бөлүм Анфал - الأنفال

61 وَإِنْ جَنَحُوا لِلسَّلْمِ فَاجْنَحْ لَهَا وَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ إِنَّهُ هُوَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ

Эгер алар тынчтыкка келишсе, сен да тынчтыкка кел жана Аллахка тобокел кыл. Шексиз, Ал Угуучу, Билүүчү.

62 وَإِنْ يُرِيدُوا أَنْ يَخْدَعُوكَ فَإِنَّ حَسْبَكَ اللَّهُ هُوَ الَّذِي أَيَّدَكَ بِنَصْرِهِ وَبِالْمُؤْمِنِينَ

Эгер алар сени алдоону каалашса, албетте Аллах сага жетиштүү (коргоочу)! Ал Өз жардамы жана момундардын жардамы менен сени бекемдеди.

63 وَأَلَّفَ بَيْنَ قُلُوبِهِمْ لَوْ أَنْفَقْتَ مَا فِي الْأَرْضِ جَمِيعًا مَا أَلَّفْتَ بَيْنَ قُلُوبِهِمْ وَلَكِنَّ اللَّهَ أَلَّفَ بَيْنَهُمْ إِنَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌ

Ал алардын жүрөктөрүн бириктирди. Эгер сен жер үстүндөгүлөрдүн баарын берсең дагы алардын жүрөктөрүн бириктире албас элең. Анткени менен, Аллах аларды бириктирди. Албетте, Ал Ызааттуу, Даанышман.

64 يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ حَسْبُكَ اللَّهُ وَمَنِ اتَّبَعَكَ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ

Эй пайгамбар! Сага жана сени ээрчиген момундарга Аллах (толук) жетиштүү.

65 يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ حَرِّضِ الْمُؤْمِنِينَ عَلَى الْقِتَالِ إِنْ يَكُنْ مِنْكُمْ عِشْرُونَ صَابِرُونَ يَغْلِبُوا مِائَتَيْنِ وَإِنْ يَكُنْ مِنْكُمْ مِائَةٌ يَغْلِبُوا أَلْفًا مِنَ الَّذِينَ كَفَرُوا بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لَا يَفْقَهُونَ

Эй пайгамбар! Момундарды согушка кызыктыр. Эгер силерден сабырдуу жыйырма киши болсо, эки жүздү жеңет. А эгер силерден жүз киши болсо, каапырлардын миңин жеңет. Анткени, алар (каапырлар) акыйкатты түшүнбөөчүлөр.

66 الْآنَ خَفَّفَ اللَّهُ عَنْكُمْ وَعَلِمَ أَنَّ فِيكُمْ ضَعْفًا فَإِنْ يَكُنْ مِنْكُمْ مِائَةٌ صَابِرَةٌ يَغْلِبُوا مِائَتَيْنِ وَإِنْ يَكُنْ مِنْكُمْ أَلْفٌ يَغْلِبُوا أَلْفَيْنِ بِإِذْنِ اللَّهِ وَاللَّهُ مَعَ الصَّابِرِينَ

Азыр, Аллах силерден (жүктү) жеңилдетти. Анткени Ал силердин алсыздыгыңарды билет. Андыктан, силерден сабырдуу жүз киши болсо, эки жүздү жеңет. А эгер силерден миң болсо, Аллахтын уруксаты менен эки миңди жеңет. Аллах сабырдуулар менен бирге.

67 مَا كَانَ لِنَبِيٍّ أَنْ يَكُونَ لَهُ أَسْرَى حَتَّى يُثْخِنَ فِي الْأَرْضِ تُرِيدُونَ عَرَضَ الدُّنْيَا وَاللَّهُ يُرِيدُ الْآخِرَةَ وَاللَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌ

Эч бир пайгамбарга жер жүзүндө жоодон өктөм болгонго чейин туткун кармоо мүмкүн эмес. Силер дүйнө пайдасын ойлойсуңар. А Аллах (силерге) акыретти каалайт. Аллах Ызааттуу, Даанышман.

a. Алардан барымтага акча алуу үчүн.

68 لَوْلَا كِتَابٌ مِنَ اللَّهِ سَبَقَ لَمَسَّكُمْ فِيمَا أَخَذْتُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ

Эгер Аллахтан жазуу (өкүм) болбосо, алгандарыңар үчүн силерге зор жаза келээр эле.

a. Барымтага алган акчаңар.

