бөлүм Йунус - يونس

41 وَإِنْ كَذَّبُوكَ فَقُلْ لِي عَمَلِي وَلَكُمْ عَمَلُكُمْ أَنْتُمْ بَرِيئُونَ مِمَّا أَعْمَلُ وَأَنَا بَرِيءٌ مِمَّا تَعْمَلُونَ

Сени жалганга чыгарышса: “Менин кылгандарым өзүмө, силердин кылганыңар өзүңөргө. Силер мен кылгандан оолаксыңар, мен да силер кылгандардан оолакмын”, – де.

42 وَمِنْهُمْ مَنْ يَسْتَمِعُونَ إِلَيْكَ أَفَأَنْتَ تُسْمِعُ الصُّمَّ وَلَوْ كَانُوا لَا يَعْقِلُونَ

Алардын арасында сени угуп тургандар да бар. Бирок, алар акыл калчабаса, дүлөйлөргө угуза аласыңбы?

a. Эки жүздүүлөр угумуш болуп турса да, түшүнүшпөйт, же аны каалашпайт.

43 وَمِنْهُمْ مَنْ يَنْظُرُ إِلَيْكَ أَفَأَنْتَ تَهْدِي الْعُمْيَ وَلَوْ كَانُوا لَا يُبْصِرُونَ

Алардын арасында сени карап тургандар да бар. Бирок сокурлар көрө албаса, сен аларга жол көрсөтө аласыңбы?

44 إِنَّ اللَّهَ لَا يَظْلِمُ النَّاسَ شَيْئًا وَلَكِنَّ النَّاسَ أَنْفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ

Акыйкатта, Аллах адамдарга эч заалымдык кылбайт. А адамдар өздөрүнө өздөрү заалымдык кылышат.

45 وَيَوْمَ يَحْشُرُهُمْ كَأَنْ لَمْ يَلْبَثُوا إِلَّا سَاعَةً مِنَ النَّهَارِ يَتَعَارَفُونَ بَيْنَهُمْ قَدْ خَسِرَ الَّذِينَ كَذَّبُوا بِلِقَاءِ اللَّهِ وَمَا كَانُوا مُهْتَدِينَ

Ал баарын жыйнаган Күнү алар жер үстүндө бир күндүн ичинде бир эле саат болгондой сезишет. Бирин бири таанышат. Аллах менен кездешүүнү жалганга чыгаргандар жана туура жолдо жүрбөгөндөр зыйанга учурашат.

a. Кыямат кайым, сурак болуучу күнү. b. Бул дүйнөдөгү бүткүл жашоосу.

46 وَإِمَّا نُرِيَنَّكَ بَعْضَ الَّذِي نَعِدُهُمْ أَوْ نَتَوَفَّيَنَّكَ فَإِلَيْنَا مَرْجِعُهُمْ ثُمَّ اللَّهُ شَهِيدٌ عَلَى مَا يَفْعَلُونَ

Биз аларга убада кылгандардын айрымдарын сага көрсөтсөк да, же сени жан таслим кылсак деле, алардын кайтып келүүсү бизге (гана)! Андан соң Аллах алардын кылгандарына күбө болот!

47 وَلِكُلِّ أُمَّةٍ رَسُولٌ فَإِذَا جَاءَ رَسُولُهُمْ قُضِيَ بَيْنَهُمْ بِالْقِسْطِ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ

Ар бир элге өзүнөн элчи бар. Аларга өздөрүнүн пайгамбарлары келген күнү алардын араларында талаш болгондор адилеттүү түрдө чечилет жана алар таарынышпайт.

48 وَيَقُولُونَ مَتَى هَذَا الْوَعْدُ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

Алар: “Эгер сен чын болсоң, анда бул убадалар качан аткарылат?” – деп сурашат.

49 قُلْ لَا أَمْلِكُ لِنَفْسِي ضَرًّا وَلَا نَفْعًا إِلَّا مَا شَاءَ اللَّهُ لِكُلِّ أُمَّةٍ أَجَلٌ إِذَا جَاءَ أَجَلُهُمْ فَلَا يَسْتَأْخِرُونَ سَاعَةً وَلَا يَسْتَقْدِمُونَ

“Эгер Аллах каалабаса, мен өзүмө жакшылык да, жамандык да кыла албайм. Ар бир үммөт үчүн өз мөөнөтү бар. Мөөнөтү келген кезде, алар аны бир саамга жайлата да, узарта да алышпайт”, – дегин!

a. Айагы, кыйрашы

50 قُلْ أَرَأَيْتُمْ إِنْ أَتَاكُمْ عَذَابُهُ بَيَاتًا أَوْ نَهَارًا مَاذَا يَسْتَعْجِلُ مِنْهُ الْمُجْرِمُونَ

“Айткылачы! Эгерде Анын азабы силерге түндө, же күндүз келсе, анда анын келишин тездетүүнү бузукулар эмне үчүн каалап жатышат?” – де.

