бөлүм Йунус - يونس

21 وَإِذَا أَذَقْنَا النَّاسَ رَحْمَةً مِنْ بَعْدِ ضَرَّاءَ مَسَّتْهُمْ إِذَا لَهُمْ مَكْرٌ فِي آيَاتِنَا قُلِ اللَّهُ أَسْرَعُ مَكْرًا إِنَّ رُسُلَنَا يَكْتُبُونَ مَا تَمْكُرُونَ

Инсандын башынан жамандык өткөндөн кийин, Биз Өз мээримдүүлүгүбүздү таттырган кезде, Биздин айаттарыбызга каршы айла-амалдарды ойлой баштайт. (Аларга:) “Аллах айла-амалдарды табууда абдан тез”, – дегин. Албетте, Биздин элчилерибиз силердин айла-амалдарыңарды жазып турат.

a. Периштелер. Алар күнөө менен соопту жазып турушат.

22 هُوَ الَّذِي يُسَيِّرُكُمْ فِي الْبَرِّ وَالْبَحْرِ حَتَّى إِذَا كُنْتُمْ فِي الْفُلْكِ وَجَرَيْنَ بِهِمْ بِرِيحٍ طَيِّبَةٍ وَفَرِحُوا بِهَا جَاءَتْهَا رِيحٌ عَاصِفٌ وَجَاءَهُمُ الْمَوْجُ مِنْ كُلِّ مَكَانٍ وَظَنُّوا أَنَّهُمْ أُحِيطَ بِهِمْ دَعَوُا اللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ لَئِنْ أَنْجَيْتَنَا مِنْ هَذِهِ لَنَكُونَنَّ مِنَ الشَّاكِرِينَ

Ал силерди кургакта жана деңизде жүргүзөт. Силер кемеде болгонуңарда кеме аларды сыдырым соккон жел менен алып барат, алар бирге сүзүп кубанышат. Качан аларга катуу шамал жетип, килейген толкундар ар тараптан ургулай баштаганда, алар өздөрүн өлүмгө дуушар болчудай сезишип, чын ишеним менен Аллахка жалбара башташат: “Эгер Сен бизди куткарсаң, биз шүгүр кылуучулардан болобуз!” (– дешет).

23 فَلَمَّا أَنْجَاهُمْ إِذَا هُمْ يَبْغُونَ فِي الْأَرْضِ بِغَيْرِ الْحَقِّ يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنَّمَا بَغْيُكُمْ عَلَى أَنْفُسِكُمْ مَتَاعَ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا ثُمَّ إِلَيْنَا مَرْجِعُكُمْ فَنُنَبِّئُكُمْ بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ

Ал аларды куткарган кезде, алар жер үстүндө адилетсиз иштерди кылат. Эй, инсандар! Силердин кылган жаман ишиңер (ээн-баштыгыңар) өзүңөр үчүн гана. Ал (ишиңер) болгону бул дүйнө менен ырахаттануу. Андан соң силердин кайтып келээриңер Биз (жак). Жана ошентип Биз силерге эмне кылганыңардан кабар беребиз.

24 إِنَّمَا مَثَلُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا كَمَاءٍ أَنْزَلْنَاهُ مِنَ السَّمَاءِ فَاخْتَلَطَ بِهِ نَبَاتُ الْأَرْضِ مِمَّا يَأْكُلُ النَّاسُ وَالْأَنْعَامُ حَتَّى إِذَا أَخَذَتِ الْأَرْضُ زُخْرُفَهَا وَازَّيَّنَتْ وَظَنَّ أَهْلُهَا أَنَّهُمْ قَادِرُونَ عَلَيْهَا أَتَاهَا أَمْرُنَا لَيْلًا أَوْ نَهَارًا فَجَعَلْنَاهَا حَصِيدًا كَأَنْ لَمْ تَغْنَ بِالْأَمْسِ كَذَلِكَ نُفَصِّلُ الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ

Чынында, дүйнө тиричилиги Биз асмандан жаадырган жаан сыйактуу. Аны менен Жер үстүндө көптөгөн өсүмдүктөр аралашып өсөт да, аларды адамдар жана малдар жейт. Качан жер жүзү кулпуруп, кооз болуп турган кездерде, анын жашоочулары муну биз пайдаланабыз деп ойлошот. Ошондо, түнкүсүбү же күндүзүбү, аларга Биздин өкүм-буйругубуз жетет. Анан Биз аларды алар кечээ өсүп-гүлдөп турбаган өңдүү бастырылган эгин талаасындай кылып салабыз. Биз айаттарыбызды акыл жүгүрткөндөргө мына ушинтип түшүндүрөбүз.

