бөлүм Зумар - الزمر

1 تَنْزِيلُ الْكِتَابِ مِنَ اللَّهِ الْعَزِيزِ الْحَكِيمِ

Бул Китептин түшүрүлүшү – Ызааттуу, Даанышман Алладан.

a. Курандын b. /стъмд\к кылуучу

2 إِنَّا أَنْزَلْنَا إِلَيْكَ الْكِتَابَ بِالْحَقِّ فَاعْبُدِ اللَّهَ مُخْلِصًا لَهُ الدِّينَ

(Эй, Мухаммед!) Акыйкатта, сага бул Китепти чындык менен түшүрдүк. Эми динде Аллага гана берилип, ибадат кыл.

a. Ислам динин b. Сыйын, табын

3 أَلَا لِلَّهِ الدِّينُ الْخَالِصُ وَالَّذِينَ اتَّخَذُوا مِنْ دُونِهِ أَوْلِيَاءَ مَا نَعْبُدُهُمْ إِلَّا لِيُقَرِّبُونَا إِلَى اللَّهِ زُلْفَى إِنَّ اللَّهَ يَحْكُمُ بَيْنَهُمْ فِي مَا هُمْ فِيهِ يَخْتَلِفُونَ إِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي مَنْ هُوَ كَاذِبٌ كَفَّارٌ

Көёүл бөлгүлө! Дин – Аллага гана таандык. Алладан башканы кудай туткандар: «Бизди Аллага жакындаштырсын деп гана аларга сыйынабыз», (дешет).Алардын ортолорунда талашкан нерселер тууралуу Алла албетте Өз өкүмүн чыгарат. Чындыгында, жалган айтуучуну, каапырлык кылганды Алла туура жолго салбайт.

a. “Кудайдын баласы бар”, – деп

4 لَوْ أَرَادَ اللَّهُ أَنْ يَتَّخِذَ وَلَدًا لَاصْطَفَى مِمَّا يَخْلُقُ مَا يَشَاءُ سُبْحَانَهُ هُوَ اللَّهُ الْوَاحِدُ الْقَهَّارُ

Эгер Алла балага ээ болууну кааласа, Өзү жараткандарынын ичинен каалаганын тандап алмак. Ал андан аруу! Алла – Жалгыз, Каардуу!

5 خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ بِالْحَقِّ يُكَوِّرُ اللَّيْلَ عَلَى النَّهَارِ وَيُكَوِّرُ النَّهَارَ عَلَى اللَّيْلِ وَسَخَّرَ الشَّمْسَ وَالْقَمَرَ كُلٌّ يَجْرِي لِأَجَلٍ مُسَمًّى أَلَا هُوَ الْعَزِيزُ الْغَفَّارُ

(Алла) асмандарды, жерди чындык менен жаратты. Түндү күндүзгө айландырды, күндүздү түнгө айландырды жана күн менен айды Өзүнө багынтып койду. Баары белгилүү бир мөөнөткө чейин жүрүп турушат. Ал – Ызааттуу, Кечиримдүү!

6 خَلَقَكُمْ مِنْ نَفْسٍ وَاحِدَةٍ ثُمَّ جَعَلَ مِنْهَا زَوْجَهَا وَأَنْزَلَ لَكُمْ مِنَ الْأَنْعَامِ ثَمَانِيَةَ أَزْوَاجٍ يَخْلُقُكُمْ فِي بُطُونِ أُمَّهَاتِكُمْ خَلْقًا مِنْ بَعْدِ خَلْقٍ فِي ظُلُمَاتٍ ثَلَاثٍ ذَلِكُمُ اللَّهُ رَبُّكُمْ لَهُ الْمُلْكُ لَا إِلَهَ إِلَّا هُوَ فَأَنَّى تُصْرَفُونَ

Алла силерди бир адамдан таратты. Андан жубайын жаратты. Силер үчүн малдардан сегиз жубун түшүрдү. Ошондой эле, силерди энеёердин ичиндеги үч караёгылыкта бир жаратыштан кийин, дагы бир жаратышта жаратты. Мына ушундай кылган – Эгеёер Алла. Өкүмдарлык – Ага гана таандык. Андан башка Кудай жок. Кайда бурулуп кетесиёер?!

a. Адам атанын кабыргасынан b. Тъъдън экъън\, койдон экъън.... c. 1) Курсактын караёгылыгы, 2) жатындын караёгылыгы, 3) т\й\лд\кт\н тургунунун (чел кабыктын) караёгылыгы (Тафсир ал Табарий). d. Бир калыптан e. Оболу урук, анан уйуган кан, анан бир \з\м эт т\р\ндъг\ баскычтардан ъткър\п

