бөлүм Хижр - الحجر

61 فَلَمَّا جَاءَ آلَ لُوطٍ الْمُرْسَلُونَ

Элчилер Луттун үй-бүлөсүнө келгенде:

a. Периштелер.

62 قَالَ إِنَّكُمْ قَوْمٌ مُنْكَرُونَ

(Ал): “Чындыгында, силер тааныш эмес элсиңер”, – деди.

63 قَالُوا بَلْ جِئْنَاكَ بِمَا كَانُوا فِيهِ يَمْتَرُونَ

(Алар): “Жок, биз алар ар дайым шектенип мойун сунбаган себептен келдик.

64 وَأَتَيْنَاكَ بِالْحَقِّ وَإِنَّا لَصَادِقُونَ

“Биз сага (даана) чындыкты алып келдик, биз чын айтабыз”.

65 فَأَسْرِ بِأَهْلِكَ بِقِطْعٍ مِنَ اللَّيْلِ وَاتَّبِعْ أَدْبَارَهُمْ وَلَا يَلْتَفِتْ مِنْكُمْ أَحَدٌ وَامْضُوا حَيْثُ تُؤْمَرُونَ

“Өзүңдүн үй-бүлөң менен түндүн бир оокумунда жолго чык жана артынан бас. Силердин эч кимиңер артыңарга кайрылып карабагыла жана белгиленген жерге жеткенче токтобогула”, – дешти (периштелер).

66 وَقَضَيْنَا إِلَيْهِ ذَلِكَ الْأَمْرَ أَنَّ دَابِرَ هَؤُلَاءِ مَقْطُوعٌ مُصْبِحِينَ

“Биз таң атканда күнөөкөрлөр бири да калбай кыргын боло тургандыгы жөнүндө ага айан кылганбыз”.

67 وَجَاءَ أَهْلُ الْمَدِينَةِ يَسْتَبْشِرُونَ

Шаардын жашоочулары сүйүнүп жетип келишти.

a. Шаардын бузулган адамдары Луттун коноктору менен бузуку (бачабаздык) иш кылгылары келген. Ал шаардын адамдары ошондой иштерди мурунтан кылып жүрүшкөн.

68 قَالَ إِنَّ هَؤُلَاءِ ضَيْفِي فَلَا تَفْضَحُونِ

(Ал): “Булар менин конокторум, менин абийиримди төкпөгүлө,

a. Лут (а.с.)

69 وَاتَّقُوا اللَّهَ وَلَا تُخْزُونِ

Алладан корккула. Мени шерменде кылбагыла!” – деди (Лут).

70 قَالُوا أَوَلَمْ نَنْهَكَ عَنِ الْعَالَمِينَ

(Алар): “Биз сен дүйнөдө (эч кимди коргобо деп) тыйбадык беле?”, – дешти.

71 قَالَ هَؤُلَاءِ بَنَاتِي إِنْ كُنْتُمْ فَاعِلِينَ

Ал: “Эгер кааласаңар, мына кыздарым” – деди.

72 لَعَمْرُكَ إِنَّهُمْ لَفِي سَكْرَتِهِمْ يَعْمَهُونَ

Сенин өмүрүңө ант! Алар өздөрүнүн мастыгында аң-таң болушат (экиленишет).

73 فَأَخَذَتْهُمُ الصَّيْحَةُ مُشْرِقِينَ

Ошондо, күн чыгарда аларды катуу бир үн кармады.

74 فَجَعَلْنَا عَالِيَهَا سَافِلَهَا وَأَمْطَرْنَا عَلَيْهِمْ حِجَارَةً مِنْ سِجِّيلٍ

Биз аны астын-үстүн кылып, анын үстүнөн бышкан чопо таштарды жаадырып салдык.

a. Содом менен Гоморраны. Аравийа менен Сирийанын аралыгындагы, Өлүк Деңиз өрөөнүндө жайгашкан Содом жана Гоморра шаарлары.

75 إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَاتٍ لِلْمُتَوَسِّمِينَ

Чынында, кыраакылар үчүн мында белгилер бар.

a. Өрнөктөр.

76 وَإِنَّهَا لَبِسَبِيلٍ مُقِيمٍ

Алар жолдун бойунда эле.

a. Бүгүнкү күндө Хижаз менен Сирийанын аралыгында Өлүк Деңиздин чыгыш жээгине катарлаш байыркы жолдун нугу созулуп жаткандыгын космостон тартылган сүрөттөр толук далилдеди.

77 إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَةً لِلْمُؤْمِنِينَ

Акыйкатта, момундар үчүн мында белгилер бар.

78 وَإِنْ كَانَ أَصْحَابُ الْأَيْكَةِ لَظَالِمِينَ

Акыйкатта, Аль-Айканын жашоочулары да адашкандардан болгон эле.

a. Шуайб (а.с.)дын коому.

79 فَانْتَقَمْنَا مِنْهُمْ وَإِنَّهُمَا لَبِإِمَامٍ مُبِينٍ

Ошондуктан Биз аларды жазаладык. Алар ар тараптан көрүнгөн бир жолдо жатышат.

a. Аль-Айка менен Аль-Хижрдин жашоочулары да жогоруда сөз болгон жолдорду бойлой жайгашкан.

80 وَلَقَدْ كَذَّبَ أَصْحَابُ الْحِجْرِ الْمُرْسَلِينَ

Аль-Хижрдин жашоочулары да элчилерин жалганга чыгарышкан.

a. Медина менен Сирийанын ортосундагы бир өрөөн. b. Пайгамбарларын.