1 الر تِلْكَ آيَاتُ الْكِتَابِ الْحَكِيمِ
Алиф, лам, раа. Мына булар даанышман Китептин айаттары.
a. Мааниси бир Аллахка маалым. b. Куран.
1 الر تِلْكَ آيَاتُ الْكِتَابِ الْحَكِيمِ
Алиф, лам, раа. Мына булар даанышман Китептин айаттары.
a. Мааниси бир Аллахка маалым. b. Куран.
2 أَكَانَ لِلنَّاسِ عَجَبًا أَنْ أَوْحَيْنَا إِلَى رَجُلٍ مِنْهُمْ أَنْ أَنْذِرِ النَّاسَ وَبَشِّرِ الَّذِينَ آمَنُوا أَنَّ لَهُمْ قَدَمَ صِدْقٍ عِنْدَ رَبِّهِمْ قَالَ الْكَافِرُونَ إِنَّ هَذَا لَسَاحِرٌ مُبِينٌ
Адамдарды эскертүү жана ыймандууларга кылган ;акшылыктары, Эгесинин алдында чоң кадырга ээ боло тургандыгын сүйүнчүлөө үчүн өздөрүнүн араларынан бир кишиге Биздин кабар жибергенибизге да таң калышабы? Каапырлар: “Ал анык сыйкырчы”, – дешет.
3 إِنَّ رَبَّكُمُ اللَّهُ الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ فِي سِتَّةِ أَيَّامٍ ثُمَّ اسْتَوَى عَلَى الْعَرْشِ يُدَبِّرُ الْأَمْرَ مَا مِنْ شَفِيعٍ إِلَّا مِنْ بَعْدِ إِذْنِهِ ذَلِكُمُ اللَّهُ رَبُّكُمْ فَاعْبُدُوهُ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ
Акыйкатта, силердин Эгеңер Аллах асмандар менен жерди алты күндө жараткан, андан соң Аршка ээлик кылып, келечек ишке өкүм чыгарат. Андан уруксатсыз эч ким коргоочу боло албайт. Мына ушул – Аллах, - силердин Эгеңер. Ага (гана) сыйынгыла. Эсиңерге келбейсиңерби?
a. “Истиваа” сөзү өзүнө бир нече маанини камтыйт. Андыктан бул сөздү терең изилдөө шариатта максатсыз. Демек, бул сөздөн Аллах эмнени кааласа, ошого ыйман келтирүүгө милдеттүүбүз. Ар кандай чечмелөөлөрдү айтып, талашып-тартышууга тийиш эмеспиз. Ошентсе да, айрым маанилерди айта кетүү максатка ылайык: а) орун алуу; б) жайлануу; в) көтөрүлүү; г) камынуу; д) багыт алуу. b. Будпарастардын түшүнүгү бойунча Аллах менен адамдардын ортосунда ортомчу б.а. коргоочулар бар. Христиандар да Исаны Кудай менен адамдын ортосундагы куткаруучу деп эсептешет.
4 إِلَيْهِ مَرْجِعُكُمْ جَمِيعًا وَعْدَ اللَّهِ حَقًّا إِنَّهُ يَبْدَأُ الْخَلْقَ ثُمَّ يُعِيدُهُ لِيَجْزِيَ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ بِالْقِسْطِ وَالَّذِينَ كَفَرُوا لَهُمْ شَرَابٌ مِنْ حَمِيمٍ وَعَذَابٌ أَلِيمٌ بِمَا كَانُوا يَكْفُرُونَ
Ага баарыңар чогуу кайтасыңар. Бул Аллахтын убадасы – акыйкат. Акыйкатта, Ал баарын баштап жараткан. Анан ыйман келтирип, жакшылык кылгандарды адилеттүүлүк менен сыйлоо үчүн аны кайта тирилтет. А каапырларга каапыр болгондуктары себептүү кайнаган суусундук жана орутуучу азап бар.
5 هُوَ الَّذِي جَعَلَ الشَّمْسَ ضِيَاءً وَالْقَمَرَ نُورًا وَقَدَّرَهُ مَنَازِلَ لِتَعْلَمُوا عَدَدَ السِّنِينَ وَالْحِسَابَ مَا خَلَقَ اللَّهُ ذَلِكَ إِلَّا بِالْحَقِّ يُفَصِّلُ الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يَعْلَمُونَ
Ал Күндү жарык, ал эми Айды нур кылды. Силердин жылдарды менен убакытты билүүңөр үчүн алардын орундарын белгиледи. Аллах буларды чындык менен жаратты. Ал түшүнгөн адамдарга Өзүнүн айаттарын байандайт.
