21 وَلَا تَكُونُوا كَالَّذِينَ قَالُوا سَمِعْنَا وَهُمْ لَا يَسْمَعُونَ
“Уктук!” – дешип, укпагандар сыяктуу болбогула.
21 وَلَا تَكُونُوا كَالَّذِينَ قَالُوا سَمِعْنَا وَهُمْ لَا يَسْمَعُونَ
“Уктук!” – дешип, укпагандар сыяктуу болбогула.
22 إِنَّ شَرَّ الدَّوَابِّ عِنْدَ اللَّهِ الصُّمُّ الْبُكْمُ الَّذِينَ لَا يَعْقِلُونَ
Чынында, Аллахтын алдында жандуулардын эң жаманы акыл калчабаган дүлөйлөр жана дудуктар.
23 وَلَوْ عَلِمَ اللَّهُ فِيهِمْ خَيْرًا لَأَسْمَعَهُمْ وَلَوْ أَسْمَعَهُمْ لَتَوَلَّوْا وَهُمْ مُعْرِضُونَ
Эгерде Аллах алардан бир жакшылык байкаса, аларды уккудай кылар эле. Бирок, аларга угузса да, алар жалтактана баш тартышаар эле.
24 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ
Эй ыймандуулар! Силер үчүн жакшылык алып келүүчү нерсеге чакырып жатканда Аллахка жана Элчисине ээрчигиле. Жана да Аллах инсан менен анын жүрөгүнүн араларында экендигин, силер Ага кайтып бара тургандыгыңарды билгиле.
a. Демек, Аллахтын каалоосунан сырткары иш кыла албас.
25 وَاتَّقُوا فِتْنَةً لَا تُصِيبَنَّ الَّذِينَ ظَلَمُوا مِنْكُمْ خَاصَّةً وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ
Силердин араңардагы келе турган чуудан сактангыла. Аллахтын катуу жаза берерин билгиле!
26 وَاذْكُرُوا إِذْ أَنْتُمْ قَلِيلٌ مُسْتَضْعَفُونَ فِي الْأَرْضِ تَخَافُونَ أَنْ يَتَخَطَّفَكُمُ النَّاسُ فَآوَاكُمْ وَأَيَّدَكُمْ بِنَصْرِهِ وَرَزَقَكُمْ مِنَ الطَّيِّبَاتِ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ
Силер жер жүзүндө аз санда алсыз болгонуңарды эстегиле. Силер адамдар бизди багынтып алат деп коркчу элеңер. Силер шүгүр келтирүүңөр үчүн, Аллах силерге (Мединадан) жай берди жана Өзүнүн жардамы менен кубаттандырды. Силерге мол ырыскы улады.
a. Мусулмандар аз кезинде каапырлардын кысымына байланыштуу Меккеден Мединага жер которушкан.
27 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَخُونُوا اللَّهَ وَالرَّسُولَ وَتَخُونُوا أَمَانَاتِكُمْ وَأَنْتُمْ تَعْلَمُونَ
Эй ыймандуулар! Аллахка жана Анын Элчисине кыянат кылбагыла. Силерге тапшырылган аманатка билип туруп кыянаттык жасабагыла!
28 وَاعْلَمُوا أَنَّمَا أَمْوَالُكُمْ وَأَوْلَادُكُمْ فِتْنَةٌ وَأَنَّ اللَّهَ عِنْدَهُ أَجْرٌ عَظِيمٌ
Билгиле! Силердин мал-мүлкүңөр жана бала-чакаңар азгырма сыноо гана, а Аллахтын алдында зор сыйлыктар бар.
29 يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ تَتَّقُوا اللَّهَ يَجْعَلْ لَكُمْ فُرْقَانًا وَيُكَفِّرْ عَنْكُمْ سَيِّئَاتِكُمْ وَيَغْفِرْ لَكُمْ وَاللَّهُ ذُو الْفَضْلِ الْعَظِيمِ
Эй ыймандуулар! Эгер силер Аллахтан корксоңор Ал силерге жаман-жакшыны айырмалоочуну берет, жамандыгыңарды тазалап, күнөөңөрдү кечирет. Аллах Улуу ырайымдын ээси.
a. Дин илими, Куран аяттарынын маани-маңызы.
30 وَإِذْ يَمْكُرُ بِكَ الَّذِينَ كَفَرُوا لِيُثْبِتُوكَ أَوْ يَقْتُلُوكَ أَوْ يُخْرِجُوكَ وَيَمْكُرُونَ وَيَمْكُرُ اللَّهُ وَاللَّهُ خَيْرُ الْمَاكِرِينَ
Каапырлар сени камакка алуу, өлтүрүү, же кууп чыгуу үчүн айла-амал ойлошкон кезди (эстегин). Алар айла-амал кылышканда, Аллах да айла-амал кылды, Аллах амалкөйлөрдүн эң мыктысы.
31 وَإِذَا تُتْلَى عَلَيْهِمْ آيَاتُنَا قَالُوا قَدْ سَمِعْنَا لَوْ نَشَاءُ لَقُلْنَا مِثْلَ هَذَا إِنْ هَذَا إِلَّا أَسَاطِيرُ الْأَوَّلِينَ
Аларга Биздин аяттар окулганда: “Биз мурда эле укканбыз. Эгер кааласак биз да ушундай айта алабыз. Бул байыркылардын эле жомогу”,– дешет.
