бөлүм Зумар - الزمر

41 إِنَّا أَنْزَلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ لِلنَّاسِ بِالْحَقِّ فَمَنِ اهْتَدَى فَلِنَفْسِهِ وَمَنْ ضَلَّ فَإِنَّمَا يَضِلُّ عَلَيْهَا وَمَا أَنْتَ عَلَيْهِمْ بِوَكِيلٍ

(Эй, Мухаммед!) Чындыгында, Куранды сага акыйкат менен адамдар үчүн түшүрдүк. Эми ким туура жолго түшсө, ал өзү үчүн. Ал эми ким адашса, адашканы – өз зыйанына. Сен аларга өкүл эмессиё.

a. Кымындай да жалганы жок. b. Мажбурлай албайсыё

42 اللَّهُ يَتَوَفَّى الْأَنْفُسَ حِينَ مَوْتِهَا وَالَّتِي لَمْ تَمُتْ فِي مَنَامِهَا فَيُمْسِكُ الَّتِي قَضَى عَلَيْهَا الْمَوْتَ وَيُرْسِلُ الْأُخْرَى إِلَى أَجَلٍ مُسَمًّى إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ

Өлөөр мезгилде жанды Алла алат. Өлбөгөндөрдүн жанын уйкуда (жатканда) алат. Ошондой эле, өлүүгө өкүм кылынгандардын жанын (Алла Өз) алдында алып калат да, башкалардыкын белгилүү бир мөөнөткө чейин кайра жиберет. Акыйкатта, мында түшүнгөн адамдар үчүн өрнөктөр бар.

a. Бардык жан-жаныбарлардын жандарын b. Азырынча ълъ электердин c. «Уктап жатканда баардык сезим-туйумдарын, ой ж\г\рт\\лър\н ъл\к сыйакту кылып токтотуп койот. d. Уктап жаткан кезде ажалы жеткендердин e. Ъм\р суусу т\гънъ электердин

43 أَمِ اتَّخَذُوا مِنْ دُونِ اللَّهِ شُفَعَاءَ قُلْ أَوَلَوْ كَانُوا لَا يَمْلِكُونَ شَيْئًا وَلَا يَعْقِلُونَ

Болбосо алар Алладан башканы колдоочу кылып алыштыбы? (Эй, Мухаммед!) “Эгер алар эч нерсеге ээ болушпаса да, акылдары эч нерсеге жетпесе да (кудай кыла беришеби)?” – деп айткын.

44 قُلْ لِلَّهِ الشَّفَاعَةُ جَمِيعًا لَهُ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ثُمَّ إِلَيْهِ تُرْجَعُونَ

(Эй, Мухаммед!) “Колдоонун баары – Аллага таандык. Асмандар менен жердин ээлиги да Аныкы. Акыры Ал тарапка кайтасыёар”,– дегин.

a. Акыретте, шапаат кылуучулар (колдоочулар) ъздър\ каалагандарга эле колдоо кърсътъ алышпайт. Анткени шапааттын ээси – жалгыз Алла Таала. Ал кимди кааласа Ъз\ шапаат кылууга уруксат берет.

45 وَإِذَا ذُكِرَ اللَّهُ وَحْدَهُ اشْمَأَزَّتْ قُلُوبُ الَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِالْآخِرَةِ وَإِذَا ذُكِرَ الَّذِينَ مِنْ دُونِهِ إِذَا هُمْ يَسْتَبْشِرُونَ

Алланын гана аты аталса, акыретке ишенбегендердин жүрөктөрү кысылат. Ал эми Алладан башканын аты (кудай катары) аталса, алар кубанышат.

