бөлүм Сод - ص

1 ص وَالْقُرْآنِ ذِي الذِّكْرِ

Сод. Эскертме ээси болгон Куранга ант!

2 بَلِ الَّذِينَ كَفَرُوا فِي عِزَّةٍ وَشِقَاقٍ

Ооба, каапырлар текеберленүүдө жана каршы чыгууда.

3 كَمْ أَهْلَكْنَا مِنْ قَبْلِهِمْ مِنْ قَرْنٍ فَنَادَوْا وَلَاتَ حِينَ مَنَاصٍ

Биз аларга чейинки канчалаган муундарды жок кылдык. Алар жалбарышты, бирок калкаланчу убакыт эмес эле.

a. Алланын каары жеткен кезде жалбарса да, жалбарбаса да баары бир кеч болуп калган.

4 وَعَجِبُوا أَنْ جَاءَهُمْ مُنْذِرٌ مِنْهُمْ وَقَالَ الْكَافِرُونَ هَذَا سَاحِرٌ كَذَّابٌ

Алар өздөрүнүн арасынан эскертүүчү келгенде таң калышып, каапырлар: “Бул сыйкырчы, жалганчы” – дешти.

a. Алланын элчиси.

5 أَجَعَلَ الْآلِهَةَ إِلَهًا وَاحِدًا إِنَّ هَذَا لَشَيْءٌ عُجَابٌ

“Чын эле ал кудайларды бир кудайга айлантабы? Чынында бул шумдуктуу нерсе!”

a. Сөлөкөттөрдү, жалган кудайларды.

6 وَانْطَلَقَ الْمَلَأُ مِنْهُمْ أَنِ امْشُوا وَاصْبِرُوا عَلَى آلِهَتِكُمْ إِنَّ هَذَا لَشَيْءٌ يُرَادُ

Алардын арасынан бир тобу: “Баргыла жана кудайларыңарга бекем болгула. Чындыгында бул (ал) каалаган нерсе.

a. Меккенин каапырларынын арасынан: “Мухаммед биздин баарыбызга башчы болууну көздөп, ушундай кылып жатат”, – дегендер болгон.

7 مَا سَمِعْنَا بِهَذَا فِي الْمِلَّةِ الْآخِرَةِ إِنْ هَذَا إِلَّا اخْتِلَاقٌ

Акыркы динде биз бул тууралуу эч уккан эмеспиз; бул ойдон чыгарылган нерсе.

a. Каапыр мушриктер сөлөкөттөргө жана жалган кудайларга табынууну ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан акыркы дин деп билишкен.

8 أَأُنْزِلَ عَلَيْهِ الذِّكْرُ مِنْ بَيْنِنَا بَلْ هُمْ فِي شَكٍّ مِنْ ذِكْرِي بَلْ لَمَّا يَذُوقُوا عَذَابِ

Биздин арабыздан ага гана кабар түшүрүлгөнбү?” (дешет). Ооба, алар Менин кабарыма шектенишүүдө. Балким алар Менин жазамды али татыша элек.

9 أَمْ عِنْدَهُمْ خَزَائِنُ رَحْمَةِ رَبِّكَ الْعَزِيزِ الْوَهَّابِ

Же аларда сенин Даңктуу жана Кайрымдуу Эгеңдин ырайым казынасы барбы?

10 أَمْ لَهُمْ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا فَلْيَرْتَقُوا فِي الْأَسْبَابِ

Же алардан асмандар менен жердин жана алардын ортосундагылардын үстүнөн бийлиги барбы? Кана, анда алар асманга көтөрүлүп көрүшсүнчү!?

11 جُنْدٌ مَا هُنَالِكَ مَهْزُومٌ مِنَ الْأَحْزَابِ

Алар болгону – ошол жерде жеңилген аскерлердин бир бөлүк тобу.

12 كَذَّبَتْ قَبْلَهُمْ قَوْمُ نُوحٍ وَعَادٌ وَفِرْعَوْنُ ذُو الْأَوْتَادِ

Аларга чейин муну Нух, Аад жана казыктар ээси Фараондун коомдору жалганга чыгарышкан.

13 وَثَمُودُ وَقَوْمُ لُوطٍ وَأَصْحَابُ الْأَيْكَةِ أُولَئِكَ الْأَحْزَابُ

Самуд, Луттун коому жана Айканын ээлөөчүлөрү - мына ушул топтор:

a. Тургундары. Булар Шуайптын (ас) эли.

14 إِنْ كُلٌّ إِلَّا كَذَّبَ الرُّسُلَ فَحَقَّ عِقَابِ

Баардыгы элчилерди жалганга чыгарышкан. А Менин жазам акыйкатталды.

15 وَمَا يَنْظُرُ هَؤُلَاءِ إِلَّا صَيْحَةً وَاحِدَةً مَا لَهَا مِنْ فَوَاقٍ

Аларга сурнайдын үнүн күтүү гана калат. Ага кайтуу жок.

a. Кыйаматта кайра тирилүүнүн алдында тартылуучу сурнайдын үнү. b. Ал үн келбей койбойт.

16 وَقَالُوا رَبَّنَا عَجِّلْ لَنَا قِطَّنَا قَبْلَ يَوْمِ الْحِسَابِ

Алар: “Эгебиз, биздин китебибизди эсеп күндөн алдын эртелетчи?” – дешет.

a. Каапырлар. b. Амалыбыз жазылган китебибизди. c. Бул алардын шылдыңдуу сөзү.

17 اصْبِرْ عَلَى مَا يَقُولُونَ وَاذْكُرْ عَبْدَنَا دَاوُودَ ذَا الْأَيْدِ إِنَّهُ أَوَّابٌ

Алар айткандарга чыдагын жана күч кубат ээси, Менин пендем Даудду эсте. Ал (Аллага) кайтуучу эле.

a. Жаратканга катуу берилген эле.

18 إِنَّا سَخَّرْنَا الْجِبَالَ مَعَهُ يُسَبِّحْنَ بِالْعَشِيِّ وَالْإِشْرَاقِ

Анткени, Биз ага тоолорду багынттык. Алар аны менен биргеликте кечинде жана эртең менен (Алланы) даңазалашчу эле.

19 وَالطَّيْرَ مَحْشُورَةً كُلٌّ لَهُ أَوَّابٌ

Куштарды да (багынттык), (анын жанына) чогулуп, баары (Кудайды) даңазалашчу эле. Баары Ага кайтуучу эле.

a. Жаратканга алар тасбих менен ибаадат кылышчу.

20 وَشَدَدْنَا مُلْكَهُ وَآتَيْنَاهُ الْحِكْمَةَ وَفَصْلَ الْخِطَابِ

Биз анын бийлигин бекемдедик жана ага даанышмандык менен туура, чечкиндүү сүйлөөнү ыроолодук.