бөлүм Йунус - يونس

61 وَمَا تَكُونُ فِي شَأْنٍ وَمَا تَتْلُو مِنْهُ مِنْ قُرْآنٍ وَلَا تَعْمَلُونَ مِنْ عَمَلٍ إِلَّا كُنَّا عَلَيْكُمْ شُهُودًا إِذْ تُفِيضُونَ فِيهِ وَمَا يَعْزُبُ عَنْ رَبِّكَ مِنْ مِثْقَالِ ذَرَّةٍ فِي الْأَرْضِ وَلَا فِي السَّمَاءِ وَلَا أَصْغَرَ مِنْ ذَلِكَ وَلَا أَكْبَرَ إِلَّا فِي كِتَابٍ مُبِينٍ

Сен кандай абалда болсоң да, Курандан эмнени окусаң да, силер эмнени кылсаңар да Биз күбө болуп турабыз. Себеби, силер ага чумкуп киресиңерби? Силердин Эгеңерден жер үстүндө да, асмандарда да кыпындын салмагындай эле, же андан азыраак, же андан көбүрөөк болсо дагы эч нерсе жашыруун эмес. Мунун баары ачык Китепте жазылган.

a. Амалга. b. Тагдыр жазылган китеп.

62 أَلَا إِنَّ أَوْلِيَاءَ اللَّهِ لَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ

Ооба! Албетте Аллахка жакын болгондор чоочулашпайт да кайгырышпайт.

63 الَّذِينَ آمَنُوا وَكَانُوا يَتَّقُونَ

Ыймандуулар жана такыба болгондор,

64 لَهُمُ الْبُشْرَى فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَفِي الْآخِرَةِ لَا تَبْدِيلَ لِكَلِمَاتِ اللَّهِ ذَلِكَ هُوَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ

Алар үчүн бул дүйнөдө жана акыретте сүйүнүчтүү кабар бар. Аллахтын убадалары эч өзгөрүлбөйт. Бул улуу ийгилик.

65 وَلَا يَحْزُنْكَ قَوْلُهُمْ إِنَّ الْعِزَّةَ لِلَّهِ جَمِيعًا هُوَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ

Алардын сөздөрү сени капалантпасын! Акыйкатта, бардык ызааттуулук Аллахка гана таандык. Ал – Угуучу, Билүүчү!

66 أَلَا إِنَّ لِلَّهِ مَنْ فِي السَّمَاوَاتِ وَمَنْ فِي الْأَرْضِ وَمَا يَتَّبِعُ الَّذِينَ يَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ شُرَكَاءَ إِنْ يَتَّبِعُونَ إِلَّا الظَّنَّ وَإِنْ هُمْ إِلَّا يَخْرُصُونَ

Ооба! Акыйкатта, асмандар менен жердегилердин баары Аллахка таандык. Аллахдан башка шерик келтирилгендерге табынып жаткандар эмнени көздөшөт? Алар божомолдорду гана ээрчип жүрүшөт. Алар жалганды гана айтышат.

67 هُوَ الَّذِي جَعَلَ لَكُمُ اللَّيْلَ لِتَسْكُنُوا فِيهِ وَالنَّهَارَ مُبْصِرًا إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يَسْمَعُونَ

Ал силердин эс алууңар үчүн түндү, көрүүңөр үчүн күндүздү кылган. Албетте, мында уга турган адамдар үчүн айат-белгилер бар.

68 قَالُوا اتَّخَذَ اللَّهُ وَلَدًا سُبْحَانَهُ هُوَ الْغَنِيُّ لَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ إِنْ عِنْدَكُمْ مِنْ سُلْطَانٍ بِهَذَا أَتَقُولُونَ عَلَى اللَّهِ مَا لَا تَعْلَمُونَ

Алар: “Аллах Өзүнө уул алды”, – дешет. Ал (андан) таза! Ал Бай. Ага асмандардагылар менен жердегилердин баары таандык. Силерде болсо эч кандай далилдер жок. Аны билбей туруп, Аллах тууралуу айта аласыңарбы?

a. Баласы бар дешет. b. Эч кимге муктаж эмес.

69 قُلْ إِنَّ الَّذِينَ يَفْتَرُونَ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ لَا يُفْلِحُونَ

“Акыйкатта, Аллахка жалган жалаа жабуучулар ийгиликке жете алышпайт” – дегин.

70 مَتَاعٌ فِي الدُّنْيَا ثُمَّ إِلَيْنَا مَرْجِعُهُمْ ثُمَّ نُذِيقُهُمُ الْعَذَابَ الشَّدِيدَ بِمَا كَانُوا يَكْفُرُونَ

Бул дүйнөдө жыргал, андан соң алардын Бизге кайтуулары бар. Ошондо Биз каапыр болгондору үчүн катуу азап таткыдай кылабыз.

