бөлүм Анфал - الأنفال

1 يَسْأَلُونَكَ عَنِ الْأَنْفَالِ قُلِ الْأَنْفَالُ لِلَّهِ وَالرَّسُولِ فَاتَّقُوا اللَّهَ وَأَصْلِحُوا ذَاتَ بَيْنِكُمْ وَأَطِيعُوا اللَّهَ وَرَسُولَهُ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ

Алар сенден олжолор жөнүндө сурашат. “Олжолор Аллахка жана Элчисине таандык. Эгер силер момун болсоңор, Аллахтан корккула, араңарды оңдогула, Аллахка жана Анын Элчисине баш ийгиле!” – деп айткын.

a. Согуш талаасында түшкөн олжолор. b. “Ортоңордогу ынтымакты чыңдагыла!”

2 إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ الَّذِينَ إِذَا ذُكِرَ اللَّهُ وَجِلَتْ قُلُوبُهُمْ وَإِذَا تُلِيَتْ عَلَيْهِمْ آيَاتُهُ زَادَتْهُمْ إِيمَانًا وَعَلَى رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ

Чынында момундар, Аллах(тын аты) эскерилгенде жүрөктөрү корккондор, аларга Анын айаттары окулганда, ыйманы күчөйт жана өздөрүнүн Эгесине гана тобокел кылышат.

a. Зикир кылынганда.

3 الَّذِينَ يُقِيمُونَ الصَّلَاةَ وَمِمَّا رَزَقْنَاهُمْ يُنْفِقُونَ

Алар намаз окушат жана Биз берген ырыскылардан (Аллах жолуна) сарпташат.

4 أُولَئِكَ هُمُ الْمُؤْمِنُونَ حَقًّا لَهُمْ دَرَجَاتٌ عِنْدَ رَبِّهِمْ وَمَغْفِرَةٌ وَرِزْقٌ كَرِيمٌ

Булар анык ыймандуулар. Аларга Эгесинин алдында даражалар, кечирим жана кереметтүү ырыскылар бар.

5 كَمَا أَخْرَجَكَ رَبُّكَ مِنْ بَيْتِكَ بِالْحَقِّ وَإِنَّ فَرِيقًا مِنَ الْمُؤْمِنِينَ لَكَارِهُونَ

Мына ушундай, момундардын бир бөлүгү жактырышпаса да, Эгең сени акыйкаттык менен үйүңдөн алып чыккан.

a. Олжо бөлүштүргөнгө кээ бири ыраазы болбогондой эле, Бадр согушуна чыгуу да кээ бирлерине жакпады. b. Каапырлар менен болуучу согушка (Бадр согушуна).

6 يُجَادِلُونَكَ فِي الْحَقِّ بَعْدَمَا تَبَيَّنَ كَأَنَّمَا يُسَاقُونَ إِلَى الْمَوْتِ وَهُمْ يَنْظُرُونَ

Билингенден кийин да аларды өлүмгө айдап жаткан жана алар аны (өлүмдү) көргөн өңдүү сени менен акыйкат жөнүндө жаңжалдашат.

a. Жеңиш.

7 وَإِذْ يَعِدُكُمُ اللَّهُ إِحْدَى الطَّائِفَتَيْنِ أَنَّهَا لَكُمْ وَتَوَدُّونَ أَنَّ غَيْرَ ذَاتِ الشَّوْكَةِ تَكُونُ لَكُمْ وَيُرِيدُ اللَّهُ أَنْ يُحِقَّ الْحَقَّ بِكَلِمَاتِهِ وَيَقْطَعَ دَابِرَ الْكَافِرِينَ

Ошол кезде Аллах эки топтун бири силердики болорун убада кылган эле. Куралсыздары силердики болуусун кааладыңар эле. Бирок Аллах Өз сөзү аркылуу чындык бекемделишин жана каапырлардын арты кыркылуусун каалады.

8 لِيُحِقَّ الْحَقَّ وَيُبْطِلَ الْبَاطِلَ وَلَوْ كَرِهَ الْمُجْرِمُونَ

Күнөөкөрлөр жек көрсө да, акыйкат чынга айлансын, жалганчылык жок болсун үчүн!

a. Мушриктер.

9 إِذْ تَسْتَغِيثُونَ رَبَّكُمْ فَاسْتَجَابَ لَكُمْ أَنِّي مُمِدُّكُمْ بِأَلْفٍ مِنَ الْمَلَائِكَةِ مُرْدِفِينَ

Силер Эгеңерден жардам сураган учурда Ал силерге жооп кылып: “Акыйкатта, Мен силерди сап-сап болгон миңдеген периштелер менен колдойм”, – (деди).

10 وَمَا جَعَلَهُ اللَّهُ إِلَّا بُشْرَى وَلِتَطْمَئِنَّ بِهِ قُلُوبُكُمْ وَمَا النَّصْرُ إِلَّا مِنْ عِنْدِ اللَّهِ إِنَّ اللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٌ

Аллах шексиз түрдө силердин жүрөгүңөрдү тынчтандыруу үчүн муну силерге сүйүнчүлөдү. А жардам Аллахтын кашында. Акыйкатта, Аллах Ызааттуу жана Даанышман.