25 وَاللَّهُ يَدْعُو إِلَى دَارِ السَّلَامِ وَيَهْدِي مَنْ يَشَاءُ إِلَى صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ

Аллах тынчтык жайына чакырат жана каалагандарын туура жолго багыттайт.

26 لِلَّذِينَ أَحْسَنُوا الْحُسْنَى وَزِيَادَةٌ وَلَا يَرْهَقُ وُجُوهَهُمْ قَتَرٌ وَلَا ذِلَّةٌ أُولَئِكَ أَصْحَابُ الْجَنَّةِ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ

Сооптуу иш кылгандарга жакшылык жана андан артыгы да бар. Алардын жүздөрүн каралык да, кайгы да каптабайт. Ошолор Бейиш ээлери, алар анда түбөлүккө калышат.

27 وَالَّذِينَ كَسَبُوا السَّيِّئَاتِ جَزَاءُ سَيِّئَةٍ بِمِثْلِهَا وَتَرْهَقُهُمْ ذِلَّةٌ مَا لَهُمْ مِنَ اللَّهِ مِنْ عَاصِمٍ كَأَنَّمَا أُغْشِيَتْ وُجُوهُهُمْ قِطَعًا مِنَ اللَّيْلِ مُظْلِمًا أُولَئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ

Жамандык кылгандарга жамандыгына ылайык жаза берилет, алардын жүзүн кайгы каптайт. Аллахтын алдында аларга коргоочу да болбойт. Алардын жүздөрүн түн караңгылыгындай каралык каптайт. Ошолор тозок ээлери, алар анда түбөлүккө калышат.

28 وَيَوْمَ نَحْشُرُهُمْ جَمِيعًا ثُمَّ نَقُولُ لِلَّذِينَ أَشْرَكُوا مَكَانَكُمْ أَنْتُمْ وَشُرَكَاؤُكُمْ فَزَيَّلْنَا بَيْنَهُمْ وَقَالَ شُرَكَاؤُهُمْ مَا كُنْتُمْ إِيَّانَا تَعْبُدُونَ

Ошол Күнү Биз алардын баарын жыйабыз. Ошондо, Аллахка шерик кошуп жүргөндөргө: “Силер жана силер шерик кылып жүргөндөр ордуңарга (тургула)”, – дейбиз. Ошентип Биз аларды ажыратабыз. А Аллахка шерик кылынып жүргөндөр: “Силер бизге табынган эмессиңер,

a. Аллахка шерик кылып. b. Сөлөкөттөр.

29 فَكَفَى بِاللَّهِ شَهِيدًا بَيْنَنَا وَبَيْنَكُمْ إِنْ كُنَّا عَنْ عِبَادَتِكُمْ لَغَافِلِينَ

биздин ортобузда Аллах жетиштүү күбө. Силердин бизге табынып жүргөнүңөр тууралуу биз билген эмеспиз”, – дешет.

30 هُنَالِكَ تَبْلُو كُلُّ نَفْسٍ مَا أَسْلَفَتْ وَرُدُّوا إِلَى اللَّهِ مَوْلَاهُمُ الْحَقِّ وَضَلَّ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَفْتَرُونَ

Анда ар бир жан бул дүйнөдө өзүнүн кылгандарынан түйшөлөт жана чыныгы ээси болгон Аллахка кайтарылат. Ал эми алар ойлоп тапкандар аларды таштап кетет.

a. Сөлөкөттөр.

31 قُلْ مَنْ يَرْزُقُكُمْ مِنَ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ أَمَّنْ يَمْلِكُ السَّمْعَ وَالْأَبْصَارَ وَمَنْ يُخْرِجُ الْحَيَّ مِنَ الْمَيِّتِ وَيُخْرِجُ الْمَيِّتَ مِنَ الْحَيِّ وَمَنْ يُدَبِّرُ الْأَمْرَ فَسَيَقُولُونَ اللَّهُ فَقُلْ أَفَلَا تَتَّقُونَ

“Силерге асман менен жерден ырыскыны ким берет? Угуу менен көрүүлөргө ким ээлик кылат? Ким өлүктөн тирүүнү, тирүүдөн өлүктү чыгарат? Ким баарын башкарат?” – дегин! Ошондо алар: “Аллах”, – дешет. “Анда эмне үчүн Андан коркпойсуңар”,– деп айт!

32 فَذَلِكُمُ اللَّهُ رَبُّكُمُ الْحَقُّ فَمَاذَا بَعْدَ الْحَقِّ إِلَّا الضَّلَالُ فَأَنَّى تُصْرَفُونَ

Бул Аллах – силердин чыныгы укуктуу Эгеңер. Акыйкаттан соң бир гана адашуудан бөлөк эмне болмок эле? Эмне үчүн баш тартасыңар?