46 قُلِ اللَّهُمَّ فَاطِرَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ عَالِمَ الْغَيْبِ وَالشَّهَادَةِ أَنْتَ تَحْكُمُ بَيْنَ عِبَادِكَ فِي مَا كَانُوا فِيهِ يَخْتَلِفُونَ

(Эй, Мухаммед!) “Оо, асмандар менен жердин Жаратуучусу, купуйаны да, ачыкты да билүүчү Алла! Талаш-тартышка түшкөн нерселерде пенделериёдин ортосунда (кимиси туура экени тууралуу) Сен гана өкүм чыгарасыё!”,– дегин.

a. Акыркы чечимди чыгарасыё

47 وَلَوْ أَنَّ لِلَّذِينَ ظَلَمُوا مَا فِي الْأَرْضِ جَمِيعًا وَمِثْلَهُ مَعَهُ لَافْتَدَوْا بِهِ مِنْ سُوءِ الْعَذَابِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ وَبَدَا لَهُمْ مِنَ اللَّهِ مَا لَمْ يَكُونُوا يَحْتَسِبُونَ

Эгер жер жүзүндө болгон бардык нерселер жана алар менен бирге дагы ошончо (көп байлык) заалымдардыкы болсо, Кыйамат күнүнүн катуу азабынан (кутулуу үчүн) ошонун баарын төлөөгө беришмек. Алар (ошондо) эч ойлобогон нерселер Алла тараптан көрүнөт.

a. Бирок баары бир азаптан кутула алышмак эмес b. жазаларды

48 وَبَدَا لَهُمْ سَيِّئَاتُ مَا كَسَبُوا وَحَاقَ بِهِمْ مَا كَانُوا بِهِ يَسْتَهْزِئُونَ

Аларга өздөрү жасаган жамандыктары (Кыйаматта көздөрүнө) көрүнөт. Ошондой эле, алардын шылдыёдаган нерселери өздөрүн ороп алат.

a. маалымдалат

49 فَإِذَا مَسَّ الْإِنْسَانَ ضُرٌّ دَعَانَا ثُمَّ إِذَا خَوَّلْنَاهُ نِعْمَةً مِنَّا قَالَ إِنَّمَا أُوتِيتُهُ عَلَى عِلْمٍ بَلْ هِيَ فِتْنَةٌ وَلَكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ

Инсанды кандайдыр-бир кыйынчылыкка кармаса, Бизге жалбарат. Анан ага Өзүбүздөн бир жакшылык берсек, ал: ”Бул менин билгичтигиме берилди”, – дейт. Жок! Андай эмес. Ал бир сыноо. Бирок, алардын көбү билишпейт.

a. Дуушар кылса b. жакшылык

50 قَدْ قَالَهَا الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ فَمَا أَغْنَى عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَكْسِبُونَ

Чындыгында алардан мурункулар да ошондой дешкен. Бирок алардын жасаган нерселери (азаптан) куткарууга жараган жок.

a. Буд-сълъкъттър

51 فَأَصَابَهُمْ سَيِّئَاتُ مَا كَسَبُوا وَالَّذِينَ ظَلَمُوا مِنْ هَؤُلَاءِ سَيُصِيبُهُمْ سَيِّئَاتُ مَا كَسَبُوا وَمَا هُمْ بِمُعْجِزِينَ

Ошондуктан, алардын жасаган нерселеринин жамандыктары өздөрүнө тийет. Алардан заалым болгондордун жаман иштеринин жамандыктары өздөрүнө жакында тийет. Алар (Алладан келген) ал азапты жок кыла алышпайт.

52 أَوَلَمْ يَعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَبْسُطُ الرِّزْقَ لِمَنْ يَشَاءُ وَيَقْدِرُ إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ

Алар билишпейби: чындыгында, Алла кимди кааласа, ошонун ырыскысын кеёири кылат, кимди кааласа анын насибин тар кылып койот. Ушуларда, ыйман келтирген эл үчүн белгилер бар.

a. Аллага ишенген

53 قُلْ يَا عِبَادِيَ الَّذِينَ أَسْرَفُوا عَلَى أَنْفُسِهِمْ لَا تَقْنَطُوا مِنْ رَحْمَةِ اللَّهِ إِنَّ اللَّهَ يَغْفِرُ الذُّنُوبَ جَمِيعًا إِنَّهُ هُوَ الْغَفُورُ الرَّحِيمُ

“Эй, өздөрүнө зыйан кылып жаткан пенделерим! Алланын жакшылыгынан үмүт үзбөгүлө. Алла бардык күнөөлөрдү кечирет. Анткени, Ал – Кечиримдүү, Боорукер!”, – деп айткын.

