бөлүм Сод - ص

41 وَاذْكُرْ عَبْدَنَا أَيُّوبَ إِذْ نَادَى رَبَّهُ أَنِّي مَسَّنِيَ الشَّيْطَانُ بِنُصْبٍ وَعَذَابٍ

Биздин пендебиз Айупту эскер. Мына – ал Эгесине кайрылып: “Мени шайтан азгырып, азап жана кыйналууга учуратты”, – деди.

42 ارْكُضْ بِرِجْلِكَ هَذَا مُغْتَسَلٌ بَارِدٌ وَشَرَابٌ

“Бутуң менен жерди теп. Мына – жуунууга жана ичүүгө муздак (суу)”.

43 وَوَهَبْنَا لَهُ أَهْلَهُ وَمِثْلَهُمْ مَعَهُمْ رَحْمَةً مِنَّا وَذِكْرَى لِأُولِي الْأَلْبَابِ

Биз ага анын үй-бүлөсүн жана алар менен бирге эле ал сыйактууларды Өз ырайымыбыз менен акыл ээлерине эскертүү катары бердик.

44 وَخُذْ بِيَدِكَ ضِغْثًا فَاضْرِبْ بِهِ وَلَا تَحْنَثْ إِنَّا وَجَدْنَاهُ صَابِرًا نِعْمَ الْعَبْدُ إِنَّهُ أَوَّابٌ

“Колуңа боо чыбык алып, аны менен ур; антыңды бузба!” – (делинди). Биз аны сабырдуу абалда таптык. Кандай сонун пенде. Акыйкатта ал кайтуучу.

a. Айуп (а.с.) айалы жай кыймылдаганы үчүн ачууланып жүз балак алам деп ант ичип койгон. Ошол жөнүндө сөз болууда. b. Жаратканга кылган тообосу бекем.

45 وَاذْكُرْ عِبَادَنَا إِبْرَاهِيمَ وَإِسْحَاقَ وَيَعْقُوبَ أُولِي الْأَيْدِي وَالْأَبْصَارِ

Ибрахимди, Исхакты жана Йакупту – күч жана акыл ээлери болгон Биздин пенделерибизди эсте.

46 إِنَّا أَخْلَصْنَاهُمْ بِخَالِصَةٍ ذِكْرَى الدَّارِ

Анткени Биз аларды келечек жай жөнүндө ыклас кылуучулардан кылдык.

47 وَإِنَّهُمْ عِنْدَنَا لَمِنَ الْمُصْطَفَيْنَ الْأَخْيَارِ

Алар Биздин алдыбызда тандалма, жакшылардан.

48 وَاذْكُرْ إِسْمَاعِيلَ وَالْيَسَعَ وَذَا الْكِفْلِ وَكُلٌّ مِنَ الْأَخْيَارِ

Ысмайылды, Алйасаны жана Зул-Кифлди эсте. Баарысы жакшылардан.

49 هَذَا ذِكْرٌ وَإِنَّ لِلْمُتَّقِينَ لَحُسْنَ مَآبٍ

Бул эскертүү. Албетте такыбалар үчүн – сонун кайтуучу жай бар,

50 جَنَّاتِ عَدْنٍ مُفَتَّحَةً لَهُمُ الْأَبْوَابُ

Адн бактары. Анын эшиктери ачылган абалда.

51 مُتَّكِئِينَ فِيهَا يَدْعُونَ فِيهَا بِفَاكِهَةٍ كَثِيرَةٍ وَشَرَابٍ

Алар анда жөлөнүп алышып, көптөгөн мөмө-жемиштерди жана суусундуктарды чакырышат (кызматчыларына буйрушат).

52 وَعِنْدَهُمْ قَاصِرَاتُ الطَّرْفِ أَتْرَابٌ

Аларда көздөрүн төмөн салган курбалдаштары болот.

a. Өтө татынакай, сулуу жубайлары. Алар өз күйөөлөрүнө гана көңүл бурушат. Башкаларды карабаган.

53 هَذَا مَا تُوعَدُونَ لِيَوْمِ الْحِسَابِ

Мына, силерге эсеп күнү үчүн убада кылынгандар.

54 إِنَّ هَذَا لَرِزْقُنَا مَا لَهُ مِنْ نَفَادٍ

Акыйкатта, бул Биздин ырыскылар. Ал эч түгөнбөйт.

55 هَذَا وَإِنَّ لِلطَّاغِينَ لَشَرَّ مَآبٍ

Мына чектен ашкандар үчүн эң жаман кайтуучу жай!

56 جَهَنَّمَ يَصْلَوْنَهَا فَبِئْسَ الْمِهَادُ

Тозокко киришет. Бул кандай жаман орун.

57 هَذَا فَلْيَذُوقُوهُ حَمِيمٌ وَغَسَّاقٌ

Мына! Эми алар кайнак суу жана ириңди татышсын!

58 وَآخَرُ مِنْ شَكْلِهِ أَزْوَاجٌ

Жана башка ушул өңдүү түрлөр.

a. Кайнак суу, ириң сыйактуу.

59 هَذَا فَوْجٌ مُقْتَحِمٌ مَعَكُمْ لَا مَرْحَبًا بِهِمْ إِنَّهُمْ صَالُو النَّارِ

Бул силер менен бирге кирүүчү топ: “Силер үчүн орун жок. Албетте алар тозоко кирүүчүлөр”.

a. Бул дүйнөдө бири бирин жакшы көрүп, учурашып жүргөн ыймансыз кишилер жана алардын тобу акыретке барганда таптакыр тескерисинче бир-бирин көргүлөрү келбей - жек көрүшөт. Анткени, бирин бири жолдон чыгарууга себеп болушкан. b. Күнөөгө жетелегендердин тигил күнү жетеленгендерге айтаар сөзү.

60 قَالُوا بَلْ أَنْتُمْ لَا مَرْحَبًا بِكُمْ أَنْتُمْ قَدَّمْتُمُوهُ لَنَا فَبِئْسَ الْقَرَارُ

(Алар): “Жок, силерге орун жок. Ушул азапты бизге силер дайардагансыңар! Кандай жаман орун”, – дешет.

a. Алсызыраактары өздөрүн азгырган алдуу-күчтүүлөрүнө айтышат. b. Жетеленгендердин сөзү.