бөлүм Хижр - الحجر

21 وَإِنْ مِنْ شَيْءٍ إِلَّا عِنْدَنَا خَزَائِنُهُ وَمَا نُنَزِّلُهُ إِلَّا بِقَدَرٍ مَعْلُومٍ

Биз ээлик кылбаган эч бир казына жок. Биз андан белгиленген өлчөмдө гана түшүрөбүз.

22 وَأَرْسَلْنَا الرِّيَاحَ لَوَاقِحَ فَأَنْزَلْنَا مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَسْقَيْنَاكُمُوهُ وَمَا أَنْتُمْ لَهُ بِخَازِنِينَ

Биз чаңдаштыруучу (жамгырлуу) шамалды жөнөтөбүз жана асмандан силерге жаан жаадырабыз, силерди ошону менен сугарабыз. Анын казыналары силердин колуңарда эмес.

a. Уруктарды бир жерден экинчи жерге учуруп барып, бак-дарак, өсүмдүктөрдү чаңдаштырат.

23 وَإِنَّا لَنَحْنُ نُحْيِي وَنُمِيتُ وَنَحْنُ الْوَارِثُونَ

Чынында, жашоону, өлүмдү Биз тартуулайбыз жана баарына Биз гана мураскорбуз.

24 وَلَقَدْ عَلِمْنَا الْمُسْتَقْدِمِينَ مِنْكُمْ وَلَقَدْ عَلِمْنَا الْمُسْتَأْخِرِينَ

Биз силерге чейинки жашагандарды да, силерден кийинки жашай тургандарды да билебиз.

25 وَإِنَّ رَبَّكَ هُوَ يَحْشُرُهُمْ إِنَّهُ حَكِيمٌ عَلِيمٌ

Акыйкатта, Эгең алардын баарысын жыйнайт. Албетте, Ал Даанышман, Билүүчү.

26 وَلَقَدْ خَلَقْنَا الْإِنْسَانَ مِنْ صَلْصَالٍ مِنْ حَمَإٍ مَسْنُونٍ

Акыйкатта, Биз шыгыраган кебетелүү кургак чоподон инсанды жараттык.

a. адам кейпиндеги

27 وَالْجَانَّ خَلَقْنَاهُ مِنْ قَبْلُ مِنْ نَارِ السَّمُومِ

Жиндерди андан мурун түтүнсүз оттон жаратканбыз.

28 وَإِذْ قَالَ رَبُّكَ لِلْمَلَائِكَةِ إِنِّي خَالِقٌ بَشَرًا مِنْ صَلْصَالٍ مِنْ حَمَإٍ مَسْنُونٍ

Ошондо Эгең периштелерге: “Мен шыгыраган, кебетелүү кургак чоподон инсанды жаратамын”, – деди.

29 فَإِذَا سَوَّيْتُهُ وَنَفَخْتُ فِيهِ مِنْ رُوحِي فَقَعُوا لَهُ سَاجِدِينَ

Анын турпатын айактап, Өз рухумдан киргизгенимде ага сежде кылгыла! (деди).

a. Башын ылдый эңкейтүү.

30 فَسَجَدَ الْمَلَائِكَةُ كُلُّهُمْ أَجْمَعُونَ

Ошондо бардык периштелер сежде кылышты,

a. Адамды жасап болгон.

31 إِلَّا إِبْلِيسَ أَبَى أَنْ يَكُونَ مَعَ السَّاجِدِينَ

Иблистен башкалары. Ал сежде кылуудан баш тартты.

a. Периштелердин башчысы болуп турган жин.

32 قَالَ يَا إِبْلِيسُ مَا لَكَ أَلَّا تَكُونَ مَعَ السَّاجِدِينَ

“Эй, Иблис! Сен эмнеликтен сежде кылуучулар менен бирге болбодуң?” – деди.

33 قَالَ لَمْ أَكُنْ لِأَسْجُدَ لِبَشَرٍ خَلَقْتَهُ مِنْ صَلْصَالٍ مِنْ حَمَإٍ مَسْنُونٍ

(Ал): “Мен шыгыраган кебетелүү кургак чоподон жасалган инсанга сежде кыла албайм”, – деди.

34 قَالَ فَاخْرُجْ مِنْهَا فَإِنَّكَ رَجِيمٌ

(Алла): “Сен мындан чыккын, анткени сен куулдуң”, – деди.

35 وَإِنَّ عَلَيْكَ اللَّعْنَةَ إِلَى يَوْمِ الدِّينِ

“Сага Кыйамат Күнгө чейин каргыш (болсун).”

36 قَالَ رَبِّ فَأَنْظِرْنِي إِلَى يَوْمِ يُبْعَثُونَ

“Оо Эгем! Алар кайрадан тириле турган Күнгө чейин мага мөөнөт бер” – деди.

a. Иблис.

37 قَالَ فَإِنَّكَ مِنَ الْمُنْظَرِينَ

“Чынында, сен мөөнөт берилгендерденсиң,

38 إِلَى يَوْمِ الْوَقْتِ الْمَعْلُومِ

убактысы белгиленген Күнгө чейин”, – деди.

a. Алла.

39 قَالَ رَبِّ بِمَا أَغْوَيْتَنِي لَأُزَيِّنَنَّ لَهُمْ فِي الْأَرْضِ وَلَأُغْوِيَنَّهُمْ أَجْمَعِينَ

(Иблис айтты): “Оо Эгем! Мени адаштырганың үчүн аларга жер жүзүндөгүлөрдүн баарын сонун көргөзүп отуруп, алардын баарын азгыра беремин,

40 إِلَّا عِبَادَكَ مِنْهُمُ الْمُخْلَصِينَ

сага берилген пенделериңден башкаларын.”