54 وَأَنِيبُوا إِلَى رَبِّكُمْ وَأَسْلِمُوا لَهُ مِنْ قَبْلِ أَنْ يَأْتِيَكُمُ الْعَذَابُ ثُمَّ لَا تُنْصَرُونَ

“Өзүёөргө жаза келгенге чейин Эгеёерге кайткыла! Ага мойун сунгула. Кийин жардам ала албайсыёар”.

a. Ългън соё, дароо сурак башталат жана тооболор кабыл кылынбайт b. Тир\\л\ктъ жасаган тооболоруёар жана ибадаттарыёар гана кабыл болот.

55 وَاتَّبِعُوا أَحْسَنَ مَا أُنْزِلَ إِلَيْكُمْ مِنْ رَبِّكُمْ مِنْ قَبْلِ أَنْ يَأْتِيَكُمُ الْعَذَابُ بَغْتَةً وَأَنْتُمْ لَا تَشْعُرُونَ

“Силерге капилеттен, күтүүсүз азап келгенге чейин өзүёөргө Эгеёерден түшүрүлгөн жакшы нерсени ээрчигиле!”.

a. Куранды

56 أَنْ تَقُولَ نَفْسٌ يَا حَسْرَتَا عَلَى مَا فَرَّطْتُ فِي جَنْبِ اللَّهِ وَإِنْ كُنْتُ لَمِنَ السَّاخِرِينَ

Кимдир бирөө: “Аллага байланыштуу (маселелерде) чектен чыккандыгым жана (момундарды) келекелегендерден болгонум үчүн мага өкүнүч”, – дегенге чейин (шашылып калгыла).

a. Кыйаматка

57 أَوْ تَقُولَ لَوْ أَنَّ اللَّهَ هَدَانِي لَكُنْتُ مِنَ الْمُتَّقِينَ

Же: “Эгер Алла мени туура жолго салса кана. Мен ошондо такыбалардан болмокмун”, – дегенге чейин...

a. Кыйамат к\н\ каардуу сурак башталганда къптъгън адамдар ушинтип арман кылышып, бармактарын тиштешет....

58 أَوْ تَقُولَ حِينَ تَرَى الْعَذَابَ لَوْ أَنَّ لِي كَرَّةً فَأَكُونَ مِنَ الْمُحْسِنِينَ

Же алар азапты (өз көздөрү менен) көргөн учурда: “Аттиё! Мага (дүйнө жашоосуна) кайра кайтууга мүмкүнчүлүк болгондо, ошондо мен (жалаё гана) жакшы иштери жасаган адамдардан болоор элем”, – дегенге чейин.

a. Кыйамат к\н\

59 بَلَى قَدْ جَاءَتْكَ آيَاتِي فَكَذَّبْتَ بِهَا وَاسْتَكْبَرْتَ وَكُنْتَ مِنَ الْكَافِرِينَ

(Ошондо аларга): “Андай эмес! Чындыгында, сага айаттарыбыз келгенде, аны жалганга чыгардыё да, менменсинип, каапырлардан болдуё!”– деп айтылат.

a. Куран

60 وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ تَرَى الَّذِينَ كَذَبُوا عَلَى اللَّهِ وُجُوهُهُمْ مُسْوَدَّةٌ أَلَيْسَ فِي جَهَنَّمَ مَثْوًى لِلْمُتَكَبِّرِينَ

(Эй, Мухаммед!) Кыйамат күнү Аллага жалаа жапкандардын беттери капкара болгонун көрөсүё. Менменсинген текеберлердин орду Тозокто эмеспи?