6 إِنَّ فِي اخْتِلَافِ اللَّيْلِ وَالنَّهَارِ وَمَا خَلَقَ اللَّهُ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يَتَّقُونَ
Акыйкатта, түн менен күндүн алмашуусунда, Аллах асмандар менен жерде жараткандарда такыба адамдар үчүн белгилер бар.
7 إِنَّ الَّذِينَ لَا يَرْجُونَ لِقَاءَنَا وَرَضُوا بِالْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَاطْمَأَنُّوا بِهَا وَالَّذِينَ هُمْ عَنْ آيَاتِنَا غَافِلُونَ
Акыйкатта, Биз менен кездешүүнү күтпөгөндөр, бул дүйнө жашоосуна маашырлана көңүлдөрү жай тапкандар – Биздин айаттарыбыздан бейкапар болгондор.
8 أُولَئِكَ مَأْوَاهُمُ النَّارُ بِمَا كَانُوا يَكْسِبُونَ
Алар кылган амалдары себептүү – жайгаша турган орундары (тозок) оту.
9 إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ يَهْدِيهِمْ رَبُّهُمْ بِإِيمَانِهِمْ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهِمُ الْأَنْهَارُ فِي جَنَّاتِ النَّعِيمِ
Акыйкатта, ыйман келтирип, жакшылык кылгандарды ыймандары себептүү алдынан дарыйалар аккан, ырахаттуу Бейиш жолуна салат.
10 دَعْوَاهُمْ فِيهَا سُبْحَانَكَ اللَّهُمَّ وَتَحِيَّتُهُمْ فِيهَا سَلَامٌ وَآخِرُ دَعْوَاهُمْ أَنِ الْحَمْدُ لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ
Алардын андагы сыйынуулары: “О жараткан Аллах, биз Сени Аруулайбыз!”; саламдашуулары: “Салам! – Тынчтык” (болот), “Ааламдардын Эгеси Аллахка мактоо!” – деп дубаларын айакташат.
11 وَلَوْ يُعَجِّلُ اللَّهُ لِلنَّاسِ الشَّرَّ اسْتِعْجَالَهُمْ بِالْخَيْرِ لَقُضِيَ إِلَيْهِمْ أَجَلُهُمْ فَنَذَرُ الَّذِينَ لَا يَرْجُونَ لِقَاءَنَا فِي طُغْيَانِهِمْ يَعْمَهُونَ
Эгерде Аллах адамдарга жакшылыктын келишин каалаган өңдүү, жамандыктын келишин да тездетсе, анда алардын жашоосу (эбак) бүткөн болор эле. Бирок, Биз менен кездешүүнү күтпөгөндөрдү өздөрүнүн адашуусунда экилентип таштап койобуз.
a. Каапыр мушриктер пайгамбарга: “Сенин Аллахңдын айткандары чын болсо, анда бизге жаза жиберсин”, – деген өңдүү талаптарды койушкан. Эгер Аллах алардын каалаганын кылса, анда алар кырылып калышы мүмкүн эле.
12 وَإِذَا مَسَّ الْإِنْسَانَ الضُّرُّ دَعَانَا لِجَنْبِهِ أَوْ قَاعِدًا أَوْ قَائِمًا فَلَمَّا كَشَفْنَا عَنْهُ ضُرَّهُ مَرَّ كَأَنْ لَمْ يَدْعُنَا إِلَى ضُرٍّ مَسَّهُ كَذَلِكَ زُيِّنَ لِلْمُسْرِفِينَ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Качан инсанга кайгы жеткен кезде, ал жатып да, олтуруп да, туруп да Бизге жалына баштайт. Биз аны кайгыдан куткарганыбызда, ал Бизден жамандыктан куткарууну сурабаган өңдүү мурунку жолу менен кете берет. Ушундай болуп чектен ашкандардын иштери өздөрүнө көркөмдүү сезилет.
13 وَلَقَدْ أَهْلَكْنَا الْقُرُونَ مِنْ قَبْلِكُمْ لَمَّا ظَلَمُوا وَجَاءَتْهُمْ رُسُلُهُمْ بِالْبَيِّنَاتِ وَمَا كَانُوا لِيُؤْمِنُوا كَذَلِكَ نَجْزِي الْقَوْمَ الْمُجْرِمِينَ
Биз силерге чейинки заалымдык кылган көптөгөн элдерди жок кылганбыз. Алардын пайгамбарлары далилдер менен келишкенде да, алар ишенбеген бойунча кала беришкен. Күнөөкөр коомдун жазасын Биз ушинтип беребиз.
14 ثُمَّ جَعَلْنَاكُمْ خَلَائِفَ فِي الْأَرْضِ مِنْ بَعْدِهِمْ لِنَنْظُرَ كَيْفَ تَعْمَلُونَ
Силер кандай кыларыңарды байкап көрүү үчүн Биз силерди Жер үстүндө алардын орун басарлары кылдык.