33 كَذَلِكَ حَقَّتْ كَلِمَتُ رَبِّكَ عَلَى الَّذِينَ فَسَقُوا أَنَّهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ

Ушинтип, бузукулук кылгандарга Эгеңдин: “Алар ыйман келтиришпейт”, – деген сөзү чындыкка чыгат.

34 قُلْ هَلْ مِنْ شُرَكَائِكُمْ مَنْ يَبْدَأُ الْخَلْقَ ثُمَّ يُعِيدُهُ قُلِ اللَّهُ يَبْدَأُ الْخَلْقَ ثُمَّ يُعِيدُهُ فَأَنَّى تُؤْفَكُونَ

“Силердин шерик кылып жүргөндөрүңөрдүн арасында алгачкы ирет жаратып, анан аны кайра кайтара тургандар да барбы?” – дегин. “Аллах алгачкы жаратууну ишке ашырат, анан аны кайра кайтарат. Кандайча баш тартасыңар?” – деп айт.

a. Кайра тирилте турган. b. Тирилтет

35 قُلْ هَلْ مِنْ شُرَكَائِكُمْ مَنْ يَهْدِي إِلَى الْحَقِّ قُلِ اللَّهُ يَهْدِي لِلْحَقِّ أَفَمَنْ يَهْدِي إِلَى الْحَقِّ أَحَقُّ أَنْ يُتَّبَعَ أَمَّنْ لَا يَهِدِّي إِلَّا أَنْ يُهْدَى فَمَا لَكُمْ كَيْفَ تَحْكُمُونَ

“Аллахка шерик кошкондоруңардын арасында акыйкатка багыттай тургандары барбы?” – деп айт. “Аллах гана акыйкатка багыттайт. Өзү жол таппаган жана башкаларды да жетектей албагандарга караганда акыйкатка алып бара тургандын артынан ээрчүүгө татыктуу эмеспи? Силерге эмне болду? Кандай өкүм кылып жатасыңар?” – дегин.

36 وَمَا يَتَّبِعُ أَكْثَرُهُمْ إِلَّا ظَنًّا إِنَّ الظَّنَّ لَا يُغْنِي مِنَ الْحَقِّ شَيْئًا إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ بِمَا يَفْعَلُونَ

Алардын көпчүлүгү жоромолдорду гана ээрчийт. Албетте, жоромолдор акыйкаттын алдында эч нерсеге арзыбайт. Акыйкатта, Аллах алардын кылгандарын Билүүчү.

37 وَمَا كَانَ هَذَا الْقُرْآنُ أَنْ يُفْتَرَى مِنْ دُونِ اللَّهِ وَلَكِنْ تَصْدِيقَ الَّذِي بَيْنَ يَدَيْهِ وَتَفْصِيلَ الْكِتَابِ لَا رَيْبَ فِيهِ مِنْ رَبِّ الْعَالَمِينَ

Бул Куран Аллахдан башканын ойунан чыгарылган эмес. Ал (Куран) мурункуларды тастыктоо жана Китепти түшүндүрүү үчүн жөнөтүлгөн. Анда шек жок, (ал) ааламдардын Эгесинен келтирилген.

38 أَمْ يَقُولُونَ افْتَرَاهُ قُلْ فَأْتُوا بِسُورَةٍ مِثْلِهِ وَادْعُوا مَنِ اسْتَطَعْتُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

Алар: “Ал аны ойлоп тапкан”, – дешеби? “Ага окшогон бир сүрө келтиргиле жана эгер чын болсоңор Аллахдан башка жактырган бирөөнү чакыргыла”, – деп айт.

39 بَلْ كَذَّبُوا بِمَا لَمْ يُحِيطُوا بِعِلْمِهِ وَلَمَّا يَأْتِهِمْ تَأْوِيلُهُ كَذَلِكَ كَذَّبَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ فَانْظُرْ كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الظَّالِمِينَ

Жок, алар өздөрүнүн билими жетпегендиктен жана маңызын түшүнбөгөндүктөн жалганга чыгарышууда. Аларга чейинкилер да ушинтип жалганга чыгарышкан. Адашкандардын акыры кандай болуп бүткөнүн карап көрчү?!

40 وَمِنْهُمْ مَنْ يُؤْمِنُ بِهِ وَمِنْهُمْ مَنْ لَا يُؤْمِنُ بِهِ وَرَبُّكَ أَعْلَمُ بِالْمُفْسِدِينَ

Алардын ичинде ишенгендери да, (ага) ишенбегендери да бар. Эгең бузукуларды жакшы билет.

a. .? Куранга.