бөлүм Йунус - يونس

101 قُلِ انْظُرُوا مَاذَا فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَا تُغْنِي الْآيَاتُ وَالنُّذُرُ عَنْ قَوْمٍ لَا يُؤْمِنُونَ

“Көргүлө! Асмандар менен жерде эмнелер бар?” – де. Ыймансыз коомго айаттар да, элчилер да пайда бербейт. Алар ыйман келтиришпейт.

102 فَهَلْ يَنْتَظِرُونَ إِلَّا مِثْلَ أَيَّامِ الَّذِينَ خَلَوْا مِنْ قَبْلِهِمْ قُلْ فَانْتَظِرُوا إِنِّي مَعَكُمْ مِنَ الْمُنْتَظِرِينَ

Алар мурунку каапырларга жеткендерден да башка бир нерселерди күтүп турабы? Аларга: “Күтүп тургула! Мен да силер менен бирге күтүүчүлөрдөнмүн”, – деп айт.

103 ثُمَّ نُنَجِّي رُسُلَنَا وَالَّذِينَ آمَنُوا كَذَلِكَ حَقًّا عَلَيْنَا نُنْجِ الْمُؤْمِنِينَ

Ошондо Биз Өзүбүздүн пайгамбарларды жана ыймандууларды куткарабыз. Акыйкат ушундай болот. Момундарды куткаруу Бизге таандык.

104 قُلْ يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنْ كُنْتُمْ فِي شَكٍّ مِنْ دِينِي فَلَا أَعْبُدُ الَّذِينَ تَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ وَلَكِنْ أَعْبُدُ اللَّهَ الَّذِي يَتَوَفَّاكُمْ وَأُمِرْتُ أَنْ أَكُونَ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ

“Эй адамдар! Силер менин диниме шек саноочу болсоңор, мен Аллахдан башка силер табынгандарга табынбаймын. Мен Аллахка гана табынамын, Ал силерди өлтүрө алат. Мага момундардан болуума буйрук кылынган”, – дегин.

105 وَأَنْ أَقِمْ وَجْهَكَ لِلدِّينِ حَنِيفًا وَلَا تَكُونَنَّ مِنَ الْمُشْرِكِينَ

Жүзүңдү туура динге бур жана мушриктерден болбо.

a. Көп кудайга (идолдорго) ишенүүчүлөр.

106 وَلَا تَدْعُ مِنْ دُونِ اللَّهِ مَا لَا يَنْفَعُكَ وَلَا يَضُرُّكَ فَإِنْ فَعَلْتَ فَإِنَّكَ إِذًا مِنَ الظَّالِمِينَ

Бир Аллахдан башка сага пайда да, зыйан да келтире албаган эч кимге табынба. Антпесең, сен заалымдардан болосуң.

107 وَإِنْ يَمْسَسْكَ اللَّهُ بِضُرٍّ فَلَا كَاشِفَ لَهُ إِلَّا هُوَ وَإِنْ يُرِدْكَ بِخَيْرٍ فَلَا رَادَّ لِفَضْلِهِ يُصِيبُ بِهِ مَنْ يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ وَهُوَ الْغَفُورُ الرَّحِيمُ

Эгер Аллах сени бир кырсыкка учуратса, Андан башка эч ким куткара албайт. Эгер Ал сага жакшылык жөнөтсө, Анын мээримдүүлүгүн эч ким токтото да албайт. Ал Аны Өз пенделеринин ичинен каалагандарына берет. Ал Кечирүүчү, Боорукер.

108 قُلْ يَا أَيُّهَا النَّاسُ قَدْ جَاءَكُمُ الْحَقُّ مِنْ رَبِّكُمْ فَمَنِ اهْتَدَى فَإِنَّمَا يَهْتَدِي لِنَفْسِهِ وَمَنْ ضَلَّ فَإِنَّمَا يَضِلُّ عَلَيْهَا وَمَا أَنَا عَلَيْكُمْ بِوَكِيلٍ

О адамдар! Силерге Эгеңерден акыйкат келди. Ким туура жол менен барса, ал өзүнө пайда келтирет. Ким адашса, өзүнө гана зыйан жеткирет. Мен силер үчүн өкүл эмесмин.

a. Башкаруучу эмесмин.

109 وَاتَّبِعْ مَا يُوحَى إِلَيْكَ وَاصْبِرْ حَتَّى يَحْكُمَ اللَّهُ وَهُوَ خَيْرُ الْحَاكِمِينَ

Өзүңө айан кылынгандарга ээрчи! Аллах өкүм кылганга чейин сабырдуу бол! Анткени, Ал өкүмдарлардын эң мыктысы.