71 وَاتْلُ عَلَيْهِمْ نَبَأَ نُوحٍ إِذْ قَالَ لِقَوْمِهِ يَا قَوْمِ إِنْ كَانَ كَبُرَ عَلَيْكُمْ مَقَامِي وَتَذْكِيرِي بِآيَاتِ اللَّهِ فَعَلَى اللَّهِ تَوَكَّلْتُ فَأَجْمِعُوا أَمْرَكُمْ وَشُرَكَاءَكُمْ ثُمَّ لَا يَكُنْ أَمْرُكُمْ عَلَيْكُمْ غُمَّةً ثُمَّ اقْضُوا إِلَيَّ وَلَا تُنْظِرُونِ

Сен аларга Нухтун байанын окуп бер. Ал элине мындай деди: “Оо, элим! Эгер менин силердин араңарда болгонум жана силерге Аллахтын айаттарын эскерткеним оор болуп жатса, анда мен Аллахка тобокел кылдым. Өзүңөрдүн кудайларыңар менен ишиңерди чогулткула. Силердин ишиңер жашыруун калбасын. (Өз ниетиңерди жашырбастан) мага кечиктирбей өкүм чыгаргыла.

72 فَإِنْ تَوَلَّيْتُمْ فَمَا سَأَلْتُكُمْ مِنْ أَجْرٍ إِنْ أَجْرِيَ إِلَّا عَلَى اللَّهِ وَأُمِرْتُ أَنْ أَكُونَ مِنَ الْمُسْلِمِينَ

Эгер силер менден кетсеңер, мен силерден сыйлык сурабаймын. Менин сыйлыгым Аллахдан гана. Мага ыймандуулардан болуу буйрулган”.

73 فَكَذَّبُوهُ فَنَجَّيْنَاهُ وَمَنْ مَعَهُ فِي الْفُلْكِ وَجَعَلْنَاهُمْ خَلَائِفَ وَأَغْرَقْنَا الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا فَانْظُرْ كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الْمُنْذَرِينَ

Алар аны жалганчы деп жарыйалашты. Биз аны жана аны менен кемеде бирге болгондорду куткардык. Биз аларды орун басарлар кылдык жана Биздин айаттарыбыздан баш тарткандарды сууга чөктүрдүк. Эскертилгендердин акыры кандай болуп бүткөндүгүн карачы!

74 ثُمَّ بَعَثْنَا مِنْ بَعْدِهِ رُسُلًا إِلَى قَوْمِهِمْ فَجَاءُوهُمْ بِالْبَيِّنَاتِ فَمَا كَانُوا لِيُؤْمِنُوا بِمَا كَذَّبُوا بِهِ مِنْ قَبْلُ كَذَلِكَ نَطْبَعُ عَلَى قُلُوبِ الْمُعْتَدِينَ

Нухтан кийин Биз ар бир элге өзүнүн пайгамбарларын жөнөттүк. Алар айкын далилдер менен келишти. Мурда да жалганга чыгаргандыктары үчүн алар ыйман келтиришкен эмес. Чектен чыккандардын жүрөктөрүн мына ушинтип мөөрлөйбүз.

75 ثُمَّ بَعَثْنَا مِنْ بَعْدِهِمْ مُوسَى وَهَارُونَ إِلَى فِرْعَوْنَ وَمَلَئِهِ بِآيَاتِنَا فَاسْتَكْبَرُوا وَكَانُوا قَوْمًا مُجْرِمِينَ

Андан соң Мусаны жана Харунду Биздин айаттарыбыз менен Фараонго жана анын жан-жөкөрлөрүнө жөнөттүк. Бирок, алар текеберленишип күнөө кылуучу коомдон болушту.

76 فَلَمَّا جَاءَهُمُ الْحَقُّ مِنْ عِنْدِنَا قَالُوا إِنَّ هَذَا لَسِحْرٌ مُبِينٌ

Бизден акыйкаттык келгенде алар: “Бул анык сыйкыр”, – дешти.

77 قَالَ مُوسَى أَتَقُولُونَ لِلْحَقِّ لَمَّا جَاءَكُمْ أَسِحْرٌ هَذَا وَلَا يُفْلِحُ السَّاحِرُونَ

Анда Муса: “Силерге акыйкаттык келгенде, ал тууралуу ушундай дейсиңерби? Ушул да сыйкырбы? Сыйкырчылар мындай ийгиликке жете албайт”, – деди.

78 قَالُوا أَجِئْتَنَا لِتَلْفِتَنَا عَمَّا وَجَدْنَا عَلَيْهِ آبَاءَنَا وَتَكُونَ لَكُمَا الْكِبْرِيَاءُ فِي الْأَرْضِ وَمَا نَحْنُ لَكُمَا بِمُؤْمِنِينَ

Алар: “Сен бизди ата-бабаларыбыз карманган нерселерден кайтаруу жана жер жүзүндө бийлик экөөңөрдүн колуңарда болуу үчүн келдиңби? Биз, экөөңөргө ишенбейбиз”, – дешти.

a. Муса жана Харунга.

79 وَقَالَ فِرْعَوْنُ ائْتُونِي بِكُلِّ سَاحِرٍ عَلِيمٍ

Фараон: “Мага бардык илимдүү сыйкырчыларды келтиргиле!” – деди.

80 فَلَمَّا جَاءَ السَّحَرَةُ قَالَ لَهُمْ مُوسَى أَلْقُوا مَا أَنْتُمْ مُلْقُونَ

Сыйкырчылар келгенде Муса аларга: “Ыргыта турганыңарды ыргыткыла!” – деди.