32 وَإِذْ قَالُوا اللَّهُمَّ إِنْ كَانَ هَذَا هُوَ الْحَقَّ مِنْ عِنْدِكَ فَأَمْطِرْ عَلَيْنَا حِجَارَةً مِنَ السَّمَاءِ أَوِ ائْتِنَا بِعَذَابٍ أَلِيمٍ
Качан алар: “О Эгебиз! Бул Сенден келген акыйкат болсо, анда төбөбүзгө таштан жаан жаадыр, же бизге оорутуучу азап келтир”, - дешкен(эсте).
a. Эй, Мухаммед!
33 وَمَا كَانَ اللَّهُ لِيُعَذِّبَهُمْ وَأَنْتَ فِيهِمْ وَمَا كَانَ اللَّهُ مُعَذِّبَهُمْ وَهُمْ يَسْتَغْفِرُونَ
Бирок, Аллах аларды сен алар менен болгон кезде жана алар кечирим сурап жаткан учурда жазалабайт.
a. Мухаммед (а.с.).
34 وَمَا لَهُمْ أَلَّا يُعَذِّبَهُمُ اللَّهُ وَهُمْ يَصُدُّونَ عَنِ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ وَمَا كَانُوا أَوْلِيَاءَهُ إِنْ أَوْلِيَاؤُهُ إِلَّا الْمُتَّقُونَ وَلَكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ
Алар ыймандууларды Ыйык Мечитке киргизбей жатса, эмне үчүн Аллах аларды жазалабасын?! Алар (каапырлар) анын ээлери эмес, акыйкатта анын ээлери такыбалар гана! Бирок, алардын көбү муну билишпейт.
a. Меккедеги Ыйык Мечит.
35 وَمَا كَانَ صَلَاتُهُمْ عِنْدَ الْبَيْتِ إِلَّا مُكَاءً وَتَصْدِيَةً فَذُوقُوا الْعَذَابَ بِمَا كُنْتُمْ تَكْفُرُونَ
Алардын (Аллахтын) үйүндөгү намаздары – ышкыруу жана тизилүү гана. (Эми) каапыр болгондугуңар үчүн мына ушундай азапты таткыла!
a. Мушриктердин (каапырлардын).
36 إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا يُنْفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ لِيَصُدُّوا عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ فَسَيُنْفِقُونَهَا ثُمَّ تَكُونُ عَلَيْهِمْ حَسْرَةً ثُمَّ يُغْلَبُونَ وَالَّذِينَ كَفَرُوا إِلَى جَهَنَّمَ يُحْشَرُونَ
Акыйкатта, каапырлар өздөрүнүн мал-мүлкүн адамдарды Аллахтын жолунан чыгаруу үчүн жумшашат. Алар сарпташат. Анан анысы өкүнүчкө айланат. Мындан соң жеңилүүгө дуушар болушат. А каапырлар тозокко чогултулат.
37 لِيَمِيزَ اللَّهُ الْخَبِيثَ مِنَ الطَّيِّبِ وَيَجْعَلَ الْخَبِيثَ بَعْضَهُ عَلَى بَعْضٍ فَيَرْكُمَهُ جَمِيعًا فَيَجْعَلَهُ فِي جَهَنَّمَ أُولَئِكَ هُمُ الْخَاسِرُونَ
Аллах жаманды жакшыдан ажыратуу үчүн жана жаманды биринин үстүнө бирин үйүп, тозокко салуу үчүн. Аныгында алар зыянга кабылуучулар.
a. Каапырды. b. Момундан.
38 قُلْ لِلَّذِينَ كَفَرُوا إِنْ يَنْتَهُوا يُغْفَرْ لَهُمْ مَا قَدْ سَلَفَ وَإِنْ يَعُودُوا فَقَدْ مَضَتْ سُنَّتُ الْأَوَّلِينَ
Каапырларга айт: “Эгер алар тыйылышса, мурунку кылыктары (мурдагы күнөөлөрү) кечирилет. А эгер кайтышса, аларга карата мурунку элдерге колдонулган жаза ишке ашырылат.
a. 1) Аллахтын жолунан башкаларды тосуудан, 2) Мусулмандарга каршы душмандык иш-аракеттерден. b. Мурунку кейпине түшсө.
39 وَقَاتِلُوهُمْ حَتَّى لَا تَكُونَ فِتْنَةٌ وَيَكُونَ الدِّينُ كُلُّهُ لِلَّهِ فَإِنِ انْتَهَوْا فَإِنَّ اللَّهَ بِمَا يَعْمَلُونَ بَصِيرٌ
Алар менен эч бир ширк калбаганга чейин жана дин толук Аллах үчүн болгонго чейин согушкула. Эгерде алар тыйылышса, албетте Аллах алардын кылгандарын толук Көрүүчү.
a. Аллахтан башкага сыйынуу
40 وَإِنْ تَوَلَّوْا فَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ مَوْلَاكُمْ نِعْمَ الْمَوْلَى وَنِعْمَ النَّصِيرُ
Эгер алар баш тартышса, анда, албетте Аллах кожоюнуңар экенин билгиле. Ал кандай сонун Колдоочу жана кандай жакшы Жардамчы!