бөлүм Хижр - الحجر

1 الر تِلْكَ آيَاتُ الْكِتَابِ وَقُرْآنٍ مُبِينٍ

Алиф, Лам, Раа. Булар Китептин, ачык-айкын Курандын айаттары.

a. Маанилери бир Аллага маалым.

2 رُبَمَا يَوَدُّ الَّذِينَ كَفَرُوا لَوْ كَانُوا مُسْلِمِينَ

Мүмкүн каапырлар мусулмандардан болууну кааларшар.

3 ذَرْهُمْ يَأْكُلُوا وَيَتَمَتَّعُوا وَيُلْهِهِمُ الْأَمَلُ فَسَوْفَ يَعْلَمُونَ

Аларды жөн кой! Жешсин, пайдаланышсын, кыйалдары менен алектене беришсин. Анан жакында билишет.

a. Ырахатка бөлөнүшсүн. b. Кылган иштеринин акыбетин билишет

4 وَمَا أَهْلَكْنَا مِنْ قَرْيَةٍ إِلَّا وَلَهَا كِتَابٌ مَعْلُومٌ

Биз эч бир калааны белгиленген убактысыз жок кылбадык.

5 مَا تَسْبِقُ مِنْ أُمَّةٍ أَجَلَهَا وَمَا يَسْتَأْخِرُونَ

Эч бир эл ажалын илгерилете да албайт, кечеңдете да албайт.

6 وَقَالُوا يَا أَيُّهَا الَّذِي نُزِّلَ عَلَيْهِ الذِّكْرُ إِنَّكَ لَمَجْنُونٌ

Алар (пайгамбарга): “Эй, өзүнө насаат түшүрүлгөн! Сен анык жиндисиң”, – дешет.

a. Куран.

7 لَوْ مَا تَأْتِينَا بِالْمَلَائِكَةِ إِنْ كُنْتَ مِنَ الصَّادِقِينَ

“Эгер сен чынчылдардан болсоң, эмнеге периштелерди алып келбейсиң?” (- дешет).

8 مَا نُنَزِّلُ الْمَلَائِكَةَ إِلَّا بِالْحَقِّ وَمَا كَانُوا إِذًا مُنْظَرِينَ

Периштелерди Биз жөн гана түшүрбөйбүз! Анда аларга мөөнөт берилбейт.

a. Азап менен түшүрөбүз.

9 إِنَّا نَحْنُ نَزَّلْنَا الذِّكْرَ وَإِنَّا لَهُ لَحَافِظُونَ

Чынында, Куранды Биз түшүрдүк. Эми аны өзүбүз сактайбыз.

10 وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا مِنْ قَبْلِكَ فِي شِيَعِ الْأَوَّلِينَ

Сенден мурдагы элдердин тобуна да (элчи) жөнөткөнбүз.

11 وَمَا يَأْتِيهِمْ مِنْ رَسُولٍ إِلَّا كَانُوا بِهِ يَسْتَهْزِئُونَ

Алар үстүнөн шылдыңдап күлбөгөн эч бир пайгамбар болгон эмес.

12 كَذَلِكَ نَسْلُكُهُ فِي قُلُوبِ الْمُجْرِمِينَ

Ушинтип, күнөөкөрлөрдүн жүрөгүнө Биз аны да киргизебиз.

a. Шылдыңдарын өздөрүнө көргөзүп, билгизип, түшүндүрүп.

13 لَا يُؤْمِنُونَ بِهِ وَقَدْ خَلَتْ سُنَّةُ الْأَوَّلِينَ

Алар ага (Куранга) ишенишпейт, мурункулардын жолу да ушундай болгон эле.

14 وَلَوْ فَتَحْنَا عَلَيْهِمْ بَابًا مِنَ السَّمَاءِ فَظَلُّوا فِيهِ يَعْرُجُونَ

Ал түгүл Биз аларга асман эшигин ачып койсок, алар ошолор аркылуу көтөрүлүшсө да,

15 لَقَالُوا إِنَّمَا سُكِّرَتْ أَبْصَارُنَا بَلْ نَحْنُ قَوْمٌ مَسْحُورُونَ

алар анда: “Албетте, биздин көзүбүз тосулуп (тумандап) калды, биз сыйкырланган эл болдук”, – дешээр эле.

16 وَلَقَدْ جَعَلْنَا فِي السَّمَاءِ بُرُوجًا وَزَيَّنَّاهَا لِلنَّاظِرِينَ

Биз асманга топ жылдыздарды жайгаштырып, кароочулар үчүн аны кооздодук.

17 وَحَفِظْنَاهَا مِنْ كُلِّ شَيْطَانٍ رَجِيمٍ

Биз аны таш бараңга алынган бардык шайтандардан сактадык.

18 إِلَّا مَنِ اسْتَرَقَ السَّمْعَ فَأَتْبَعَهُ شِهَابٌ مُبِينٌ

Андан сырткары, ким жашыруун түрдө тыңшаса, ага айкын жалын жетет.

a. Жарык берүүчү жылдыз.

19 وَالْأَرْضَ مَدَدْنَاهَا وَأَلْقَيْنَا فِيهَا رَوَاسِيَ وَأَنْبَتْنَا فِيهَا مِنْ كُلِّ شَيْءٍ مَوْزُونٍ

Биз жерди жайдык, ага бекем туруучу тоолорду кададык. Жана да андан бардык нерселерди өлчөм менен чыгардык.

a. Жер бетинен.

20 وَجَعَلْنَا لَكُمْ فِيهَا مَعَايِشَ وَمَنْ لَسْتُمْ لَهُ بِرَازِقِينَ

Биз анда силерге жана силер ырыскы бере албай тургандар үчүн жашоо кылдык.