15 وَإِذَا تُتْلَى عَلَيْهِمْ آيَاتُنَا بَيِّنَاتٍ قَالَ الَّذِينَ لَا يَرْجُونَ لِقَاءَنَا ائْتِ بِقُرْآنٍ غَيْرِ هَذَا أَوْ بَدِّلْهُ قُلْ مَا يَكُونُ لِي أَنْ أُبَدِّلَهُ مِنْ تِلْقَاءِ نَفْسِي إِنْ أَتَّبِعُ إِلَّا مَا يُوحَى إِلَيَّ إِنِّي أَخَافُ إِنْ عَصَيْتُ رَبِّي عَذَابَ يَوْمٍ عَظِيمٍ
Качан аларга Биздин айкын айаттарыбыз окулганда, Биз менен кездешүүнү үмүт этпегендер мындай дешет: “Бизге Курандын ордуна башка китепти алып кел, же аны өзгөрт.” Аларга: “Аны мага өзгөртүүгө болбойт. Мен болгону мага кабар кылынган нерсени гана ээрчиймин. Мен эгер Эгемдин буйругун аткарбасам, Улуу күндүн азабынан коркомун”, – дегин.
16 قُلْ لَوْ شَاءَ اللَّهُ مَا تَلَوْتُهُ عَلَيْكُمْ وَلَا أَدْرَاكُمْ بِهِ فَقَدْ لَبِثْتُ فِيكُمْ عُمُرًا مِنْ قَبْلِهِ أَفَلَا تَعْقِلُونَ
“Эгер Аллах каалаган болсо, анда мен муну силерге окубас элем, ал жөнүндө силерге үйрөтпөс да элем. Чынында, мен буга чейин силер менен бүтүндөй бир жашоону өткөздүм. Эмнеликтен акылыңарга келбейсиңер?” – деп айт.
17 فَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ افْتَرَى عَلَى اللَّهِ كَذِبًا أَوْ كَذَّبَ بِآيَاتِهِ إِنَّهُ لَا يُفْلِحُ الْمُجْرِمُونَ
Аллахка жалаа жапкандардан, же Анын айаттарын жалганга чыгаргандан да ашкан заалим барбы? Албетте, күнөөкөрлөр ийгиликке жете албайт.
18 وَيَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ مَا لَا يَضُرُّهُمْ وَلَا يَنْفَعُهُمْ وَيَقُولُونَ هَؤُلَاءِ شُفَعَاؤُنَا عِنْدَ اللَّهِ قُلْ أَتُنَبِّئُونَ اللَّهَ بِمَا لَا يَعْلَمُ فِي السَّمَاوَاتِ وَلَا فِي الْأَرْضِ سُبْحَانَهُ وَتَعَالَى عَمَّا يُشْرِكُونَ
Алар Аллахтын ордуна өздөрүнө зыйан да, пайда да келтире албагандарга сыйынышат да: “Мына биздин Аллахтын алдындагы коргоочуларыбыз” - дешет. (Аларга:) “Асмандар менен жерде Ага белгилүү болбогон нерсени Аллахка кабар берип жатасыңарбы?” - де. Ага мактоолор болсун! Ал силер кошкон шериктериңерден Таза жана Улуу.
19 وَمَا كَانَ النَّاسُ إِلَّا أُمَّةً وَاحِدَةً فَاخْتَلَفُوا وَلَوْلَا كَلِمَةٌ سَبَقَتْ مِنْ رَبِّكَ لَقُضِيَ بَيْنَهُمْ فِيمَا فِيهِ يَخْتَلِفُونَ
Мурун адамдар бир эл эле, анан алар бөлүнүштү. Эгер Эгең тараптан сөз өтпөгөндө, алардын ортосундагы талашып-тартышып жаткандары тууралуу иш чечилип калмак болчу.
20 وَيَقُولُونَ لَوْلَا أُنْزِلَ عَلَيْهِ آيَةٌ مِنْ رَبِّهِ فَقُلْ إِنَّمَا الْغَيْبُ لِلَّهِ فَانْتَظِرُوا إِنِّي مَعَكُمْ مِنَ الْمُنْتَظِرِينَ
Алар: “Анын Эгесинен ага бир керемет түшүрүлдүбү?” – дешет. Аларга: “Акыйкатта, кайып Аллахка таандык. Күтө тургула, мен дагы силер менен бирге күтүүчүлөрдөнмүн”, – деп айткын!
a. Му`жиза – адамдын акылы жетпеген кандайдыр бир керемет нерсени кылуу, же көргөзүү. Мисалы, асмандагы айды экиге бөлүү өңдүү.