41 وَاعْلَمُوا أَنَّمَا غَنِمْتُمْ مِنْ شَيْءٍ فَأَنَّ لِلَّهِ خُمُسَهُ وَلِلرَّسُولِ وَلِذِي الْقُرْبَى وَالْيَتَامَى وَالْمَسَاكِينِ وَابْنِ السَّبِيلِ إِنْ كُنْتُمْ آمَنْتُمْ بِاللَّهِ وَمَا أَنْزَلْنَا عَلَى عَبْدِنَا يَوْمَ الْفُرْقَانِ يَوْمَ الْتَقَى الْجَمْعَانِ وَاللَّهُ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
Эгер силер Аллахка, жакшы менен жаманды айырмалоочу, аскерлердин эки тобу беттешкен күнү Биз пендебизге (акыйкат менен бузукулукту ажыраткан күндү) ачканга ишенсеңер, согушта алган олжоңордун бештен бири Аллахка, Элчисине, жакын туугандарына, жетимдерге, мискиндерге, жолоочуларга тийиштүү экендигин билгиле. Аллах бардык нерсеге кудуреттүү.
a. “Фуркан” - чын менен жалгандын, ыймандуулук менен каапырлыктын ортосун ажыратып бөлүүчү Бадрдагы согуш.