69 فَكُلُوا مِمَّا غَنِمْتُمْ حَلَالًا طَيِّبًا وَاتَّقُوا اللَّهَ إِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ

Олжо кылып алган адал, тазаны жегиле! Аллахтан сактангыла (корккула)! Акыйкатта, Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.

70 يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ قُلْ لِمَنْ فِي أَيْدِيكُمْ مِنَ الْأَسْرَى إِنْ يَعْلَمِ اللَّهُ فِي قُلُوبِكُمْ خَيْرًا يُؤْتِكُمْ خَيْرًا مِمَّا أُخِذَ مِنْكُمْ وَيَغْفِرْ لَكُمْ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ

Эй пайгамбар! Колуңардагы туткундарга: “Эгер Аллах жүрөктөрүңөрдө бир жакшылык бар экенин билсе, силерге өзүңөрдөн алынгандан да артыгын берет. Жана силерди кечирет. Аллах – Кечиримдүү, Мээримдүү!” – дегин.

71 وَإِنْ يُرِيدُوا خِيَانَتَكَ فَقَدْ خَانُوا اللَّهَ مِنْ قَبْلُ فَأَمْكَنَ مِنْهُمْ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ

Эгер (туткундар) сага кыянат кылууну каалашса, чынында алар мурда Аллахка да кыянат кылышкан эле. Андыктан, сени аларга үстөм кылды. Аллах Билүүчү, Даанышман.

72 إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَهَاجَرُوا وَجَاهَدُوا بِأَمْوَالِهِمْ وَأَنْفُسِهِمْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَالَّذِينَ آوَوْا وَنَصَرُوا أُولَئِكَ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ وَالَّذِينَ آمَنُوا وَلَمْ يُهَاجِرُوا مَا لَكُمْ مِنْ وَلَايَتِهِمْ مِنْ شَيْءٍ حَتَّى يُهَاجِرُوا وَإِنِ اسْتَنْصَرُوكُمْ فِي الدِّينِ فَعَلَيْكُمُ النَّصْرُ إِلَّا عَلَى قَوْمٍ بَيْنَكُمْ وَبَيْنَهُمْ مِيثَاقٌ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ

Чынында, ыйман келтирип, жер которуп, мал-жаны менен Аллах жолунда күрөшкөндөр жана аларга үй-жай берип жардамдашкандар – бири бирине дос! Ал эми ыйман келтирип, көчө албагандарга, алар көчкөнгө чейин силер (менен) алардын ортосунда жакындык жок. Эгер алар силерден дин жайында бир жардам сураса, жардам кылуу силерге милдет. Бирок, алар силер менен келишим түзгөн элде болсо, анын жөнү башка. Аллах силердин эмне кылып жатканыңарды көрүп турат.

a. Мединага көчкөн момундар.

73 وَالَّذِينَ كَفَرُوا بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ إِلَّا تَفْعَلُوهُ تَكُنْ فِتْنَةٌ فِي الْأَرْضِ وَفَسَادٌ كَبِيرٌ

Каапырлар бири бирине дос! Эгерде алардан сактанбасаңар, жер жүзүндө чуу жана зор бузукулуктар болот.

74 وَالَّذِينَ آمَنُوا وَهَاجَرُوا وَجَاهَدُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَالَّذِينَ آوَوْا وَنَصَرُوا أُولَئِكَ هُمُ الْمُؤْمِنُونَ حَقًّا لَهُمْ مَغْفِرَةٌ وَرِزْقٌ كَرِيمٌ

Ыйман келтирип, жер которушкандар, мал-жанын аябай Аллах жолунда күрөшкөндөр менен аларга үй-жай берип жардам кылгандар – булар нагыз момундар. Аларга кечирим жана кең ырыскы бар.

75 وَالَّذِينَ آمَنُوا مِنْ بَعْدُ وَهَاجَرُوا وَجَاهَدُوا مَعَكُمْ فَأُولَئِكَ مِنْكُمْ وَأُولُو الْأَرْحَامِ بَعْضُهُمْ أَوْلَى بِبَعْضٍ فِي كِتَابِ اللَّهِ إِنَّ اللَّهَ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ

Кийин ыйман келтиргендер, жер которгондор жана силер менен бирге дин үчүн күрөшкөндөр, алар – силерден. Бирок, кандаш бир туугандар Аллахтын Китеби боюнча бири бирине жакын. Акыйкатта, Аллах бардыгын Билүүчү.

a. Аллахтын өкүмү боюнча, Тафсир Ал-Байзави. b. Бир туугандык акылары, мураскорлук укуктары боюнча.