21 وَهَلْ أَتَاكَ نَبَأُ الْخَصْمِ إِذْ تَسَوَّرُوا الْمِحْرَابَ
Сага каршылаштар жөнүндө кабар жетти беле? Алар коргон аркылуу михрабка чыгып барышкан.
a. Дауд (а.с.)дын мечитине.
21 وَهَلْ أَتَاكَ نَبَأُ الْخَصْمِ إِذْ تَسَوَّرُوا الْمِحْرَابَ
Сага каршылаштар жөнүндө кабар жетти беле? Алар коргон аркылуу михрабка чыгып барышкан.
a. Дауд (а.с.)дын мечитине.
22 إِذْ دَخَلُوا عَلَى دَاوُودَ فَفَزِعَ مِنْهُمْ قَالُوا لَا تَخَفْ خَصْمَانِ بَغَى بَعْضُنَا عَلَى بَعْضٍ فَاحْكُمْ بَيْنَنَا بِالْحَقِّ وَلَا تُشْطِطْ وَاهْدِنَا إِلَى سَوَاءِ الصِّرَاطِ
Алар Даудга кирип барганда, ал алардан коркуп кетти. Алар: “Эки каршылаштан коркпо, биздин бирибиз экинчибизге жамандык кылганбыз. Бизге акыйкаттык менен өкүм чыгар. Чектен чыкпа. Бизди туура жолго алып бар”, – дешти.
23 إِنَّ هَذَا أَخِي لَهُ تِسْعٌ وَتِسْعُونَ نَعْجَةً وَلِيَ نَعْجَةٌ وَاحِدَةٌ فَقَالَ أَكْفِلْنِيهَا وَعَزَّنِي فِي الْخِطَابِ
“Бул менин тууганым, анын токсон тогуз койу бар, а меники бирөө гана; жана ал аны да менин карамагыма өткөр деп, жаңжалда мени жеңип койду”, – (деди биринчиси).
24 قَالَ لَقَدْ ظَلَمَكَ بِسُؤَالِ نَعْجَتِكَ إِلَى نِعَاجِهِ وَإِنَّ كَثِيرًا مِنَ الْخُلَطَاءِ لَيَبْغِي بَعْضُهُمْ عَلَى بَعْضٍ إِلَّا الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ وَقَلِيلٌ مَا هُمْ وَظَنَّ دَاوُودُ أَنَّمَا فَتَنَّاهُ فَاسْتَغْفَرَ رَبَّهُ وَخَرَّ رَاكِعًا وَأَنَابَ
“Ал сенин (жалгыз) койуңду өзүнө өткөрүп алууну суроо менен сага зулум кылды. Анткени ыймандуулардан жана жакшылык иш кылгандан башка жолдоштор бири бирине жамандык көздөшөт. Алар (ыймандуулар) аз” – деп айтты да, (Дауд) ойго түштү. Биз аны сынаганыбызды билип, Эгесинен кечирим сурады, эт-бетинен кетип, руку кылган абалда (Аллахка) кайтты.
a. Талашкандар кеткенден кийин. b. Бул айат “сежде айаты” деп аталып, окуган да, уккан да сежде кылууга тийиш. А сежде кандай тартипте жасаларын билүү үчүн “Мухтасар” аттуу фикх китебинин А.Исмаиловдун кыргызча котормосунун Тилават сеждеси – он үчүнчү бөлүмүн караңыз.
25 فَغَفَرْنَا لَهُ ذَلِكَ وَإِنَّ لَهُ عِنْدَنَا لَزُلْفَى وَحُسْنَ مَآبٍ
Биз мунусу үчүн аны кечирдик. Бизде ал үчүн жакындык жана сонун кайтуучу жай бар.
26 يَا دَاوُودُ إِنَّا جَعَلْنَاكَ خَلِيفَةً فِي الْأَرْضِ فَاحْكُمْ بَيْنَ النَّاسِ بِالْحَقِّ وَلَا تَتَّبِعِ الْهَوَى فَيُضِلَّكَ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ إِنَّ الَّذِينَ يَضِلُّونَ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ لَهُمْ عَذَابٌ شَدِيدٌ بِمَا نَسُوا يَوْمَ الْحِسَابِ
Эй, Дауд! Биз сени жер үстүнө орун басар кылдык. Адамдардын ортосунда адилеттүүлүк менен өкүм кыл, каалоо-кумарын ээрчибе, антпесе ал сени Алланын жолунан адаштырып койот. Акыйкатта, Алланын жолунан адашкандар, Кыйамат күнүн унуткан үчүн катуу азапка татыктуу!