11 إِذْ يُغَشِّيكُمُ النُّعَاسَ أَمَنَةً مِنْهُ وَيُنَزِّلُ عَلَيْكُمْ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً لِيُطَهِّرَكُمْ بِهِ وَيُذْهِبَ عَنْكُمْ رِجْزَ الشَّيْطَانِ وَلِيَرْبِطَ عَلَى قُلُوبِكُمْ وَيُثَبِّتَ بِهِ الْأَقْدَامَ

Ал Өз мээримдүүлүгү катары силерге тынчтандыруу үчүн куш уйку берди. Ал силерди тазалоо, шайтандын азгырыгынан куткаруу, жүрөгүңөрдү байланыштыруу жана басыгыңарды бекемдөө үчүн асмандан жамгыр жаадырды.

12 إِذْ يُوحِي رَبُّكَ إِلَى الْمَلَائِكَةِ أَنِّي مَعَكُمْ فَثَبِّتُوا الَّذِينَ آمَنُوا سَأُلْقِي فِي قُلُوبِ الَّذِينَ كَفَرُوا الرُّعْبَ فَاضْرِبُوا فَوْقَ الْأَعْنَاقِ وَاضْرِبُوا مِنْهُمْ كُلَّ بَنَانٍ

Качан сенин Эгең периштелерге: “Акыйкатта Мен силер мененмин. Ыймандууларды бекемдегиле! Мен каапырлардын жүрөгүнө коркунуч салам. Алардын баштарына жана манжаларына ургула!”

13 ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ شَاقُّوا اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَمَنْ يُشَاقِقِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ فَإِنَّ اللَّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ

Бул алардын Аллахка жана Элчисине каршы чыккандары үчүн. Кимде-ким Аллахка жана Элчисине каршы чыкса, анда Аллах жазалоодо катуу.

14 ذَلِكُمْ فَذُوقُوهُ وَأَنَّ لِلْكَافِرِينَ عَذَابَ النَّارِ

Мына ушуну таткыла! Албетте, от азабы каапырлар үчүн.

15 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا لَقِيتُمُ الَّذِينَ كَفَرُوا زَحْفًا فَلَا تُوَلُّوهُمُ الْأَدْبَارَ

Эй ыймандуулар! Согушта катарлашкан каапырлар тобу менен кездешкен кезде артка чегинбегиле.

16 وَمَنْ يُوَلِّهِمْ يَوْمَئِذٍ دُبُرَهُ إِلَّا مُتَحَرِّفًا لِقِتَالٍ أَوْ مُتَحَيِّزًا إِلَى فِئَةٍ فَقَدْ بَاءَ بِغَضَبٍ مِنَ اللَّهِ وَمَأْوَاهُ جَهَنَّمُ وَبِئْسَ الْمَصِيرُ

Ким эгер ошол күнү согушууга ыңгайлуу абалды ээлөө үчүн, же (өздөрүнөн) башка топко кошулуу үчүн гана артка чегинбесе, анда ал Аллахтын каарына калат. Анын жайы тозок, ал кандай жаман.

17 فَلَمْ تَقْتُلُوهُمْ وَلَكِنَّ اللَّهَ قَتَلَهُمْ وَمَا رَمَيْتَ إِذْ رَمَيْتَ وَلَكِنَّ اللَّهَ رَمَى وَلِيُبْلِيَ الْمُؤْمِنِينَ مِنْهُ بَلَاءً حَسَنًا إِنَّ اللَّهَ سَمِيعٌ عَلِيمٌ

Аларды силер өлтүрбөдүңөр, Аллах өлтүрдү. Аларга (кум) чачканыңда, сен чачпадың, момундарды жакшы сынак менен сыноо үчүн – Аллах чачты. Албетте, Аллах Угуучу, Билүүчү.

a. Мухаммед (а.с.) жерден бир ууч топурак алып, жоо тарапка чачканда.

18 ذَلِكُمْ وَأَنَّ اللَّهَ مُوهِنُ كَيْدِ الْكَافِرِينَ

Бул ушундай. Акыйкатта, Аллах каапырлардын айла-амалдарын алсыз кылуучу.

19 إِنْ تَسْتَفْتِحُوا فَقَدْ جَاءَكُمُ الْفَتْحُ وَإِنْ تَنْتَهُوا فَهُوَ خَيْرٌ لَكُمْ وَإِنْ تَعُودُوا نَعُدْ وَلَنْ تُغْنِيَ عَنْكُمْ فِئَتُكُمْ شَيْئًا وَلَوْ كَثُرَتْ وَأَنَّ اللَّهَ مَعَ الْمُؤْمِنِينَ

Силер жеңиш тиледиңер эле, тилегиңер силердин зыяныңарга келди. Эми силер тыйылсаңар, ал силер үчүн жакшы. Эгер кайталасаңар, Биз да кайталайбыз. Силердин тобуңар көп болсо деле, силерге жардам кыла албайт. Албетте, Аллах момундар менен бирге.

a. Эй, каапырлар

20 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا أَطِيعُوا اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَلَا تَوَلَّوْا عَنْهُ وَأَنْتُمْ تَسْمَعُونَ

Эй ыймандуулар! Аллахка жана Элчисине моюн сунгула! Куранды угуп туруп, Пайгамбардан жүз үйрүбөгүлө!