7 إِنْ تَكْفُرُوا فَإِنَّ اللَّهَ غَنِيٌّ عَنْكُمْ وَلَا يَرْضَى لِعِبَادِهِ الْكُفْرَ وَإِنْ تَشْكُرُوا يَرْضَهُ لَكُمْ وَلَا تَزِرُ وَازِرَةٌ وِزْرَ أُخْرَى ثُمَّ إِلَى رَبِّكُمْ مَرْجِعُكُمْ فَيُنَبِّئُكُمْ بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ إِنَّهُ عَلِيمٌ بِذَاتِ الصُّدُورِ

Эгер каапырлык кылсаёар, анда… Алла силерге эч муктаж эмес. (Ал) пенделеринин каапырлыгына ыраазы эмес. Эгер (Аллага) шүгүр кылсаёар, (Ал) силерге ыраазы болот. Эч бир күнөөкөр башканын күнөөсүн көтөрбөйт. Кийин, кайтып келээр жагыёар – Эгеёер тарап. Ошондо силерге (бул дүйнөдө) жасаган иштериёерден кабар берет. Анткени, Алла – жүрөктөгүлөрдү Билүүчү.

8 وَإِذَا مَسَّ الْإِنْسَانَ ضُرٌّ دَعَا رَبَّهُ مُنِيبًا إِلَيْهِ ثُمَّ إِذَا خَوَّلَهُ نِعْمَةً مِنْهُ نَسِيَ مَا كَانَ يَدْعُو إِلَيْهِ مِنْ قَبْلُ وَجَعَلَ لِلَّهِ أَنْدَادًا لِيُضِلَّ عَنْ سَبِيلِهِ قُلْ تَمَتَّعْ بِكُفْرِكَ قَلِيلًا إِنَّكَ مِنْ أَصْحَابِ النَّارِ

Инсанга кыйынчылык келсе, Эгесине кайткан абалда жалбарат. Анан Алла ага жакшылык берсе, мурун Ага жалбарганын унутат да, (башкаларды) Анын жолунан адаштыруу үчүн Аллага шерик кошот. (Эй, Мухаммед!) Ага: «Каапырлыгыё менен бир аз ырахаттанып тура тур. Албетте, сен Тозок ээлериненсиё» – деп айт.

a. Мисалы: «Мен акылдуулугумдан бактылуу болдум» , – деп, Алланын жардамын унутуп, ъз\н\н алсыз акылын Кудуретт\\ Алага шерик кылат b. Текеберленип, Алланын жакшылыгын чанган каапырга c. Тозокко т\ш\\ч\лърдън

9 أَمَّنْ هُوَ قَانِتٌ آنَاءَ اللَّيْلِ سَاجِدًا وَقَائِمًا يَحْذَرُ الْآخِرَةَ وَيَرْجُو رَحْمَةَ رَبِّهِ قُلْ هَلْ يَسْتَوِي الَّذِينَ يَعْلَمُونَ وَالَّذِينَ لَا يَعْلَمُونَ إِنَّمَا يَتَذَكَّرُ أُولُو الْأَلْبَابِ

Ал – (Аллага) моюн сунуп, түн ичинде сежде кылган жана тик турган абалда (намаз окуп), акыреттен коркуп, Эгесинин ырайымынан үмүт кылган адам сыйактуу боло алмак беле? (Эй, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер теё боло алабы?», – деп айт. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат.

a. Каапырлар b. Акырет азабынан

10 قُلْ يَا عِبَادِ الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا رَبَّكُمْ لِلَّذِينَ أَحْسَنُوا فِي هَذِهِ الدُّنْيَا حَسَنَةٌ وَأَرْضُ اللَّهِ وَاسِعَةٌ إِنَّمَا يُوَفَّى الصَّابِرُونَ أَجْرَهُمْ بِغَيْرِ حِسَابٍ

(Эй, Мухаммед!) «Менин ыйман келтирген пенделериме: «Эгеёерден корккула! Бул дүйнөдө жакшылык кылгандарга – жакшылык бар. Алланын жери кенен. Чындыгында, сабыр кылуучуларга сыйлыктары эсепсиз (өлчөөсүз) берилет»,–деп айткын.