27 وَمَا خَلَقْنَا السَّمَاءَ وَالْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا بَاطِلًا ذَلِكَ ظَنُّ الَّذِينَ كَفَرُوا فَوَيْلٌ لِلَّذِينَ كَفَرُوا مِنَ النَّارِ
Биз асмандар менен жерди жана ал экөөнүн ортосундагыларды жөн эле жаратканыбыз жок. Каапырлар гана ушундай деп ойлошот. Ыймансыз каапырларга тозок азабы болсун!
28 أَمْ نَجْعَلُ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ كَالْمُفْسِدِينَ فِي الْأَرْضِ أَمْ نَجْعَلُ الْمُتَّقِينَ كَالْفُجَّارِ
Биз ыйман келтиргендерди жана жакшылык иштерди кылгандарды жер үстүндө бузук иштерди кылгандар өңдүү кылмак белек, же такыбаларды бузукулардай кылмак белек?
29 كِتَابٌ أَنْزَلْنَاهُ إِلَيْكَ مُبَارَكٌ لِيَدَّبَّرُوا آيَاتِهِ وَلِيَتَذَكَّرَ أُولُو الْأَلْبَابِ
Сага түшүрүлгөн – анын сөздөрүнүн үстүндө ой жүгүртүү жана эскерүүлөрү үчүн акыл ээлерине жөнөтүлгөн куттуу Китеп.
30 وَوَهَبْنَا لِدَاوُودَ سُلَيْمَانَ نِعْمَ الْعَبْدُ إِنَّهُ أَوَّابٌ
Биз Даудга кандай сонун пендени – Сулайманды ыроолодук. Акыйкатта, ал Бизге кайтуучу.
31 إِذْ عُرِضَ عَلَيْهِ بِالْعَشِيِّ الصَّافِنَاتُ الْجِيَادُ
Анан кечинде ага мыкты күлүк аттар көрсөтүлдү.
32 فَقَالَ إِنِّي أَحْبَبْتُ حُبَّ الْخَيْرِ عَنْ ذِكْرِ رَبِّي حَتَّى تَوَارَتْ بِالْحِجَابِ
Ал – караңгылыкка, ал далдааланганга чейин: “Мен Эгеме сыйынууга караганда бул дүйнөнүн жыргалын артык көргөн экенмин”, – деди.
a. Сулайман. b. Күн.
33 رُدُّوهَا عَلَيَّ فَطَفِقَ مَسْحًا بِالسُّوقِ وَالْأَعْنَاقِ
“Аларды мага кайра алып келгиле!” Алардын шыйрактарын жана мойундарын сылай баштады.
34 وَلَقَدْ فَتَنَّا سُلَيْمَانَ وَأَلْقَيْنَا عَلَى كُرْسِيِّهِ جَسَدًا ثُمَّ أَنَابَ
Биз Сулайманды сынап, денени анын тактысынын үстүнө койдук. Андан соң ал Бизге кайрылды:
35 قَالَ رَبِّ اغْفِرْ لِي وَهَبْ لِي مُلْكًا لَا يَنْبَغِي لِأَحَدٍ مِنْ بَعْدِي إِنَّكَ أَنْتَ الْوَهَّابُ
“Оо, Эгем! Мени кечир жана мага менден кийин эч кимде болбогондой бийлик бер. Анткени Сен Берешен-тартуулоочусуң” – деди.
36 فَسَخَّرْنَا لَهُ الرِّيحَ تَجْرِي بِأَمْرِهِ رُخَاءً حَيْثُ أَصَابَ
Биз ага шамалды багынттык, ал анын буйругу бойунча кайда кааласа мээлүүн гана агып жөнөйт.
37 وَالشَّيَاطِينَ كُلَّ بَنَّاءٍ وَغَوَّاصٍ
Жана да шайтандарды, түрдүү курулушчулар менен суучулдарды,
a. Жин-шайтандарды. b. Суу түбүнө түшүп бермет, коралл ж.б.у.с. кымбат баалуу таштарды алып чыгуу үчүн.
38 وَآخَرِينَ مُقَرَّنِينَ فِي الْأَصْفَادِ
жана башка чынжырга байлангандарды.
39 هَذَا عَطَاؤُنَا فَامْنُنْ أَوْ أَمْسِكْ بِغَيْرِ حِسَابٍ
Бул Биздин белектер. Соопчулук иштерге сарп кыл, же эсепсиз өзүңө тут.
40 وَإِنَّ لَهُ عِنْدَنَا لَزُلْفَى وَحُسْنَ مَآبٍ
Аныгында ал үчүн Биздин кашыбызда жакындык жана сонун кайтуучу жай бар.