41 قَالَ هَذَا صِرَاطٌ عَلَيَّ مُسْتَقِيمٌ
(Алла) айтты: “Бул мага карай эң туура жол,
41 قَالَ هَذَا صِرَاطٌ عَلَيَّ مُسْتَقِيمٌ
(Алла) айтты: “Бул мага карай эң туура жол,
42 إِنَّ عِبَادِي لَيْسَ لَكَ عَلَيْهِمْ سُلْطَانٌ إِلَّا مَنِ اتَّبَعَكَ مِنَ الْغَاوِينَ
чындыгында, адашып сени ээрчигендердин үстүнөн гана болбосо, Менин пенделериме сен бийлик кыла албайсың”.
43 وَإِنَّ جَهَنَّمَ لَمَوْعِدُهُمْ أَجْمَعِينَ
Акыйкатта, алар үчүн дайардалган жай – тозок.
44 لَهَا سَبْعَةُ أَبْوَابٍ لِكُلِّ بَابٍ مِنْهُمْ جُزْءٌ مَقْسُومٌ
Анын жети эшиги бар. Ар бир эшикке ажыратылган (дайындалган) топ бар.
45 إِنَّ الْمُتَّقِينَ فِي جَنَّاتٍ وَعُيُونٍ
Акыйкатта, такыбалар бейиш бактарында жана булактардын арасында болушат.
46 ادْخُلُوهَا بِسَلَامٍ آمِنِينَ
(Аларга айтылат): “Тынчтык, амандык менен киргиле!”
47 وَنَزَعْنَا مَا فِي صُدُورِهِمْ مِنْ غِلٍّ إِخْوَانًا عَلَى سُرُرٍ مُتَقَابِلِينَ
Алардын көкүрөктөрүндөгү кектерди чыгарып салабыз. Алар бири бирине бир тууган болушат жана мамыктардын үстүндө бет маңдай олтурушат.
48 لَا يَمَسُّهُمْ فِيهَا نَصَبٌ وَمَا هُمْ مِنْهَا بِمُخْرَجِينَ
Мында алар чарчашпайт жана алар мындан эч качан куулуп чыгарылбайт.
49 نَبِّئْ عِبَادِي أَنِّي أَنَا الْغَفُورُ الرَّحِيمُ
Пенделериме кабарла! Мен акыйкатта Кечиримдүү, Мээримдүүмүн,
50 وَأَنَّ عَذَابِي هُوَ الْعَذَابُ الْأَلِيمُ
Албетте, Менин азабым – ал оорутуучу азап.
51 وَنَبِّئْهُمْ عَنْ ضَيْفِ إِبْرَاهِيمَ
Аларга Ибрахимдин конокторунун байанын жеткир.
52 إِذْ دَخَلُوا عَلَيْهِ فَقَالُوا سَلَامًا قَالَ إِنَّا مِنْكُمْ وَجِلُونَ
Ошондо, (периштелер анын) жанына кирип, “Салам!” - дешти. Ал: “Чынында, биз силерден коркуп турабыз”, - деди.
a. Ибрахим (а.с.).
53 قَالُوا لَا تَوْجَلْ إِنَّا نُبَشِّرُكَ بِغُلَامٍ عَلِيمٍ
(Алар): “Коркпо! Биз сени илимдүү уулдуу (боло тургандыгың) менен сүйүнчүлөйбүз”, – дешти.
54 قَالَ أَبَشَّرْتُمُونِي عَلَى أَنْ مَسَّنِيَ الْكِبَرُ فَبِمَ تُبَشِّرُونَ
(Ибрахим): “Мага карылык келгенде сүйүнтөсүңөрбү? Деги мага эмнени сүйүнчүлөйсүңөр?” – деди.
55 قَالُوا بَشَّرْنَاكَ بِالْحَقِّ فَلَا تَكُنْ مِنَ الْقَانِطِينَ
(Периштелер): “Биз сага чындыкты сүйүнчүлөдүк. Эми үмүт үзүүчүлөрдөн болбо!” – дешти.
56 قَالَ وَمَنْ يَقْنَطُ مِنْ رَحْمَةِ رَبِّهِ إِلَّا الضَّالُّونَ
(Ибрахим): “Эгесинин мээриминен адашкандардан башка ким үмүт үзмөк эле”, – деди.
57 قَالَ فَمَا خَطْبُكُمْ أَيُّهَا الْمُرْسَلُونَ
“Эй, элчилер! Силер эмнеге келдиңер эле?” – деди (Ибрахим).
58 قَالُوا إِنَّا أُرْسِلْنَا إِلَى قَوْمٍ مُجْرِمِينَ
“Биз күнөөлүү элге жөнөтүлгөнбүз”, – дешти (алар),
59 إِلَّا آلَ لُوطٍ إِنَّا لَمُنَجُّوهُمْ أَجْمَعِينَ
“Луттун үй-бүлөсүнөн башкаларына, Албетте, Биз алардын бардыгын куткаруучубуз,
60 إِلَّا امْرَأَتَهُ قَدَّرْنَا إِنَّهَا لَمِنَ الْغَابِرِينَ
анын айалынан башкаларын. Биз ага (айалга) мында калуучулардын арасында болууну буйруп койгонбуз”.