11 قُلْ إِنِّي أُمِرْتُ أَنْ أَعْبُدَ اللَّهَ مُخْلِصًا لَهُ الدِّينَ

(Эй, Мухаммед!) «Акыйкатта, мен динде бир гана Аллага берилип, ибадат кылууга буйрулганмын»,–дегин.

a. Ислам динин бир гана Алланын ыраазычылыгына жет\\ \ч\н карманам жана мусулмандарды да ошондой

12 وَأُمِرْتُ لِأَنْ أَكُونَ أَوَّلَ الْمُسْلِمِينَ

«(Мен Аллага) моюн сунуучулардын эё биринчиси болууга буйрулдум».

a. Мусулмандардын

13 قُلْ إِنِّي أَخَافُ إِنْ عَصَيْتُ رَبِّي عَذَابَ يَوْمٍ عَظِيمٍ

«Чындыгында, мен Эгеме каршы чыксам… Улуу күндүн азабынан коркомун»,–дегин.

a. Кыйаматтын

14 قُلِ اللَّهَ أَعْبُدُ مُخْلِصًا لَهُ دِينِي

«Динимде бир гана Аллага берилип ибадат кылам»,–дегин.

a. Сыйынам, табынам

15 فَاعْبُدُوا مَا شِئْتُمْ مِنْ دُونِهِ قُلْ إِنَّ الْخَاسِرِينَ الَّذِينَ خَسِرُوا أَنْفُسَهُمْ وَأَهْلِيهِمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَلَا ذَلِكَ هُوَ الْخُسْرَانُ الْمُبِينُ

«Силер болсо Алладан башка каалаганыёарга сыйына бергиле. Ырасында, зыйанга учурагандар кыйамат күнү өздөрүн да, үй бүлөсүн да зыйанга учураткандар болушат. Мына ошол – анык зыйанга учуроо», – дегин.

a. Дини, руху зыйанга учурагандар

16 لَهُمْ مِنْ فَوْقِهِمْ ظُلَلٌ مِنَ النَّارِ وَمِنْ تَحْتِهِمْ ظُلَلٌ ذَلِكَ يُخَوِّفُ اللَّهُ بِهِ عِبَادَهُ يَا عِبَادِ فَاتَّقُونِ

Алардын үстүлөрүнөн оттон (жасалган) жабуулар, астыларынан да оттон (жасалган) төшөнчүлөр болот. Мына, Алла пенделерин ушул (от) аркылуу коркутат. Эй, пенделерим! Менден корккула!

17 وَالَّذِينَ اجْتَنَبُوا الطَّاغُوتَ أَنْ يَعْبُدُوهَا وَأَنَابُوا إِلَى اللَّهِ لَهُمُ الْبُشْرَى فَبَشِّرْ عِبَادِ

«Таагутка» сыйынуудан оолак болушуп, Аллага кайткандар үчүн кубаныч бар, ошону менен пенделеримди сүйүнчүлө!

a. Бейиш

18 الَّذِينَ يَسْتَمِعُونَ الْقَوْلَ فَيَتَّبِعُونَ أَحْسَنَهُ أُولَئِكَ الَّذِينَ هَدَاهُمُ اللَّهُ وَأُولَئِكَ هُمْ أُولُو الْأَلْبَابِ

(Алланын буйруктарына) сөсүз кулак салып, анын эё жакшысын ээрчий тургандар, мына ошолор – Алла туура жолго салгандар. Дал мына ошолор – акыл ээлери.

a. Бул жерде «жакшысын» деген съз эки мааниге ээ: 1) Бир каапыр мусулманга зыйан келтирсе, ага да ошол даражада зыйан келтир\\гъ болот, бирок аны кечирип койуу андан да сооптуу иш. Мындай учурда кечирип койуу – эки чечимдин «жакшысы» болот.

19 أَفَمَنْ حَقَّ عَلَيْهِ كَلِمَةُ الْعَذَابِ أَفَأَنْتَ تُنْقِذُ مَنْ فِي النَّارِ

(Эй, Мухаммед!) азапталууга сөз бекемделип калган немени куткара турган сенби?

a. «Сенде андай укук кайдан болмок эле. Сен алар ъздър\н тозоктон сактоосу \ч\н эскерт\\ч\ ганасыё да. Ошол \ч\н къб\ръък эскерт! Алар Аллага сыйынуу аркылуу ъздър\н ъздър\ сакташсын” деген мааниде

20 لَكِنِ الَّذِينَ اتَّقَوْا رَبَّهُمْ لَهُمْ غُرَفٌ مِنْ فَوْقِهَا غُرَفٌ مَبْنِيَّةٌ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ وَعْدَ اللَّهِ لَا يُخْلِفُ اللَّهُ الْمِيعَادَ

Эгесинен корккондор үчүн алдыларынан дарыйалар агып туруучу кабат-кабат салынган бөлмөлөр бар. Бул – Алланын убадасы. Алла Өз убадасына каршы чыкпайт!