен өздөрүнө жаккандарын алып, калгандарын таштап койушкан.
91 الَّذِينَ جَعَلُوا الْقُرْآنَ عِضِينَ
алар Куранды бөлүк-бөлүк кылгандар.
a. Кээ бирине ишенип, кээ бирине ишенбей.
92 فَوَرَبِّكَ لَنَسْأَلَنَّهُمْ أَجْمَعِينَ
Эгеңе ант, алардын баарысын суракка тартабыз,
93 عَمَّا كَانُوا يَعْمَلُونَ
алар эмне кылгандыктары тууралуу.
94 فَاصْدَعْ بِمَا تُؤْمَرُ وَأَعْرِضْ عَنِ الْمُشْرِكِينَ
Сага буйрулгандар тууралуу ачык-айкын кабарла! Ал мушриктерден жүз үйрү.
95 إِنَّا كَفَيْنَاكَ الْمُسْتَهْزِئِينَ
Акыйкатта, Биз сени шылдыңдоолордон коргойбуз
96 الَّذِينَ يَجْعَلُونَ مَعَ اللَّهِ إِلَهًا آخَرَ فَسَوْفَ يَعْلَمُونَ
Алар Аллага башка Кудайды шерик кылышат. Бирок алар (аны) жакында билишет.
a. Жок кудайды.
97 وَلَقَدْ نَعْلَمُ أَنَّكَ يَضِيقُ صَدْرُكَ بِمَا يَقُولُونَ
Алардын айткандарынан сенин жүрөгүң кысылганын билебиз.
98 فَسَبِّحْ بِحَمْدِ رَبِّكَ وَكُنْ مِنَ السَّاجِدِينَ
Өз Эгеңди даңазалоо менен аруула, сежде кылуучулардан бол.
99 وَاعْبُدْ رَبَّكَ حَتَّى يَأْتِيَكَ الْيَقِينُ
Сага өлүм келгенге чейин Эгеңе сыйын!