51 أَثُمَّ إِذَا مَا وَقَعَ آمَنْتُمْ بِهِ آلْآنَ وَقَدْ كُنْتُمْ بِهِ تَسْتَعْجِلُونَ

Ал силерге келген күнү ишенесиңерби? Азыр (көрүп), ишендиңер. Чынында, силер аны тездетүүнү каалаган элеңер.

52 ثُمَّ قِيلَ لِلَّذِينَ ظَلَمُوا ذُوقُوا عَذَابَ الْخُلْدِ هَلْ تُجْزَوْنَ إِلَّا بِمَا كُنْتُمْ تَكْسِبُونَ

Андан соң заалымдарга: “Түбөлүк азапты таткыла! Өзүңөр кылганыңарга гана жараша жаза берилдиби?” – делинет.

53 وَيَسْتَنْبِئُونَكَ أَحَقٌّ هُوَ قُلْ إِي وَرَبِّي إِنَّهُ لَحَقٌّ وَمَا أَنْتُمْ بِمُعْجِزِينَ

Жана алар сенден: “Ушулар чындыкпы?” – деп сурашат. “Эгемдин аты менен ант ичем, ооба, бул акыйкат. Силер анын алдында алсызсыңар”, – де.

54 وَلَوْ أَنَّ لِكُلِّ نَفْسٍ ظَلَمَتْ مَا فِي الْأَرْضِ لَافْتَدَتْ بِهِ وَأَسَرُّوا النَّدَامَةَ لَمَّا رَأَوُا الْعَذَابَ وَقُضِيَ بَيْنَهُمْ بِالْقِسْطِ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ

Заалымдык кылган ар бир жан (азапка кабылганда) жер жүзүндөгү бардык нерселер өзүнүкү болсо аны төлөп, кутулгусу келет. Алар жазаны көргөндө катуу өкүнүшөт. Алардын араларында адилеттүүлүк менен өкүм жүргүзүлөт. Аларга зулум кылынбайт.

a. Адилетсиздик. b. Күнөөлөрүнө ылайык гана жазалар берилет.

55 أَلَا إِنَّ لِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ أَلَا إِنَّ وَعْدَ اللَّهِ حَقٌّ وَلَكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ

Ооба! Асмандар менен жердегилердин баары Аллахка таандык. Ооба! Албетте, Аллахтын убадалары чындык. Бирок, алардын көпчүлүгү муну түшүнбөйт.

56 هُوَ يُحْيِي وَيُمِيتُ وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ

Ал жашоо берет, өлтүрөт жана силер Ага кайтасыңар.

57 يَا أَيُّهَا النَّاسُ قَدْ جَاءَتْكُمْ مَوْعِظَةٌ مِنْ رَبِّكُمْ وَشِفَاءٌ لِمَا فِي الصُّدُورِ وَهُدًى وَرَحْمَةٌ لِلْمُؤْمِنِينَ

Эй, адамдар! Силерге Эгеңерден үгүт-насаат, жүрөктөрдөгүнү айыктыруучу, ыймандуулар үчүн туура жол жана мээрим келди.

58 قُلْ بِفَضْلِ اللَّهِ وَبِرَحْمَتِهِ فَبِذَلِكَ فَلْيَفْرَحُوا هُوَ خَيْرٌ مِمَّا يَجْمَعُونَ

“Алар Анын жакшылыгы, ырайымы, мына ушуга кубанышсын. Анткени, бул алар өздөрүнө чогулткандан жакшы”, – деп айт.

a. Ислам. b. Куран.

59 قُلْ أَرَأَيْتُمْ مَا أَنْزَلَ اللَّهُ لَكُمْ مِنْ رِزْقٍ فَجَعَلْتُمْ مِنْهُ حَرَامًا وَحَلَالًا قُلْ آللَّهُ أَذِنَ لَكُمْ أَمْ عَلَى اللَّهِ تَفْتَرُونَ

“Айткылачы: Аллах силерге марттык менен ырыскы бөлүштүргөнүн көрбөйсүңөрбү? Эмнеликтен силер анын бирин арам деп, башкасын адал кылдыңар?” – де. “Аллах буга уруксат бердиби, же силер Аллахка жалаа жаап жатасыңарбы”, – дегин.

a. Аллах Таала берген адал ырыскыларды арам деп, өз алдынча өкүм чыгарган кишилер жөнүндө сөз болууда.

60 وَمَا ظَنُّ الَّذِينَ يَفْتَرُونَ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ إِنَّ اللَّهَ لَذُو فَضْلٍ عَلَى النَّاسِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَشْكُرُونَ

Аллахка жалган жалаа жапкандар Кыйамат күнү тууралуу эмне ойлошот? Акыйкатта, Аллах адамдарга мээримдүү. Бирок, алардын көбү Ага шүгүр кылышпайт.